Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Кыргызстанда коррупцияга каршы кантип күрөшүү керек?
02.03.2012
Коомдук саясат институту ишмердүүлүгү коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган ар кандай түзүмдөрдүн өкүлдөрүнө, ошондой эле, эксперттерге коррупцияга каршы жарыяланган күрөшүү өнөктүгү канчалык натыйжалуу болот деген суроо менен кайрылды.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан «Транспэренси Интернешнл» уюмунун рейтингине ылайык акыркы төрт жылдын аралыгында дүйнөнүн эң коррупциялашкан өлкөлөрүнүн бири бойдон калууда. 2011-жылы өлкө өткөн жылдагыдай эле 164-орунда калды. Бир гана айырмасы өткөн жылы рейтингге 176 өлкө катышса, быйыл 182 өлкө катышкан. (http://www.transparency.org.ru/CENTER/cpi_11.asp).
Коррупцияга каршы иш кеңешинин Башкы катчысы Нурипа Муканова коррупцияга каршы күрөшүүдө “биз үчүн Грузиянын тажрыйбасы пайдалуу болмок” деп эсептейт: «Эгерде биз Сингапур же Гонконгду ала турган болсок, алар башка система узак мезгил өкүм сүргөн мамлекеттер болуп саналат. Ал эми Грузия, биринчиден, жашоо турмушу биздикине окшош болгон постсоветтик мамлекет, башкача айтканда, биз бир системадан чыкканбыз, экинчиден, Грузиянын аймагы биздики сыяктуу эле чакан. Үчүнчүдөн, Грузиянын экономикасын көтөрүүгө мүмкүн боло турган жаратылыш ресурстары жок. Ошондуктан, алар өз экономикасын көтөрүү үчүн дал ушул коррупция менен күрөшүү маселелеринен башташкан.
Жакында грузин тажрыйбасы жөнүндө талдоо материалы жарыяланды. Ага караганда реформалоонун жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн биринчи баскычында калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарынан, ИИМден башташкан. Алардын баа берүүлөрү боюнча укук коргоо органдары эң эле коррупциялашкан чөйрөгө айланган жана ири акчалар жүгүртүүдө болгон. Андан кийинки реформа салык жана бажы чөйрөлөрүндө жүргүзүлгөн. Коррупция менен күрөшүү энергетика системасында да жүргөн. Реформалар таасирин тийгизген дагы бир багыт – бул бизнести өнүктүрүү болгон, б.а., бизнести түп-тамырынан жеткире жөнгө салуу жүзөгө ашырылган. Грузияда коомдук жана жарандык каттоо сыяктуу система бар, бул жагында да реформалар ишке ашырылган. Булардан тышкары, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү децентралдаштыруу ишке ашырылган.
Грузияда реформалар 10 сектордө жүргөн. Биринчи кезекте мамлекеттик кызматтарда кыскартуулар жүрүп, жаңы кадрлар кабыл алынган. Башкача айтканда, коррупция менен күрөшүүдө басым кадрларга жасалган, анткени, кадрлар бардыгын чечээри белгилүү эмеспи. Бул талдоо отчетунда ийгиликке жетүүнүн көзгө урунтаарлык он мисалы көрсөтүлгөн.
Көпчүлүк Грузияда реформаларды өткөрүү үчүн тышкы донордук келип түшүүлөр пайдалангандыгына көңүл бурушат. Биздин өкмөт “100 күн” программасын сунуш кылган, анда да реформаларды өткөрүү үчүн донорлордон келүүчү каражаттар болжолдонууда.
Грузияда реформалоонун биринчи этабында донордук каражаттар кадрларды колдоого жана мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын өзгөртүүгө багытталган. Бизде донордук жардамды, “100 күн” программасында белгиленгендей, инфраструктураны түзүүгө багыттоо болжолдонууда. Биз өлкөлөрдүн донордук каражаттарды пайдаланууга карата мамилелери ар кандай экендигин көрүп турабыз, биз үчүн инфраструктураны түзүү чын эле маанилүү. Азыр биз бул канчалык натыйжалуу экендигин билбейбиз, мен бул жерде кайталап кетейин, кадрлар бардыгын чечет.
Коррупцияга каршы күрөшүү кайсы учурда, канчалык натыйжалуу болот деген суроого Нурипа Муканова төмөнкүдөй жооп берди: «Кандай болбосун күрөшүү баскыч менен болот. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн стратегиясы жарыяланган болчу, бирок аны жүзөгө ашыруу үчүн кандайдыр бир механизмдер керек. Бул механизмдер жана жалпысынан коррупцияга каршы күрөшүү коомчулук үчүн ачык-айкын болушу, бул күрөштө кайда багыт алаарыбызды жана бул күрөш системаны өзгөртүүгө багытталгандыгын түшүнүү зарыл.
Бизде адамдар белгиленген эрежелер боюнча жашай тургандай система курулган, алардын ордуна келген жаңы кадрлар ошол эле эреже менен аракеттенишет. Биз коррупцияга каршы күрөшүүдө жасалган ар бир кадам системадагы өзгөрүүлөргө алып келээрин, ар бир кадамдын тууралыгы коомчулук тарабынан көзөмөлгө алынаарын көрүп турушубуз керек».
Нурипа Муканова, ошондой эле, кайсы чөйрөнү эң коррупциялашкан чөйрө деп эсептээри жөнүндө өзүнүн ой-пикирин билдирди жана өз турмушунда коррупциянын кандай түрүнө кабылгандыгы жөнүндө да айтып берди: «Бул биздин бардыгыбызды жок кыла турган маселе, бирок журналисттер эмнегедир так ушул жөнүндө суроо беришет. Бизде дээрлик бардык чөйрөлөр коррупциялашкан. Бизде коррупция гүлдөп өспөгөн тармак дээрлик жок. Бирок, адам тагдырлары коррупциянын айынан канчалык талкаланып жаткандыгы жөнүндө айта турган болсок, бул биринчи кезекте укук коргоо органдары болуп саналат. Ал жакта адам акыркы нерсесин сатууга аргасыз, анткени, маселе анын эркиндигинде турат. Ошондой эле, сенин акчаң жок болсо, соттор ишти сенин пайдаңа чечишпейт жана кайсы маселе карала тургандыгы маанилүү деле эмес. Саламаттыкты сактоодо накта коррупция орун алган, буга мисал кылып жакында болгон 11 жаштагы кыздын өлүмүн алсак болот. Кайсы бир жерде коррупция гүлдөп өсүп жатса, кайсы бир жерде азыраак деп айтууга болбойт. Бирок, биздин тагдырыбызга таасир көрсөтүү деңгээли боюнча бул секторлорду атасак болот.
Мен Мамлекеттик каттоо, Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Суу-канал сыяктуу мамлекеттик мекемелердеги коррупцияга туш болдум. Бул турмуш-тиричиликтеги коррупция. Мамлекеттик каттоодо кандай болбосун справкаларга акча төлөнөт жана бир нече сааттын ичинде жасала турган справкааларга, үч күндүн ичинде жасала турган жана андан көбүрөөк күндө жасала турган српавкалар бар, бирок адамга зарыл болгон справканы алуу үчүн Мамкаттого бир нече жолу баруу керек.
