Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Ачык лециясынын стенограммасы: Алексей Гарань: «Ак ниет башкаруу: Кыргызстанга украиналык тажрыйба пайдалуубу?»
12.04.2012
15-мартта Коомдук саясат институтунда Алексей Гарандын “Ак ниет башкаруу: Кыргызстанга украиналык тажрыйба пайдалуубу?” аттуу темадагы ачык лекциясы болуп өттүү.
Алексей Гарань, “Киев-Могилян академиясы” улуттук университетинин (НаУКМА) саясат таануу кафедрасынын профессору, “Киев-Могилян академиясы” улуттук университетинин алдындагы Саясий аналитика мектебинин илимий директору.
Модератор: Мээрим Шамудинова, Коомдук саясат институту
Катышуучулар: эксперттер, ӨЭУ (НПО) жана ММК өкүлдөрү, Коомдук саясат институтунун долбоорунун катышуучулары
Алексей Гарань: Саламатсыздарбы. Мен Украинада эмнелердин ийгиликтүү, эмнелердин ийгиликсиз болгону жөнүндө айтып берем. Негизинен мындай деп айтылат: украиндер бирдиктүү эмес. Себеби, өлкө ар түрдүү, мунун ичинде аймактык айырмачылыктар да бар. Коомдун бир бөлүгү орусташса, бир бөлүгү азыраак таасирленген жана булардын баары саясатка чагылат. Украиндердин кээ бир тарыхый, маданий жана геосаясий маселелерге ар түрдүүчө караары - бул чындык. Бир жагынан, украиндердин чындап биригип, ийгиликке жетишкен мисалдары да бар.
Биринчи мисал – бул көз крандысыздыкты алуу, себеби, ошол мезгилде ар түрдүү агымдардын биригүүсү болгон. Мисалы, «Рух» деп аталган улуттук-демократиялык агым менен Донбасстагы орус тилдүү шахтерлордун агымы. Бул эки агымдын экөө тең Украинанын көз карандысыздыгы үчүн чыгышып, бул эки агымдын биригүүсү болгон. Буга кошумча Леонид Кравчук башында турган улутчул-коммунисттердин коммунисттик номенклатурасы да өз учурунда туура багытка өттү.
Бул үч күчтүн биригиши Украинаны тынчтык жолу менен, эч кандай техникалык конфликтерсиз көз карандысыздыкка жетишине шарт түздү. Бизге болсо бардыгы украиндердин, орустардын, поляктардын, еврейлердин, крым татарларынын арасында кагылыштар болорун, ал тургай, Украинага Молдова, Закавказье, Югославиянын таасир эте турганын айтышкан. Бирок, булардын бирөөсү да болгон жок. Бардыгы тынч ишке ашты. Прибалтика өлкөлөрүнөн айырмаланып, бардыгына атуулдук берилди.
Ийгиликтин экинчи мисалы – бул Кызгылт-сары революция. Бул окуяга көбүрөөк токтолом, себеби, бул жерде Кыргызстан менен Украинанын ортосунда параллелдер болушу мүмкүн. 2004-жыл, президент Леонид Кучма, ал президенттигинин экинчи мөөнөтү боюнча авторитаризмге ыктады. Ошол эле учурда өлкөдө экононмикалык алга жылуулар болду.
2004-жылдагы президенттик шайлоо. Конституциялык сот уруксат берсе да Кучма үчүнчү мөөнөткө кандидаттыгын кое алган жок. Себеби, ал рейтингдерди эске алып, Батышта жана өлкө ичинде кандай кабыл алынаарын ойлоду дагы шайлоого катышпоону чечти.
Оппозиция өзүнүн талапкерин, Ющенкону алып чыкты. Бирок, логика боюнча ал жеңилиш керек болчу. Себеби, өлкөдө экономикалык алга жылуулар болгон, Ющенконун аялы Америка жарандыгындагы америкалык украин кызы болчу. Эл арасында “Ющенконун аялы америкалык шпионка” деп айтылчу.
Ошого карабастан, экономикалык алга жылуулар шартында да калктын, ишкерлердин басымдуу көпчүлүгү нааразы эле. Себеби, коррупция, калп бар эле. Эл мунун баарын көрүп турган жана бул жагдай Кызгылт-сары революцияга шарт түзүп берди.
Кызгылт-сары революциянын мааниси эмнеде? Бир талапкер жеңди, экзит-полл боюнча сегиз пайыздык артыкчылык менен жеңгени аныкталды. Бирок, жеңишти башка талапкерге ыйгарып коюшту. Ушундан улам эл көчөгө чыкты. Аларды эмне кыймылга келтирди? Аларды экономикалык маселелер эмес, өздүк намыс сезими кыймылга келтирген. Алар өз тандоосун коргоого чыгышкан. Бул революциянын күч колдонулбай ишке ашканы өтө маанилүү. Майданда, Киевдин борбордук аянтында, жарым миллионго жакын адамдын чогулганы айтылат. Мен жарым миллион эмес, дайыма 200-300 миң кишинин болгонун ойлойм, ошентсе да, бул элдин колоссалдуу жыйыны эле.
Негизинен, мындай массалык жыйында кутум уюштуруу өтө оңой. Бирок, бардыгы тынч, жогорку маданиятуу деңгээлде өтүп, бардыгы бир-бирине жардам берип, ар күн кудайга сыйынуу менен башталып, сыйынуу менен бүтүп жатты. Сыйынуулар ар түрдүү диндердин: православ, католик, иудей, мусулман өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүп жатты. А түрдүү диндердин өкүлдөрү трибунага чыгып, Украина, анын ийгилиги үчүн сыйынып жатышы – бул укмуштуу нерсе эле.
Майданда ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жүрдү. Украинада жашаган адамдар колдоруна түрдүү өлкөлөрдүн желектерин көтөрүп келип жатышты. Бирөөсү Россиянын, бирөөсү Польшанын желегин көтөрүп жүрсө, ал тургай Израилдин да желеги көтөрүлдү. Эл бул кыймылдын тынчтык жолундагы бириктирүүчү жыйын экенин көрсөтүү үчүн колдоруна ар кыл өлкөлөрдүн желектерин көтөрүп чыгышты. Ураан катары украинче «Схiд и захiд разом» деп айтылган, башкача айтканда, «Чыгыш жана Батыш бирге» деген мааниге келген чакырык колдонулган. Бул өтө маанилүү, себеби, булар өлкөнүн түрдүү бөлүктөрү, бирок, биз ар түрдүү болсок да дайыма биз биргебиз дегенге басым жасалган.
Жалпысынан айтканда, Кызгылт-сары революциянын уюштурулушунда Батыштын колу бар деп айтылгандардын баары – бул калп. Албетте, Батыш украиналык граждандык коомдун калыптанышында көп иш жасады. Бирок, Янукович чындап, акыйкаттык менен жеңгенде, Америка муну тааныйт болчу. Анда элдин көчөгө чыгышына себеп болбойт эле.
Дагы бир маанилүү жагдай - бул оппозициянын бирдиктүү фронт катары чыгышы болуп эсептелет. Оппозицияда түрдүү фигуралар бар болчу, алардын ичинде Тимошенко да бар эле. Бирок, ошо мезгилде ал Ющенкого караганда азыраак белгилүү эле. Оппозициянын каршылаштары Кучма менен Янукович Тимошенко өз талапкерлигин коет, ошону менен оппозицияны бөлөбүз деп ойлошкон. Тимошенко Ющенко менен, кийин өзүнө премьер-министрлик берилет деген шартты коюп, өз талапкерлигин койбой турган болуп келишип алган.
Майдандагы трибунада кызгылт-сары шарф тагынган түрдүү оппозициялык жана идеологиялык күчтөрдүн өкүлдөрүнүн турганы жана аларды чакан жана орто бизнестин колдогону өтө маанилүү. Бул маанилүү болчу, себеби, Майданга эл келип, акча берип жатышты, өздөрү менен бирге кийим, тамак-аш жана дары-дармек алып келип жатышты. Мен бул революциянын ийгилиги катары мунун тынч мүнөздөгү, күчкө таянбаган жана биримдиктин туруктуу демонстрациясы болгонун айтышым керек. Башкача айтканда, биз бизди ажыраткан эмес, бириктирген нерселерге басым жасайбыз. Эми мындай суроо туулат: эмне үчүн баары бүттү? Бардыгы абдан сонун башталбады беле, Ющенко «Бандиттерге – түрмө!» деген чакырык менен чыккан. Бирок, андан ары реформалар жүргөн жок.
Биринчи себеби, өлкөдө конституциялык реформа жүрдү, башкача айтканда, Кызгылт-сары революция компромисс менен аяктады. Бул компромисс боюнча экинчи турдун, факты боюнча үчүнчү добуш берүүнүн өткөрүлүшү боюнча келишимге келишти. Бул турда Ющенконун жеңишке жеткени аныкталды. Ошол эле мезгилде, биз президенттин укугун чектеген, башкача айтканда, Ющенконун бийлигин чектеген конституциялык реформаны жүргүздүк. Кучма менен Янукович буга кызыкдар эле, себеби, алар «Бандиттерге – түрмө!» деген чакырыктан коркушкан. Бул президенттин укугу чектелген, ал эми премьер-министрдин укугу кеңейтилип, парламенттин алдында жоопкер болуп калган бийлик системасынын курулуп жатканын түшүндүргөн. Жалпысынан алганда, мен муну туура болгон деп эсептейм. Себеби, постсоветтик өлкөлөрдүн көбүндө, анын ичинде, Украинада көптөгөн маселелер премьер-министрлердин президент керек учурда «урушка салып берген балдардай» кылып, узатып кое турган министрлер кабинетинин формалдуу башчысы болгонунан жаралган.
