Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
2008-жылы IPP АКШда жарыяланган The Think Tank Index рейтингинде Чыгыш-Европанын эң мыкты эксперттик-талдоо борборлорунун тизмесинде 18-орунга татыктуу болгон.
20.01.2012
Рейтинг бир нече миңдеген илимпоздор менен эксперттерди сурамжылоонун негизинде түзүлгөн, анда дүйнөнүн алдыңкы эксперттик-талдоо борборлорунун ишинин, анын ичинде Борбордук Европа регионундагы 500төн ашык (буга постсоветтик мамлекеттердин көп бөлүгү жана Россия кошулган) борборлордун ишинин натыйжасына баа берилген.
The Think Tank Index түзүүчүлөрдүн маалыматтары боюнча бүткүл дүйнөдө 2008-жылы 170 өлкөдө иштеп жаткан 5 миң 465 эксперттик борбор болгон. АКШда 1 миң 872 изилдөө борбору, Батыш Европада 1 миң 208, Азияда — 653, Латын Америкасында жана Кариб аралдарында — 538, Чыгыш Европада (буга постсоветтик мамлекеттердин көп бөлүгү жана Россия кошулган) — 514, Африкада, Сахаранын түштүгүндө — 424, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада — 218, Океанияда — 38 болгон.
Чыгыш Европанын эң мыкты жыйырма изилдөө борборунун катарына Москвадагы Карнеги Борбору (Россия), РИАнын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институту (Россия) жана Литванын эркин рынок (базар) институту кирген. Бул тизмеде Коомдук саясат институту (Кыргызстан) 18-орунду ээлеген.