Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Коомдук саясат институту коомчулук тарабынан эл аралык жана бейөкмөт уюмдарга карата айтылган сындары канчалык деңгээлде жүйөөлүү деген суроо менен эксперттерге кайрылды.
«Буга чейин президент каршылаштык консолидацияны төмөнкү деңгээлде кармап турган саясий амалдарды кылып келди. Бирок күн өткөн сайын мындай нукта улантуу кыйынга турмакчы, саясаттын мыйзамдары ушундай”, - деп белгилейт “Перспектива” аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев атайын Коомдук саясат институту үчүн жазган макаласында.
«Медиация – панацея эмес, ал болгону конфликттерди чечүү технологияларынын бири гана жана анын өнүгүшү үчүн белгилүү бир шарттардын болуусу зарыл”, - деп белгилейт саясий серепчи Анар Мусабаева өзүнүн IPP үчүн атайын жазган макаласында.
Коомдук саясат институту бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө жана эксперттерге учурда Кыргызстанда медиация) чөйрөсүндө кандай кырдаал түзүлгөнү тууралуу айтып берүүлөрүн сурап кайрылды.
Коомдук саясат институту эл аралык уюмдардын, БЭУ-секторунун өкүлдөрүнө жана эксперттерге КРдагы эл аралык уюмдардын ролу жана мааниси тууралуу өз ойлорун айтып берүү өтүнүчү менен кайрылды.
“Эл аралык уюм”, “эл аралык уюмдун өкүлчүлүгү”, “долбоор”, “программа” деген сөздөрдүн артында ачык-айкын фамилиялары, кызмат орду, билим жана турмуштук максаттар бар чыныгы адамдар турат”, - дейт IPP үчүн атайын жазган макаласында мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов.
Коомдук саясат институту кыргызстандык медиаэксперттерге алар бүгүнкү күндө Кыргызстандагы маалыматка болгон жеткиликтүүлүктүн деңгээлин кандай баалашат деген суроо менен кайрылды.
2013-жылдын апрелинен баштап Коомдук саясат институту Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин техникалык колдоосу менен “Кыргызстанда жаңжалдардын алдын алуу потенциалын жогорулатуу” аттуу долбоорду ишке ашырууга киришүүдө.
25-декабрда Коомдук саясат институтунда “КРдагы соттордун, адвокаттардын жана медиаторлордун өз ара кызматташуу механизмдери” аттуу тегерек стөл болуп өттү.