Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов Коомдук саясат институту үчүн атайын жазган өз макаласында төмөндөгү маселени белгилеп кетет: «Кетирген каталарды кайталоо ыктымалдуулугу 50%ти түзөт. Мындай учурда бул жолу биз кандай зыян тартабыз деген табийгый суроо пайда болот”.
2011-жыл саясий окуяларга абдан бай болду. Анткени, өткөн жылдагы саясий окуялардын өнүгүшү 2010-жылдын июнунда кабыл алынган Кыргызстандын Жаңы конституциясынын негизинде болгон. Ал тургай бул окуялардын айрымдары да бир өңчөй бааланган эмес.
Биринчи жолу Өлкө Президентинин түздөн-түз кийлигишүүсүз шайланган Жогорку Кеңеши иш жүзүндө толук кандуу ишке жыл башында гана киришти. Ошол эле убакта, Өлкө Өкмөтүнүн жаңы курамы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттарынын ортосундагы жетишилген келишүүнүн натыйжасы менен өз ишин толугу менен баштаган.
Кыргызстандын кийинки иш-аракетинин багыттары эки билдирүү менен белгиленген. Биринчиси – өлкөнүн Беларусия, Казахстан жана Россиянын Бажы союзуна кириши жөнүндө болсо, экинчиси – «Манас» транзиттик жүк ташуулар борборун жарандык транзиттик борборго кайра өзгөртүп түзүү жана авиакеросинди сатуу боюнча биргелешкен кыргыз-россия ишканасын түзүү туурасында болду.
Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьяларын тандоо жана дайындоо процесси негедир соттук реформа катары кабыл алынган жана логикалык акырына – судьяларды дайындоого чейин жеткирилген эмес. Акырында өлкөнүн төртүнчү президентинин шайланышы менен Кыргызстанда убактылуу же өткөөл мезгилдин кызмат орундарынын, түзүмдөрдүн жана элементтердин орун алуу мезгили аяктайт.
2011-жылы өлкөгө жана анын тургундарына кыргызстандык саясатчылар жана алардын жүргүзгөн саясаты эмнени берди? Формалдуу көз караштан алганда, Кыргызстанда Конституцияга ылайык бийликтин дээрлик бардык органдары жана башкаруулары түзүлдү. Бирок, буга бийликтин сот бутагы кирген жок. Эгерде кунт коюп карай турган болсок, ал бар да, жок да сыяктуу сезилет.
Бирок, 2011-жылдын негизги саясый жетишкендиктери катары – “эски” бийлик жана башкаруу органдарына жаңы ыйгарым укуктарды жүктөбөө жана ал тургай “эски” адамдарды “жаңы” кызмат орундарына дайындалбаганын эсепке албаганда да, бар болгон “жаңы” органдардан жана алардагы “эски” адамдардын ишмердүүлүгүнөн алынган сабактарды эсептөөгө болот.
№ 1 – сабак
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып башкаруу вертикалын бекемдөө жөнүндө ар дайым айтып келишет. Бул эмне дегенди билдирет? Жөнөкөй сөз менен айтканда, аткаруу, соттук жана мыйзам чыгаруу бийлигинде, ошондой эле, мамлекеттик башкаруу органдарында туруктуу негизде иштеген адамдарды бекемдөө. Бул адамдар эгин эгишпегени, базарда соода кылбаганы менен салык төлөөчүлөр үчүн абдан кымбатка турат.
Бирок, аларсыз мамлекеттин бардык милдеттенмелерин аткаруу мүмкүн эмес. Негизги көйгөй мына ушунда жатат. Бийликтин жана башкаруунун бардык деңгээлдериндеги чиновниктер жогору жактан президент же премьер-министр тарабынан мыйзамдаштырылат. Жарлык же буйрук дайындалган адамга бийликти да, күчтү да бергендей сезилет, бирок иш жүзүндө бийлик вертикалы эч качан жер-жерлерде бекемделген эмес.