Эгерде эски техникалык-инвентеризациялык китепти алмаштыруу зарыл болсо, үйдүн документтерин алуу абдан чоң көйгөй. Мамлекеттик каттоодо арыз бериле турган терезе бар. Бишкекте бул “бирдиктүү терезе” абдан жакшы иштейт, бирок региондордо мамлекеттик каттоо кызматтары, мындайча айтканда, коммерциялык ишканаларга айланган. Дагы бир мындай мисал, үйдүн техникалык паспортун жасоо үчүн, прейскурант боюнча 500 сомдон ашыкча төлөө керек жана бир жума өткөн соң зарыл документти алам деп ишенесиң. Бирок, документти ала албайсың, анткени Мамлекеттик каттоонун кызматкерлери документти берүү үчүн дайыма себеп табышат, мисалы, алардын техниги участокту өлчөшү үчүн канча бак бар экендигин, курулуштар каякта жайгашкандыгын эсептеши керек. “Техник эмне үчүн бул жуманын ичинде келген жок” деген менин берген суроомо, техникти сиз өзүңүз алып барышыңыз керек деген жоопту алдым. Ушундай эле кырдаал Архитектура мамлекеттик агенттигинде болду. Алардын өзүнүн башкы планы бар, ал эми Мамкаттоонуку – өзүнүкү, бул эки мекеменин ортосунда ары-бери жүрүү менин милдетимби деген суроо туулат, кимисинин башкы планы жогору турат, тактап айтканда, мага керектүү документ кайсы башкы планга негизделиши керек».
Нурипа Муканова азыркы учурда коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугуна канчалык деңгээлде ишенээрин мындайча айтты: «Мен жөн гана Кыргызстандын жаранымын, мен коррупция жок башка система болушун каалайм, анда ар бир адам өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти ак ниет жана калыс аткарышышы керек, ал эмгеги үчүн айлык акы алып жатат, бирок, ал татыктуу эмгек акы алышы керек. Эгерде орто статистикалык жаранга мамлекеттик органдар менен кандайдыр бир маселелерди чечүүгө туура келсе, ага жетишээрлик акчасы болбосо, ал маселени чече албасын билет.
Мен нормалдуу коомдо жашагым келет, бейтапканага келгенде квалификациялуу жардамды ала алаарымдан күмөн санабаган коомдо жашагым келет. Коррупция кесипкөйлүктү мөгдүрөтөт. Адамдар эч нерсеге жооп бербейт. Адамга дарылоо үчүн кесипкөй болуунун да кереги жок, ага врач деп аталып, врачтын столунда отуруп, мамлекеттен да, кардардан акча алса болду. Коррупциянын коркунучтуулугу мына ушунда. Коррупция жамааттык жоопкерсиздикке жана кайсыбир адамзаттык баалуулуктардын жоготулушуна алып келет.
Жарандык коом жана бизнес-коомчулук өкмөткө кыска мөөнөт беришти. Эгерде “100 күн” программасына кайрыла турган болсок, анда, мисалы, бизнес-сектор бул программа боюнча жүз күндө эмне жасалгандыгына көз салат. Тактап айтканда, марттын аягында өкмөт кандайдыр-бир реалдуу натыйжаларды көрсөтүшү керек. Ал эми жалпысынан алганда алгачкы байкалаарлык натыйжалар жылдын аралыгында болушу мүмкүн. Күзгө жакын биздин коомчулук бизде өзгөрүүлөр болдубу же жокбу так айта алат», - деди Нурипа Муканова.
КР ЖКнин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков төмөнкүлөрдү белгиледи: «Биз азыр бир катар мыйзамдарды, анын ичинде, Жазык-процесстик кодекске, тиешелүү мыйзамдарга экспертиза жүргүзөбүз. Биз азыр экспертиза жүргүзүүдөбүз, анткени, мурда кабыл алынган мыйзамдардын кээ бир беренелеринде коррупциялык элементтер бар. Бул үчүн биз көптөгөн белгилүү эксперттерди, анын ичинде, Өкмөттөн, Башкы прокуратурадан, Юстиция министрлигинен, Жогорку Соттон эксперттерди, ошондой эле, адвокаттарды, НПО-сектордун өкүлдөрүн, Жогорку Кеңештин кызматкерлерин, депутаттарды тарттык. Ошондой эле, жакында бизде эл аралык уюм менен жолугушуу болду, ал бизге өз кызматын сунуш кылды, биз макул болдук жана жакынкы убакта алар ишке киришмекчи.
Азыркы бизде болуп жаткан чар-жайыттыктар тергөөчүлөр, прокуратура кызматкерлери, же сот органдарынын өкүлдөрү мыйзамдардын өздөрүнө ыңгайлуу беренелерин колдонгондугундан келип чыгууда. Жыйынтыгында эмне үчүн ири калибрдеги кылмышкерлер эркиндикте болуп калышаарын адамдар түшүнүшпөйт, ал эми майда уурулар жана укук бузгандар өз мөөнөттөрүн акыр-аягына чейин өтөшөт».
Коррупцияга каршы күрөшүүдө кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбасы биз үчүн пайдалуу деген суроого Туратбек Мадылбеков төмөнкүдөй жооп берди: «Ушул теманы козгогондо, дайыма эле Грузия жөнүндө айтышат. Мен, мисалы, Грузия жөнүндө эле айта бербейт элем, анткени, грузиндердин өзүнө таандык менталитети, бул маселеге өз мамилеси бар. Бизге өз убагында коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен да таанышуу зарыл. Коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүүлүктү Америка көрсөткөн, мисалы, кээ бир штаттарда коррупционерлерди ал тургай атууга өкүм кылышкан. Башка өлкөлөрдө башкача ыкмаларды колдонушкан. Бүгүн Японияда, Сингапурда, Германияда коррупциянын деңгээли эң төмөн. Мен Германияда болгом жана ал жакта өз максаттарына жетишүү үчүн мыйзамды бузуш керек деген түшүнүк дээрлик жок деп өз тажрыйбамдан айта алам.
Мен коррупциянын бүгүнкү деңгээли кантип келип чыккандыгын жана анын себеби эмнеде болгондугу жөнүндө суроону өзүмө көп бердим. Менин ой-пикирим боюнча 2000-жылга чейин коррупция, балким, Ак үйдө, кээ бир башка мекемелерде болсо болгондур, бирок 2000-жылдан тартып, ал дээрлик бардык тармактарда кездеше баштады.
Коррупциялык схемалар бүгүнкү күндө да колдонулуп жатат. Мурдагы депутаттардын көпчүлүгү бизнесмендер болушкан, өздүк кызыкчылыктарын эске алып, мыйзамдар кабыл алынган. Ушулар кээ бир мекемелерге да тиешелүү болгон, мисалы, Жогорку сот, прокуратура, башка укук коргоо органдарына мыйзамдардын долбоорлорун даярдоого уруксат берилчү. Мыйзамдардын бул долбоорлору парламентке берилчү жана ал өз кезегинде аларды кабыл алчу. Мекемелер да өз кызыкчылыктарын көздөшкөн, натыйжада бизде мыйзамдарды сыйлабоого жол ачылган.