Бул конституциялык реформанын жыйынтыгында өкмөт парламенттин алдында жоокер болуп калды, башкача айтканда, бул туура жакка кадам эле. Бирок, бул иштер көчөдө жүз миңдеген кишилер турган шартта аткарылгандыктан, бардыгын тез арада жасаш керек болгон. Ошондуктан, укутардын бөлүнүшү чийки жазылып, жыйынтыгында бул президент менен премьер-министрдин ортосундагы ким башкы деген конфликтке негиз болуп берди.
Бирок, мен бардык маселе укуктардын так жазылбай калганында гана эмес, саясий маданиятта да жатат деп ойлойм. Биз европалык өлкөлөрдө ар башка саясий күчтөргө таандык болгон президент менен премьер-министрдин бирге иш алып барууга аргасыз болгон учурларын билебиз. Мындай абал Францияда, Польшада болгон. Ал өлкөлөрдө да кыйынчылыктар болгон, бирок система иштеп турган.
Украинада анын начар иштээри көрүндү. Себеби эмнеде? Бул жердеги парадокс төмөнкүдөй. Ющенко өзүнүн жеңишинен кийин чындыгында таза, эркин шайлоолорду камсыз кылды. Украиндагы шайлоолор чыныгы шайлоолор болду. Шайлоо учурунда оппозиция менен бийликтин гана эмес, бийлик ичинде Ющенко менен Тимошенконун ортосунда да атаандаштык жүрдү. 2004-жылдагы шайлоодон кийин 2006-жылда парламенттик шайлоо, андан кийин 2007-жылы кезексиз шайлоо, андан кийин 2010-жылы президенттик шайлоо болуп өткөндүктөн бардык саясий күчтөр популярдуу болбогон реформаларды жүргүзүүнүн ордуна, популизмге кирип кетишти, башкача айтканда, оппозиция да, бийлик да «Биз айлыкты, пенсияны көтөрөбүз» деген убадаларды бере башташты. Булардын бардыгы чындап реформаларды жүргүзүүнүн ордуна, ал эми реформалар популярдуу эмес эле, популизмге кирип кетүүгө алып келгени ачык.
Менин оюмча, мындай абалда чындап жасалышы керек болгон нерсе системаны модерндештирүү эле. Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын көргөзүү керек эле. Мен өлкө абдан кыйын социалдык-экономикалык абалда турган учурда да, эгер өлкө башчысы жогорудан тегерегиндеги коррупция менен күрөшүп жатканын көрсөтсө жыйынтык бере турганын ойлойм. Ющенко шайлоого баратканда мындай деп айткан «Бул колдор эчтеке уурдаган эмес». Ал өлкөнүн Улуттук банкынын башчысы эле жана шайлоо учурунда бул таасирдүү болгон.
Ал бийликке келгенден кийин, тилекке каршы, анын тегерегинде кайра эле коррупция башталды. Ошондуктан, эки жылдан кийин ал муну кайра кайталаганда бардыгы күлкүгө алышты. Бул, коррупция сакталса да, колдорунун эчтеке уурдабаганын айтуу анекдоттордун, КВН, саясий ток-шоулардын мыскылдоо, күлкү предметине айланды. Эми, коррупция менен күрөшүү, башкача айтканда, дагы бир жолу кайталайм, оор социалдык-экономикалык абал болушу мүмкүн, ресустар чектелген, газ жок, өзүнүн нефтиси жок, мунун бардыгын сатып алыш керек, баалар өсүп жатат, бирок, эгер өкмөт коррупция менен күрөшүп жатканын көрсөтсө, бул жыйынтык берет деп ойлойм.
Грузияда Саакиашвили постсоветтик аймакта эч ким жасабаган нерсени жасады. Ал коррупцияга каршы чыныгы күрөштү баштады. Саакашвили күмөнсүз авторитардык лидер болсо дагы, өлкө ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдө, соттук системаны жаңылоодо чындап реформа жүргүздү. Муну анын саясий атаандаштары да кабыл алып жатат. Башкача айтканда, оппозиция анын демократ эмес экенин айтышса да, коррупциянын жогорку тепкичтерде болушу мүмкүн экенин, бирок, соттук система, ЖОЖдор, полиция жана ЖЭК деңгээлинде жок экенин билишет.
Совет мезгилинде Грузия анекдоттордун каарманы болуп, эң коррупциялашкан республика катары белгилүү болчу. Азыр болсо полициянын Грузияда эң сыйлуу уюм экенин айтышканда ишенүү кыйын, бирок, грузиндер ушундай деп айтышат. Бул болсо Украинада аткарылбаган нерсе.
Албетте, бир нерселер жасалды. Качан Тимошенко премьер болгондо, бартердик схемаларды, бир канча көмүскө схемаларды жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк болду. Натыйжада, бюджет заматта толду, бюджет бир канча эсеге өстү, салыктарды ачык түрдө бюджетке төгө башташты. Бирок, бул бюджет, тилекке каршы, популизмдин айынан ичип-жеп бүтүрүүнүн бюджети болду. Башкача айтканда, акча өнүгүүгө, стратегиялык маанидеги инвестициялык долбоорлорго эмес, шайлоо учурунда электораттын көңүлүн алуу үчүн сарпталды.
Коррупция менен байланышкан көп сандаган чатактар башталды. Ющенко менен Тимошенконун ортосунда күрөш башталды. Мына ушундай шарттардан улам Ющенконун рейтинги абдан түшүп кетти. Ющенко фаталдуу каталарды кетире баштады. Ющенко - өлкөнүн патриоту, украин тилинин, маданиятынын патриоту. Ал совет мезгилинде алар жөнүндөгү маалыматтар бурмаланып берилген украина тарыхынын көптөгөн улуттук баатырларын реабилитациялаш, акташ керек экенин белгиледи. Мен сиздер муну жакшы түшүнөсүздөр деп ойлойм. Ал Россия менен тең укуктагы байланышты жана башка нерселерди жактап чыкты. Бирок, бул демилгелердин көпчүлүгү украина коомунда карама-каршы кабыл алынды.
Мисалы, тарых маселелери. Коомдун бир бөлүгү үчүн баатыр болгондор, коомдун калган бөлүгү үчүн терс каарман катары кабыл алынды. Ющенконун рейтинги түшүп жаткан шартта, анын украиндештирүү, улуттук баатырларды реабилитациялоо, актоо аракети терс натыйжа берди.
НАТОго кирүү курсу Юшенкого чейин эле расмий түрдө жарыяланса да, бул багыттагы конкреттүү кадамдарды Ющенко баштады. Украина НАТОго мүчө болуу боюнча иш-аракеттердин планын алууну каалады. НАТОго мүчө болуу маселеси өлкөнү кайрадан бөлдү. Эгер Ющенко социалдык-экономикалык чөйрөдө коррупцияга каршы көрөшүү боюнча кандайдыр бир ийгиликке жетип, рейтинги жогорулаган болсо, анда ал бул маселелерди көтөрө алмак, эл дагы ишенмек. Рейтинги түшкөн мезгил болгондуктан, бул иш-аракеттер тескери натыйжа берди. Бул Ющенконун патриоттук сөздөрүнүн өзүнө каршы иштегенин көрсөттү. Бул парадокс. Натыйжасында Ющенконун доорунда НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болуп кирүү колдоо эмес, каршылык тапты. Эгер туура эмес мезгил тандалып, туура эмес, ийкемсиз жана тактикасыз айтылса, өтө кооз, жалындуу лозунгдар, анын ичинде, улуттук кайра жаралуу чакырыктары да тескери натыйжа бере турганын түшүнүшүбүз зарыл.
Мына дагы бир мисал: жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы реформалар. Бизде Советтер Союзунан калган эски область, район сыяктуу админстративдик-аймактык бирдиктер иштеп жаткан. Райондордун чек арасын өзгөртүү керектигине бардыгы макул болчу, бирок Ющенко муну парламенттик шайлоонун алдында аткарууну чечти. Эми элестетип көрүңүз «Мындан кийин райондун борбору бул жер эмес, тиги жер болот» деп айтсаңыз эл кандай кабыл алат. Мүмкүн жаңы райондук борборго баруу үчүн 50-100 километр ашыкча жол басуу керек болот. Албетте, эл муну түшүнгөн жок. Натыйжада, шайлоо алдындагы бул аракет админстративдик-аймактык реформа жүргүзүү идеясын жаман көрсөтүп койду. Керектүү нерселерди ишке ашырыш үчүн оңтойлуу учурду тандоо зарыл.
Эң негизгиси, сот системасында реформа жүргүзүлгөн жок. Мына ушул «кызгыл-сарыларга» коюлушу керек болгон күнөө. Алар сотту реформалашкан жок. Соттор коррупциялашкан бойдон, саясий басымдын алдында калышты. Бул нерсенин кийин ошол эле кызгылт-сары лидерлерге каршы фаталдуу натыйжаларды берээри белгилүү болду. Буга мисал Тимошенконун соту. Жагдайдын парадоксу ушул, эгер Тимошенко өз учурунда сот реформасын жүргүзгөндө бул акыйкатсыз сот болбойт эле.
Масс-медиа тармагында да Ющенко сөз эркиндигин камсыз кылды. Телевидениден чыгып өз оюн айтуу мүмкүн эле. Бирок, бул бир адамдын эркине байланыштуу болчу. Ооба, телевидениеде сөз эркиндиги сакталган, оппозициянын телеканалдарга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, бул бир адамга, Юшенкого көз каранды экендиги анык болду. Башкача айтканда, кадыр-барктуу адамдардан түзүлгөн байкоочу кеңеши бар коомдук телеканал түзүлгөн жок.