Буга борбордогу көтөрүлүштөрдүн чиновниктер тарабынан статус-квону калыбына келтирүүгө эч кандай аракеттердин кыймылга келтирбегендиги далил боло алат. Эки президентти кайра кайтарууга эки-үч саясатчы гана чечкиндүү билдирүүлөрдү жасаган жана ошол эле президенттердин аларды колдоо үчүн жапырт кыймылдын жоктугуна түшүнө алышкан жок.
Чындыгында, чиновниктер жана күч аппараты жогорудан буйрук жок калаары менен, жаңы кайсы гана бийлик болбосун, мындан ары эмне кылышты аларга жол көрсөтөөрүн күтүшкөн. Бул жагдайда чиновниктердин жана күч органдарынын жогорудагы кимдир бирөөгө жагынуу үчүн гана кырдаалды өзгөртүүгө аракеттенбегендигинин же өзүнүн абалын татаалдаштырбоого аракет жасабагандыгынын оң жагы да бар.
№ 2 - сабак
2011-жылдагы саясий таймаштар демократиялык институттардын иштешинин 20 жылдык практикасы бутафордук деп айтпаса да, имитациялык болуп саналаарын биротоло тастыктады. Өлкөдө авторитардык-вертикалдык саясий система ишин улантууда.
Тактап айтканда, 1991-жылы бийликтин компартиядан бир адамга өтүшү жана 2010-жылы бийликтин бир адамдан жүз жыйырма депутатка өтүшү менен өлкөнү башкарууну демократиялаштырууга жана анын тургундарынын экономикалык жактан гүлдөп-өнүгүшүнө алып келген жок.
Ал тургай Кыргызстанда “жапайы” капитализмдин жыйырма жылдык өнүгүү практикасы өлкөдөгү бийликтин реалдуу булагы байлык жана адамдын теги болуп калышына алып келгендиги айкын болду. Мында байлардын кызыкчылыктары кедейлердин гана эмес, ошондой эле, өздөрүнүн оокаты өткүдөй жашоо-турмуш деңгээлин камсыз кыла ала турган абалдагы адамдар менен да дал келбейт.
Салык төлөөчүлөр имитацияланган демократия үчүн бааны толугу менен төлөшүүдө, ал эми жооп катары капитализмдин “азуусун”, мисалы, айдан айга араң жетүүчү айлык акы түрүндө алышууда.
Демократияны имитациялоонун натыйжаларынын бири болуп, (өлкөдө кеңири таралган) саясий жигердүүлүктүн эң жөнөкөй жана түшүнүктүү түрү: эң күчтүүнүн аркасынан ойлонбостон туруп ээрчүү болуп калды. Мындай кырдаалда орто жашаган жана ой жүгүртпөгөн биздин мекендештердин бир бөлүгүн саясий ар кандай түрдөгү, ал тургай, суперпрезиденттик же монархиялык-хандык бир адамдын бийлигин орнотууга чейин катышууларга оңой эле көндүрсө болот.
№ 3 - сабак
Мамлекет өзүнчө бир конкреттүү эмес, абстракция болуп саналаарын түшүнүү мезгили келип жетти. “Мамлекет” деген сөз термин болуп калыптанды, аны каалаган мазмун менен толтурса болот. Ушул эле ойду “бийлик” деген сөзгө да колдонууга болот.
Бийлик коомдон дээрлик бөлүнүп калган жана өзүнүн эки өлчөмүндө гана өкүм сүрөт:
1) бийлик элитасынын адамдык өмүрү катары, ар кандай ой толгоолордун, айың-кептердин жана ушактардын таралышын шарттагандыгы;
2) «KG» сериясындагы номерлер, атайын байланыш, күзөт, штандарт, кабинет жана булгаары креслосу менен тышкы символдордун топтому катары.
2011-жыл бийликтин символикалуу түрү менен анын реалдуу мазмунунун ортосунда жалпы эч нерсе жок экендигин көрсөттү.
