Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Валентин Богатырев: «Бүгүн президентке абдан керектүү болгон күчөтүү долбоору жок»
20.01.2012
«Авиацияда кээде учкуч учакты абага көтөрүшүм керекпи же жокпу деген чечим чыгарышы керек болгон учур болот, бул учурду качырсаң – абага көтөрүлө албай да каласың. Президентибиз да дал ушундай чечим чыгарышы керек болгон учурда турат», - деп айтты, 2012-жылдын 18-майында Коомдук саясат институтунда (IIP) болуп өткөн “Алмазбек Атамбаевдин 169 күнү” атуу тегерек стол учурунда“Перспектива” аналитикалык консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев. Окуялардын, жараяндардын жана өзгөчө адамдардын, алардын иш-аракеттерин баалоодо көп учурда үч жол колдонулат.
Биринчиси – аларды болуп өткөндөр жана азыр болгондор менен салыштыруу. Биздин азыркы талкуубузда – бул Алмазбек Атамбаевди өзүнөн мурункулар жана азыркы кесиптештери менен салыштырганда ал ким деген суроого жооп берет.
Экинчиси – бул азыркы болуп жаткан чындык менен Алмазбек Атамбаевдин эл алдында жарыя кылган же кандайдыр бир жол менен билдирген өзү жөнүндөгү, өзүнүн максаттары, иш-аракеттери, каалоолору жөнүндөгү элдин аң-сезиминде пайда болгон түшүнүктү салыштыруу. Башкача айтканда, биз эмнеге үмүт кылганыбызды, бизге убада кылынгандардан эмнеге ээ болгонубузду, эмне алганыбыз менен салыштыруу.
Акыркысы, үчүнчүсү – бул өлкөнүн азыркы жетекчисин мамлекеттин келечегине кандай таасир этти деген көз караш менен баалоо. Ал жаңы келечекти калыптандыра турган бир нерсе жасадыбы же жасап жатабы жана ал кандай келечек.
Ошону менен бирге биз үчүн жана сиздер үчүн, өлкө үчүн, эл үчүн негизги чечүүчү мааниге так ушул үчүнчү өзгөчөлүк ээ. Себеби, тарыхый тренддерди так ушул нерсе калыптандырат. Алгачкы эки жол болгону президенттин өзүнүн жеке бейнесин жана анын саясий барлыгынын шарттарын сүрөттөйт. Ал эми бул ал үчүн мааниге ээ болсо, биз үчүн өтө деле маанилүү эмес.
Ошондуктан, мен президент Алмазбек Атамбаевди өзүнөн мурункулар менен салыштырбайм. Өзгөчө биз алардын кантип аякташкандарын жакшы билебиз. Мен Атамбаевдин президент болгусу келген учурда жана болгондо эмнелерди айтканына жана ал чынында эмне жасап жатканына да токтолбойм. Бул жагымдуу иш-аракетти: берилген убадалар менен чындыкты салыштыруу ишин оппозицияга, чынында, бизде дагы эле сөздүн толук маанисин камтый албаган оппозицияга таштайлы.
Мен жаңы президенттин иш-аракеттеринин өлкөдөгү абалды жакшы жакка өзгөртүү багытында кайсы өңүттөн, кандай даражада маанилүү экенин түшүнүүгө аракет кылгым келет.
Өлкөнүн бир канча, тагыраак айтканда, үч системалуу маселеси бар. Булар, албетте, бири-бири менен байланыштуу, ошентсе да, иштин айрым кызыл сызыктарын өзүнчө алып кароого болот.
Мен биринчиси катары коомдун кризистик абалын айтаар элем. Бул маселе президентти ойлонтуп жатканы түздөн-түз улуттук аң-сезимди жана коомдук шайкештикти чыңдоого багытталган сөздөрүнөн гана эмес, ошол эле учурда, айрым иш-аракеттеринен да көрүнүп турат. Коррупция менен күрөшүүдө көрүлгөн чаралар, тарыхый-маданий маселелерге болгон мамиленин күчөшү, 2010-жылдагы июнь окуясын талдап, текшерип чыгуу аракети – мына ушулардын баары, албетте, так ушул багыттагы көзгө көрүнгөн нерселер.
Болгону бул иш-аракеттердин жетишээрлик болбой жатканы, эң негизгиси, кубат, күч жетпей жатканы өкүнүчтүү. Буга ал тургай бүгүн да баа берүүгө болот. Себеби, күчтүүлүк, кубаттуулук жөнүндө сөз болгондо бул тез эле көрүнөт. Ал эми биз азыр жүз алтымыш тогуз күндү талдай алабыз.
Биз көрүп жаткандай, улуттар аралык ынтымактын деңгээли, же бийликке болгон ишенимдин, патриоттуулуктун деңгээли көтөрүлбөй эле, тескерисинче, төмөндөп жатат.
