IPP
  • Негизги бет
  • Биз жөнүндө
  • Жарыялангандар
  • Ишмердүүлүк
  • Байланышуу
Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Русский | English | Кыргызча
Көз караштар

Тамерлан Ибраимов иммунитет жана индемнитет жөнүндө

Анар Мусабаева сот адилеттиги системасынын учурдагы абалы жөнүндө

Шерадил Бактыгулов: «2011-жылдын жети сабагы»

Валентин Богатырев: «Три задачи правительства»

Мурат Укушов о парламенте и парламентаризме

Институттагы окуялар

Эксперттер өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулашты

 15.02.2012

2012-жылдын 3-февралында Коомдук саясий институтунда эксперттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен учурдагы саясий кырдаалга арналган жолугушуусу болуп өттү.

 «Перспектива» талдоо консорциумунун жетекчиси Валентин Богатырев өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди:

«Тынчтануу мезгили бүттү. Кырдаалдын башталган же келечекте курчушунун бир нече себептери бар.

Биринчи себеп  -  региондук саясат. Бул саясат үчүн пайда болгон негиздер шайлоо өнөктүгүндө эле түптөлгөн болчу. Ал төмөндөгүдөй багытта жүргүзүлгөн: түндүк жана түштүк элиталары бир-бирине өнөк катары эмес, тескерисинче, атаандаш, тең тайлашып мамиле жасагандыктын кесепетинен күрөшүү технологиясы келип чыгат. Албетте, мындай мамиленин жана саясаттын натыйжасы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби, түштүк элиталарынын бир кыйла таасирдүү бөлүгү бийликке оппозицияда болуп калды.

Экинчи себеп - кадрдык орун которуштуруулар жана «нааразы болгондордун» корпусунун калыптануусунун аякташы. Эми кызмат орундарына болгон үмүт өчүп, бийликтен жаңы өзгөрүүлөрдү гана күтүүгө болот. Мында белгилей кетчү нерсе, биринчиден, бөлүштүрүү талапкерлердин кеңири чөйрөсүнүн эсебинен болгон; экинчиден, кызмат орундар өкмөттө да, Жогорку Кеңеште да бир аз азайган. Демек, мурда кызмат орундарында турган негизги клан-партиялардагы адамдардын бөлүгү жана азыр кыскартылып жаткан аппараттарда иштеген алардын тууган-туушкандары мурдагы саясий абалынан ажырап калган. Бул адамдар кыйла таасирдүү болушкан.

Үчүнчү себеп – президент жана бийликтин жаңы түзүмү катары Алмазбек Атамбаевдин акыркы жылдардагы конституциялык трансформациялардын натыйжасында түптөлө баштаган позициясындагы карама-каршылыктары.  Биринчиден, президент коалицияны жана өкмөттү түзүүдө дээрлик түздөн-түз катышкандыгын көрүүгө болот. Анын тикелей же кыйыр көзөмөлүсүз бир дагы алгылыктуу кадрдык маселе чечилбейт. Андан ары, биз Коргоо кеңеши өзүнчө алганда саясий бюро жана башкаруунун президенттик формасына кайтып келүүнүн шайманы катары пайдаланылып жаткандыгын көрүү мүмкүн. Ошону менен бирге президенттин өкмөттүн дарегине тикелей буйрукту камтыган акыркы жарлыгын айтууга болот.

Төртүнчү себеп – коррупциялык схемаларды табуу боюнча атайын кызматтардын жана прокуратуранын ишинин жигердешүүсү. “Мегаком” боюнча операциядан тышкары, ошондой эле,  радиоактивдүү көмүр темасында прокуратура тарабынан таасирдүү чиновниктерге карата жаза иштеринин козголушу. Ошондой эле, президенттин акыркы жарлыгындагы июнь окуялары жана банк уячалары боюнча жаңы иликтөөлөрдү жүргүзүү тапшырмасын да айтууга болот. Ушул аракеттердин бардыгы конкреттүү күнөөлүүлөрдүн табылышына алып келет.