Коррупцияга каршы күрөшүүнү президент, парламент, өкмөт эле жүргүзбөстөн, ага каршы жалпысынан коом да күрөшүшү керек, эл бул күрөшкө умтулушу керек, ошондо гана бизде натыйжа болот. Ал эми кимдир бирөө демилге кылып, кимдир бирөө буга тоскоолдук кылса, анда коррупцияга каршы күрөшүү абдан татаал болот.
Жакында эле бизде Коргоо кеңеши болуп өттү, ага мен да катыштым. УКМКнын алдында Антикоррупциялык кызмат түзүлдү. Мындай кызмат Башкы прокуратуранын алдында да бар. Андан тышкары, бизде финансылык полиция да бар, ал да ушуну менен алектениши керек.
Коррупцияга каршы күрөшүүдө белгилүү бир мезгилди, мисалы, 2000-жылдан беркини алуу керек деп ойлойм. Биз өз убагында схемаларды ким түзгөндүгүн жана кандай пайда алгандыгын, андан мамлекет жана эл кандай жабыр тарткандыгын коомчулукка көрсөтүшүбүз керек. Эгерде биз ушул жол менен барсак, анда келечектеги чиновниктер, эгерде алар уурдай турган болсо, анда алар бир жылдан кийин болобу, ал тургай, он жылдан кийин болобу жооп берээрин так билишип, коррупция баары бир аныкталаарын, темир тор артында болуп калышаары толук ыктымал экендигин билүүлөрү зарыл. Азыр көп чиновниктер уурдагандан коркушпайт, алар өздөрүнөн кийин топон суу каптаса да мейли деген түрдү көрсөтүшөт.
Биз өз жоболорубузду, жолдорубузду иштеп чыгышыбыз керек, биринчи кезекте, биздин саясий элитанын “төбөлдөрү” мыйзамдарды сыйлоону үйрөнүшү керек, биз да мыйзамдарды сыйлоого үйрөнүшүбүз керек, ошондой эле, Жогорку Кеңеш да, өкмөт да, президент да чогуу иштеши керек, ошондо гана биздин өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүдө натыйжалуу күрөшкө жол ачылат.
Коррупцияга каршы күрөш өкмөттүн же Жогорку Кеңештин деңгээлинде өтүшү керек деп эсептейм, ал облустук, райондук деңгээлге чейин, айыл өкмөтүнүн деңгээлине чейин жетиши керек. Жана ушул субъекттерге отчеттор берилиши керек, мисалы, айыл өкмөттөрү квартал сайын же жарым жылда бир жолу укук коргоо органдары, өкмөттүк эмес уюмдар менен бирдикте коррупцияга каршы күрөшүүдө эмне жасалгандыгы тууралуу районго отчет берип туруулары керек. Ушундай эле иш райондук деңгээлге да тиешелүү. Башкача айтканда, өздөрүн өздөрү тартипке салуулары керек».
Мадылбеков ошондой эле кээ бир эксперттердин «коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жарыяланган өнөктүк компроматтардын таймашына окшош» деген тастыктоолоруна төмөнкүдөй баяндама берди: «ЖМКда пайда болгон кээ бир билдирүүлөрдү ала турган болсок, андагы тастыктоолор негизсиз. Акаев жана Бакиев учурунда да коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө айтышчу, андыктан бул күрөш да кезектеги өнөктүк болот деп аң-сезимге сиңип калган.
Бирок, акаевдик жана бакиевдик мезгилдерден айырмаланып, азыр такыр башка мезгил. Ачык-айкындуулуктун пайда болушу кубандырбай койбойт. Сиздер Жогорку Кеңеште эмне болуп жаткандыгын байкасаңыздар болот, биз өзүбүз деле курч маселелерди көтөрүп, кандайдыр бир мыйзамсыз нерселер болсо, биз өзүбүз билдирүүгө аракеттенебиз. Же бул маселени талкууга чыгарабыз. Ошону эле биз коррупциялашкан, ал билинет деп өкмөткө айтуудабыз.
Мисалы, радиоактивдүү көмүр менен түзүлгөн кырдаалды алалы. Эгерде өкмөт кандайдыр бир коррупциялык схемаларды жүргүзө турган болсо, коомчулук ал жөнүндө билээрин көрсөтүүнү каалайбыз. Акаев жана Бакиев учурунда бардыгы “жабылган аяк” бойдон калчу. Ал эми азыр биз парламентте талашып-тартышып, ал тургай урушуп жатканыбызды көрүп жатасыздар, мейли ушундай болсо болсун, бирок бизде чындык жеңип, биз алга жылышыбыз керек.
Мен бул өнөктүккө ишенем. Мен өз баасын берип, четте карап турган байкоочу катары айтып жаткан жокмун. Мен бул күрөшкө катышкан адам катары айтып жатам жана бул күрөш кыйынчылык менен жүрүп жаткандыгын сезип жатам, анткени, депутаттардын арасында да, өкмөттүн арасында да коррупциялашкан адамдар бар жана биз алардан тазаланмайынча, алар бөгөт боло беришет.
Алмазбек Атамбаев өзүнүн интервьюсунун биринде, 2011-жылы бизде бюджетке 24 миллиард сом түшпөй калгандыгын айткан. Мисалы, Кыргызстан жана Кытай, Корея, Түркия, Россия жана башка мамлекеттердин ортосунда товар жүгүртүү боюнча маалыматтарда он эселик айырма бар экендигин байкаса болот. Андыктан бизде эски схемалар иштеп жатат деп, ар дайым айтып келем. Бирок, мен быйылкы жылы алга жылыштар болот деп ойлойм, биз коррупцияга каршы согуш жарыяладык», - деп билдирген.
Мадылбеков, ошондой эле, төмөнкүлөрдү да белгилеп өттү: «эл оозунда бизде эң коррупциялашкан МАИчилер экендигин бардыгы эле айтышат. Менин ой-пикирим боюнча, МАИчилер - мамлекеттик түзүмдөрдөгү эң майда коррупциялашкан өкүлдөр болуп саналат .
Коррупционерлерди үч деңгээлге бөлсө болот. Биринчи деңгээл – булар мамлекеттик масштабда уурдагандар, аларга бажы кызматын, Кыргызстандын электр энергетикасынын чөйрөсүн кошсо болот. Электр системаларындагы техникалык жоготуулар 45 пайызга чейин жеткендиги белгилүү. Анын бардыгы уурдоолор болуп саналат.
Орто деңгээлге мен тендерди жарыялоо учурунда коррупция менен алектенгендерди кошоор элем, мында чегерип алуулар 10дон 20 пайызга чейинкини түзөт, сиздер мамлекет тарабынан буларга кандай акчалар бөлүнөөрүн жакшы билесиздер.
