Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Анар Мусабаева сот адилеттиги системасынын учурдагы абалы жөнүндө
01.03.2012
Саясий талдоочу Анар Мусабаева Коомдук саясат институту үчүн атайын жазылган макаласында төмөндөгүлөргө токтолду: «Көптөгөн жылдар бою ар дайым стресс абалында болгон жана анда жүрүш-туруштун иррационалдуу түрү басымдуулук кылган коомдо эч нерсе деле таң калаарлыктай болбой калат», - деп белгиледи.
Акыркы убактарда токтоп калган соттук реформа Кыргызстандагы эң талкууланган тема болуп калды.
Кыргызстандын келечеги көп жагынан сот адилеттиги системасынын бутуна туруп иштеп кетээринен көз каранды экендиги жашыруун деле эмес. Сот системасы жана укук коргоо органдары кандай багытта жүргүзүлгөнү - коррупция менен күрөшүү, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, инвестициялык ишмердүүлүктү жогорулатуу сыяктуу жарыяланган демилгелердин тагдыры алардан көз каранды эмес. Сот адилеттиги системасын реформалоонун тагдыры биздин коом үчүн бир катар объективдүү системалык чакырыктарды кантип чече ала тургандыгына түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул туурасында саясатчылар өз билдирүүлөрүндө сөз кылбаганы менен андан эч кайда жок болуп кетпейт. Мындай чакырыктардын катарына – мамлекет куруу, саясий институттарды куруу процесстери, формалдуу укуктук институттардын социалдык байланыштыруучу ролду аткаруу же аткара албоо мүмкүнчүлүгү кирет.
Кыргызстанда сот адилеттиги системасынын абалы жөнүндө талкуу
2010-жылы жарыяланган өткөөл мезгилдин президентинин «амбициялык» демилгелеринин бири катары соттук реформа көптөгөн проблемаларга туш болуп, коомдо карама-каршылыктуу талкууларды пайда кылды. Алар көбүнчө ачык мейкиндиктин катышуучуларынын маанайынын чуулгандуу болушу жана көпчүлүгүнүн жооп кайтаруусунун жоктугу менен мүнөздөлдү.
Бир жагынан, көптөгөн жылдар бою ар дайым кыймылсыз абалында турган жана андагы жүрүш-туруштун иррационалдуу түрлөрү басымдуулук кылган коомдо эч нерсе таң калычтуу деле эместей көрүнөт. Экинчи жагынан, Кыргызстанда сот системасын реформалоо проблемасы социалдык, саясий жана экономикалык чөйрөлөрдө өзгөрүүлөрдөн көз каранды болгон негизги фактор болуп саналарына улам көбүрөөк ынанууга туура келүүдө.
Сот системасын реформалоо маселеси, эгерде, Кыргызстанда акыркы эки он жылдыкта укуктук мамлекетти түзүү жолунда алга жылса, ошондой эле, ушул жылдары бийликтин көз карандысыз сот бутагы калыптанса, коррупция сот системасынын «эң эндемикалуу оорусу» болбогондо анчалык курч турбайт эле. Белгилүү бир кайра түзүүлөргө карабастан, сот адилеттиги чөйрөсүндөгү кырдаал көп жагынан мурдагыдай эле калууда. Кыргызстанда азыркыга чейин сот адилеттиги системасы чындыгында эле тырмакчанын ичинде калууда.
Ошол белгиленген көйгөйлөрдүн айынан азыр сот бийлигинин «тазалануусу» жана реформалоо жөнүндө коомчулукта көп чакырыктар курч айтылууда. Жарандардын укук адилеттиги институту катары сотторго ишеним көрсөтүүнүн жоголуп бара жатышынын себептеринен улам сот системасынын үстүнөн жарандык көзөмөлдү уюштуруу боюнча милдеттер курч турат. Ошол эле учурда сот адилеттиги системасында жарандык көзөмөл темасынын өзү коомдо көптөгөн талкууларды жаратууда.
Бир жагынан, биздеги сот бийлиги эч убакта сот адилеттигинин институту болгон эмес, ал бийликте тургандарды тейлеген деген көз караштардагы аргументтердин позициясы бар, мында соттордогу жана укук коргоо органдарындагы коррупция коомдо аларга болгон ишенимдин толук жоголушуна алып келди, тактап айтканда, соттордун укуктук туура эмес чечимдери конституциядагы перманенттүү өзгөрүүлөргө жана перманенттүү революцияларга туш кылды.
Мындай көз караштын жактоочулары эреже катары сот системасындагы жарандык көзөмөл идеясын колдошот. Бул учурда аны жүзөгө ашыруунун ыкмаларына жана усулдарына карата колдонулган мамилелерде гана айырмаланат. Мамилелер сот системасындагы коррупцияга каршы чечимдердин кеңири спектрин сунуштайт: алар сотторду люстрациялоо боюнча радикалдуу чараларды көрүүгө; сотторду толук кадрдык алмаштырууга; соттордун ишине мониторинг жүргүзүү түрүндө бул же тигил рационалдуу ыкмаларын жүргүзүүгө; укуктук маданияттын деңгээлин жогорулатуу үчүн жарандардын арасында агартуу ишин алып барууга; соттордун ишинин ачыктыгын бара-бара жогорулатууга чейинки чараларды көрүүгө.
Экинчи жагынан, сот системасындагы бардык мүчүлүштүктөр бийликтин сот бутагынын бийликтин башка бутактарынан реалдуу көз карандысыздыгынын жоктугу менен байланыштуу деген тастыктоолорго таянган аргументтештирүү позициясы болуп келген. «Эгерде сотторго ушул көз карандысыздыкты берсе – бардык көйгөйлөр чечилет». Бул позициянын жактоочуларынын арасында сот системасынын үстүнөн эч кандай көзөмөлдүк, анын ичинде, жарандык көзөмөл болбошу керек деген ой-пикирлер да кездешет. Бийликтин сот бутагынын коомдук бөлүнүү жана укуктук «аша чабуу» кырдаалы түзүлгөндүгүнө ал эле күнөөлүү эместигине коомчулуктун көңүлүн бурууга аракеттенген «коргонуучу мүнөздөгү» пикирлери да бар.