Биз күбө болгондой, президент иш жүзүндө өзүнүн өлкөсүнүн бардык аймактарына эркин бара албайт.
Биз күбө болгондой, өкмөт элдик ишенимдин ресурсу менен жүз күн да жашай алган жок. Анын таркабай, жайылбай калышына атуулдардын ишеними эмес, президенттин аракети себеп болду.
Биз күбө болгондой, коррупцияга каршы күрөш, ошону менен бирге, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, мурун болуп келгендей эле, алсыз пиар-кампаниядан башка эчтеке эмес экени анык болду.
Жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөр. Коомдук абалдын бардык негизги параметрлери жакшы маанайдагы өзгөрүүлөрдү көрсөткөн жери жок. Бул болсо, президент азыркыдай иш жүргүзсө, жүз эмес, эки миң жыйырма бир күндүн ичинде да эчтеке өзгөрбөй турганын түшүндүрөт. Система тарта албайт.
Кубаттуулук, күч президенттин саясий эркинен башка үч нерсе менен аныкталат: (1) идеянын өзүнүн, иш-аракеттердин планынын күчү менен, (2) президент шыктандыра алган жана тегерегине чогулта алган коомдук күчтөрдүн кубаттуулугу менен жана (3) аппараттын ишинин деңгээли менен.
Менин оюмча, мунусунун да, тигинисинин да, үчүнчүсүнүн да жетишээрлик деңгээлде эмес экенин айтса болот, башкача айтканда, күчтүү идеялар да, коомдук ресурстар да, аппараттын жетишээрлик иш-аракети да жок. Мен мурункулар менен салыштыргым келбейт. Бирок, Роза Отунбаева кандайдыр бир деңгээлде коомдун эң жакшы күчтөрүн бириктире турган президенттик турумду калыптандырганга аракет кылган, ал эми Алмазбек Атамбаев сыртка жабык кечил-президент экендиги айдан ачык. Коомдук талаш-тартыштардын жана коомдук долбоорлоштуруулардын борборунда ал жок. Анын мезгил мезгили менен берген узун интервьюларына карабастан, коомду ойлондурган суроо жана маселелер боюнча президенттин ой-пикирин такыр билбейбиз. Ошого карабастан, азырынча көптөгөн башка атуулдарыбыз сыяктуу эле, мен да Алмазбек Атамбаевде абалды өзгөртүүгө болгон каалоо бар экенине чын көңүлдөн ишенем. Бирок, бул үчүн жалгыз гана айтылган нерселер жана азыр көрүнүп тургандай, анын турукташтырып алган арбитрдик туруму жетиштүү эмес. Биздин азыркы абалыбызда жалгыз гана президент, коомдук, рухий, адеп-ахлактык жол башчы гана ишти кыймылдата алат жана туңгуюкка сүңгүүнү токтото алат.
Экинчи маселе – мамлекеттин абалы. Бул жерде абал өтө начар. Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасы ишке ашырылмак тургай, долбоорлоно да элек.
Аткаруу бийлиги, өкмөт али да болсо, мурунку мазмунду жана түзүлүштү сактап келүүдө. Болгону үстүртөн өзгөртүүлөр менен чектелишүүдө. Административдик-аймактык түзүлүштү реформалоого да чыныгы ыкыластары жок.
Парламент чар-жайыт иштөөдө. Албетте, мурунку учурдагы президенттик институттун кошумча бир жөнөкөй уюму сыяктуу болгон парламентке караганда жакшыраак. Бирок, бул чар-жайыттыкты демократиялуулуктун белгиси катары көрсөткөнгө аракет кылышканы - бул ашыкча көз боёмочулук. Себеби, иш жүзүндө парламенттин бардык өзөктүү чечимдери баары бир Ак үйдүн президенттик канатында даярдалат.
Биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кантип түзүлгөнүн көрүүгө үлгүрдүк жана анын мурунку системалардан олуттуу айырмаланганын да көрдүк. Бирок, тилекке каршы, жаман жагына айырмаланганын.
Башкача айтканда, мамлекеттин абалында жакшы маанайдагы өзгөрүүлөр да болгон жок жана жакынкы арада күтүлбөйт го . Муну да коомдук аң-сезим толугу менен ачык-айкын сезип жатат. Мамлекеттин рейтинги, анын ар түрдүү мекемелеринин рейтинги көтөрүлбөдү.