Саясий кырдаалдын курчушунун төртүнчү себеби менен бешинчи себеби өз ара байланышта: июнь окуялары, уячалар, апрель окуяларына кайрылуу жана бул окуяларга кайра баа берүү боюнча компаниянын башталышы. Аныгында, эртеби же кечпи Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жана алардын мезгилинде кандай терс жактар болгондугуна жооп берүү талап кылынат эле. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн айлампасы же корпоративдик тилектештиги менен бүтүрүү керек экендиги ачык айкын.

Алтынчы себеп -  коррупция менен күрөшүүнүн башталышы. Бул декларативдүү компания эмес, олуттуу компания деп эсептегенге кур эле дегенде үч негиз бар деп ойлойм. Биринчиси – саясий негиз. Коррупция менен күрөшүү – саясий күрөштүн, өзгөчө биздеги коррупцияланышкан атаандаштар менен күрөшүүнүн эң мыкты шайманы. Экинчиси – моралдык негиз. Үчүнчүсү – тарыхый-амбициялык негиз. Мурдагы президенттердин жүргүзгөн иш-аракеттеринен такыр башка, карама-каршы, б.а., багытты коррупцияга каршы жана тазалыкка буруп, керт башынын камын гана ойлобоого басым жасоо менен жетишүүгө болот.

Жетинчи себеп - конституциялык реформага даярдануу. А.Атамбаев конституциялык өзгөртүүлөрдүн зарылчылыгы жөнүндө маселеге карата бир ырааттуулукту көрсөтпөй жаткандыгын азыр көп айтып жатышат. Шайлоо алдында ал россиялыктарга ыктоо менен ага Конституция жакпай тургандыгын жана аны алмаштыруу керек экендигин айтса, тескерисинче, Түркияга иш сапары учурунда ал өзүн парламенттик республиканын жактоочусу экендиги жөнүндө билдирүүлөрдү жасады. 

Бул жагдайдагы башкы маселе Атамбаевдин саясий багытынын ырааттуу эместигинде эле эмес, ал анын конституциялык түзүлүш кандай боло тургандыгы жөнүндөгү түшүнүгүндө болсо керек деп ойлойм. Ал премьер-министр болуп иштеген, азыркы Конституциянын жеткилең эместигинен келип чыккан бир катар көйгөйлөрдү жакшы билет. Президент болуп иштей баштаганда эле президенттин конституциялык ыйгарым укуктарынын чегинен түздөн-түз эле чыга баштаган, анткени, ансыз эч нерсе чече албастыгын түшүнгөн.   

Ошондуктан, тигиниси да, мунусу да чындык.. Атамбаев парламенттик республиканы сактагысы келет, ошону менен бирге конституцияны башкарууга мүмкүн болуучу жагына да өзгөрткүсү келет. Менин көз карашымда, буга жетишүүгө болот. Конституциялык системанын белгилүү бир моделинде бири экинчисине тоскоол болбойт. 

Бул компанияны тийиштүү деңгээлде даярдап жана туура баштап өткөрсө, анда башка иш.

Бул темага ынтызарлануу менен өз саясий статусун реанимациялоого ниеттенип киришкен саясий оюнчулар да, анын ичинде алар парламентте да бир топ.

ЖКны таркатуу Конституцияга өзгөртүүлөрдөн мурда болот деп ойлобойм, себеби анын анчалык кажети деле жок. Үчтөн эки добуш менен  референдум аркылуу өткөрүү таркатуу темасы үчүн абдан пайдалуу.

Сегизинчи себеп – түштүк оппозициялык фронтун калыптандыруу. Бул кыйла жагымсыз сценарий, анткени, өлкөдө региондук белги боюнча эки уюлдуу партияны түзүүгө бир эле кадам турат.  Бирок, тилекке каршы, бардыгы ушуга алып бараткандай. Мунун себеби, биз башында айткан региондук саясат да, кийинки боло турган саясий окуялар да, тактап айтканда, Ош шаардык кеңешине боло турган шайлоолор.