Конституциянын бардык тексттеринде бийлик эл тарабынан жана элдин таламында ишке ашырылышы керек деп белгиленген. Бийлик чиновниктер тарабынан өздөрү ойлоп чыгарган мамлекеттин концепциясында (стратегиясында, программасында ж.б.) жүзөгө ашырылаарын практика көрсөттү. Андан ары, концепцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк салык төлөөчүлөрдүн акчалары бөлүнөт. Андан соң, чиновниктер акчанын бат сарпталганына таң калуу менен кол жайышат. Ал эми эл күткөн бактылуу келечек негедир алыста.
Мамлекет менен бийлик калк тарабынан абсолюттуу жакшылыктын ишке ашырылуусу катары кабылданбайт. Мамлекет бардыгын билет жана билип келген деген тезис эми иштебейт, анткени, «мамлекет» жана «бийлик» деген кооз сөздөрдүн артында реалдуу гана адамдарды көрүүгө болот.
Андыктан «өлкө сага эмне кылды деп сураба, сен өзүндөң өлкө үчүн эмне кылдым деп сура» деген принцип Кыргызстанда иштебейт. Анткени, жарандарга мындай суроону өзүнүн жеке стереотиптеринде жана жалган ишенимдеринин туткунунда жашаган, ак ниеттүүлүк, жакшылык жана калыс түшүнүктөрүнөн алыс турган адамдар гана берип келишкен.
№ 4 - сабак
Өткөн жылдагы болуп өткөн окуялар адамдардын аң-сезимин XVIII, XIX кылымдарда жана XX кылымдын башталышында кеңири таркаган жергиликтүү жана чет өлкөлүк доктриналар жана теориялар ээлегендигин көрсөттү. Ой жүгүртүүнүн ординардуу эместигине атаандашкан билимдин алып жүрүүчүлөрү иш жүзүндө өткөн кылымдардын концепцияларына ой толгоо жүргүзүшөт. Ал эми азыркы демократия эмдигиче XVIII кылымдагы идеялар жана категориялар менен жашап жаткандыгы анык болду.
Иш жүзүндө ошол кылымдардан бери бүгүнкү Кыргызстандын муктаждыктарына дал келген эч бир жаңы нерсе ойлонуп табылган эмес болуп чыкты. Демек, кыргызстандыктарга келечекке карай белгисиз жолду ишенимдүү картасыз жана так көрсөткөн компассыз басып өтүү керек. Муну менен бирге бүгүнкү күндүн чындыгын жана келечектин чакырыктарын ар кандай адамдар эскирген доктриналардын жана теориялардын алкагына жармаштырууга аракет жасап жатышат.
№ 5 - сабак
Кыргызстандын күчтүү парламентинин айланасында жана тегерегинде болуп жаткан дискуссиялар, ошондой эле, анын президент жана өкмөт менен өз ара мамилелери башкаруунун эски системасын бузуу, жаңы системанын натыйжалуулугу көрүнө электе болуп жаткандыгынын фактысын түшүнүүнүн жок экендигин аныктады.
Ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүүнүн эски системасы жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен 2010-жылдын июнунда бузулган. Бийликтин жаңы системасы 2011-жылы дале формалдуу институттарга гана ээ. Алардын иши азырынча мазмун жагынан толтурулуу менен, эмитеден эле парламенттин, президенттин жана өкмөттүн ишинин натыйжалуулугуна баа берилип келинүүдө.
Өлкөнүн тагдыры үчүн мындай эки тараптуу мамиле абдан зыян. Ыйгарым укуктардын жана жоопкерчиликтин жаңы системасынын натыйжалуулугу азырынча өзүн көрсөтө элек.
Мындагы жаңылыштык, конкреттүү адамдын же адамдардын тобунун ишмердүүлүгүнө баа берүүдө турат. Ошондой эле, бул баа берүү эреже катары негативдүү болгондуктан, бүткүл нускамага проекцияланат. Бул катадан ыйгарым укуктарды кезектеги кайра бөлүштүрүү жөнүндө логикалуу сунуш келип чыгышы керек эле.
Бул учурда зыян катары, бийликти бөлүштүрүүнүн сунушталган жаңы схемалары кезектеги элиталык топтун таламында бийликтин үстүнөн контролдукту орнотуудан тышкары башка көйгөйлөрдү чечпей тургандыгында турат.