Ошондой эле, катардагы жарандар тарабынан сот системасын кабыл албоону соттук талаш-тартыштарынын имманенттик касиеттери менен түшүндүрүүгө аракет жасагандар кездешет, анын натыйжасы катары уткандар да, утулгандар да бар. Бул соттук чечимдердин соттук укуктуулугу же соттук укуктуу эместиги жөнүндө бурмаланган кабылдоо болушу мүмкүн. Акыр аягында, көпчүлүк соттордун, соттук инфраструктуралардын жетишээрлик каржыланбоо маселелерине, билим берүү жана кадрдык даярдоо проблемаларына шилтеме жасашууда. Сот бутагынан өкүлдөрү өздөрү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу даттанылган соттук чечимдердин пайыздык катышы жөнүндө өз статистикасына шилтеме жасашат. Мында чечимдердин 80-85%ы даттанылбайт деп тастыкташууда жана бул факт жарандардын көпчүлүгү соттор чыгарган чечимдердин адилеттүүлүгүн «тааныгандык» фактысы катары көрсөтүшөт. Өлкөнүн жарандарынын көпчүлүгү сотторго ишенбейт деген кайчы пикир боюнча качандыр бир кезде сотторго калктын 80%ы ишенбейт деген фразаны айткан Аскар Акаевди күнөөлөшөт, ал эми жакынкы убактарда – бийликтин сот бутагын максатына ылайык өз кызыкчылыгын көздөп, дисскредитация кылган саясий күчтөрдү «күнөөлөшөт».
Чындыгында эле 2010-жылы өлкөдө коомду бөлгөн кейиштүү окуялар болуп өттү. Соттук «реформа» жарандарды «баррикаданын эки жагында» калышынын кубаттуу фактору болуусун шарттады, бул сот адилеттиги системасын реформалоого карата мамиледе иррационализм, конструктивдүүлүк эмес, агрессия басымдуулук кылышына өбөлгө болду. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча сотту саясаттыштыруу, кээ бир саясатчылардын коомдук бирикмелерди манипуляция кылып пайдаланышы - соттун чечимдерине калың топтун кысым көрсөтүү ыкмалары аркылуу калыс кабылдабоого чакырды. Бийликтин башка бутактарынын өкүлдөрү тарабынан сотторго саясий кысымга карата сын пикирлер айтылды. Аталган «калың топту» айыптаган, Фемида кызматкерлерине «жан тарткан» жана аларды конкреттүү-тарыхый процесстин курмандыгы болду деген көз караштар пайда болду.
Көз караштарды чагылдырган ушул талаш-тартыштардын бардыгы жана кырдаалды адамдардын реалдуу топтору тарабынан түшүнүүсү сот бийлигинин легимитдүүлүгү азыр эле дароо келип чыкпагандыгын, ал көптөгөн жылдардан бери топтолгондугун жана сотторго карата ар кандай топтордун манипуляцияланган жүрүш-турушу дал ошол мыйзамдуулуктун жана сот адилеттигинин жоктугунун айынан болгондугун көпчүлүк унутта калтыргандай. Менин оюмча, азыркы учурда сот корпусунун бир бөлүгүнүн арасында бийликтин сот бутагындагы кризиске жана анын калктын көз алдында дискредитациялануусуна Фемида кызматкерлеринин өздөрү да салымдарын кошту жана түзүлгөн кырдаалда жоопкерчиликтин үлүшү аларда да бар. Бул сот адилеттиги системасында өзгөрүүлөр болот жана соттук корпус ага жигердүү тартылат деген үмүттү берет.
Ошентип, өз аргументтери менен белгиленген позициялар бар.
Эгерде, бул позицияларга максималдуу адилеттүүлүк менен караса, анда, албетте, эки позиция тең өз аргументтештирүүсүндө эч кемтиги жок деп айтууга болбойт. Ошого карабастан, калыстык үчүн белгилей кетүү керек, Кыргызстанда сот бийлиги олуттуу ишеним кризисин башынан кечирип жатат, анын негизи өз кезегинде жарандардын кыйла саны сотторго легитимдүүлүгүнөн баш тартып жатышы болуп саналат. Муну элдин төмөн укуктук маданияты же сот системасына таандык касиеттер менен гана түшүндүрүү оной эмес. Көпчүлүк муну түшүнөт. Өлкөдөгү сот адилеттигинин кризисинин себеби эмнеде жана эмне үчүн сот системасын реформалоо жана сот адилеттиги системасында жарандык көзөмөл маселеси курч турат?
Сот системасынын негизги проблемалары.
Жарандардын сотторго ишениминин жоктугун өлкөдөгү мамлекеттик-бийликтик институттардын жалпы кризисинин, баалуулуктар кризисинин жана укук кризисинин контекстинде кароо зарыл. Көптөгөн жылдар бою өлкөдөгү мамлекеттик институттардын натыйжасыз ишмердиктери коомдо нааразылыктарды ушунчалык көп туудургандыктан укук системасынын маңызынын өзү күмөндүүлүктү жаратат, себеби, ал башка социалдык ченемдердин арасында эң алгылыктуу социалдык байланыштыруучу ролду аткарышы керек эле. Так ошол укуктук ченемдер – бул коомдук эрежелерди коомдун бардык мүчөлөрү тарабынан ыктыярдуу таануусу аркылуу байланыштырган жана байланыштыруучу эрежелерди бардыгы кармануу менен ага баш ийүүсү керек экендигин туюндурат. Бирок, азыр өлкө укуктук кризис абалында тургандыгын жалпы моюнга алышууда, укуктук маданият нигилизм менен мүнөздөлүп, ал эми сот бийлиги ар кандай аныктоолор боюнча туңгуюкта, талкаланууабалында турат.