Буга кошумча экономикалык кризис. Ющенко менен Тимошенконун ортосундагы ажырым 2010-жылы Януковичтин жеңишине алып келди. Башкача айтканда, 2004-жылкы фальсификацияга түздөн-түз тиешеси бар адам жеңди. Бул тарыхтын парадоксу. Эми ал демократиялык жол менен жеңип алды. Айырма үч пайызды түздү.
Батыш эмне деп ойлоду? Көпчүлүк украиналык аналитиктер, анын ичинде, мен ойлогонду, биз берген божомолдорду ойлоду. Биз Батыш дипломаттары жана эксперттери менен бирге жаңылдык. Биз 2010-жылдагы Янукович 2004-жылкы Янукович эмес деп ойлогонбуз. Биз аны демократиялык эрежелер менен аракет кылат деп ойлогонбуз. Буга кошумча, бөлүнгөн бийлик ситемасы. Янукович президент, бирок, парламентте анын партиясы көпчүлүктү түзбөйт, ал эми премьер-министр башка партияга кирген Тимошенко. Президент Янукович бар, бирок, чыныгы аткаруу бийлиги Тимошенкодо. Ошондуктан, аналитиктер Януковичтин эмне кыла турганын, көпчүлүктү түзө албагандан кийин, же Тимошенко менен компромисске келет, же Тимошенконун ордуна оппозициянын бир бөлүгүнүн колдоосун тапкан башка кишини коет деп ойлошкон.
Эдиль Осмонбетов, көз карандысыз эксперт: Тимошенконун партиясынын бөлүнүүсү?
Алексей Гарань: Бул жерде татаал ситуация. Себеби, конституция боюнча көпчүлүктү фракциялар гана түзө алат. Бул болсо бөлүнүп-жарылууга алып келбеш үчүн атайын жасалган.
Эдиль Осмонбетов: Башка фракцияга өтүп кетүүү мүкүнчүлүгү бар беле?
Алексей Гарань: Расмий көз караш боюнча жок. Бирок, биз президенттерибиздин парламент менен кандай иштээрин, кантип депутаттарга, алардын бизнестерине басым жасашаарын, кандай жолдор менен сатып алышарын билебиз. Менимче, бул Украинада гана жүрүп жаткан нерсе эмес. Янукович оппозиция менен компромисске келиши керек болчу, ушуну менен анда абсолюттук мыйзамдуу түрдө Тимошенкону отставкага жиберүү укугу туулмак.
Эгер компромисске келүү мүмкүн болбосо, анда кезексиз шайлоо өткөрүү керек. Көпчүлүктү ал да өзүңө иште. Бирок, Янукович муну өтө оор жол деп эсептеди. Компромисс издөө, жаңы шайлоого баруу, эмнеге? Биз жөн гана Конституцияны бузабыз да, өкмөттү конституциялык эмес жол менен түзөбүз. Башкача айтканда, өкмөттү көпчүлүктү түзгөн фракциялардын эмес, биз сатып алып, өз тарабыбызга өткөргөн депутаттардан курайбыз. Бул депутаттар көпчүлүккө киришти. Конституцияда буга тыюу салынган, ошондуктан, Конституциялык сот кайсы бир учурда мындай кылууга болбойт деп айткансыган. Качан Янукович бийликке келгенде, бир жылдан кийин Конституциялык соттун ошол эле соттору аталган сүйлөмдү тескерисинен окушту, башкача айтканда, эгер алар мурун «болбойт» дешсе, азыр алар «болот» дешти. Алардан «Кантип?» деп сурашканда, «Эми, силер түшүнөсүңөр да, абал өзгөрдү.... Конституцияда болсо так жызылып турбайбы» деп жооп беришти.
Бул Конституциялык соттун кысым алдында калганын, арбитр катары Конституциялык соттун өз ролун жоготконун көргөздү. Андан кийин 2004-жылга чейинки Конституциянын редакциясына кайтуу болду. Башкача айтканда, Янукович кайрадан бардык бийликти өз колуна топтоду, эми ал каалаган учурда премьер-министрди кызматтан ала алат. Буга Конституциялык сот уруксат берди. Конституциялык төңкөрүш болду.
Бул боюнча жоопкерчиликтин бир бөлүгү кызгылт-сарылардын мойнунда. Кандайча? Алар сот реформасын жүргүзүшкөн эмес, Конституциялык сотту чындап көз карандысыз арбитр кылышкан жок. Менин оюмча, бул саясий күрөш жүрүп жаткан мезгилде, өзүңдүн опоненттериңе бүгүн сага каршы мыйзамсыз чечимдер кабыл алынса, эртең эле өздөрүнө каршы мыйзамсыз чечимдер кабыл алынаарын түшүндүрүү зарыл.
Сиздер менден Конституциялык сот эмне болду сурашыңыздар мүмкүн. Мен Кыргызстанда Конституциялык соттун айрым өкүлдөрүн соттук негизде жоопко тартууга аракет болгонун билем. Бирок, эмне менен аяктаганын билбейм. Украинада биз муну качан Янкович жасап баштаганда эстедик. Биз Кыргызстанда сотторду жазалаганга аракет кылып жатышат деп жазганбыз. Бийлик мунун кайсы бир учурда өздөрүнө каршы келе турганын түшүнүшү керек. Тилекке каршы, бул болуп кетти, Янукович кезектеги катасын жасады: өзүнүн жеңишинен кийин ал өлкөнү бириктире алмак, ичинде популярдуу эместери да болгон реформаларды баштай алмак. Украина европалык интеграцияга багыт алганын жар сала алмак. Ошондо оппозициянын бир бөлүгү да аны колдомок.
Анын Брюсселге болгон биринчи сапары жакшы белги болгон. Себеби, европалык интеграцияга болгон багыт тастыкталды. Бирок, ал газга болгон арзан баа үчүн Россиянын алдында олуттуу чегинүүлөргө барды. Янукович Севастополдун 2042-жылга чейин, андан ары беш жылга, андан ары дагы беш жылга узартуу менен Россия үчүн база болушуна жол бере турган келишимге кол койду. Ал эми украиналык Конституция боюнча өлкө аймагында НАТОнун да, Россиянын да базасы болбош керек болчу. Ошондуктан, Россия флотунун 2017-жылга чейин чыгарылышы күтүлүп жаткан.
Эми мындай абалды элестетиңиз. 2010-жыл, Янукович бийликке келди, апрелдин башында конституциялык эмес жол менен өкмөттү түздү, ошол эле мезгилде, апрелде Харьковдо президент Медведев менен жолугушуп, газга болгон бааны арзандатыш үчүн Севастополдогу орус флотунун калуу мөөнөтүн 2042-жылга чейин узарткан келишимге кол койду.
Бул жеңилдик эмес, бул татаал формула. Чындыгында росииялыктар үчүн Севастополдогу база стратегиялык мааниге ээ эмес. Бирок, россиялыктар Севастополду орус даңкынын шаары деп билишет. Янукович мындай деп ойлонгон: «Эгер ушундай эле маанилүү болсо, макул, алгыла. Силер Украина НАТОго кирет деп коркуп жатасыңарбы? Макул, биз блоктон сырткары өлкөбүз деп мыйзам кабыл алалы».
Ал россиялыктар үчүн мунун символдук маанилүү маселелер деп, натыйжада Россия чегинүүгө барат деп ойлогон. Бирок, Россиянын эч кандай чегинүүгө барбай турганы көрүндү. Янукович Росиия газга болгон бааны дагы төмөндөтөт деп ойлогон. Жок. Тескерисинче, Россия мындай деп айтты: «Эми Бажы союзуна киргиле». Ал эми биз Бажы союзуна кире албайбыз. Себеби, Украина БЖУнун (ВТО) мүчөсү. Ал эми Россия, Беларусь, Казахстан аталган уюмдун мүчөсү эмес. Башкача айтканда, биз жөнөкөй себептен улам Бажы союзуна кире албайбыз. Россия Белоруссияда жасагандай Украина аркылуу өткөн газ куурун алгысы келип жатат.
Янукович эгер куурду алышса, аны менен бирге бардык украиналык олигархтарды “жутуп кое турганын” түшүнөт. Донбасстагы, Донецктеги этникалык украин болбогон, орус тилдүү украиналык олигрхтар да Бажы союзуна киргенден коркушат. Себеби, аларды ал жерде «Газпром» жана башка россиялык мамлекеттик монополиялар жутуп кое турганын билишет. Россия менен карама-каршылыктар башталды. Себеби, Россия эмне себептен Янукович Бажы союзуна, ЖККУга киргиси келбей жатканын түшүнбөй жатты. Анткени, Россияда аны Россияга ыктаган саясатчы деп эсептешчү.
Януковичтин учурунда Ющенко мезгилинде башталган Европа биримдиги менен Эркин соода аймагын түзүү келишимине байланыштуу сүйлөшүүлөр аяктады. Бул өтө маанилүү келишим. Себеби, бул тереңдетилген Эркин соода аймагы болмок. Ал эми бул кезегинде Украина үчүн европа базарынын ачылганын түшүндүргөн. Миң беттен турган келишимдин даяр экени анык болду. Бирок, аны парафирдеш керек. Ошол мезгилде Россия мындай дейт: «Жок, силерге Европа биримдиги менен Эркин соода аймагынын эмне кереги бар. Бажы союзуна киргиле». Эгер Бажы союзуна кирсе, анда Европа биримдиги менен Эркин соода аймагын түзүү мүмкүн эмес. Бир канча эркин соода аймагы, мисалы үчүн Россия менен, Кыргызстан менен, КМШ менен, ЕБ жана башкалар менен түзүлүшү мүмкүн. Эгер биз Бажы союзуна кирсек, анда Евробиримдик менен болгон келишим үзүлөт. Россия айтып жатат: «Силерге ансыз деле кереги жок. Биз силерге газга жеңилдик беребиз. Бажы союзуна киргиле». Янукович менен Россиянын ортосунда карама-каршылыктар пайда болду. Ошону менен бирге, өлкө ичинде да карама-каршылыктар чыкты, башкача айтканда, оппозиция менен чатак чыкты.