Тогузунчу себеп – тышкы саясатта багытты өзгөртүү жана ага болгон жоопко көңүл бөлүү.   Түркияга өзүнүн иш сапары учурунда жана анын кээ бир “досторунун” Кыргызстанга карата болгон мамилеси боюнча билдирүүлөрү менен Атамбаев Россияда, Казакстанда жана Кытайда белгилүү бир реакцияны пайда кылды.

Валентин Богатырев, ошондой эле,  саясий кырдаалдын курчушунун бир катар себептерине токтоп өттүү менен өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүнүн аягында: “Мен бир катар саясий эмес себептердин бар экендиги жөнүндө алдын-ала айткан жокмун. Алар белгилүү: бул адамдардын баалардын өсүшүнө, электр энергиясынын, жылуулуктун жоктугуна нааразылыгы, айдоо иштери менен боло турган көйгөйлөр, акыркы жолу Баткенде болуп өткөн ички иштер органдары менен болгон чыр-чатакта жана ушул сыяктуулар.  Мындай нааразылыкты туудурган жагдайлар абдан көп жана тилекке каршы, кайсы убакта чыгаарын да айта албайсың.  

Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов чыгып сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди:  

«2012-жылдын башталышы Кыргызстанда эки абдан маанилүү документтин жарык көрүшү менен эсте калды. Биринчи документ – КР Өкмөтүнүн «100 күнгө» аракеттенүү планы жана учурдагы жылдын аягына чейин аракеттерди караган базалык бөлүгү. Экинчи документ – КР УКМКнын Антикоррупциялык борборун түзүү.

Бул документтердин пайда болушу министрликтердин жана мекемелердин активдүү аракеттерине старт берди. Кыязы, башат алган окуялардын тизмегинде “Мегаком” боюнча  козголгон жаза иши эң негизги жаңылык болуп калды.

Бирок, Кыргызстанда кандай аракеттер болбосун реформалар мурдагыдай эле ийгиликсиздикке алып келген көйгөйлөрдү көрүүгө болот.

Биринчи. Өлкөдө ал тургай мамлекеттин жана экономиканын жаңы модели жөнүндө легитимдүү элестөөлөрдү конструкциялоо аракеттери көрүлгөн эмес. 80-жылдардагы марксизм-ленинизмдин далилсиз жоболору 90-жылдардагы «өлкөнүн өткөөл/транзиттик мезгилинин» аксиомалык теориясы менен алмашты, ал өз кезегинде бүгүнкү күндө радикалдуу либерализм менен алмашууда.  Бул теорияларда эч деле жаңы нерсе жок, ал тургай, алар бүгүнкү күндө Кыргызстанда алга илгерилеп жаткандай, таза түрүндө дүйнөнүн бир да өлкөсүндө  кездешкен жок.

Биринчи негизден экинчи негиз келип чыгат.

Экинчи.  Реформа боюнча сунуштар  фрагментардуу мүнөздө болууда. Бул же тигил секторду же тармакты  реформалоо идеясы мамлекеттик түзүлүштүн ар кандай моделдеринен жана  а) бийлик менен  бизнестин  б) бийлик менен коомдун в) бизнес менен коомдун ортосунда өз ара мамилелердин ченемдеринен алынган. Ар кандай ыкмалардан жана теориялардан алынган мындай аралашмалар реформаларды кабылдабайт, анын үстүнө жергиликтүү чындыкты чагылдырбайт. Анда реформалар боюнча документтер министрликтер жана мекемелер тарабынан кезектеги тышкы грантты же кредитти алуу үчүн жазылган болуп калат.