Кыргызстанда 1991-жылдан кийин сот системасын реформалоо аракеттери калыптанбаган институттук чөйрөдө жүргөн. Постсоциалисттик дүйнөнүн бардык транзиттик өлкөлөрүндөгүдөй эле институттук чөйрө тарыхтын советтик жана ага чейинки этаптарынан мураска калган «эски» институттарды жана өнүккөн өлкөлөрдөн импорттолгон «жаңы» институттарды камтыган.
Бул коомдун жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүнө, анын ичинде, укук чөйрөсүнө да таандык. Мында «эски» институттар өзүнө формалдуу эрежелерди эле эмес, формалдуу эмес эрежелерди да камтыган. Жаңы жана эски эрежелердин карама-каршылыктуу айкалышуусу укук колдонуу практикасындагы коррупциялык көрүнүштөрдө чагылган, мында формалдуу укук «телефондук укук» катары эле иштеп келген. Бул ошондой эле укук коргоо системасында тууганчылык, жердешчилик, саясий жана жеке лоялдуулук принциби кадрдык дайындоолор практикасында да чагылган, ал эми формалдуу деңгээлде башка принциптер таанылган. Коррупцияга толеранттуулук формалдуу эмес экономикалык практика жарыя кылынган таза атаандаштык, ак дилден башкаруу менен кандайдыр бир укмуштуудай түрдө катарлаш болуп, саясат жана экономика чөйрөсүндө коррупциялык схемалар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан, анда сот бийлиги саясий ресурс катары болгон.
Сот бийлигинин көз карандысыздыгы – сот адилеттигинин негизги принциби. Ошондой эле, бул чөйрөдөгү көз карандысыздыктын жоктугу негизги көйгөй болуп саналат.
Коммунисттик этап үчүн мүнөздүү бийликтин башка бутактарынан, биринчи кезекте, аткаруу бутагынан сот бийлигинин «көз карандуулугу» Кыргызстанда азыркыга чейин сакталган жана азыркы күнгө чейин Кыргызстандын соттору мыйзамды гана жетекчиликке алып, соттук талаш-тартыштарды чечүүчү көз карандысыз арбитрлардын функцияларын толук көлөмдө колдоно алышпайт. Өзгөчө, бул жарандар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш-тартыштарга тиешелүү, мында судьялар көбүнчө мыйзамдын күчүн жана аброюн жетекчиликке албастан, саясий максатка ылайыктуулукту же саясий конъюнктураны жетекчиликке алышкан. Мында, талаш-тартыштар саясий маселелерге да, экономикалык маселелерге да тиешелүү болгон.
Транзиттик мезгилде рыноктук экономиканын таралышына байланыштуу бир жагынан соттордун ролу өскөн, анткени, ар кандай түрдөгү экономикалык талаш-тартыштар келип чыккан. Экинчи жагынан, 1990-жылдан тартып соттордо коррупция кыйла өскөн, мына ошентип, саясий жана экономикалык реформаларды алга жылдыруу үчүн маанилүү шайман болуу менен бирге соттор коррупциянын жана чечимдерди кабыл алууда жоопкерчиликтин жетишсиздигинин айынан реформаларга тоскоолдук кылышкан. Бул өлкөнүн ар кандай инвестициялык рейтингдеринде, тышкы экономикалык кадыр-баркында, экономиканын реалдуу көрсөткүчтөрүндө, дегеле биздин жашоо-турмушта чагылганын түшүндүрүүнүн кажети деле жок.
Сот корпусунун өкүлдөрүнүн өздөрү да система судьяларды жана соттордун кызматкерлерин пара берип, сатып алуу сыяктуу төмөнкү коррупция менен да, ошондой эле, дайындоолор системасы, судьяларды материалдык жана социалдык камсыз кылуу, формалдуу эмес кысым көрсөтүү механизмдери аркылуу бийликтин башка бутактарынын өкүлдөрү соттордун чечимдерине таасир көрсөткөн саясий коррупция менен да жабыркагандыгын четке кагышпай деле калышты.
Соттордун көз карандысыздыгынын ачык эле жоктугуна карабастан азыркы убакытка чейин эл аралык донорлордун жардамы менен сот адилеттиги системасын ар кандай реформалоо аракеттери болду, укук үстөмдүгү боюнча ар кандай демилгелердин алкагында түрдүү долбоорлор ишке ашырылган болчу. Бул аракеттердин баары эч натыйжаны алып келген жок деп айтууга болбойт. Мындай демилгелердин натыйжасында соттордун жок дегенде формалдуу деңгээлде көз карандысыздыкты «алуу» жолунда белгилүү бир кадамдар жасалды. Тактап айтканда, бийликтин бөлүнүшү конституциялык жактан бекемделди, адам укугу, коррупцияга каршы күрөшүү жагында маанилүү эл аралык конвенцияларга кол коюлду, судьялык өз алдынча башкаруу органдары түзүлдү, адвокатуранын ролу жогорулады, юристтердин кесипкөй ассоциациялары түзүлдү, юристтердин квалификациясын жогорулатуу жана окутуу боюнча долбоорлор жүзөгө ашырылды.
Бийликти сот бутагынын проблемалары, анын реалдуу көз карандысыздыгынын жоктугунда гана эмес.
Ал эми, башка көптөгөн транзиттик өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда бийликтин сот бутагынын көз карандысыздыгынын маселеси, судьялардын жоопкерчилигинин жана отчеттуулугунун проблемасындай эле башкы проблема бойдон калууда.
Соттор бири-биринен ажырагыс эки миссияны аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн көз карандысыздыкка жана отчеттуулукка ээ болушу керек, алар: 1) сот адилеттигине бардык жарандардын ишеним жана 2) бирдей сот адилеттигинин кепилдиги.