Төмөнкүдөй диллема келип чыгат: азыркы бийликке караганда сунушталып жаткан бийликтин схемасы эмнеси менен артыкча, же азыркы бийлик сунушталып жаткан бийликтен эмнеси менен начар? Бийликтик элитанын көз карашынан алганда, азыркы система жакшы, анткени, биз бийликтебиз деген түшүнүк бар. Же тескерисинче, бийликке умтулган элита топторунун өкүлдөрү бар болгон система жаман, анткени, биз бийликте эмеспиз, ал эми биз сунуштап жаткан схема жакшы, анткени, бийликтин теңи бизге берилип жатат деп айтышса, алардыкы туура болот.
Бирок, бийликке контролдуктан башка максат жок болсо, элдин таламдары жөнүндө ар кандай ураандар эсепке алынбайт, анда бул жол саясий катаклизмаларга, 2005-жылдагы марттагыдай, же 2010-жылдагы апрелдегидей жапырт чыгууларга чейин алып келет.
№ 6 - сабак
2011-жылдагы кезектеги митингге чыгуулардын толкуну мамлекетти реформалоо менен экономиканы реформалоо тыгыз байланышта экендигин көрсөттү. Жеткиликтүү өнүкпөгөн базар экономикасынын «көзгө көрүнбөгөн колу» экономикадагы бөксөлүктү алтынды сатуунун эсебинен жана өлкөнүн тургундарынын турмуштук деңгээлинин төмөндөшүнүн натыйжасынан жабылууда.
Бул кырдаал кезектеги парадоксту көрсөттү. Өлкөнүн ИДПсы аздыр-көптүр өсүп жатканы менен салык кирешелеринин негизги түзүүчүсү болуп эмгек калууда, тактап айтканда, эмгек акы төлөө фонду. Салык кирешелеринин 70%ы тикелей же кыйыр түрүндө эмгекке акы төлөө фонду менен байланышкан. Кыргызстандыктардын айлык акысы КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөндөрдүн бири болуп саналаары небактан эле жашыруун сыр эмес. Парадокс мына ушунда жатат: өндүрүштүн эң жапа чеккен фактору болуп саналган эмгек өлкөнүн кирешесинин негизги бөлүгүн түзөт. Иш жүзүндө дал ушундай эмес. Бул парадокс бурмаланган пропорциялардын натыйжасы.
Сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча, өлкөнүн ИДПсынын көрсөткүчтөрү өлкөнүн жылдык бюджети менен салыштырмалуу бир катар баа берүүлөр боюнча мамлекет рентадан кирешелерди байкагысы келбегендигин көрсөттү. Кыргызстандын жыйынды таза кирешесинин өсүшүнө негизги салымды эмгек да, капитал да кошпойт, жерди, анын жаратылыш ресурстарын, транспортту жана байланышты, товар өндүрүүчүлөрдүн (энергетиктерди, газ, суу тармагында иштегендерди, мунайтрейдерлерин ж.б.) пайдалануудан киреше-рента кошот. Рентанын үлүшүнө жалпы кирешенин 76 %на чейин туура келет. Бүгүнкү күндө ренталык агым көпчүлүк учурда мамлекеттик казнага келип түшпөйт, бийликтик же бийлик тегерегиндеги структураларда, жарым-жартылай легалдаштырылган бизнесте жүргөндөрдүн чөнтөгүнө түшөт.
Кыргызстанда демократия жана капитализм идеялары бир-бири менен келишпеген абалда болуп калгандыгы көрүнүп турат. Андыктан, мамлекетти жана мамлекеттик башкарууну калыптанган экономикалык, финансылык жана салыктык мамилелерди реформалоосуз мамлекетти саясий кайра түзүү боюнча кезектеги идеяларды кайра жаратат. Натыйжада, өлкө 2000-жылдан тартып жана кезектеги “жаңы” парламент пайда болгон учурдан баштап айлампада гана тегеренип калган.