Үчүнчү деңгээлге мен бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерин – коррупциялашкан врачтарды, милиционерлерди, ошондой эле, укук коргоо органадарынын начальниктерин кошмокмун.
Бизде укук коргоо органдары акыркы 7-8 жыл аралыганда коррупциялашып калгандыгы жашыруун деле эмес. Мен комитеттин төрагасы катары мындай көрүнүштөрдү көп жолу көрдүм. Тигиндей, мындай деп ар кандай шылтоолорду жазышат. Натыйжада бардыгы жакшыдай көрүнөт. Укук коргоо системасынын бардык тармактарында ушундай жана бул жерлерде баягы эле жогоркудай иштерге жол берип келгендер иштешет. Реформалоо учурунда биз мындай кызматкерлерден тазаланышыбыз керек, ишке таза аброй күткөн кесипкөйлөрдү тартышыбыз керек. Биз мындай кадамдарды жасамайынча, коррупция менен күрөш кыйынчылык менен өтмөкчү.
Мен эч убакта пара берген эмесмин. Эгерде кайсы бир мамлекеттик мекемеде кимдир бирөө пара берүүгө аракет жасап жаткандыгын байкасам, мындай кырдаалда мен ал адамга мыйзамды бузуп жаткандыгын, бул туура эмес иш экендигин түшүндүрүүгө аракет жасайм. Мен мамлекеттик кызматчылардын өздөрүнө алардын элге кызмат көрсөтүүсү керектигин, параны сунуш кылдыруу үчүн жасалма кырдаалды түзбөөлөрү керектигин түшүндүргөн учурларым болгон. Мындай чыр-чатактуу калпыс жагдайларда мен өз максатыма жеткем».
Коррупцияга каршы күрөштө кайсы өлкөнүн тажрыйбасы биз үчүн пайдалуу экендиги тууралуу өз ой-пикири менен «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун башчысы Толекан Исмаилова ой бөлүштү: «Жакында эле бизде “Европа биримдиги жана Кыргызстан. Диалог” темасында жолугушуу болуп өттү. Ушул жолугушуунун алкагында Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү кандай өткөндүгү жана биз эмнеге келгенибиз боюнча жакшы дискуссия болуп өттү, ошондой эле, Болгариядан, Сербиядан, Ирландиядан өнөктөштөр менен коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык тажрыйбасы талкууланды. Мында өзгөчө көңүл өткөөл мезгилдеги өлкөлөрдө кандайча өткөндүгүнө бурулган. Биз буга чейин Грузиянын тажрыйбасын изилдегенбиз. Мен ойлойм, өкмөттүк уюмдарга гана эмес, ошондой эле, көптөгөн саясатчыларга Грузиянын тажрыйбасы, алардын реформаларды радикалдуу, ошол эле учурда, тез жана ийгиликтүү өткөргөндүгү жагат. Бизге ошондой эле Польшанын тажрыйбасы да жагат, ал адегенде 4 реформаны, андан кийин эки жана дагы ушундай реформаларды өткөргөн. Мен ойлойм, эл аралык туура тажрыйбалардын ылайыктууларын тандап колдонуу керек, бир өңчөй калып жасоонун кереги жок, кыргызстандыктарга биз өзүбүз эмнени кааларыбызды түшүндүрүүбүз керек», - деп ойлойм.
Коррупция менен күрөшүү кайсы учурда натыйжалуу болот деген суроого жооп берип жатып, Толекан Исмаилова төмөнкүлөрдү белгиледи: «Кыргызстандын тажрыйбасында бүгүнкү күнгө чейин коррупция сыяктуу көрүнүшкө көңүл бурулуп келген, бирок, бул көбүнчө популисттик көрүнүш болгон, ошондой эле, бул же тигил системанын уланышын узартуу үчүн жасалчу. Бул Акаевдин жана Бакиевдин тушунда да болуп келген жана коомго кайсы бир демилгелер жакчу, мына эми коррупцияга каршы күрөш башталат деп ойлошчу.
Авторитардык өлкөлөрдө коррупцияга каршы күрөшүүдө, көбүнчө, жазалоочу ыкмаларга көңүл бурушат, эгерде коррупциялашкан чиновникти алып, анын ордуна башканы койсо эле бир нерсе өзгөрөт деп эсептешкендиги белгилүү. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин системалуу, концептуалдуу мамиле болгон эмес.
Президент инаугурация учурунда өлкө үчүн негизги стратегиялардын бири – бул коррупцияга каршы күрөшүү экендигин билдирди. Бүгүнкү күндө УКМКнын алдында Антикоррупциялык кызмат түзүлгөн. Дагы бир институт – бул финансылык полиция, ага көптөгөн үмүт артылат. Үчүнчү институт – бул Башкы прокуратуранын алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүм. Мындан тышкары, Жогорку Кеңеште коррупцияга каршы комитет бар. Бирок, булардын бардыгы өз-өзүнчө институттар. Биз УКМКнын өкүлдөрү менен талдоо жүргүзүп, кызмат түзүлгөндүгүн айтып жатабыз. Бирок, ал кандай принциптерде түзүлгөн? Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн атайын кызмат, же борбордун түзүлүшү коомчулукка түшүнүктүү болушу керек. Анткени, коррупциядан адамдар жабыр тартып жатышат. Жогоруда аталган жолугушууда биз Кыргызстанда өз-өзүнчө иштеген институттар натыйжа бербегендигин айттык жана реформаларды алга жылдыруу үчүн алардан пайда болбой тургандыгы белгилүү. Ал тургай, бул институттар жакшы иштесе да, бирок адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сакталышынын эң жогорку стандарттарына же көз карандысыз сот системасына таянган калыс тергөөсүз коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө айтуу пайдасыз. Чиновниктердин мыйзамды бузгандыгы ачык сүрөттөлүшү керек.
Дүйнөлүк рейтингдерде Кыргызстан ээлген орундар да көптү айгинелейт. Мисалы, сөз эркиндигинин рейтингинде Кыргызстан жылдын жыйынтыгы боюнча 40тан ашык упай алган жана мурдагы режимдегиге караганда ЖМК жакшыраак орунда турат, анткени, “Жалган жалаа үчүн” берене боюнча кылмыш жазасы жокко чыгарылган. Бирок, башка рейтингдер боюнча Кыргызстан алдыда эмес, “Транспэренси Интернешнл” рейтингинде коррупциянын деңгээли боюнча ал 164-орунда турат, ал эми бизнес эркиндигинин рейтинги боюнча да Кыргызстандын көрсөткүчтөрү начар, коопсуздук деңгээли боюнча Кыргызстан эң коркунучтуу өлкөлөрдүн катарына кирет.