Формалдуу түрдө бардык жарандар сот адилеттигине жеткиликтүү жана бирдей кепилдик берет. Бирок, мыйзамда жазылган менен иш жүзүндө кандайча болгондугунун ортосундагы ажырым чоң көйгөй болуп саналат. Соттордо убарачылык, процесстик мөөнөттөрдү бузуу, окшош иштерге карата укук ченемдерин өз эркинче колдонуу, укук бузуулардын оордугунун даражасын жана коркунучтуулугуна жазанын адекваттуу эместиги, акыр аягында, судьялардын кесипкөйлүгүнүн адекваттуу эмес деңгээли, оройлугу, шарттуу айтканда, сот процесстеринин катышуучуларына «класстык» мамиле - сот системасында бул көрүнүштөрдүн бар экендигин эч ким танбайт, көп жылдар аралыгында сот системасы бийликтин башка бутактарынын көзөмөлүндө калып келген. Бул жагдай коомчулукка такыр эле көзөмөлсүз калгандай маанай жаратты.
Мамлекет өз жарандарына нормалдуу иштеген сот адилеттиги системасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кыла албаган шартта - жарандардын коопсуздугу укук тартибинин жана сот адилеттигинин расмий түзүмдөрү аркылуу камсыз кылынбаса, адамдардын арасында өз керектөөлөрүн калыс сот адилеттигин жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн алтернативалуу формалдуу эмес, көп учурда легитимдүү эмес түзүмдөргө жана жамааттарга «суроо-талап» туулат.
Биздин коомдун криминалдашуусунун мындай деңгээлине таң калуунун кереги барбы? Бийлик алсыз жана коррупциялашкан, ал эми кылмыштар жазыксыз калган виджилантизмдин терс тарых мисалдары эске түшөт.
Мамлекеттин сот адилеттигине жана күчтү колдонууга монополиясын тааныбоо - коомго кандай коркунуч алып келет? Бул олуттуу маселе туурасында ар дайым ойлоо керек.
Сот системасынын проблемаларын түшүндүргөн башка себептердин арасында кадрларды даярдоо, соттордун иштерин материалдык-техникалык жана ресурстук жактан камсыз кылуу, сот адилеттиги институттарынын инфраструктурасын өнүктүрүү, сот адилеттиги системасынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жагында чоң проблемалар бар экендигин моюнга алуу керек.
Албетте, калктын укуктук маданияты жагында да проблемалар олуттуу, алар үчүн өз укуктарын жана милдеттерин билбөө, укуктук нигилизм, коррупцияга карата толеранттуу мамиле мүнөздүү. Эгерде статистика анык болсо, Кыргызстанда соттордун чечимдеринин 80 %ы даттанылбайт деген суроо эмне себептен пайда болду?
Бул талаш-тартыштын катышуучулары бул сыяктуу жагдайларды билбеген себептерден пайда болдубу деген суроо туулат. Алар: чечимдердин соттуулугу укуктуу деп эсептегендигинен; калыстыкка ишене албагандыгынан; даттанууну пайдасыз деп эсептегендиктен; бүткүл зарыл жол-жоболорду билишпегендиктен; соттук чыгымдарга каражаттарынын жетпегендиги.
Ошентип, сот адилеттиги системасына карата ишенимдин курч кризисин чакырган бардык себептердин арасында негизгиси болуп соттордун көз карандысыздык жана алардын отчеттуулугунун жетишсиздиги болуп саналат. Сот адилеттиги системасына ишеним кризиси соттук ак иштөөнү жогорулатуу зарылчылыгын жаратат.
Сот адилеттиги системасынын ак иштөөсү
Соттук ак иштөөнүн негизгилери болуп төмөнкүлөр эсептелинет: 1) көз карандысыздык; 2) ак ниеттүүлүк; 3) ачык айкындуулук; 4) отчеттуулук. Эгерде калыстык кылуу институт катары жогорудагы принциптердин жок дегенде бирине да ылайык келбесе, анда өлкөдө демократиянын, ачык башкаруунун жана бирдей сот адилеттигинин бар экендиги жөнүндө айтуу кыйын.
Бийликтин башка бутактары сыяктуу эле сот бийлиги да коом алдында жоопкерчиликтүү.
Сот адилеттигин жүргүзүүнүн эң башкы принциби – бул сот бийлигинин көз карандысыздыгы. Соттук көз карандысыздык соттук кылуунун көз карандысыздыгынын институту катары жана жеке судьялардын көз карандысыздыгын өзүнө камтыйт. Өз кезегинде судьялардын жеке көз карандысыздыгы эки элементти камтып турат: башкага эмес, мыйзамга гана баш ийүүнү билдирген субстантивдүү (маңыздык) жана судьянын өз кызмат ордунда болушуна карата ар кандай өзүм билемдиктен кепилдикти билдирген жеке көз карандысыздыкты камтыйт.
Соттук көз карандысыздык институттук маанисинде токтотуу жана тең салмактуулук конституциялык системасынын бөлүгү жана соттук ак иштөөнүн кепилдигинин негизги фактору болуп саналат.
Дүйнөлүк тажрыйбада соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй мыйзамдык жана администрациялык жол-жоболор бар:
- бийликтин конституциялык бөлүштүрүлүшү;
- судьяларды дайындоодо меритократия;
- пенсияга кетүүдө чектелген мөөнөт (жаш курагы);
- өз билемдик менен четтетүүдөн кепилдик;
- көз карандысыз иш шарттарынын кепилдиги;
- жарандык доо боюнча куугунтуктоого каршы иммунитет (судьялардын коррупцияга илешкиси болгон же кылмыш жасаган учурлары белгилүү болгондо иммунитет сакталбайт);
- соттук кылуу ыкмаларына жана сын-пикиринин тонуна карата талаптарды белгилөөчү саясий конвенция түрүндө судьяларга бардык тараптар кабылдаган сый-урмат мамиле.