Үчүнчү. Реформа боюнча сунуштарда эки негизги компонент жок. Биринчи компонент – бул реформалоо объектиси. Объективдүү түзүмдөрдүн комплекси катары реформалоо объектисин ачык көрө билүү жок. Реформалоо объектиси катары министрликтердин жана мекемелердин түзүмү жана алардын жаңы аталышы түшүнүлөт.  Экинчи компонент – бул иштин жана өз ара аракеттенүүнүн практикалык схемасы. Бул жерде 1920-жылдары иштелип чыккан жана 1980-жылдары жеткире иштелген жол-жоболордун жана схемалардын жолун жолдоочулугу сакталат. Бул жумушчу схемалар өлкөдөгү азыркы кырдаалга ылайык келбейт.

Төртүнчү. Ар кайсы сектордогу реформалардын башталышынын асинхрондуулугу. Мисалы, ИИМдин системасын реформалоо боюнча  ар кандай демилгелер айтылууда. Бул реформалоонун аяктоо датасы  – 2012-жылдын 30-июну. Буга «бирок» деген жери болбогондо көңүл буруп деле кереги жок эле. 1998-99-жылдардагы Баткен окуялары жана 2010-жылдагы июнь окуялары көрсөткөндөй,  Кыргызстанда милиционерлер жападан жалгыз күжүрмөн күч болуп саналат.

Бизде Грузиянын тажрыйбасына көп шилтеме жасашат. Мында адамдар «бак-даракты көрөт, бирок токойду көрө алышпайт».  Грузияда реформалар  синхрондуу түрдө мамлекеттик бийлик системасынын бүткүл вертикалы жана  горизонталы боюнча жүргүзүлгөн. Бул мисалдан алганда,  ИИМдин реформалоонун башталышы принципиалдуу жаңы грузин армиясын түзүү менен, ошондой эле,  экономикалык реформалар менен  синхрондуу жүргөн. Реформаларды баштоонун бирдиктүүлүгү жана бир убакта жүргүзүү Грузияда каалаган максаттарга ийгиликтүү жемиштерге алып келди.

Бешинчи. КМШ жана ЖККУ катышуучу-мамлекеттердин мыйзамдык базасы Россия жана Казакстан сыяктуу «зор» супер-президенттик өлкөлөрдүн  өнүгүшү үчүн жагымдуу ченемдерди бекемдейт. Бул ченемдер алардын улуттук таламдарына ылайык келген саясий жана экономикалык чындыкты чагылдырат. Абдан чоң «салмактык» айырмадан улам  Кыргызстан бул ченемдердин артыкчылыгын пайдалана алган жок жана пайдалана албайт. Демек, россиялык прагматикалык саясатты колдонуп, бул ченемдер менен иш жүргүзүү Кыргызстан үчүн   иррационалдуу.

Алтынчы. Колдонуудагы мыйзам ченемдеринин алкагында коррупция менен күрөшүү пайдасы жок иш болуп саналат. Андыктан, Кыргызстанда иштиктүү элита оңой сатылат, ал эми саясий система коррупцияга эң жакын деген пикир калыптанган. Кыргызстандын практикасында «коррупция» феноменин тар мааниде чечмелөө орун алууда. Коррупция деп пара берүү жана алуу гана түшүнүлөт, бул болсо жөнөкөйлөштүрүлгөн мамиле болуп саналат. 

Коррупция бардык өлкөлөрдө бар. Ал мамлекеттин  катышы бар экономикалык турмуштун кайсы гана аспекттеринде болбосун кездешпей койбойт. Ишкерлер алардын кирешелеринин өлчөмү мамлекеттик финансыдан, салык режиминен жана аны жөнгө салууга караганда менеджменттин натыйжалуулугуна же ишкерликтин болушуна көбүрөөк көз каранды экендигин түшүнөт. Компаниялардын кирешелери мамлекеттик контракттар, кыйла пайдалуу тарифтер же квоталар, кредиттер же субсидиялар, атаандаштыкты басуу менен аныкталат. Ушунун бардыгын мамлекет берет. Ошол себептен да, бизнес саясий чечимдерге таасир берүүгө аракет кылат. Керектүү натыйжа лоббирлөөнүн жөнөкөй же татаал схемалары менен жетишилет, ал эми адамдын жеке өзгөчөлүктөрү ишкерлер тарабынан саясатчыларды жана чиновниктерди сатып алуу үчүн негиз түзөт.   