Кырдаалды кыска мөөнөттө турукташтыруу үчүн аракеттенүүнүн жакшы планын иштер чыгуу керек. Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн түзүү керектиги ниеттелген, же түзүлгөн структуралардын бардыгын чогултуу зарыл. Бул план адам эркиндиктеринин жана укуктарынын сакталышынын жогорку стандарттарында болушу керек, алар түшүнүктүү, ошондой эле, жакшы менеджмент шартында ылайыкталышы зарылдык. Алты айдын ичинде НПОлордун, чечимдерди кабыл алган адамдардын колдоосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аракеттенүү планы даяр болуп, ал эми бул иштин жыйынтыгы - 2015-жылга чейин Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүнүн стратегиясы болушу керек. Мен ойлойм, “Жарандар коррупцияга каршы” НПОсу, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы жана башка көптөгөн уюмдар бийлик менен чогуу бул пландын үстүндө иштөөгө даяр.
Ошондой эле, дагы бир маанилүү жагдай – эркин масс-медиа. Бизге жаңы медиа, жаңы технологиялар керек. Биз бул же тигил проблеманы иликтөө жүргүзүүнү каалабаган журналисттерди даярдагандай болбошубуз керек».
Толекан Исмаилова, ошондой эле, ал коррупцияга туш болгон учурларын айтып берди: «Мага паспорт алуу үчүн тааныш адамга 200 доллар төлөө керек экендигин айтышкан, бирок бул беш жыл мурда болгон болчу. Эгерде сен ооруканада жатсаң, сени тейлеген медициналык айым сени киреше булагы катары караган учурлар болот. Мен, албетте, эч убакта төлөбөйм».
Азыркы учурда коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугуна канчалык ишенүү керек экендиги жөнүндө Толекан Исмаилова төмөнкүлөрдү баса белгиледи:«Француз макалы бар: “ Каалоо – жасай коюу эмес”. Алар жасай ала тургандай каалоо үчүн абдан күчтүү жарандык көзөмөл жана азырынча жетишсиз болуп жаткан жарандык катышуу керек. Бирок, бул өлкөнүн жогорку жетекчилиги үчүн акыркы мүмкүнчүлүк, Кыргызстанда жашаган акылдуу адамдардын бийликте турушу жана жабык мекемелердеги коррупциядан жапа чеккен бактысыз адамдар, кары-картаңдар, балдар, аялдар үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп ойлойм. Эгерде коррупцияга каршы реалдуу күрөшүү болбосо, Кыргызстандын мамлекеттик системасы жок болот, анткени, радикалдуу революциялар болбошу үчүн, жумушсуз жана жакырданган аялдар кайрадан миңдеп аянтка чыкпашы үчүн акыркы мүмкүнчүлүк. Коррупцияга каршы ийгиликтүү көрөшүү - бул саясатчылардын өздөрү үчүн да, ошондой эле, бүткүл Кыргызстан үчүн да өзүн-өзү сактоо жана коопсуздук болуп саналат ».
«Тажрыйбанын пайдалуулугу жөнүндө айтуу кыйын, анткени, тажрыйба берилбейт жана бөтөн тажрыйбаны өздүк шайман катары колдоно билүү мүмкүн эмес» деп, «Гуманитардык долбоорлоо институту» коомдук бирикмесинин билим берүү боюнча эксперти Александр Третьяков эсептейт: «Эгерде биз коррупциядан арылуу боюнча иштин бул же тигил ыкмаларын, кээ бир мамилелерин көңүлгө алсак, ар кайсы өлкөлөрдөгү бул иштин ар кандай компоненттерин карасак, анда ал башка иш. Мисалдар трансляциялоо үчүн жарабайт, алар мындай күрөш мүмкүн деп көрсөтүү үчүн гана жарайт.
Менин көз карашымда, адегендекоррупция деген эмне экендигин аныктап алуу керек жана биз күрөшө турган объектти аныктообуз керек. Буга чейин бул жүзөгө ашырылган эмес, ал эми аныкталбаган душман менен күрөштүн аягы да чексиз. Менин оюмча, биздин өлкөдө коррупцияны аныктоодо алгачкы кадам жасалышы керек жана бул аныктамадан андан ары бөлүп көрсөтүүдө биз үчүн эмнени таптакыр кабыл албайбыз, аны аныктап алып, андан соң ушул маселе үстүндө иштешибиз керек.
Мыйзамда муну кийинчерээк аныктоо керек, азыр болсо, түшүнүлүүчү аппарат катары аныктоо керек. Биз коррупцияны бөтөн укуктан алдык, өзүбүзгө көчүрдүк, эми аны менен күрөшүп жатабыз. Маселе мына ушунда, биз адегенде ушул обьектти аныктоо боюнча кайсы бир деңгээлде интеллектуалдык күч жумшашыбыз керек».
Интервьюнун жүрүшүндө эксперт көңүлдү коррупцияга каршы күрөшүү калк ишенгидей жана мамлекетти колдогудай деңгээлде болушу керектиги маселесине бурду: «Мен бул маселени бир аз башкача өзгөртмөкмүн. Маселенин өзүндө коррупция бар деген кандайдыр бир схема бар, демек, мамлекет күрөшө турган коррупционерлер бар. Бирок, мамлекет да, коррупционерлер да – булардын бардыгы биздин тургундар, бир жагынан алар коррупционерлердин же пара берүүчүлөрдүн катарында болушса, экинчи жагынан – ушул пара алуу менен күрөшүү боюнча органдарда иштешет, жана биз бардыгыбыз бир өлкөдөнбүз, жана күрөш жүрүп жаткандыгын ким кимге далилдеши керектигин контексттен бөлүүгө болбойт. Мында бардыгы катышуусу керек.
Мен бул реалдуу күрөш, биздин президенттин саясый эрки деп ойлойм жана бул көйгөйгө карата так ушундай мамилени ар тараптан колдойм».
Александр Третьяков ал үчүн кайсы чөйрө кыйла коррупциялашканын жана күндөлүк турмушта коррупциянын кандй түрүнө туш болгондугун айтып берди:«Биз мамлекеттик түзүмдөрдүн кайсынысына ишке орношуу кыйын экендиги жөнүндө бир жыл мурда анча чоң эмес сурамжылоо жүргүзгөнбүз, анда алар бажы, салык органдарын айтышкан, демек, бул органдар кыйла коррупциялашкан. Мындан тышкары, сот системасында болуп жаткандар да булардын бардыгы ал жакта бар экендигинин көрсөткүчү болуп саналат.
Коррупциянын эмне экендиги аныкталбаса, ага кантип туш болгондугу жөнүндө жооп берүү кыйын. Мисалы, ден соолугунун абалы жөнүндө справка , 086 форманы алуу 200 сом турат, бул коррупцияга киреби же кирбейби, мен билбейм. Бирок, эгерде мен бейтапканага бардык керектүү врачтарга көрүнүп чыгуу үчүн барсам, мен буга бир жума убактымды жана көп акча жумшайм. Мага 200 сом төлөгөн жеңил болуп жатпайбы. мындан суроо келип чыгат, бул коррупциялык схемалар мыйзамдууга караганда бардык катышуучу-тараптарга ыңгайлуу болуп жатат. Мындагы маселе коррупцияга каршы күрөшүүдө эмес, адамдардын жашоосуна ыңгайлуу болгон жана мыйзамдарды айланып өтпөстөн, мыйзам боюнча аракеттендирген мыйзамдарды түзүүнүн керектигинде турат».