Албетте, мындай шартта бирдиктүү фронт менен чыгып, Евробиримдикке таянуу үчүн, башкача айтканда, кандай болсо да алар менен келишим түзүү үчүн оппозиция менен комромисске баруу логикалык жактан туура болчу. Бирок, ошол мезгилде Тимошенконун иши чыкты. Натыйжада, абал татаалдашып, Януковичтин өзүндө жүрүш жасоо мүмкүнчүлүгү азайды. Тимошенконун башына келген абал, мурунку ички иштер министри Луценконун да башына келди. Мунун бардыгын Евробиримдикте тандама сот деп аташты. Бул иш-аракет акылга сыйбас нерсе болчу. Башкача айтканда, бул иш чындыгында Януковичтин кызыкчылыктарына карамы-каршы келет. Анын Евробиримдиктеги имиджин түшүрүп, Россия менен болгон сүйлөшүүлөрдө анын позициясын алсызандырат. Ошого карбастан, Тимошенко менен Луценкону сот жообуна тартышты. Натыйжада, Евробиримдик «Кечиресиздер, биз процессти токтотобуз, келишим жатат. Теориялык жактан аны парафирдөө мүмкүн» деди. Бул муну түшүндүрөт. Келишимге текст даяр деп экинчи жактар кол коет, бирок Евробиримдиктин жетекчилеринин келишимге кол коюшу жөнүндө сөз да болбойт, башкача айтканда, Тимошенко, Луценколор түрмөдө жаткан учурда эчтекеге кол коюлбайт.
Ошондон улам мындай суроо туулат. Эмнеге Янукович өзүн жүрүш жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты? Эмне болду? Бир божомол боюнча, Януковичтин тегерегинде россиянын кызыкчылыгын көздөгөндөр бар. Алар Януковичтин алсыз тараптарын пайдаланышат. Эми мен Украина саясатынын деталдарына кирбей эле коеюн. Башкача айтканда, тилекке каршы, Янукович ушуга чейин 2004-жылы анын жеңишин уурдап алышты деп ишенет. Ал алигиче 2004-жылы өзүн уткам деп эсептейт. Ал ошондо эл эмнеге көчөгө чыкканын түшүнгөн жок. Янукович Тимошенкодон чындап коркот. Айтып коюшат, Тимошенконун «тили узун». Эгер ал азыркыдай сүйлөй албаса, мүмкүн, андан коркушпайт беле. Негизинен, ага төмөнкүдөй маанидеги сунуштар айтылган: «Юля, сен унчукпа. Биз сага тийишпейбиз». А Юля унчукпай койбойт. Жалпылап айтканда, мына ушул коркунучту кимдир-бирөөлөр ийгиликтүү колдонушту. Натыйжада, тилекке каршы, болору болду. Европа биримдиги менен болгон келишим тоңдурулду, өлкө ичинде конфронтация, мына, эми ушинтип парламенттик шайлоого баратабыз.
Парламенттик шайлоо октябрда болот. Кызыгы азыр парламенттин укуктары чектелген. Ошого карабастан, азыр иштеп жаткан Конституция боюнча президент парламентти таркатуу укугуна ээ эмес, башкача айтканда, бул экөө бирдикте жашоого тийиш. Азыркы тапта Януковичке жакшы, себеби, парламентте, кол бала, көпчүлүк бар. Парламентте «Региондор партиясынын» жоопкер өкүлү бар. Телевидениеде дайыма Жогорку Рададагы добуш берүүнү көрсөтүшөт. Аталган өкүл ордунан турат да көргөзөт. Ошого жараша бардыгы ооба же жок деп добуш беришет. Азыр парламенттик шайлоо көргөзгөндөй, партиялык тизме боюнча оппозициялык партиялардын өкүлдөрү жеңип жатышат. Себеби, Януковичтин саясаты популярдуу эмес. Ал эми оппозиция азыр, тилекке каршы, өз ичинде ким эң башкы оппозиционер экенин чече албай атышат. Бирок, Янукович шайлоо кодексине өзгөртүү кийирди. Так ушундан улам, ал мажоритардык компонентти киргизди, башкача айтканда, депуттардын жарымы партиялык тизме менен, жарымы мажоритардык негизде шайланат. Эми мажоритардык негизде, албетте, шайлоону бурмалоо оңой. Ким региондордо акча таратса, бейтапкана курса, тамак-аш таратса, кимдин байланышы көп болсо, ошол жеңет. Янукович мына ушул мажоритардык негизде шайлоодо жеңем деп эсептеп жатат. Ошондуктан, азыр оппозиция мажоритардык аймактарда бирдиктүү бир кандитатты чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эгер оппозиция бирдиктүү кандидаттарды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөргө жетишсе, анда оппозициянын шансы бар. Эгер келишимге келе албаса, анда шансы жок. Янукович болсо, алардын келишимге келбеши үчүн бардыгын жасайт. Силер мунун кандай жүрүп жатканын билесиңерби: лидерлердин амбициялары жасалма түрдө көтөрүлөт, күчтүрөөк лидерге мындай дешет: «Кара, сен кандай акылдуусуң. Сага Тимошенконун партиясынын эмне кереги бар. Сен оппозициянын башчысы эмессиңби, сен нормалдуу оппозиционерсиң», башкача айтканда, амбицияларды пайдаланып жатышат.
Албетте, шайлоодон кийин, мажоритардык аймактардан шайланып келгендерге кысым жасалат. Аларды сатып алышат, аларга өкмөттөн посттор сунуш кылынат. Бул, абдан маанилүү жагдай, бул силерге да кызыктуу болот го деп ойлойм. Бул тез-тез учурайт, оппозициянын адамдары шайлоодо жеңилди дейли. Бийлик айрым оппозиционерлерге алар менен чогуу мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөөнү сунуштайт. Бирок, улуттук биримдик өкмөтүнүн курулушу бул башка, ал эми оппозициядан бир канча адамдын жасалма түрдө тартылып чыгып, эч кандай бийликке ээ болбостон, жөн гана көрсөтмө үчүн өкмөткө кириши, бул башка. Тилекке каршы, кайырмакка биз улутчул-демократтар деп атагандар түшүп жатат. Аларга өкмөткө кирүү, Украина үчүн иштөө сунушталат. Алар да бул өкмөткө кирет. Бирок, чындыгында, аларда эч кандай таасир этүү рычагдары болбойт. Ошондуктан, так структуралашкан, программалуу идеологиялык өңүттөн айырмачылыктары болгон бийлик менен оппозициянын болушу өтө маанилүү. Оппозициянын өкүлдөрү эми алар оппозицияда болгондон кийин орундарды алмаштырыш үчүн кийинки шайлоолорду күтүшү керек экенин түшүнүүлөрү абзел. Ошондо бул конкуренция, же, мүмкүн коалициялык өкмөттү түзүү болот. Мындай болушу мүмкүн. Айрым лидерлерди өзүнө тартып алуу тактикасы, албетте, оппозицияга, ошондой эле жалпы өлкөгө зыян деп ойлойм.
Мен абал башка, силердин геосаясатыңар жана коомуңар айырмачылыктуу болсо да, өтө көп параллелдиктердин бар экени ачык деп ойлойм.
Улан Рыскелдиев, «Сорос-Кыргызстан» фондунун байкоочулар кеңешинин төрагасы: Менде мындай суроо туулду. Кызгылт-сары революцияны америкалыктар уюштурган деген пикир бар. Чындыгында, бул кандайдыр бир жол менен кимдир бирөөлөрдү кагыштыруу үчүн жогорку дең-
гээлде уюштурулган калп болчу. Таза практикалык өңүттөн кызык. 2004-жылдан баштап Батыштын позициясы кантип өзгөрдү? Себеби, 2004-жылы бардыгы жамандыр-жакшыдыр түшүнүктүү болчу. Эми Янукович келди, аталган бардык карама-каршылыктар башталды, реформалар токтоп калды, Конституциялык бузуулар башталды. Батыштын реакциясы кандай?
Алексей Гарань: Албетте, Батышка Кучма менен Януковичке караганда Ющенко менен демократтар көбүрөөк жакчу. Бирок, кайрадан эл аралык коомчулук эгер Ющенко тараптан жок дегенде бир пайыздык бурмалоо болгондо Януковичтин жеңишин таанымак. Бирок, муну тастыктоо өтө оор болмок. Реалдуу саясат бар, албетте, болуп өткөндөр кыжырды кайнаткан нерселер болгондуктан эл көчөгө чыкты. Киевде Батыш Украинадан келген улутчулдар чогулуп, чатыр шаарчаны уюштурушту деп айтышты. Алар келишти. Бирок, Киевге чейин жетиш керек болчу. Биринчи болуп Майданга студенттер, киевдиктер жана орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү чыгышты. Анан гана башка шаарлардан эл келе баштады.
Батыштын позициясы. Чындыгында Батыш, эң башкысы, Европа биримдиги Украинага келечекте Укранинанын ЕБтин мүчөсү болуп кала тургандыгына байланыштуу зарыл болгон белгини берген жок. Ушундан улам, дайыма Украина менен ЕБтин ортосунда ким көбүрөөк күнөөлүү болгондугу тууралуу дебаттар жүрүп жатат. ЕБ: «Украиндер, силер үй тапшырмаңарды аткара албадыңар» десе, украиндер: «Себеби, силер бизге дайыма күтүп турушубузду айтып, Болгарияга, Румынияга, Польшага жардам бергендей жардам берген жоксуңар» деп жооп беришет.