Бул феноменди экономисттер «рентага ээлик кылуу» деп аташкан. Кыргызстанда бул феномендин начар изилдениши  коррупцияга каршы мыйзамдар жеке өздүк пайданы алуу үчүн саясий чечимдерге таасир көрсөтүү боюнча жазыктык куугунуктоону карабай тургандыгына алып келди. Натыйжада, ал пара берүү же алуу убагында кармалбаса, бул шартта кызмат адамынын аракеттерин коррупциялык деп баалоо мүмкүн эмес. Демек, коррупция түбөлүк жашайт.

Жетинчи. Кыргызстанда саясий түзүмдөр саясий жана экономикалык реформалардын чечүүчү күчү катары чыгат. Мындан турмуш чындыгы бир тараптуу кабыл алынат. Адамдар «саясий реформа», «мамбашкаруунун реформасы» жана «экономикалык реформа» сыяктуу феномендерди өлкөнүн ички өнүгүүсүнүн социалдык-саясий шарттарынын алкагында гана көрүү менен чектелишет. Мындай мамиле өз реформалоосун талап кылган реалдуу процесстерди жеткире түшүнө бербестикке алып келет.

Бүгүнкү күндө бар болгон реформалоо боюнча  300дөн ашык программалар, концепциялар, стратегиялар жана башка документтер Кыргызстанды «жалпы бакубаттыктагы коомго» алып келген жок.

Мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттик сектор ишкерлердин же мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чөнтөктөрүнө киреше алып келип жатышабы же жатышпайбы деген маселе маанилүү деле эмес.     

Өлкөнүн калкы мындай ишмердүүлүктү кирешелүү жерлерге көзөмөлдү орнотуу үчүн кызыкдар топтордун ортосундагы согуш катары кабылдоосу маанилүү.  

Дагы бир кабылдоо абдан маанилүү. Элита бийликке келүүгө жана бийлик бул элитага эмне берээрине  бушайман экендигине ишенет.

Жогоруда баяндалгандардан логикалуу жыйынтык келип чыгат – реформалар  бул менчикти кайра бөлүштүрүү жана реформаторлордун жеке баюусу үчүн чүмбөт болуп саналат. Демек, реформалар өлкөнүн жарандарына эмес,  реформаторлорго керек.

Мындай пикирдин жаралышы үчүн негиз жетиштүү десек болот. Бирөөсүнө эле токтололу. Өлкөнүн бай жана жарды жарандарынын ортосунда диспропорция өсүүдө. Калк жүргүзүлгөн реформаларды өздөрүнүн улам төмөндөп жаткан абалынын себеби катары көрүшөт. Өздөрүнүн абалына наарызычылыктар 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучуларынын негизги жүйөөсү жана кыймылдаткыч күчү болгон. Бүгүнкү күндө бул сигналдар мындай наарызылыктар  кайрадан өсүп жаткандыгын, демек өткөн жылдардагы окуялардын кайталанышынын ыктымалдуулугу өскөндүгүн айтып турат.  

Түзүлгөн мындай кырдаалда эмне кылуу керек? Эгерде жогоруда саналып өткөн жети өзгөчөлүктү чечүү үчүн күч-аракеттер көрүлсө, өлкө өз өнүгүүсүнүн кыйла өйдөлөгөн деңгээлине чыга алат. Эгерде андай болбосо, анда марионеттик өлкөнү түзүү келечеги толук реалдуу болот. Аталышы жана башкаруу түзүмү бар аймак деп эсептелгени менен, өлкө жок катарында эсептелинет.

Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди:

«Менин ой-пикирим боюнча азыр өнүгүүнүн кыска мөөнөттүү жана балким орто мөөнөттүү келечегине трендди түптөгөн үч булак бар .