Соттук отчеттуулук маселеси жана соттук бийликтин көз карандысыздыгы жана анын коом алдындагы жоопкерчилик принциптеринин айкалышуусу жөнүндө маселе азыр эле келип чыккан жок, ал көп жылдардан бери уланып келүүдө жана көп өлкөлөрдө атайын адабияттарда укук таануу илимдеринин өкүлдөрү тарабынан да, жана иштеп жаткан укук таануучулар тарабынан да талкууланууда.
Биздин контексттен алганда, ал кызуу талаш-тартышты туудурат, ошого карабастан, дүйнөлүк практикада жалпысынан судьялардан отчеттуулукту талап кылуунун мазмуну жөнүндө консенсус бар, бул мазмун мамлекеттин атынан чоң бийликке ээ болгон адамдын кызмат өтөгөн коомдун алдында жоопкерчилиги жөнүндөгү жободо белгиленип турат.
Сот бийлигинин көз карандысыздыгы принциби менен анын отчеттуулугунун принцибинин ортосунда карама-каршылык барбы? Бул принциптерди айкалыштырса болобу, же бул же тигил принципти тандоодон качууга болбойбу? Туура, жооп эки принциптин ортосунда баланс болушу экендигинде турат. Өнүккөн демократияларда бийликтин сот бутагы реалдуу көз карандысыздыкка ээ жана ал жакта шайлануучу болуп саналбаган судьялар корпусунун жоопкерчилигин күчөтүү маселеси чоң проблема болуп саналат. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө сот бийлиги толугу менен көз карандысыз эмес жана проблеманын татаалдыгы сот бийлигинин көз карандысыздыгына жана анын коом алдында жоопкерчилигине жетишүү үчүн укук коргоо системасын реформалоо синхрондуу маселе болуп саналгандыгында турат. Ал эми жарандык көзөмөл сот системасында коррупцияны түп тамырынан жоюу маселесине багытталган.
Дүйнөлүк тажрыйбада судьялардын жоопкерчилигин жакшыртуунун жолдору аздыр-көптүр белгилүү. Алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жарандар тарабынан соттордун ишине даттануулардын ар кандай механизмдеринин болушу;
- судьяларга даттанууларды көз карандысыз комиссиялар же структуралардын милдеттүү түрдө иликтөөнүн жол-жоболорунун жана эрежелеринин болушу;
- судьяларды кызмат ордунан четтетүү боюнча так стандарттар;
- судьялардын таза иштөөсүн судьялыктын жана юридикалык кесиптин өкүлдөрүнүн этика кодексинин формасында иликтөө жол-жоболору жана иши күмөн туудурган судьяларга каршы санкцияларды колдонуу менен көзөмөлдүн ички институттук механизмдери бийликтин башка бутактары жана жарандар менен мамилелерде кесиптин өкүлдөрү катары иш алып баруучу көз карандысыз кесипкөй судьялардын жана юристтердин ассоциацияларынын болушу.
Көптөгөн өлкөлөрдүн укуктук системаларында (англо-австралиялык укук системасында узак убакыттан бери салттуу болуп калган) судьялардын коом алдында жоопкерчилигин камсыз кылуунун маанилүү механизмдери бар. Алар: процесстин атаандашуучулугу, угуулардын ачыктыгы, судьялардын өз чечимдерин негиздөөнү мыйзамдын базасында түшүндүрүү милдети, судьялардын чечимине даттануу мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле, атайын ыйгарым укуктары менен туруктуу судьялык комиссиялар түрүндө механизмдер бар.
Көп өлкөлөрдө судьялардын салык декларацияларын аларды дайындалгандан кийин жана пенсияга кеткенге чейин ар дайым берип туруу практикасы бар. Бул чаралар системадагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, атап айтканда, судьялардын мыйзамсыз баюусуна каршы жүргүзүлөт.
Акыркы жылдары сот реформалары чөйрөсүндө судьялардын аракеттерине формалдуу (расмий) даттануу механизмдеринин болушу жөнүндө маселе талкууланууда. Бул туурасында 2005-жылдын февралында Женевада өткөн юристтердин эл аралык комиссиясында айтылган. Бирок азыркыга чейин даттануулардын мындай механизми судьялардын көз карандысыздык принциптерин жана калктын бул механизмге ишеним принцибин эске алуу менен кандай түрдө боло тургандыгы жөнүндө талкуулар уланууда, жалпысынан мындай механизмдерге консенсус бар.
Судьялык корпустун отчеттулугу сот адилеттиги системасынын өзүнө жол-жоболорду жакшыртуу, ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн ИТ-технологияларды колдонуу (мисалы, сотто иштерди жана алар боюнча чечимдерди каттоо системасын компьютерлештирүү), судьялардын билими жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу, кесипкөй этиканын үстүнөн иштөө аркылуу киргизилиши мүмкүн.
Ички институционалдык көзөмөл механизмдери канчалык жакшы өнүксө, коомдун ичинде сот системасын көзөмөлдөөнү каалоо да ошончолук аз болот. Бул мамлекеттик башкаруунун башка чөйрөлөрүндө да болгондугу туура. Албетте, көзөмөлдүктүн “ички” механизмдерине гана таянуу анын ачык-айкындуулугу жана легитимдүүлүгү жөнүндө маселелерди жаратат. Өзгөчө, бул азыркы учурда Кыргызстанга карата колдонулганы туура, анткени, сот адилеттиги ситемасына ишенимдин кризиси байкалууда. Андыктан, жарандык контроль маселеси актуалдуу.
