Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Консультациялар жана экспертиза Коомдук саясат институтунун эксперттери кызыкдар тараптарга коомдук саясаттын актуалдуу маселелери боюнча консультацияларды жана сунуштарды беришет.
Изилдөөлөр жана талдоо IPP өлкөнүн коомдук-саясый турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө кыйла маанилүү маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Эксперттик жамааттын күч-аракети IPP жергиликтүү эксперттерди колдоого көбүрөөк көңүл бөлөт жана өз сайтында кыргыз изилдөөчүлөрүнүн талдоо материалдарын жарыялайт. Институт ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн эксперттик жамааттары менен тыгыз кызматташат.
Кызматташтык жана диалог IPP өкмөттүн, оппозициянын, НПО, ЖМК жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен актуалдуу маселелер боюнча тематикалык Тегерек столдорду туруктуу өткөрүп турат. Тегерек столдордун форматы натыйжага жетишүүгө багытталган жана жаңжалдарды конструктивдүү чечүүгө көмөк көрсөтөт.