Мен, чындыгында негизги маселе украиндердин чындап үй тапшырмасын аткара албай калганынан, ошол эле учурда, ЕБтин да Украинанын европалык мамлекет экендигине байланыштуу ачык белгилерди бербей койгондугунан улам келип чыкты деп ойлойм. Эмнеге? Өлкөнүн бир бөлүгү традициялуу түрдө Москва тарапка ыктайт. Ошондуктан, еворпалык элитага биз Россия эмеспиз, өздүк маданиятыбыз, саясий традициябыз, компромисске баруу демилгебиз боюнча Европага жакынбыз деп, дайыма тастыктап турушубуз керек эле. Жалпысынан айтканда, Кызгылт-сары революция Украинага болгон кызыгууну ойготту. Батыш кандайдыр бир деңгээлде уйкудан ойгонду. Ющенко немец Бундестагына, америка Конгрессине келгенде ордуларынан туруп кол чаап тосушту, конгрессмендер жана Бундестагтын өкүлдөрү кызгылт-сары галстук тагынышты. Мен өзүмдүн өлкөм менен сыймыктанчумун.
Тилекке каршы, ошол эле Ющенко, Майдандын лидери, баатыр, ууландырылган адам, Украина үчүн жабыр тарткан, жеңиштен кийинки колдоо рейтинги 70 пайызды түзгөн адам. Эми ал шайлоодо куйруктуу беш пайыз алып, рейтингин өтө түшүрдү. Башкача айтканда, анын шайлоого барбай эле коюшу керек эле. Мен муну бир трагикомедия деп ойлойм. Бирок, бул адамда бир нерселер болду, башкача айтканда, өзүн Мессияга теңеп алды: «Силер мени түшүнбөй атасыңар, мен болсо өлкөнү туура багытка алып баратам». Тилекке каршы, мындай нерселер лидерлерде көп болот, ошондуктан, лидерлерди тескеп туруу зарыл.
Януковичтин жеңиши боюнча Батыштын позициясы төмөнкүдөй болчу. Мен башта айтып өткөндөй, Янукович алар ойлогондой демократиялык жол менен жеңишке жетишти. Бийлик системасында баланс сакталып турган. Андан кийин ал Россия менен болгон мамилени оңдойт. Жакшы, бизге артык баш баш оорунун кереги жок. Эми ал Украина НАТОго киргиси келет деп кыйкырбай калды. Жакшы, бизге артык баш баш оорунун кереги жок. Алар эми Киевде ким менен сүйлөшө ала тургандыктарын билише турганын, себеби, мурун белгисиз болгонун айтышты. Ющенко башканы айтса, премьер-министр Тимошенко такыр башканы айтчу, ким менен сүйлөшүш керек? Эми биз Янукович менен сүйлөшө турганыбызды билебиз. Батыштын алгач жасагандары туура болчу. Алар президентти таанышты. Ал тургай ошол эле Саакашвили, Польшанын президенти Качински инаугурацияга келишти. Обама Вашингтонго, Барроуз Брюсселге чакырды. Алар Януковичке анын криминалдуу өтмүшүн унуткандарын көргөзүшүп, Украина менен иштеше тургандыктарын белгилешти. Бирок, Украина европалык интеграцияга багытталганын тастыкташы зарыл.
Ал эми Янукович муну башкача түшүнүп алды. Ал Батыш мени менен достошту, эми мен өлкө ичинде өзүм каалаганды жасайм деп чечти. Ушундан улам акырындан пикир келишестиктер башталды. Алгач, менимче, Батыш болуп жаткан коркунучту такыр түшүнгөн жок. Менимче, Батыш учурунда реакция кылбай койду. Мен Батыш деп ЕБти, Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясын айтып жатам. Алгач европалыктар карманып турушту, качан 2010-жылдын аягында жергиликтүү кеңештерге шайлоо болгондо, бул шайлоолордун таза эмес өткөнү аныкталганда башталды.
Тилекке каршы, алар дагы бир жолу, Тимошенко камалганда эмне болуп жатканын түшүнүштү. Ооба, премьер ангел эмес, премьер көмүскө коррупциялык схемаларга аралашып калган, биз муну түшүнөбүз. Бардык партиялар көмүскө түрдө каржыланган, бирок Тимошенкого карата жасалгандар, албетте, эч кандай коррупцияга каршы күрөш эмес. Себеби, азыркы бийлик менен салыштырганда бул асман менен жердей. Азыркы бийлик ачык түрдө уурдап жатат. Эми Батыш түшүндү. Эми эмне кылыш керек? Батыштын алдында диллема турат: же биз Януковичке Лукашенкого жасагандай мамиле жасайбыз, бирок, анда Януковичтин да Лукашенконун жолун жолдоп куурлардын баарын берип, Россиянын таасиринде калуу коркунучу бар. Же биз эмне болсо да кандайдыр бир жол менен өзгөртүүгө, түшүндүрүүгө аракет кылабыз.
Менимче, эң маанилүү жана позитивдүү жагдай, бул Польша менен Украинанын ортосундагы мамилелердеги өзгөрүү. Польша менен Украинанын ортосунда, Франция менен Германиянын ортосунда болуп өткөндөй нерсе болду. Башкача айтканда, Франция менен Германия согушуп келишкен, азыр алар Европа биримдигинде. Поляктар менен украиндердин ортосундагы тарых да жөнөкөй эмес. Алар 16-кылымдан баштап, экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги Волынь окуяларына чейин, согушуп келишти. Бирок, эң маанилүүсү, буларды аттап өтүү мүмкүн болду. Мында Львов эми поляк жери эмес экенин, бул жердин Украина аймагы экенин, көз карандысыз, стабилдүү Украина жана аны менен бекем байланыш керек экенин түшүнгөн поляк диссиденттеринин орду чоң. Ушул стратегиялык багыттан улам поляктар Украинанын Европа биримдигиндеги кызыкчылыгын коргогон эң негизги лоббисти бойдон калууда.
Тилекке каршы, Янукович ал тургай поляктардын жетер чегине жеткирип ийди. Поляктар дайыма Януковичке мындай кылбаш керек экенин акырын түшүндүрүүгө, компромисске келүүгө аракет кылышып, аны ачык сындашкан жок. Бирок, бул ишке жараган жок. Менимче, Польшанын Украина үчүн жасап жатканы - бул өтө маанилүү.
Евразия биримдигине, деги эле Россия менен болгон байлыныштын перспективасына байланыштуу мен сиздерге төмөнкүдөй сандарды мисал катары берем. Мүмкүн, Кыргызстан үчүн башкача перспектива болушу мүмкүн, себеби, сиздерде товар жүгүртүүнүн структурасы айырмалуу. Башталгыч катары Россиянын негизги соода шериктештиги Европа биримдиги экенин айтайын. Башкача айтканда, россиялык тышкы сооданын 49 пайызы Европа биримдигине кетет, бирок, бул 2010-жылдын маалыматтары. Бажы биримдиги, КМШ Россия үчүн 14 пайызды эле түзөт. Азыр, мүмкүн Бажы биримдигине байланыштуу абал бираз өзгөрүшү мүмкүн, бирок, баары бир абал ушундай.
Россия менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы экспорт 2000-жылдар бою КМШ өлкөлөрүнүн жалпы экспортунун 17ден 19 пайызга чейинкисин түздү. Кыргызстанда абал башкача. Импорт көбүрөөк, 2010-жылы 27 пайызды түздү, бирок мурун дээрлик 50 пайызды түзчү. Бул болсо, экономика сөзсүз түрдө постсоветтик аймакта экономикалык интеграцияны талап кылат дегендерге мына сандар. Россиянын негизги шериктештери бул Европа, эми АТР (Азиатско-Тихоокеанский регион) болот. Албетте, Бажы биримдиги бир нерселерди бериши мүмкүн. Бирок, ЕБ сыяктуу кандайдыр бир экономикалык шериктештикти куруу үчүн экономикалык база жок. Себеби, сунушталып жаткан модель такыр башка. Эгер биз Россия менен ЕБтин ИДПсын, киши башына түшкөн көлөмүн салыштырсак бул асман менен жердей. Башкача айтканда, тартып турган геосаясий магниттер такыр башка. Ошондуктан, Путиндин Евразия шериктештиги жөнүндө айткандары бул ички кызыкчылыктар үчүн колдонулган идеологиялык конструкцияга көбүрөөк окшош. Ал чындап бул маселени шайлоо алдындагы кампанияда колдонду.
Улан Рыскелдиев: Сиз азыр абдан кызыктуу преспективалардын пайда болуп жатканын айттыңыз. 2012-жылы Украинада парламенттик шайлоо болот. Чындыгында эки сценарий бар. Биринчиси, эгер оппозиция өз ичинде келишпесе, Януковичтин партиясы утат, экинчи вариант, эгер оппозиция утса. биринчи вариант боюнча Януковичти колдогон саясат дагы эле улантылат болуш керек. Экинчи вариант боюнча парламент кандайдыр бир жол менен Януковичке каршы туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобу?
Алексей Гарань: Силерге жакын болушу мүмкүн болгондон баштайын. Янукович шайлоо кодексин өзгөрттү. Мурун партиялык тизме болгон болсо, азыр аралаш шайлоо системасы болуп калды. Өтүү барьерин үч пайыздан беш пайызга көтөрүп коюшту. Айта кетчү нерсе, ушундай жол менен оппозициянын бир бөлүгүн сатып алышты. Себеби, чоң партиялар, анын ичинде Тимошенконун партиясы “ооба” деп добуш берип, блокторду жоюшту.