Сот бийлиги жана жарандык көзөмөл
Соттук чөйрөдө жарандык көзөмөл бир катар өзгөчөлүктөргө ээ жана мамлекеттик башкаруунун башка чөйрөлөрүндөгү жарандык көзөмөлдүктөн айырмаланат. Мындагы башкы маселе сот бийлиги бийликтин башка бутактарынан, соттук талаштарда катышуучу кандай болбосун тараптардан жана судьялардын өздөрүнүн таасиринен көз карандысыз болушу керек экендигинде турат. Андыктан, судьялар коом алдында отчеттуу жана жоопкерчиликтүү болушун кантип камсыз кылуу керек деген маселе абдан олуттуу болгондуктан, көптөгөн талаш-тартыштарды туудурат.
Сот адилеттиги системасынын ак иштөөсүн жогорулатууда жарандык коомдун ролу кандай?
Бул багыттагы жарандык уюмдардын иши ар кандай күч-аракеттерди өзүнө камтыйт. Дээрлик бардык өлкөлөрдө сот системасында коррупцияны табуу предметине сот системасына мониторинг жүргүзүү менен алектенген жарандык уюмдар бар, ар кандай «know-how» бар, б.а., ар кандай көрсөткүчтөр жана критерийлер боюнча мындай мониторингдин технологиясы бар. Алар потенциалдуу жана мүмкүн болуучу коррупцияны, ошондой эле, соттор тарабынан конституция менен кепилденген жарандардын укугун бузууларды аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Мындай индикаторлордун мисалына төмөнкүлөр кирет: иштерди узакка кароо, тараптарды талаптагыдай эмес кабарландыруу, иш материалдарынын жоголуп кетиши, чечимдерди чыгарууну кечеңдетүү, окшош укук бузуулар үчүн жазанын олуттуу варианттары, күбөлөргө жана адвокаттарга карата үстүртөн кароо, мамлекеттик чиновниктердин же органдардын пайдасына чечимдердин жогору катышы, таламдардын кагылуушусу, судьялардын сот талаш-тартышынын катышуучулары же потенциалдуу катышуучулары менен ачык, же тез-тез социалдаштыруу.
Кыргызстанда акыркы эки жылда кеңири жайылган кээ бир НПОлордун лидерлеринин активдүүлүгү бул багытта топтолгон, бирок бул иш али башталгыч абалында экендигин моюнга алуу керек жана НПОлордун лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн көп иштөөнү талап кылат. Азырынча мындай ишмердүүлүк НПОлордун айрым лидерлеринин чыгып сүйлөөлөрү менен эле чектелген, көбүнчө, бул мезгил-мезгили менен жана уюшулбаган ишмердүүлүктө болгондугун байкоого болот.
НПОлордун калк менен өз ара аракеттенүү каналдары кандай уюшулган, мындай уюмдардын ишинин принциптери кандай, алардын миссиясы эмнеде, аларда кимдер иштейт, кесипкөй дарамети жана НПОнун же демилгечи топтордун жеке курамы кандай, мына ушул маселелер анча түшүнүктүү эмес. Иш жүзүндө бул маселелер адамдар жарандык кыймылдарга ишенүүсү, алардан жарандык көзөмөлдүн реалдуу структураларын, чет өлкөлүк же жергиликтүү оюнчулардын же популярдуулукту издеген адамдары лоббирлөөсү эмес экендигин көрүүсү үчүн абдан маанилүү.
Соттордун ишине жарандык коом тарабынан мониторинг жүргүзүү багытында ишти өнүктүрүү үчүн сот адилеттиги чөйрөсүндө укуктун үстөмдүгү, демократиялык процесстердин багыты боюнча иштеген жарандык топтордун кеңири альянсын түзүү маанилүү. Көп өлкөлөрдө мындай альянстар бар. Аларга юристтердин кесипкөй ассоциациялары, университеттер, изилдөө борборлору, бизнес-ассоциациялар кирет. Мындай альянстардын милдетине сот системасын сындоо гана эмес, ошондой эле, сот адилеттиги органдары менен кызматташуунун ар кандай долбоорлору, калк арасында укуктук агартуу иштери кирет.
Кээ бир өлкөлөрдө мындай альянстар юридикалык обсерваториялар деген аталышты алып жүрүшөт. Мындай альянстардын тематикалык камтуусу ар түрдүү: кээ бирлери сотторго мониторингге көңүл бурса, кээ бири Конституциялык соттун чечимдерине гана мониторингди жүзөгө ашырат, кээ бири ювеналдык юстиция маселелеринде адистешет ж.б.
Кыргызстанда мурда эл аралык уюмдардын жардамы аркасында Конституциялык жана арбитраждык соттордун соттук чечимдеринин маалымат базасын түзүү аракети көрүлгөн. Бул электрондук базалар эмне болгондугу белгисиз.
Сот адилеттиги чөйрөсүндө жарандык уюмдардын ишинин башка бир багыты калктын аялуу топторуна юридикалык жардамды көрсөтүү болуп саналат. Кыргызстанда юридикалык клиникалар, алардын ичинде университеттерде деле, долбоорлор ишке ашырылууда, алардын алкагында жарандардын белгилүү бир топторуна юридикалык жардам көрсөтүлөт, ошентсе да, аялуу топтун арасынан биздин жарандардын кыйла бөлүгү квалификациялуу юридикалык жардам алууга жеткиликтүү мүмкүндүк жок экендигин моюнга алуу керек.
Иштин дагы бир маанилүү багыты болуп жарандык коомдун, эл аралык донорлордун жана соттордун өздөрүнүн кызматташуусун боолгологон сот адилеттигинин маселелерин чагылдыруу үчүн кесипкөйлүк жактан курч журналисттерди даярдоо болуп саналат. Журналисттерден да өз иши үчүн чоң жоопкерчилик талап кылынат, ал “олжого” жана соттордун иши жөнүндө чуулгандуу материалдарды “берүүгө” гана багытталбастан, ошондой эле, соттордун ишин так маалыматтык чагылдырууга да багытталышы керек.