Ошондой эле, Александр Третьяков коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугуна канчалык ишенээрине карата өзүнүн пикирин билдирди: «Коррупцияга же кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелеринде ишеним же ишеним көрсөтпөө эч кандай роль ойнобойт. Бул жерде аракеттенүү керек. Президент саясий эркин билдирди, конкреттүү аракеттерди баштады, буга кошулуу жана конкреттүү натыйжаларга жетишүү керек, ишенимдин тиешеси жок. Менин мамилем ушундай, эгерде сен буга катышсаң жана натыйжаларды алсаң, бул күрөшкө кошкон сенин салымың болот. Ал эми ишеним же ишеним көрсөтпөө салым болуп саналбайт ».
Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов коррупция түшүнүгүнө кенен-кесири токтолуп өттү жана кайсы өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүүдө тажрыйбасы пайдалуу болмок деген суроого: «Биринчиден, биз коррупция деген сөздү кандай түшүнөрүбүзгө байланыштуу. Коррупция – бул системалык нерсе. Бизде негедир коррупция деп пара берүү - алуу жана бүтүмгө катышкан чиновникти же ишкерди пара берип жатканда кармаган учурда мыйзамда жаза каралгандыгы фактысын түшүнөбүз. Бул бир аз эскирген түшүнүк. Мисалы, күндөлүк турмушта майда коррупция бар. Адамдар балдарын балдар бакчасына, мектепке, университетке киргизгендиги үчүн акча төлөшөт, студенттер окутуучуга анын сабагынан өтүү үчүн төлөшөт, биз врачтарга алар бизди дарылашы үчүн төлөйбүз. Бизде турмуш-тиричилик деңгээлинде массалык коррупция бар. Анын тамыры, адам чиновникке, мугалимге, врачка же дагы кимдирбирөөгө өзүнүн милдеттерин аткарышы үчүн төлөгөндүгүндө жатат. Массалык коррупция деген ушул.
Ошондой эле, системалык коррупция бар. Бүткүл дүйнөнүн ишкерлери мамлекетке иштеп, тактап айтканда, мамлекеттик контракт алып, өз кирешесин кантип көбөйтсө боло тургандыгын небак эле түшүнүшкөн.
Коррупция системалык түшүнүүдө – бул кызыкдар топтун адамдары тарабынан өз таламдарын ишке ашыруу аракети жана мамлекеттик саясий чечимдерге таасир көрсөтүү.
Массалык, турмуш-тиричиликтик коррупцияга жана системалык, структуралык коррупцияга каршы күрөшүүдө кайсы өлкөнүн тажрыйбасы бизге пайдалуу болмок экендигин карап чыгуу керек. Даяр рецептер жок экендигин айта кетүү керек. Эгерде биз коррупуцияга каршы күрөшүүдө Сингапур, Грузия сыяктуу өлкөлөрдүн ийгиликтерин ала турган болсок, бул өлкөлөрдүн ар бири коррупцияга каршы күрөшүүдө алардын тарыхый жана менталдык өнүгүү контекстинен алганда бул өлкөлөрдүн ар бири даяр калып боюнча аракет кылышкан жок, алар бардык механизмдерди жергиликтүү шарттарга, жергиликтүү чындыкка адаптациялашкан, ошондуктан алар иштеп кетти. Түштүк Корея да ушундай аракеттенген.
Ал гана эмес, экономисттер “рентага ээлик кылуу” деген терминди колдонушат. Рентага ээлик кылуу - бул кээде позитивдүү коррупция, анткени, ал көптөгөн талаптарды айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. АКШнын жана Улуу Британиянын мисалында курулуш бизнесин алса болот, бул жерде коррупция көптөгөн курулуш талаптарын айланып өтүүгө жардам берет. Антпеген болсо, турак-жай жана өнөр-жай имараттарын куруу көп жылдарга созулуп жана кымбатка турмак. Жумушчуларга имараттын курулушу үчүн айлык акыны бир жыл төлөө өзүнчө иш болсо, ошол эле имаратты үч жыл куруу – башка иш. Операциялык чыгымдар эки эсе өсөт.
“Рентага ээлик кылуу” – бул системалык коррупциянын мисалы, мында ишкерлердин тобу, мисалы, мамлекеттик контарктты алууга кызыкдар. Алар пара беришет, телефон чалышып, кандайдыр бир эс алууга барууларды сунуш кылышат, бул конкреттүү контракт боюнча чечимди кабыл алган адам мамлекеттик контарктты алып берүү, тарифтерге жеңилдиктерди алардын пайдасына чечимди кабыл алышы үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушат. Бул “рентага ээлик кылуу” дегенди билдирет, мында ишкерлердин тобу саясий чечимди кабыл алышкан адамдарга, чиновниктерге басым көрсөтүшөт. Алар муну өз кызыкчылыгында, өз кирешесин мамлекеттин эсебинен көбөйтүү үчүн жасашат. Мына ошентип, коррупцияга каршы күрөшүүдө ар кандай мамилелер бар жана минимум эки багыт: турмуш-тиричиликтик жана структуралык коррупция, “рентага ээлик кылуу” бар деп тыянак жасаса болот.
Кыргызстан үчүн коррупцияга каршы күрөшүүдө грузиялык тажрыйба кыйла жакын болсо керек, анткени, бизде бирдей постсоветтик менталитет бар эмеспи. Бирок, биз Грузиядагы реформалардан көрүнүштүн жалпы жагдайын көрбөстөн, кайсы бир бөлүкчөсүн алып эле, биз бул реформаны жүзөгө ашырып жатабыз жана коррупция жок болуп кетет ойлойбуз. Андай болбойт. Мисалы, Грузияда ИИМдеги коорупциянын тамыры аталган министрликти түп-тамырынан кайра уюштурууда кыркылган. Бирок ИИМди кайра уюштуруу жөнүндө сөз болгондо негедир жол полициясын түзүү жөнүндө айта башташат, б.а., жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасын кайгуул-пост кызматы менен бириктирүү жөнүндө айтышат. Ал эми ИИМ – бул чоң организм, ал жакта изин суутпай издөөнүн оперативдүү кызматкерлери, уюшкан кылмыштуулук менен иштөө боюнча, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматкерлер, тергөөчүлөр бар. Мындай реформалар ишке киргизилгенде, аларды бир маалда киргизүү керек. Мисалы, сот бийлигин реформалоо, прокуратура системасын реформалоо менен киргизүү керек. Биз системалык көрүнүшкө туш болуп жаткандыктан, ушунун бардыгы иштеши керек, б.а., жарандык чиновник кандайдыр бир укук бузуу жасаса, ага каршы бүткүл репрессиялык аппарат иштеээрин билип жана түшүнүшү керек.