Улан Рыскелдиев: Президенттин укуктары жогорулатылдыбы?
Алексей Гарань: Укуктары конституциялык реформаларга чейинки абалына келди. Бирок, ошентсе да, президент кайрадан парламентти отставкага кетирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Парламент премьер-министрди отставкага кетирүүгө укуктуу. Бирок, бул парламент өзүнүн премьер-министрин кое алат дегенди түшүндүрбөйт. Себеби, кандидатураны президент көргөзө алат, бирок, парламент талапкерди өткөрбөй, президенттин нервин аябай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал тургай, Кучма да бул парламентти эчтеке кыла албай койгон. Ага жакчу эмес, таратууга аракет кылды. Бирок, анда Конституциялык сот парламентти таратуу мүмкүн эмес деп айткан.
Менимче, сценарий мындай болот: тилекке каршы, оппозиция толугу менен бириге албайт. Бийлик бөлүүгө аракет кылат. Башкача айтканда, чыгышта улутчулдар жөнүндө коркунучтуу картиналар көргөзүлөт. Кайсы бир жерлерде кандайдыр бир кагылыштарды уюштурушат. Ушундай жол менен өздөрүнүн электоратын кыймылга келтиришет. Мен, тилекке каршы, мындай иштерди болбойт деп айта албайм. Эмне болушу мүмкүн? Менимче, «Региондор партиясы» мажоритардык талапкерлердин эсеби менен гана көпчүлүктү ала алат. «Региондор партиясы» анча-мынча жүрүштөрдү жасап, мындай коалициялык өкмөткө оппозициядан айрымдарды тартышы мүмкүн. Менимче, мындай сценарий өтө түкшүмөл. Мунун ишке ашып кетиши жыйынтыктарга байланыштуу болот. Себеби, биринчи парламенттик шайлоо, андан кийин анан президенттик шайлоо болот. Януковичтин рейтинги түшүп жатат. Эгер оппозициялык лидерлер бийликке барбай коюунун туура экенин сезишип, кийин президенттик шайлоого баруулары керек экенин аңдашса, ошону менен бирге Януковичке ичи чыкпаган олигархтардын бөлүгү аларды колдошсо, анда алар Янукович менен кызматташууга барбайт. Эгер жыйынтыктар кайсы бир тарапка ообосо, анда оппозициядан кимдир-бирөөлөрдүн өкмөткө кириши мүмкүн.
Таалайгуль Исакунова, Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун өкүлү: Айтылган конституциянын кандай жолдор менен, кантип кайтарылганын тактай кетесизби?
Алексей Гарань: Оор суроо. 2004-жылкы реформа. Жалпысынан алганда бул туура багытка кадам болчу. Бирок, кагылыштарды болтурбоо үчүн мунун бардыгы өтө тездик менен жасалган. Себеби, көчөдө жүз миңдеген адамдар бар эле. Ошол учурда акыркы киргизилген өзгөртүүлөр Конституциялык сот аркылуу өтпөй калган. Бул өзгөртүүлөр принципалдуу эмес болчу. Бирок, расмий көз караш боюнча Конституциялык сот аркылуу өткөрүшкөн эмес.
Янукович 2010-жылы, 6 жылдан кийин мына ушуга жабышты. Кайсы бир депуттар 6 жыл мурун процедуранын бузулганы тууралуу Конституциялык сотко кайрылышкан имиш. Процедура чындап бузулган эле. Эми конституционалисттер бул жагдайда эмне кылуу керек экендиги тууралуу талаш-тартышка түшүштү. Көпчүлүк ошол учурда формалдуу түрдө процедура бузулган, бирок, аталган өзгөртүүлөр Конституциянын бир бөлүгү, башкача айтканда, Конституциянын денеси болуп калды, ал эми Конституциялык сот учурунда бул өзгөртүүлөрдү кайра карап чыгууга болбойт деген чечим кабыл алган деп чыкты. Эми болсо Конституциялык сот “болот” дегенде аталган реформаны жөн гана жокко чыгарып коюшту, бүттү. Башкача айтканда, алар 6 жыл мурун болгон нерсе бул туура эмес деп, эскисине кайтып келишти. Көпчүлүк эксперттер эгер бардык нерсени аты менен аташ керек болсо, муну конституциялык төңкөрүш деп эсептешет.
Улан Рыскелдиев: Жаңы Конституция боюнча кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз болгонбу?
Алексей Гарань: Мыйзамдар азыр жаңы Конституцияга ылайкташтырылып жатат. Януковичтин кайсы негизде шайланганы, кандай полномочиялар менен шайланганы жана башкалар тууралуу көптөгөн суроолор туулат.
Таалайгуль Исакунова: Биз Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алдык, буга параллель өткөөл мезгилдеги президенттин шайлоосу да болду. Принцибинде, эгер сиздердин тажрыйбаны эске алсак, бул нерселердин укуктук легитимдүүлүккө ээ эмес экендиги жөнүндө азыркы учурда айтылып жаткандар жана 93-жылкы Конституцияга кайтып келүү боюнча дискуссияларга негиз бар экен да.
Алексей Гарань: Бул Конституциялык соттун кысым астында экенин жана соттор чечимдерди кысым астында кабыл алганын көрсөтөт. Эл чындыгында чоң роль ойной алат. Янукович биринчи Конституциялык бузууларды баштаганда, көчөгө чыгышкан жок. Эгер алар көчөгө чыгып, Конституциялык соттун имаратынын алдында турганда соттор мүмкүн ойлонушмак. Бирок, эл чыккан жок. А эмнеге чыккан жок? Кызгылт-сарылардын кылгандарынан абдан көңүлдөрү калган. Янукович: «Ал жерде хаос болгон, бул жерде стабилдүүлүк» деди. Эл саясаттан абдан чарчап бүткөн. Эгер эл ошондо реакция кылганда, Янукович ойлонмок да, булар жасалмак эмес. Чоң көңүл калуу, бирок, бул тарыхтын жүрүшү.
Мен бул жерде россиялык кызыктуу тарыхый каналды, «365 дней» көрдүм. Ошол каналда Кромвель жөнүндөгү фильмди, бардык зигзагтарды, эмненин эмнеге алып келгенин көрдүм. Лондондо, Кромвелдин музейинде экспозиция учурунда анын баатыр же бузуку болгону тууралуу суроо берилет да, чыгып жатканда добуш берүү мүмкүн. Биз түшүнүшүбүз керек, революциялар түз сызык түрүндөгү процесс эмес. Мандела, Гавел сыяктуу лидерлер да бар, тилекке каршы, бардык лидерлер андай эмес.
Таалайгуль Исакунова: Бирок эл деп биз массаны билебиз. Ал эми бул жерде, бул процесстердин өнүгүшүндө белгилүү бир группа роль ойнойт да. Алар болуп жаткан окуяларды же көтөрүп чыгат, же көңүл бурбай коёт. Мисалы, бизде конституциялардын бир канчасы кабыл алынды, кандайдыр бир чыгып сүйлөөлөр болду. Бирок, жаңы жыл алдында, Бакиев кезектеги бир нерсени кийиргенде абайсыз өткөрүп жиберишти. Чындыгында, бул коомчулукка белгилүү болгон жок. Мүмкүн сиздердин жагдайда да бул күчтүү талкууланган, кеңири чагылдырылган эместир?
Алексей Гарань: Чагылдырылган, талкууланган, ал тургай телевидение аркылуу. Бирок, биз айтып жатпайбызбы, 2 жыл мурун болгонго салыштырмалуу кетенчиктөө айкын. Бирок, ошого карабастан, плюрализм сакталып турат. Оппозиция программалар менен башкарууда, муну үйрөнүштү.
Эгер жоопкерчилик жөнүндө кеп салсак, албетте, талкууну элита, бирок, ар түрдүү элита жүргүзүүдө. Бийлик элитасы бар, интеллектуалдык элита бар. Академиялык коом, граждандык коом бар. Маселе мында, мисалы, булар элге кандай жеткирип жатат. Себеби, элди көкүтүү мүмкүн экени белгилүү. Бирок, менимче, бул жерде элита да, саясатчылар да, оппозиция да, граждандык коом да жоопкерчиликтүү. Өзгөчө, диний жана улуттук негизде бузуку чагымдарды уюштурууда.
Сайракан Жунусова, граждандык активист, Беш-Күңгөй айылы: Менде мындай суроо бар. Сиздердин өлкөдө медиаторлор кандай роль ойнойт, эгер ойносо, сиздердин өкмөттүн реакциясы кандай?
Алексей Гарань: Азыр бизде моралдык авторитеттердин ролу боюнча талкуу пайда болду. Эгер сиз конфликтерди айтып жатсаңыз, анда, мисалы, Кызгылт-сары революция учурунда эл аралык медиаторлор чоң роль ойношту. Өлкөдө саясий деңгээлде болуп жаткан конфликттерде, ал эми биздин тарых, 2004-жылдан кийин абдан конфликтүү болуп кетти. Бирок, элита кандай болсо да, компромисске келип, өз ара чечишип алып жатты. Кызгылт-сары революция учурунда, же 2007-жылдагы мезгилсиз шайлоодо өлкө экиге бөлүнүп, мына-мына конфликт чыгып кете тургандай болчу. Алар мына-мына жетер чегине жетти дегенде, акыркы моментте келишимге келишти.
Бул жерде өзүн сактоо инстинкти иштейт. Чындыгында, элита өлкөнү чындап бөлүүгө кызыкдар эмес. Бизнес дагы, жана айтып өткөндөй, олигархтар да өлкөнүн бөлүнүшүнөн пайда таппайт. Ошондуктан, бул дайыма ачык, дайым көз көрүнө болбосо да, алар дайыма макулдашууга келип жатышты. Натыйжада, Украинада батыш саясат таануучулары «плюрализм по умолчанию» деп атаган нерсе сакталып турат.