Кызыктуу жана талкуулануучу маселе болуп, резонанстуу иштер боюнча көз карандысыз коомдук экспертизаны өткөрүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Бул маселе боюнча чоң талаш-тартыш Россия Федерациясында келип чыккан. Мында Конституциялык соттун отставкадагы судьясы Т.Г. Морщакова ушундай идеяны сунуш кылган. Юристтер буга кайчы пикирде болгон. Судьялардын көз карандысыздыгына кийлигишүүсүн сындоо пикири айтылган. Экинчи жагынан, көптөгөн юристтер муну колдошкон.
Сот чечимдерин коомдук экспертизалоо маселесин талкуулоодо эч кандай экспертиза, ал эң квалификациялуу юристтер тарабынан өткөрүлсө да, соттук актынын өзгөрүшүнө таасир көрсөтө албагандыгына эч ким күмөн саноого болбойт. Ал мыйзам менен белгиленген тартипте жана сот системасынын алкагында гана мүмкүн.
Коомдук экспертизаны ала турган болсок, ал тармактын билермандары, эч кимден көз каранды эмес квалификациялуу адистер тарабынан гана жүзгө ашырылышы керек. Эксперттик баа берүүлөр соттордун көз карандысыздык принцибин үзгүлтүккө учуратпайт, анткени, сот адилеттигин жүргүзүүгө кийлигишүүнү болжолдобойт, алар соттордун ишинин натыйжаларына, чечимдердин сапатына эксперт-талдоочулардын көз карашын билдирет.
Сот бийлигинин өзү ачыктыкты жана отчеттуулукту жогорулатуу үчүн эмне кыла алат?
Жогоруда белгилеп өткөндөй, сот адилеттиги системасынын ак иштөөсүн жогорулатуунун ички институционалдык механизмдери канчалык натыйжалуу болсо, жана бул механизмдерге жарандар канчалык көбүрөөк ишеним артса, сот системасын тышкы көзөмөлдөө формаларын уюштуруунун тенденциясы да ошончолук азыраак. Менин көз карашым боюнча, судьялык жамаат жалаң гана “коргонуучу” позицияга турууга аракет жасоодо жана жарандардын сын-пикирине соттордун начар материалдык-техникалык базасы, сот системсынын жана сот кесибинин консерватизми жөнүндө, жалаң коррупциялашкан гана эмес, ошондой эле, ак иштеген судьялар да бар деген аргументтер менен жооп берсе – анда мындай аргументтер коомдук ой-пикирди түзүүгө жол бербейт. Кимдир бирөөнүн каалаган-каалабаганына карабастан, бийликтин сот бутагына ишенимдин кризиси ташка тамга баскандай көрүнүп турат, судьялар корпусунун кадыр-баркы жана аброю ар кандай себептерден улам жабыркаган жана кандайдыр бир маанисине сот системасына ишенимди “реабилитациялоо” үчүн оболу юридикалык кесиптин өзүнүн өкүлдөрүнө көп иштөө керек.
Бийлик үчүн күрөшкөн саясий күчтөрдүн судьялардын абсолюттуу көз карандысыздыгы жөнүндө жүйөөлөштүрүүсү болбошу керектигин түшүнүү зарыл. Андыктан, демилгелердин көпчүлүк бөлүгү судьялык корпустун өзүнүн ичинен жана юристтердин жамаатынан чыгышы керек. Эл аралык донорлор, албетте, реформаларды шарттоого өз салымдарын кошуусу керек. Бирок өздөрүнүн демилгесиздиги алардын бүткүл күч-аракеттеринен байкалаарлык таасир калтырбайт. Алсак, бир нече жыл мурда америкалык өкмөттүн жардамы менен ишке киргизилген амбициоздуу долбоордо (Millennium Challenge Corporation) сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо боюнча, ошондой эле, жазык мыйзамын реформалоо боюнча милдеттер коюлган. Ошол эле программа сот адилеттиги жагында жарандык көзөмөлдү жакшыртууну караган. Бул долбоордун милдеттери көп жагынан аткарылган эмес болчу, ал эми долбоордун бюджети эмне болгондугун эч ким билбейт.
Соттук системанын өзү отчеттуулукту жакшыртуу үчүн күч-аракетин жумшай алат. “Жабылып албастан”, тескерисинче, коом алдында “ачылып” сот бийлиги сот адилеттигинин институту катары өз аброюн бекемдөөгө жөндөмдүү болуусу керек.
Соттордун ишиндеги ачык каралган иштер, алардын саны, судьялык дайындоолор, бүтпөй калган иштер жөнүндө коомчулуктун маалымат алуусуна мүмкүндүк берүүчү маалыматты жана очеттулукту берүү жолу менен жетишилет. Сот иштерин жана алар боюнча чечимдерге көз салуу системасын компьютерлештирүү, коомчулукка, ЖМКларга жана судьялык коомчулукка кабыл алынган чечимдер боюнча объективдүү маалыматты, аргументеттерди жарыялоо менен жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу да судьялардын ишинин ачыктыгын жакшыртууга өбөлгө болот.
Австралияда, мисалы, соттордун иши жөнүндө коомчулукту жалпы маалыматтар, статистика, судьялардын жүгү, иштер жөнүндө ар жылдагы отчетторду жарыялоо аркылуу маалымдоого чоң көңүл бурулат жана алар токтоосуз каралат. Көптөгөн соттор, ошондой эле, ЖМК менен иштөө үчүн жооптуу кызматчыларды дайындашат. Бул басма сөз кызматкерлери соттордун ишинин жалпы маселелери боюнча ЖМКлардын суроолоруна жооп берүүгө даяр болушу керек. Мындан тышкары, Судьялык конференция (Judicial Conference) сыяктуу структура бар, ал судьялардын атынан ЖМК үчүн бул же тигил маанилүү маселелер жана сот иштери боюнча ЖМКлар үчүн түшүндүрүүлөр менен чыга алышат.