Биринчиден, өкмөт «Туруктуулук жана татыктуу турмуш үчүн» деп аталган реформалардын программасы менен чыкты. Бул программаны окугандан соң анын начар иштелип чыккандыгы белгилүү болот, себеби анда системалуулук жок жана ал жасалса да, балким жарым-жартылай гана жасалган.

Жогоруда ИИМди  реформалоо жана коррупцияга каршы ишмердүүлүк жөнүндө айтылды эле, ЖМКларга жарыяланган “коррупцияга каршы ишмердүүлүк” ураанына карап, «коррупцияга каршы сайтты жеткире иштеп чыгуу керек» деп айтса болот. Өкмөттүн коррупцияга каршы саясатынын маңызы ушундабы? Ал эми пресс-конференцияда журналисттин берген суроосуна жооп берип жатып, бул жерде башка учурлар бар экендиги жөнүндө айтылган -  «Коопсуз шаар» долбоору, МАИни жоюу, бирок мындай фрагменттүү нерселерден ИИМ таза боло калбайт жана ал жактан коорупция оңой менен кете койбойт.

Анткени, ИИМ системасынын  натыйжалуу иши үчүн негизги элементтер бул таза иштөөгө дем берүү жана ал жакта коррупция жок болушу үчүн ошол эле учурда катуу көзөмөл болушу керек. Бул элементтер  программада жок.  ИИМ бул жөнүндө унчукпайт. Мектеп  рэкети жөнүндө айтышууда  – бул абдан маанилүү. Каалаган РИИБде арыз берүүнүн электрондук формасы жөнүндө айтышууда, бул да абдан маанилүү, бирок негизги учурлар  көрсөтүлбөйт. Ушундай эле жагдай тоо тармагында да кездешет, айталы, мыйзамды жана мыйзамга караштуу актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана тендерлерди өткөрүү жана башка ушул сыяктуулар  жөнүндө  айтылат, бирок ыкмалары жана жолдору көрсөтүлбөйт. Ушундай көрүнүш бардык тармактарда, бул айыл чарбасына да тиешелүү, 7 пайыздык кредиттер көптөгөн банкирлердин жана финансисттердин пикири боюнча жалпысынан өлкөдө кредиттер 20 жана андан жогору пайыздар менен берилип жаткан учурда салыштырмалуу коррупциялык система болуп саналат.    Реформаларды жүргүзүүдөгү кемчиликтер оппозициянын анын өкмөттү сындоодо колундагы көзүр болот. Бул сын жакын арада айтылбай койбойт, анткени өкмөт белгиленген реформаларга өзү абдан кыска мөөнөттөрдү коюп койгон.  

Экинчи демилге – бул президенттин коррупцияга каршы демилгеси. Бул коргоо Кеңешинин жыйналышы, бул «Megacom», Улуттук электр тармактары,  «Манас»  аэропорту боюнча чуулгандуу иштер ж.б.

Атамбаев коррупция менен күрөшүүдө өзүнүн чечкиндүүлүгү жөнүндө жана бул жагынан алганда аягына чейин барууга экендигин даяр айтат. Буга ишеним артууга болот, анткени өлкөнүн жана мамлекеттик институттардын аброюн, ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин өзүн мамлекеттик ишмер катары   сактай турган жападан жалгыз жол. Эгерде ызы-чуу менен айтылган  коррупциялык иштер, адатта бизде кездешкендей аягына чейин жеткирилбей, токтотулса, анда президенттин кадыр-баркы жабыркап, андан соң аны көтөрүү абдан татаал болот.

Алмазбек Атамбаев азыр кырдаалды өз колуна алуу үчүн, анда абдан ыңгайлуу жана бирден-бир мүмкүнчүлүк бар экендигин түшүнүшү керек. Ал эми өлкөдө кырдаал да жөнөкөй эмес. Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү – бул өзүн анык легитимдүү кылуунун, эл арасында популярдуулукка ээ болуунун эң тез жана натыйжалуу ыкмасы.