Бизде “таламдардын кагылышуусу” деген термин да туура эмес түшүнүлөт. Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө эң негизги уюмдардын бири - бул Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму, анын штаб-квартирасы Парижде жайгашкан. Бул уюм “таламдардын кагылышуусун” чиновник менен мамлекеттин ортосундагы кагылышуу катары карайт. Башкача айтканда, чиновникке коррупциялык пландагы кандайдыр-бир сунуш келип түшөт, ал байыйт, ал эми мамлекет утулат. Бул таламдардын кагылышуусу деп аталат, ушундай маңызда бул түшүнүк “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамда бекитилген, тактап айтканда, мамлекеттик башкаруу системасында иштерин жүзөгө ашырган мамлекеттик, муниципиалдык кызматчылар өзүнүн таламдары менен мамлекеттин таламдарынын кагылышуусу келип чыкканда жогору турган жетекчиликке билдирип,бул кагылышууну жоюу боюнча чараларды кабыл алуулары керек.
Бизде бул терминди жөнөкөйлөштүрүп жана корректүү кабылдашат. Бизде коррупцияга каршы күрөшүү ыкмасы да жок, системасы да жок, андыктан, коррупция жеңилет деп айтууга азырынча болбойт. Кабыл алынып жаткан чаралар он чакты чиновниктин жашоо-турмушун, мансабын бузуу көз карашынан алганда натыйжалуу. Мындай мамиле менен Кыргызстанда коррупциядан арылуу мүмкүн эмес.
Мага Эстониянын же Грузиянын тажрыйбасы көбүрөөк жагат, бирок коррупциядан арылуу үчүн жок дегенде Эстониянын же Грузиянын тургуну болуу керек, бизде менталитет жана тарых бир аз башкача. Ооба, Грузияда, Эстонияда, Словакияда, Чехияда коррупциядан ийгиликтүү арыла алышты. Ал жакта, биринчи кезекте, массалык коррупциядан арылышып, андан соң структуралык коррупциядан арыла алышты. Биздин учурду ала турган болсок, кабыл алынып жаткан чаралар жарыяланган максаттарга жетишкен жок, тактап айтканда, алардын жардамы менен турмуш-тиричиликтик, массалык, системалык коррупциядан арыла албайбыз.».
Ошондой эле, Шерадил Бактыгулов кайсы учурда коррупция менен күрөшүү натыйжалуу болоорун баяндады:«Коррупцияга каршы күрөшүү, биринчиден, Кыргызстанда коррупциялык көрүнүштөргө так диагноз аныкталганда, экинчиден, коррупциянын так критерийлери аныкталганда, коррупциялык аракеттерди классификациялоо боюнча чаралар иштелип чыкканда, үчүнчүдөн, коррупционерлерди темир тор артына отругузууга даяр болгондо гана натыйжалуу болот. Бирок, азыркы мыйзамдык база, Жазык кодекси, Административдик кодекс мындайды шарттабайт. Биздин мыйзамдарда мамлекеттин таламдарына зыян келтирүү мүмкүн болгон, бирок, бул зыян үчүн мамлекет өзү жооп бере турган көп жылчыктар бар.
Эгерде бул күрөш кандай деңгээлде болушу керектиги жөнүндө айта турган болсок, бул жерде бир гана индикатор бар, ал – калк тарабынан милицияга, сотторго, прокуратурага, бизнесмендерге, президентке, Жогорку Кенештин депутаттарына ишеними. Ишеним деңгээли, ишеним индекси жетиштүү жогору болгондо коррупциялык аракеттер токтойт. Эч ким эч кимге ишенбейт. Кыргызстан үчүн, судьялар эки тараптан тең: доочудан жана жоопкерден да акча алышкан кырдаал мүнөздүү. Соттук реформа жүргүзүүдө Грузияга да ушундай эле кырдаал мүнөздүү болгон. Ал жакта акыркы пара алуу 2008-жылы болгондугу катталган. Бизде ар дайым маалымат чыгып кетет, ар дайым туугандык байланыштар иштеп турат, эгерде бул байланыштар иштебей калса, демек, антикоррупциялык операция жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат беришкен эмес болот.
Бийликте турган адамдар менен элита топтору антикоррупциялык жүрүш-турушу менен айырмаланып турушса, анда жөнөкөй жарандар кандайдыр бир реформалар аныгында эле жүргүзүлүп жаткандагына ишенишет, анда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болот. Бирок, азырынча бизде андай жок. Эгерде ЖМКларды окуй турган болсок, көрүнүш кубанаарлык деле эмес. Ар бир окуянын , соттук териштирүүнүн артында бийликтин жогорку эшелонунан кимдир бирөө турат. Мындай кырдаалда эл кандайдыр бир көйгөйлөрдү өз алдынча чечүү үчүн, анын ичинде акчанын жардамы же пара берүү менен чараларды эч убакта көрбөйт, кабыл албайт. Бизде кош стандарттар саясаты жүргүзүлөт, бийликтеги адамга бардыгына жол берилет. Демек, бул кырдаал өзгөргөндө, бардыгы мыйзам менен жашаганда гана жарандар ишенип, мамлекетти колдошот.
Коррупцияга каршы согушту бизде ар дайым жарыялап келишкен. Бул жерде эки түзүүчү бар. Накта техникалык түзүүчү, мында кандайдыр бир чаралар кабыл алынат же мурдагы жол боюнча, же ансыз деле жүзөгө ашыруу мүмкүн болгон чаралар ишке ашырылат, мисалы, антикоррупциялык сайтты түзүү Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттик түзүлгөн учурдан тартып айтылып келет. Бул жерде башка түрдөгү көйгөй орун алган, ар бир иш-чаранын, ар бир реформанын саясий аспектиси бар. Саясий аспект реформага жамынуу менен тажашкан жана жакпаган чиновниктер алынат дегенди билдирет, демек, бул же тигил адамды алуу үчүн эгерде жетиштүү негиздер болбосо, позициясын бир бошоңдотуп койсо болот, мында өткөндө орун алган жагымсыз иштер, же ойдон чыгарылган иштери көтөрүлөт. Ушуга байланыштуу реформалоо боюнча кандай болбосун иштердин ушундай аспекттери бар жана коррупцияга каршы күрөшүү бул эрежеден өзгөчө эмес », - деп билдирди эксперт.
Шерадил Бактыгулов кайсы чөйрө ал үчүн эң коррупциялашкандыгы жана күнүмдүк турмушта коррупциянын кандай түрүнө туш болгондугу жөнүндө айтып берди: «Бизде бардык чөйрөлөр коррупциянын массалык көрүнүшүнөн тартып, системалык көрүнүштөргө чейин бирдей коррупциялашкан, паранын өлчөмдөрү гана ар кандай. Бирок, бийликтин бул же тигил органында иштеген бардык эле адамдар коррупцияга аралашкан дегенди билдирбейт. Бул жерде дифференциялуу мамиле керек, кимдир бирөө дайыма жана көп алса, кимдир бирөө анда-санда алат, ал эми кимдир бирөө такыр эле албайт. Бардыгы бирдей деп, коррупция деп айыптоого болбойт, бирок, пара албаган адамдар бар экендиги да таң калычтуу.