Жарандарга укуктук билим берүү – бул юридикалык жамааттар жарандык уюмдар менен бирдикте иштей турган багыт. Мындай агартуу иштери соттордун ишинин өзгөчөлүгү, процесстик нормалар, даттануу жол-жоболору боюнча мыйзамдын талаптарын камтыйт.
Ошондой эле, судьялык корпустун өз алдынча билимин өркүндөтүүнүн жана билимдин маанилүүлүгүн белгилеп кетүү зарыл. Бул биринчи кезекте укуктук билимдерге, кругозорду кеңейтүүгө тиешелүү, анткени, судьялардын социалдык көйгөйлөр боюнча түркөйлүгү стереотиптердин жана жаңылыш пикирлердин калыптанышына алып келет.
Корутунду
Ошентип, коомдо калыстыкка жана сот адилеттигине суроо-талап абдан жогору. Сот бийлиги соттук талаш-тартыштарды чечүүдө өзүнүн нейтралдык функциялары менен кандайча иш алып барып жаткандыгы жөнүндө массалык канааттанбагандык бар. Мурдагы жылдары топтолгон сот адилеттиги системасын кабылдоонун терс потенциалы азыр калыстыкты талап кылуунун өзгөчө эмоционалдуу жана агрессивдүү түрлөрүнө өтүүдө. Бул топтолгон нааразылыкты тез жана кыйынчылыксыз нейтралдаштыруу жана жок кылуу абдан татаал. Жарандардын нааразычылыктарынын мизи сот системасына, алар менен кошо укук коргоо органдарына багытталган, бул ал чөйрөдөгү реформалоо маселелеринин сөзсүз болушун шарттайт. Бул мамлекеттик бийлик институттарынын жалпы кризисинин, аларга ишенимди жоготуу фонунда өтүүдө.
Сот адилеттиги системасынын ийгиликтүүлүгү үчүн сот бийлигинде судьялык ак ниеттүүлүктүн - көз карандысыздыктын, калыстыктын, ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун принциптери сакталышы керек. Судьялык корпустун өзү жоопкерчилигин аңдап түшүнүүсү зарыл жана өз тарабынан чечкиндүү кадамдарсыз сот системасынын төмөн түшүп калган аброюн “реабилитациялоо” абдан татаал.
Фемида кызматкерлери көп чечимдердин укуктук жактан соттуулугуна айыптоолорго каршы контраргументтер катары сот талаш-тартыштарынын имманенттик касиеттери жөнүндө түшүндүрүүлөргө гана таянышат, аларда ар дайым нааразы болгон тарап бар болгондуктан мындай аргументтерге өлкөдө кандай реакция болоорун жакшы түшүнүү керек, анда адам укугу ар жерде жана жаныбызда эле бузулуп, ал эми атка минерлер жасаган кылмыштар көбүнчө жазаланбаган бойдон калууда.
Сот адилеттиги системасында коррупция проблемасын баарылап чечүү керек.
Фемида кызматкерлери жогоруда айтылган отчеттуулук жана ачык-айкындуулуктун ички институционалдык механизмдерин өнүктүрүүлөрү керек. Бул сот адилеттиги системасында ишенимдин жогорулашына өбөлгө түзөт жана өз кезегинде биздин өлкөдө бардык цивилизациялуу дүйнөдө бар болгон формалдуу укуктук система өнүгөт жана иштеген мыйзамдар жана сот адилеттиги жокто биз бардыгына каршы орто кылымдагыдай согуш абалына түшүп кетпөөбүз керек. Судьялык ак ниеттүүлүктү кесиптин “өз” күч-аракети менен жогорулатуу коомдогу агрессиянын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал азыркы учурда сот системасына багытталган.
Судьялык өз алдынча башкаруулар жана юристтердин, адвокаттардын кесипкөй ассоциациялары кыйла жигердүү иштөөлөрү керек, алардын ролу мамлекет, соттор жана коом менен мамиледе юридикалык кесиптин өкүлдөрү менен кызмат кылуусунда турат. Ачык мейкиндикте акыркы жылдары мындай кесипкөй ассоциациялар дээрлик жок болуп кетти, алардын ролу юридикалык кесиптин өкүлөрүнүн кесиптик этикасын жогорулатууда, ошондой эле, калкты ар кандай механизмдер аркылуу, анын ичинде, өлкөдө кабыл алынап жаткан мыйзамдар боюнча коомдук экспертизалоо механизмдери аркылуу, соттордун ишинин натыйжалары боюнча укуктук жактан агартуу иштерин колго алууда турат. Ар кандай укуктук аспекттер боюнча кеңири масса үчүн мезгилдүү жарыяларды колдонуу дээрлик мүмкүн эмес.
Жарандык коомду уюштурууну ала турган болсок – соттордун ишине мониторинг жүргүзүү боюнча ишти өнүктүрүү зарыл, калктын аялуу катмарын сот адилеттүүлүгүнө карата жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, укуктук агартуу менен алектенүү керек. Мында НПОлорго жана жарандардын ар кандай демилгелүү топторуна ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук жана коом алдында отчеттуулук принциптерин жетекчиликке алуулары керек, аларды сактоо мамлекеттик органдардан же бийликтин сот бутагынан талап кылынат.
Ошондой эле, жарандык коом өзүнүн ишмердүүлүгүн коомдун аң-сезимин жана укуктук маданиятты жогорулатууга буруп, жана аны теңдештирилген ыкмалар менен жасоосу да маанилүү. Анткени, калыстыкка жетишүү мүмкүнчүлүгүнө толугу менен ишенбеген циникти “алгандан” көрө мындай ишмердүүлүктүн жыйынтыгында жакшы маалымдандырылган жана аң-сезимдүү жаранды “алуу” абдан маанилүү.