Азыр мүмкүн боло турган медиаторлор жөнүндө суроо талкууланып жатат. Себеби, бир жагынан кызгыл-сарылардын көңүл калуусу болсо, эми Януковичтин тараптарларынын да көңүлдөрү калды. Себеби, ал аткарбай турганы белгилүү болгон көптөгөн убадаларды берип койгон. Жыйынтыгында, анын рейтинги түшүп кетти, өзгөчө, Донецкте.
Коомчулук кимге ишенет, электорат кимдин аркасынан ээрчийт деген суроо туулат. Бул жерде да маселе бар. Бир жагынан, бул граждандык коомдун белгилүү бир уюмдары болушу мүмкүн. Көңүл калуудан улам коомчулук азыр кандайдыр бир жалпы саясий маселелерге реакция кылбай калганы, бирок, конкреттүү бир группаны козгогондо аягына чейин чыга турганы белгилүү болуп калды. Чакан ишкерлерди козгошту эле, алар Майданга чыгышты. Афганецтер менен чернобылецтерди козгошту эле, алар да чыгышты. Журналисттер «Стоп цензуре» аттуу кыймыл түзүштү. Студенттер чыгып жатат. Туура, алар социалдык-экономикалык маселелер боюнча эмес, орусташтырууга байланыштуу маселе боюнча чыгып жатышат. Алар министрдин кетишин талап кылып жатышат. Себеби, алардын ою боюнча министр көз көрүнө антиукраиналык позицияны тутунуп жатат.
Мындай шарттарда моралдык авторитеттердин ролу тууралуу суроо пайда болду. Башкача айтканда, эгер бардык партияларга, ошол эле «Региондор партиясына», ошол эле кызгыл-сарылардын партиясына («Наша Украина») ишеним болбосо, эгер Януковичке, парламентке ишеним болбосо, анда кимге?
Азыр коомдо чындап кадыр-баркка ээ болбогон адамдар чогулушту. Чиркөөлөрдүн бир канча башчылары, интеллектуалдар, укук коргоочулардын бир бөлүгү, башкача айтканда, булганбаган «кредит тарыхына» ээ адамдар «Первое декабря» атындагы демилге тобун уюштурушту. Эмне үчүн «Первое декабря»? Себеби, бул күнү эгемендүүлүк алуу референдуму болуп өткөн. Бул адамдар азыр элди коомчулуктун аздыр-көптүр колдоосуна ээ болгон адамдардын тегерегинде топтолушу үчүн бир нерселерди жасаганга аракет кылып жатышат. Бирок, бул, Лех Валенса баррикадага чыгып, «“Солидарность” профсоюзу бар болсун» деп коюшу менен бүтүп калгандай нерсе эмес. Тилекке каршы, бул оор. Кайрадан эле бийлик бөлүп-жарууга аракет кылып жатат. Ал айтат: «Ооба, жакшы идея, келгиле, тегерек стол өткөрөбүз». Башкача айтканда, биринчи Конституция бузулду, эми тегерек стол өткөрүү, Конституциялык ассамблея жөнүндө сөз кылып жатышат.
Жылдыз Садыкова, КР ЖК депутатынын консультанты: Менде бир канча суроо бар. Биринчиси, Украинада атуулдардын парламентке, өкмөткө жана президентке болгон ишеним индекси кандай эле, азыр кандай? Сиз парламентке шайлоо пропорционалдык, мажоритардык система менен жүрөт деп жатасыз, качан атуулдардын ишеним индекси жогору эле? Украинанын мыйзамдары боюнча саясий партиялар жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна катыша алабы, катышса, ал жердеги активдүүлүгү кандай? Сиздердин саясий партиялар өлкө бюджетинен каржыланабы же жокпу, бул багытта кандай кыймылдар бар? Мен сизге акыркы убакытта бизде актуалдуу болуп жаткан суроолорду бердим.
Алексей Гарань: Ишеним индекси. Келгиле, шайлоо системасынанбаштайлы. Украинада таза мажоритардык шайлоо, андан кийин аралаш шайлоо тажрыйбасы болду. Мунун бардыгы президентке ыңгайлуу экендигин көргөздү. 2003-жылы, Кызгылт-сары революцияга чейин шайлоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча парламентке шайлоо партиялык тизме менен гана өтмөк жана үч пайыздык барьер коюлган. Мындан башка, район деңгээлинен баштап, жергиликтүү кеңештерге да шайлоолордун партиялык тизме менен өткөрүлүшү тууралуу чечим кабыл алынган.
Мунун аркасында кандай идея бар эле? Мажоритарщиктерге басым жасоо мүмкүн болгондуктан, ал эми партияларды кандайдыр бир жол менен стимулдаштыруу үчүн парламентти структуралаштыруу жүрдү. Бул өз жыйынтыгын берди. Фракциялардын саны 12-15 тен 5ке түштү. 2006-жылы шайлоо болду - 5 фракция, 2007-жылы шайлоо болду - 5 фракция. Бул өңүттөн алганда аталган нерселер позитивдүү мааниге ээ болду.
Жаман жагы эмне болду? Жаман жагы партиялык тизмелер жабык. Ошол эле учурда, биз партиялардын лидерлери ала турганын билебиз. Мындан башка, партиялык тизмелер регионалдык эмес, өлкө деңгээлинде болчу. Башкача айтканда, эгер 450 адам шайланышы керек болсо, алыңыз сизге мына 450 адамдын тизмеси. «Региондор партиясы» жана башка партиялар да ушундай кылды. Мунун маселе экендиги белгилүү. Ошондуктан, кантип алга жылыш керек деген суроо турду. Кайрадан эксперттердин басымдуу бөлүгү биздин мажоритардык система менен эмес, партиялык тизме менен кетишибиз керек экенин кубатташты. Бул маселеден чыгуунун жолу жөнөкөй, тизмелерди регионалдык жана ачык кылабыз.
Бирок, Ющенко бул реформаны жүргүзгөн жок. Янукович болсо артка кетти. Башкача айтканда, аралаш шайлоо кылып салды. Жергиликтүү шайлоолордо колдонуп көрүп, эми парламентке жүргүзгүсү келип жатат. Муну менен бирге биз анын эки начар системаны бириктиргенин айтып жатабыз. Бир жагынан, жарымы, кайрадан 450 депутат жалпы улуттук деңгээлдеги жабык тизме менен шайланса, калган жарымы мажоритардык система менен шайланат. Мажоритардык системада биринчи турда жеңүү мүмкүн, башкача айтканда, сөзсүз түрдө партияга мүчө болбостон, салыштырмалуу көпчүлүк менен жеңүү мүмкүн. Биз көнгөн нерселердин бардыгы бар.
Парламентке болгон ишеним дайыма төмөн болчу. Себебин да билебиз. Мунун себеби, бардык президенттер парламентти жаман көрсөтүү үчүн аракет кылышат. Алар же жарым жартылай бош болгон парламентти, же болбосо, бул жаман көрүнүштү, бизде «пианисттер» деп аталган депутаттардын бөлөк карточкалар менен добуш берип жүргөнүн көргөзүшөт. Көптөгөн добуш берүүлөр Конституцияга туура келбейт. Мисалы, Севастополь келишими ратификацияланганда залда депуттардын жарымынан азы гана бар болчу. Башкача айтканда, алар башынан конституцияга туура келбейт. Ошентсе да бул болуп жатат. Айта кетчү нерсе, кийин парламентке болгон ишенимди төмөндөткөн бул көрүнүштөр телевидениеде көрсөтүлөт. Тилекке каршы, бардык президенттер муну колдонгусу келди.
Бул жерде да Капитолийден бийик имарат курулбаган Кошмо Штаттардагыдай эле абал. Ал жеңген учурда Ющенкого ишеним бар болчу, кийин анын рейтинги түштү. Януковичке ишеним бар болчу, азыр анын да рейтинги төмөндөп кетти.
Эгер институттар жөнүндө кеп салсак, балким, президентке болгон ишеним көбүрөөк, бирок бул рейтинг стабилдүү эмес. Мен Януковичтин жеңишинен төмөкүдөй плюстарды көрөм. Анын электораты эми ал тургай «өз адамдарынын» берген убадаларына ишенбөө керек экенин түшүнүп калды. Себеби, убаданы аткарышпайт, алдап кетишет, пенсия менен айлыкты чексиздикке чейин көтөрүү мүмкүн эмес. Мен азыр коркуп жатам, шайлоо алдында дагы эле баягыны жасашат. Кайрадан айлыкты көтөрүшөт, пенсияга кошушат, шайлоого чейин гривендин курсун кармап турушат. Ал эми шайлоодон кийин эмне болору белгилүү...
Парламентке өткөн партиялардын мамлекеттик каржылоо алышы керектиги тууралуу мыйзам кабыл алынган, бирок, бул мыйзам иш жүзүндө иштебейт. Каржылоо принциби өкүлчүлүк негизинде болмок. Иштебейт, себеби, бир жагынан акча жок, ошол эле учурда, менимче, алар ачык каржылоону каалбай жатышат, себеби, чындап иш жүргүзгөн партияларда башка акчалар иштеп жатат. Белгилей кетчү нерсе, Ющенко менен «Наша Украина» партиясы партиянын каржыланышын ачык көргөзүүгө, айлыктарды ачык төлөөгө жана башкаларга аракет кылышты. Алар муну жасаганга аракет кылып көрүштү, кийин баштарын мыкчышты. Себеби, бюджет көтөрө албаган укмуштуудай эсептер келе баштады. Натыйжада, көмүскө схемага кайра кайтышты. Мен сиздерде кандай экенин билбейм, бирок, бизде, мисалы, ишкерлерге 50 пайызга чейинки кошумча үстөк кетет. Партияларда да абал ушундай, ошондуктан, муну көрсөтүү пайдалуу эмес. Жакшы жери, Украинада так белгиленген салык кийиришти, бул болсо, көмүскөдөн чыгууга жол ачты.