Коррупцияга каршы ишмердүүлүктүн толкунунда көтөрүлгөн соң жөнөкөй, ошол эле маалда абдан татаал иштерди  аткаруу керек. Мындай макал бар эмеспи: «Башкалар коркушу үчүн өзүңдүкүн токмокто». Өз тегерегиңдегилерден бир нече адамды, эгер алар коррупцияга аралашып, мыйзамды бузушкан болсо коркпостон жазалоо керек. Мейли алар көрсөтмөлүү иштер болсун, бирок мыйзам алдында бардыгы – өз да, башкалар да бирдей экендигин реалдуу түрдө билүүлөрү абзел. Эгеде адамдар ушуларды көрсө, алар Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүүгө олуттуу түрдө киришкендигине ишенишет. Бирок, бул үчүн ага кырдаалдын үстүнөн жогору туруп, аны кыскан нерселердин бардыгынан бошонушу керек.

Эгерде ал ушуну жасай алса, бүгүнкү реформалардын системалуу эместигине жана каякка баруунун так модели жок экендигине карабастан, ал экинчи Ататүрк болушу мүмкүн жана бул эң негизги. Бул адамдарга мамлекеттин жана мамлекеттик системанын легитимдүүлүгүнө ишенүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Эгерде мамлекетке ишеним бар болсо, мейли ал кандай аталбасын, президенттикпи, парламенттикпи, эгерде ишеним бар болсо, анда мамлекет нормалдуу жашайт. Ишеним артылган мамлекетте, эч ким сыйлабаган жана эч ким ишенбеген мамлекетке караганда реформаларды кыйла натыйжалуу жүргүзсө болот. 

Бирок иштин мындай бүтүшүнө азырынча ишенүү кыйын. Эгерде президент ушундай секирик жасай алса, анда Кыргызстандын алкагында ал улуу адам болмок.

Аягында, үчүнчүсү, жакындагы «Ата-Журт» жана «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын лидерлеринин биригүүсү. Биригүү ачык эле региондук өңүттө жүрдү, муну бардык байкоочулар да белгилеп өтүштү. Бул түндүктөгү партиялардын да биригүүсүнө түрткү болушу мүмкүн. Менин ой-пикирим боюнча, бул абдан терс көрүнүш, анткени мындан региондук бөлүнүү күч алмак. Азырынча мындай биригүүдөн синергетикалык натыйжа кандай болоору түшүнүксүз. Ошондой эле интеграциялануу процесси канчалык деңгээлде болоору да ачык эмес. Муну келе турган мезгил көрсөтөт деп ойлойм.

Андан соң  эксперттер катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

     


Негизги бетке кайтып келүү / Басып чыгаруу үчүн


Жетишкендиктер

2010-жылы IPP Шанхай коомдук илимдер академиясына караштуу Аналитикалык борборлорунун аныктамасы боюнча дүйнөнүн белгилүү 36 “акыл борборлорунун” катарына кирген.

Кеңири маалымат

2009-жылы Коомдук саясат институту Борбордук жана Чыгыш Европанын негизги 30 “акыл борборлорунун” катарына кабыл алынган.

Кеңири маалымат

2008-жылы IPP АКШда жарыяланган The Think Tank Index рейтингинде Чыгыш-Европанын эң мыкты эксперттик-талдоо борборлорунун тизмесинде 18-орунга татыктуу болгон.

Кеңири маалымат


Донорлор

IPP материалдары ар кандай көз караштагы пикирлерди билдирүү менен донорлордун позициясын милдеттүү түрдө чагылдыра бербейт. 


Пайдалуу шилтемелер
IWPR 
Голос свободы ЦА

IPP социалдык тармактарда
  Читать IPPnews в Твиттере


© 2005-2011 Коомдук саясат институту.
Бардык укуктар корголгон.
Булакка шилтеме кылуу менен гана кайра басылат.
Кыргызстан, 720017, Бишкек шаары, Исанов көч., 42/1
Тел: +996 (312) 90-62-40, 90-62-30
Факс: +996 (312) 90-62-41
Email: office@ipp.kg