Эмнеге президент мамлекеттик машинаны өзгөртүүнүн борборунда же алдында турбайт ? Себеби, келечекти ойлонушу зарыл болгон лидер катарында Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыктары жана максаттары анын саясий кызыкчылыктары менен кагылышууда. Мамлекеттин башчысы катары ал түшүнбөй коё албайт жана түшүнүп жатат. Өлкө башкаруусун жоготуп алганын, ага мындай чоң башкаруу түзүлүшүнүн кереги жок экенин, укуктук системаны оңдош керек экенин түшүнүп жатат. Бирок, саясий планда ага азыркыдай туруксуз парламент, алсыз өкмөт жана эч кимге кереги жок губернаторлор менен акимдер ылайык келүүдө. Мунусу да, тигиниси да, үчүнчүсү да саясий көз боёо үчүн жакшы фон жана жакшы шарт түзүп берүүдө.
Ошол эле учурда, биз так айта турган болсок, өкмөт жөнүндөгү жана соттук мекемелер жөнүндөгү мыйзамдардан көргөнүбүздөй укуктарды өз жагына тартуу, президенттик мандатты кеңейтүү жана күчтөндүрүү жараяны башталды.
Башкача айтканда, бардык белгилери боюнча президент өлкөнү өнүктүрүү пикиринин жетекчилигинде эмес, өзүнүн саясий жактан жашап кетүүсүнүн жана күчтөнүүсүнүн жетекчилигинде иш алып барууда. Бардык президенттердин мына ушундай кылышканы жана кандайдыр бир өзгөртүү жасаш үчүн алгач өздөрүнүн бийлигин чыңдап алуулары керек экенин айтышканы эсимде. Чындыгында – бул түшүнүктүү ой жүгүртүү. Бирок, бардыгы дайыма биринчи эле бөлүк менен, тагыраак айтканда, өз бийликтерин чыңдоо менен эле чектелип калышчу.
Президент Атамбаев өзүнүн чыңдалган бийлигин кандай пайдалана турганын көрүш үчүн бираз эле күтүшүбүз керек.
Үчүнчү маселе - өлкөнүн абалы. Мен бул жерде анын туруктуулугун, коопсуздугунун ар кандай түрүн, экономикасынын абалын жана башкаларды түшүнөм.
Бул жерде иштердин баары начар абалда жана алардын мындан ары да тездик менен начарлап бара жатканына көз жумуп коюу такыр мүмкүн эмес. Кандай болгон күндө да, абал өкмөттүн чара көрүү тездигине караганда ылдамыраак начарлап бара жатат.
Экономикалык өсүш темпинин мынчалык деңгээлде төмөндөгөнүн мурун көргөн эмесмин. Ал тургай кризис мезгилинде да, эгер жаңылбасам, бул темп төмөнүрөөк болчу. Энергия менен камсыз кылууда мынчалык сандагы маселенин болгону эсимде жок. Ал тургай, бакиевдик тезек жылында, Токтогул суу сактагычында суу калбай калганда да электр кубаты мынчалык өчүрүлгөн эмес. Айыл чарбада мынчалык маселе (майлоочу-күйүүчү майларга болгон баа, каржылык ресустарга жетүү мүмкүнчүлүгү, айдалган жердин көлөмү, айыл-чарба продуктыларын сатуу мүмкүнчүлүгү, жер семирткичтер менен камсыз болуу, малдын жутка учурашы жана башка толгон маселелер) болгон эмес. Бул маселелердин бардыгы күзүндө олуттуу коомдук, ал тургай, саясий кризиске алып келээри айдан ачык. Ал тургай, азыр рекламаланып, жарыяланып жаткан алууга оңой, арзан кредит да жардам бергендин ордуна, тескерисинче, жаңы коррупциялык багыт ачып, коомдук жарака жаратты. Биз азыр олуттуу азык-түлүк коопсуздугунун босогосунда турабыз. Бул эң жакшы деген учурда долларга болгон баанын өсүшүнүн фонунда баалардын олуттуу түрдө өсүшү менен аяктайт. Кредит алгандардын азыркы анчалык чоң эмес жана азырынча акчанын жардамы менен чыгарылып жаткан козголоң аракеттери кийинчерээк радикалдык, ал тургай, экстремалдык мүнөзгө ээ болот. Себеби, алардын абалына айылдыктардын көпчүлүгү кептелет.
Мен президенттин энергетикалык коопсуздук багытында, анын ичинде, өлкөнү мунай продуктылары, газ менен камсыз кылуу багытында аракет кылып жаткандарын жана анын “колониялаштыруу” деген сөздү айттырбаш үчүн тышкы монополияга каршы турууга кандайдыр бир аракет кылышын өтө маанилүү деп эсептейм.