Биз бул коррупция деп эмнени түшүнөрүбүзгө жараша болот. Эгерде МАИчилер менен болгон учурду ала турган болсок, аларды коррупциялашкан деп айыптоо анчалык корректүүлүккө жатпайт. Мен ойлойм, бул жерде жазанын сөзсүздүгү принциби иштеп жатат. Айдоочу жол кыймылынын эрежелерин бузду, ал айып төлөө түрүндө администрациялык жаза алды. Ал убактысы кетип жаткандыктан, соодалашып, өзүнө да, инспекторга ылайык деп туура тапкан сумманы берет. Жазанын сөзсүздүгү принциби иштеп жатат, ал эми көйгөй ал инсперктр акчаны кассага же банкка өткөрбөй койгондо келип чыгат. Мында суроо туулат, кандай кылуу керек?
Бизде коррупция менен кырдаалды эч ким билбейт, эч ким эч убакта олуттуу изилдөө иштерин жүргүзгөн эмес, жүргүзүлгөн изилдөөлөр үстүртөдөн эле болгон. Демек, биз өзүбүз өзүбүзгө кезектеги стереотиптерди түзүп алганбыз жана ошол стереотиптер менен күрөшө баштайбыз. Бул шамал тегирмендери менен күрөшкөн Дон Кихот сыяктуу эле.
Мен өз турмушумда коррупцияга туш болгон күлкүлүү учурлар, албетте, болгон. Анда Жогорку Кеңешке жаңы эле ишке орношком. Менин алты айга убактылуу контрактым бар болчу, мен кандидаттык ишин жактаганы өргүүгө кеткен киши үчүн иштеп жаткам. Мен иштеп жаткан төртүнчү айда апама Жогорку Кеңештен адамдар телефон чалып, мага туруктуу негизде жумуш сунуш кылышкан, бул иш үчүн төрт миң доллар төлөш керек деп айтышкандыгын мага апам айтып берди. Мен күлкүм келип, бул сунушту четке кактым, анткени, менин апама кайрылган адамдарды билчү элем жана менин Жогорку Кеңештин аппаратында иштөө мөөнөтүмдүн узактыгы алардан көз каранды эместигин да билчимүн.
Дагы бир учур. Мен кийин ПРООНдун долбоорунда иштеп жаткам, мага элчиликке иштөөгө сунуш менен кандайдыр бир адамдар чыга башташты. Бул үчүн үч миң долларга жакын акча төлөө керек болчу. Мен дипломатиялык линия боюнча иштөө оюмда жок болгондуктан, этибарга алган жокмун, бирок, мени алардын өжөрлүгү бушайман кылды. Алар туугандарыма чыга баштаганда, алар мени чымчылап көргүсү келген курмандык катары өзүмдү сездим.
Биздин коомдо парага эки жактуу мамиле калыптанган. Кандайдыр бир төлөмдөр, кирүү пайлары катары жылмаланган күнүмдүк кызмат көрсөтүүлөр бар. Эгерде билим берүү мекемесине кирүү пайын төлөсөң, бул балаңдын бакубаттыгы үчүн экендигин түшүнөсүң, муну пара деп айтуу кыйын.
Мен операция болуп ооруканага жатып калдым, менин тааныштарым бар болгондуктан мага жакшы мамиле жасашты. Бирок, ооруканаларда башка схема орун алган. Дары-дармек коңшу дарыканада арзаныраак экендигине карабастан, алар жазган дарыканадан алышың керек. Кыргызстанда Түштүк Кореяда, Батыш жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Мексикада коррупциялык деп табылуучу схемалар бар, бизде болсо бул демейки көрүнүш.
Мага пара берүүгө аракет жасашкан учур да болгон. Биз Жогорку Кеңештен текшерүүгө бир конторага келдик. Бул конторадагы дээрлик бардык кызматкерлерди билчүмүн. Мага түздөн-түз пара сунуш кылышкан жок, бирок түшкү тамактанууга чакырышты, бирок, бул да коррупциялык көрүнүш болчу. Ал жакта иштегендер чын пейилден чакырып жатышты, бирок жанымдагы кесиптештерим муну коррупция катары кабылдашы мүмкүн болгондуктан, мен баш тарттым. Адамдар менен жеке мамилелер бузулушу мүмкүн, бирок иштиктүү мамилелер сакталат, ал балдар менен мамилелеримде кандайдыр бир таарыныч калгандай сезилет. Бирок, мен пара алчу эмесмин деп толук жоопкерчилик менен айта алам.
Шерадил Бактыгулов азыркы учурда коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугуна ишенесизби деген суроого төмөнкүдөй жооп берди: «Мен максат коюуну көргөн жокмун, бул программаларда обьекттүүлүк жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн субъектүүлүгү жок. Көрүлгөн күч-аракеттер 10-20 адамга карата гана натыйжалуулукка жетишет, алардын мансабы токтойт, чоң чыгымдарды тартышат.
Бирок, бул эки-үч жылга созулган убактылуу көрүнүш жана андан соң бул адамдар кайрадан ат үстүндө болушат. Мындан кийин ар бир жаран мектепте классты оңдогонго, китептер үчүн, окуу программасынан тышкары кандайдыр бир кошумча сабактар үчүн төлөбөйт, врачка төлөбөйт деп айтуу кыйын. Ооба, жазанын сөзсүздүгүнүн принциби иштейт, жол кыймылынын эрежелерин бузган адам жазасын алат, бирок бардык эле инспекторлор өзүнүн түзүмдүк бөлүмүнүн кассасына акча төгөт деп ишенүү кыйын. Андан ары ушундай вертикаль боюнча кете берет. Радиоактивдүү көмүр, тендер сыяктуу мисалдар бизде турмуш-тиричиликтик коррупция да, структуралык коррупция да бар экендигин көрсөттү. Биз мунун бардыгын өткөнбүз, бул кеткен коррупционерлердин ордуна башкалар келиши, алар бир нече мезгилден кийин коррупционерлердин тизмесинде болуп калгандыгы менен бүткөн.
Бизде коррупцияга каршы түп-тамырынан күрөшүүнүн мамилелери жок, мен коррупцияга каршы бул күрөштүн акыркы толкуну эмес деп ойлойм. Ал кайтарылма катары келип чыгат, душман аныкталат. Бул жөнүндө алгач Аскар Акаев айткан, ал: “бардык коррупционерлерди Айкөл Манастын арбагы урсун” деп айтуу менен өзүнүн күчү жетпестигин моюнга алган, б.а, коррупция 7-кабатка чейин жеткен. Азыр эмнени айтсак болот? Ал мезгилде кырдаал кыйла бакубат болчу, байлар менен кедейлердин ортосундагы кирешелердин көз карашынан алганда бакубаттуураак болчу. Азыркы аракеттер өткөндө кабыл алынгандарды элестетет. Бизде практикаланып жаткан азыркы аракеттер коррупцияны түп-тамырынан жок кылууга алып келбейт. Бизде бакты көрүп турушат, бирок, токойду көрүшкөн жок, демек, бакты кыркуу үчүн аракетти көрүшөт, бирок, бүткүл токой менен иштешкен жок, он чакты бакты кыркса да, коррупция токою баары бир кала берет», - деп аяктады сөзүн Шерадил Бактыгулов.