№ 7 - сабак
Биздин жарандардын көпчүлүгүндө демократия түшүнүгү шайлоолор менен ассоциацияланат. Кыскача айтканда, өлкөдөгү шайлоолор коомдук пикирди сурамжылоого айланды жана талапкер түздөн-түз же роликтер аркылуу телеэкрандан кандай чыккандыгына жараша каралып калды. Кыргызстанда демократия өз досторун жана туугандарын бөтөндөрдүн досторуна жана туугандарына каршы шайлоо процесси менен аныкталып калды.
Талапкерлер бир-биринен эмнеси менен айырмаланат? Бийликке кезектеги талапкер анын оппонентине каршы бийликти андан да жакшы башкара ала тургандыгына убада берүү менен чектелишет. Реалдуу демократия шайлоо учурунда реалдуу идеологиялык альтернативаларды талап кылат. Альтернативанын жоктугу шайлоону тууган-уруктук араздашуунун көнүгүүсүнө айлантат, мында кайсы-бир уруу же урук өлкөнүн көйгөйлөрүнө күнөөлүү болуп айыпталат, андан соң бийликтен четтетүү менен жазаланат.
Өлкөнүн тургундары мына ушундай өткөөл учурда мындан ары эмне кылуу керек экендигине талашып тартышууга даяр, ачык-айкын, жаратман, жаңы идеялары бар саясий партияларга муктаж болуп турганда, аларга кыялга толгон өткөндөгүгө (канчалык каалабайлы, мүмкүн эмес) жана эч кандай программалары жок партияларга кайрылууну каалаган партиялардын ортосунда талаш-тартыштар сунуш кылынат.
Корутунду
Биз Борбордук Азиянын жана КМШнын өлкөлөрү бардыгынын жана ар биринин бакубаттыгына жетишүү үчүн менчиктештирүүнүн жана демократиялаштыруунун жөнөкөй чечимдеринин ишке ашпаган таттуу кыял экендигин аңдап түшүнүү үчүн максималдуу бааны төлөдүк. Бизге, кыргызстандыктар үчүн, келечекте мындай ишке ашпаган үмүттү артпоо абдан маанилүү.
Саясий трансформациялоонун азыркы этабынын татаалдыгы экинчи дүйнөлүк согуштан кийин келип чыккан теорияларга жана доктриналарга кайта кайтууну билдирбейт жана советтик типтин борбордоштурулган системасынын пайдасына андан да азыраак өлчөмдө кызмат кылат.
Биздин жарандар өлкөдө саясий бийлик кандайча ачыктан-ачык эле сатылып жаткандыгын узак убакыттар бою көрүп келишкен. Жыйынтыгында, адамдардын жашоодогу баалуулуктарына жана ыйыктыктарына текеберлик менен мамиле кылуунун натыйжасында мамлекетти бүлдүрүүгө алып келди.
Биз өткөн каталарыбызды кайталайбызбы? Демократия жарандардын жанаша жашоосуна таянат, бирок, ага жетишүүнүн үстүнөн иштебейт. Жарандардын жанаша жашоо шайкештигине жетишүү боюнча милдет жарандардын өздөрү тарабынан чечилиши керек.
2011-жылдын жыйынтыктары 2012-жылы кыргызстандыктардын алдында бул милдетти чечүүгө туура келээрин көрсөттү. Чечүүнүн эки варианты бар.
Биринчи варианты – башкаруунун демократиялык системасын реалдуу мазмун менен толтуруу (формалдуу түрдө ал али жок боло элек), аны андан ары өнүктүрүү жана элдик бийликтин кыйла заманбап формаларына трансформациялоо.
Экинчи вариант – авторитардык мамлекетке жолду улантуу, ал эртеби кечпи өз жарандарын өзү жута баштайт.
Чечимдин эки вариантынын өз тарапкерлеринин болжол менен бирдей саны бар. Демек, өзүнүн өткөндөгү катааларын кайталоо ыктымалдуулугу 50 %ти түзөт. Бул жолу кетирген катабыздын кунун кантип төлөйбүз деген маселе ачык бойдон калууда.