Бирок, биринчиден, биз бул аракеттердин сөзсүз түрдө терс натыйжа да бере турганына даяр болушубуз керек. Ошондуктан, президент элге кандай натыйжалар боло турганын түз айтыш керек. Биз бардыгыбыз анын тизе бүгүп чөгөлөгүсү келбегенин түшүндүк жана анын мүнөзүнө караганда тизе да бүкпөйт. Бирок, биз бардыгыбыз, Кыргызстан атуулдары кандай абалда турабыз, тиезелеппи же какайыппы? Ал эми, экинчиден, кандай болгон күндө да, диверсификация мунай продуктыларына болгон бааны дүйнөлүк деңгээлге көтөрөт (Европада, сиздерге белгилүү болгондой, бензинге болгон баа 1,86 еврого же 111 сомго жетип калды. Мен жакында эле Кытайда болуп келдим. Анын борбордук аймагында бензин 8,5 юань, башкача айтканда, 63 сом турат). Мына ушулар жөнүндө да элге түз, ачык айтыш керек. Албетте, тарифтерди көтөрүүгө каршы чыгып атып, бийликке келген адамдар үчүн бул оор тапшырма, бирок, аны баары бир аткарыш керек.
Криминалга каршы иш-чарага карабастан (коррупцияга каршы күрөш, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш), биздин эч кимибиз жашоонун коопсуз боло баштаганын сезгенибиз жок. Тескерисинче, укук коргоо системасы атуулдарга чоң коркунуч туудура баштады. Себеби, апрель, июнь окуяларынын күнөөлүүлөрү, коррупционерлер, таза эмес соттор жана башкалар менен болгон күрөшкө жамынып, ээлик укуктар менен бизнес кылуу мурдагыдан да гүлдөдү. Сот системасы жөнүндө такыр эле кеп салбайм: ордуна эчтеке түзбөстөн толугу менен кыйратып салышты. Адам укугу боюнча маселелер парламенттин иш кароосунан такыр эле чыгып калды: бир дагы комитет муну менен алектенбейт.
Өлкөдө мына ушундай абал.
Мына, ушинтип, бийликтин өзүнүн ичинде салттык түрдө болгондой жеңиш кабарларынын адаттагыдай көптүгүнө жана өзүнүн ишин жогоруу баалаганына карабастан, негизги тармактарда абал жакшы жагына өзгөрбөстөн эле турат.
Менин кайрадан эле салыштыргым келген жок: Атамбаев эмне деди эле, эмнелер болуп жатат. Бирок, бул жерде эске салуу зарыл, бардыгыбыздын эсибизде болгондой, бул жылы бизге өтө чоң жылыш убада кылышкан. Менин оюмча, кандай болгон күндө да бул бираз ашыкча оптимисттик убада болуп калган.
Ошондуктан, мен президенттик мөөнөттүн бул алгачкы фазасын киришүү, алгачкы баскыч деп мүнөздөйт элем. Бул баскычта эки негизги маселе чечилди: (1) кандайдыр бир деңгээлде саясий жана коомдук туруктуулукту сактоо жана (2) бул туруктуулукка мамлекет башчысы тарабынан көзөмөлдөнгөн түс берүү. Бул этапта сунушталган жана аткарылган идеологиялык жана саясий конструкциялардын бардыгы так ушул эки маселени чечүүгө багытталган алгачкы же убактылуу нерселер эле.
Азыр кийинки баскычтын мезгили келди. Эми негизги программага өтүш керек. Эгер бул аңдалып, түшүнүлүп ишке ашырылса, анда Алмазбек Атамбаевдин президенттиги жана өлкө үчүн өтө керектүү болгон бардык жараяндар жаңы түрткү алат. Эгер биз дагы эле араң турган туруктуулукту сактоо максатында аракет кыла берсек, күзүндө эле президенттин жайкы өргүүсүнөн кийин олуттуу күч, аракет кылууга аргасыз болобуз. Жөнөкөй айтканда, алардын эсебинен өзүнүн саясий ресурсун сактап калыш үчүн президент өкмөттү кетирүүгө, андан кийин жазында парламентти таратууга аргасыз болот.
Маселе мына мында: мага белгилүү болгондой, президент Атамбаевге өтө зарыл болгон күчөтүү, күч алдыруу долбоору азыркы күндө алигиче жок.
Жалпысынан айтканда, бүгүн Атамбаев үчүн өтө жагымсыз жагдай түзүлдү. Өлкөнүн жашоосунда жакшы маанайдагы өзгөрүүлөр жок. Иш-аракеттердин күчтүү планы жок. Ишке дем берүүчү оппозиция да жок. Ал эми бийлик бар. Бул кудум эле 95-жылдагы Акаевдин, 2007-жылдагы Бакиевдин абалы. Мурунку эки абал кайгылуу кесепетке алып барган жолдун башталышы эле. Ошондуктан, бүгүн Атамбаев үчүн эң негизги маселе – бул Атамбаевдин өзү. Авиацияда кээде учкуч учакты абага көтөрүшүм керекпи же жокпу деген чечим чыгарышы керек болгон учур болот, бул учурду качырсаң – абага көтөрүлө албай да каласың. Президентибиз да дал ушундай чечим чыгарышы керек болгон учурда турат.