Ильгиз Качкынбаев, КРСУнун студенти: Мен партиялар жөнүндө сурайын дегем. Себеби, Кыргызстанда республиканын бардык аймактарында белгилүү болгон партиялар жок. Же түндүктө, же түштүктө популярдуу болгон партиялар бар. Бул регионализм болсо учурунда саясий процесстерди оордотууда. Украинда ушундай абал жокпу?
Сиз Кызгылт-сары революция учурунда «батыштын колунун» таасиринин өтө күчтүү болбогонун белгилеп өттүңүз. Сиздин оюңузча Кыргызстандагы 2005-жылкы революцияда Батыштын таасири канчалык күчтүү болгон? Сиз бул бардык түстүү революциялардын бир пландын бөлүктөрү дегенге кошуласызбы?
Алексей Гарань: Регионализм. Бир жагынан, бул жакшы, себеби, бул жана айтылып өткөн унчукпас плюрализмди жараткансыйт, башкача айтканда, эч ким өкүмзордукка салып, өзүнүкүн таңуулай албайт, бийликти бир колго жыйып албайт. Натыйжада, баланс сакталат. Бир жагынан, регионализм маселеси жана шайлоо учурунда шайлоочулардын аймактык белгилерге карай бөлүнүшү - бул негативдүү көрүнүш. Шайлоо учурунда эл партиялар жөнүндө пргораммаларына карап ойлонбойт. Алар сен социал-демократсыңбы, либерал же консерваторсуңбу ойлоп да коюшпайт. Принцип болсо жөнөкөй - биздики – бөлөк. Мен азыр жөнөкөйлөштүрүп жатам. Негизи мындай бөлүнүү абдан кылдат схемалаштырылган. Албетте, бул жаман көрүнүш. Муну жеңип чыгууга аракет кылыш керек.
Айта кетиш керек, Ющенко өзүнүн шайлоо алдындагы «чыгыш жана батыш бирдикте» кампаниясын кылдат жүргүзгөн үчүн жеңишке жетишти. Себеби, «Мен коррупцияга каршы күрөш жүргүзөм», «Мен укуктун бийиктиги үчүн күрөш жүргүзөм» жана башка ушундай сыяктуу бардыгын бириктирген чакырыктар колдонулган. Ал эми Янукович болсо, так ошол мезгилде бардыгын тили жана башка өзгөчөлүктөрүнө карай бөлгөн чакырыктарды колдоно баштаган. Качан Тимошенко премьер-министр болгондо, ал акырындан социалдык-популисттик нерселерди жасай баштады. Ушундан улам өлкөнүн чыгышында аны колдогондордун саны көбөйө баштады. Качан кызгылт-сарылардан көңүл калуу башталганда, «Региондор партиясы» дагы өлкөнүн батышына карай жыла баштады. Бул партияны колдой башташты. Азыр болсо «Региондор партиясы» өзүнүн базасын өлкөнүн борборунда куруп жатат. Бирок, алар өздөрүнүн партиясына адамдарды тартууда жөн гана админстративдик методдорду колдонуп жатышат.
Тилекке каршы, интеграциялашкан партиялардын маселеси абдан оор. Акыркы шайлоодогу үчүнчү талапкер, Сергей Тигипко, либералдуу платформага ээ, региондор боюнча жогору эмес, төмөн эмес орточо колдоого ээ болгон талапкер эле. Бирок, тилекке каршы, Тигипко өзүн жоготуп койду. Ал “Региондорго” колун чекесине алып кошулуп алды. Ал эми ага шайлоочулардын алдыңкыраак бөлүгү добуш берген болчу. Качандыр бир мезгилде бизде айтылгандай Украина саясатындагы “жалгыз эркек” – бул Тимошенко. Бул проблема бар, бирок, аны кантип жеңиш керек. Менин оюмча, муну кылдат жасоо зарыл.
Элестетели, эгер Крымга Батыш Украинадан бир өкүл келип, Крым автономиясын жоюу демилгеси менен иш-аракет баштаса, бул, албетте, минус. Мындан Россия гана утушка жетет. Украинанын батышында жөн гана «Биз европалык интеграция үчүн, «…тили үчүн», «…маданияты үчүн», «… реабилитацияланышы үчүн» деп айтуу жетиштүү, сен үчүн добуш беришет. Эгер сен өлкөнүн чыгышына барсаң, аталган чакырыктар менен өзүңдүн шайлоо алдындагы кампанияңды өткөзө албайсың. Башка өз ыкмаларыңды издөө зарыл.
Кыргызстандагы революцияга келсек. Мен бул жагдайды билбейм, мага бул окуяны баалоо кыйын. Болгону, мен көргөнүмдөй, муну жана да айтып өттүм, бизде бардыгы күч колдонулбастан тынчтык жолу менен болуп өттү. Улуттар аралык кагылышуулар да болгон жок. Экинчиден, менин оюмча, Украина коомчулугу структуралык жактан Европага жакын, кандайдыр бир компромистик традиция көбүрөөк өнүккөн, ошону менен бирге партиялар да, граждандык коом да башкачараак. Ал тургай, Кызгылт-сары революция да Украинада системанын кескин түрдө түп-тамыры менен өзгөрүшүнө алып келе алган жок. Муну менен салыштырмалуу «тюльпан революциясы» мен үчүн үстүртөдөн жүргүзүлгөн кубулуштай болуп калды. Себеби, бул революция кандайдыр бир деңгээлде үстүртөдөн болуп өттү. Ички маңызды өзгөртө алган жок. Бирок, мен кайрадан жаңылып калган болушум мүмкүн.
Батыштын колу боюнча. Мен азыр Жакынкы Чыгышта болуп жаткандардан пайдаланып пикиримди билдирем. АКШ, Европа биримдигинин тутумдары көп сынга кабылды. Мунун бардыгынын алар тарабынан жасалып жатканын айтып атышат. Жыйынтыгында да радикалдуу исламчылар пайда болуп атат.
Египетте Мубарактын тактан кулашы. Мубарак АКШнын ишенимдүү союзниги болчу, ошону менен бирге Израилдин эң ишенимдүү шериктеши эле. Башкача айтканда, Израиль Египетте болуп өткөн революциядан чоң баш ооруу тапты. Бул окуя Кошмо Штаттар тарабынан уюштурулган заговор болгон үчүн эмес, кандайдыр бир ички өзгөрүүлөр жүргөн үчүн болуп өттү . Ал эми ички өзгөрүүлөргө Батыш эч кандай таасир эте алган эмес. Кийин анан батыш саясатчыларынын алдында эми эмне кылыш керек деген суроо туулду.
Тунис – бул батышчыл, жетишээрлик деңгээлдеги токтоо саясий система, Батыштын ишенимдүү шериктеши.
Саясат – бул прогноздоо оор болгон процесс. Биз башканы прогноздошубуз, ал эми иш жүзүндө такыр башка болушу мүмкүн. Ошондуктан, мен бул окуяларды Батыштын таасири болбогон ички себептерден келип чыкты деп ойлойм. Батыш болуп бүткөндөн кийин гана реакция кылууга аргасыз болду.
Ливия жөнүндө да ушуларды айтсак болот. Ал жерде бардыгы болуп бүттү, андан кийин гана Батыш кийлигишсемби, же кийлигишпей эле койсомбу деп ойлоно баштады. Көңүл бурсаңыздар, Сириянын абалында бул абдан жакшы көрүнүп турат. Өзгөчө, Асаддын режимин кимдер колдоп жатканынан: Россия менен Кытай. Ал эми арап өлкөлөрү кимдер менен тилектеш болуп жатат? Батыш менен. Түркия Батыш менен биргеликте Асадка каршы. Биз мунун бардыгын батыш сценарийи деп айта албайбыз. Себеби, бардык арап өлкөлөрү колдоп жатат.
Мен грузин, украин, кийин булардын катарына Кыргызстан менен Сербия да кошулган бул түстүү революциялардын Батышта жалпы жонунан жакшы кабыл алынганын ойлойм. Себеби, бул окуялар кенже Буштун «Биз эркиндик алып келебиз» деген концепциясына туура келди. Ирандагы “кедр революциясы”, Палестинада болуп өткөн шайлоо, Сектор Газада «Хамас» кандай «деморктиялык» жол менен бийликке келип жатат. Мунун бардыгы демократия тарап атат деген ойго туура келген, ошондуктан, жакшы кабыл алынган… Бирок, мен айткым келет, себептер дайыма ички болот. Эгер биз сырткы күчтөргө таянып бирдеңке жасаганга аракет кылсак, эчтеке чыкпайт. Себеби, коом башка, өзгөчө Чыгышта.
Афганистан боюнча. Америкалыктар 2001-жылдагы окуядан кийин ал жерге аскерин жөнөттү. Бирок, жалгыз эле америкалыктар эмес, бүт дүйнө тарабынан урусат берилген жана Россия менен кеңешилген иш-чара болчу. Россиянын риторикасы мындай болчу: «Биз НАТОго Афганистанда ийгилик каалайбыз», Лавров ачык түрдө ушундай деп айткан. Медведев жардам жиберди, армия курууда жардам берем деп убада берди. Себеби, бул Россиянын да кызыкчылыктарына туура келет. Талибан режиминин кулатылышы Россия менен Штаттардын ортосунда макулдашылган. Биз муну кээде унутуп коюп атабыз, себеби, ак-кара үгүт жүрүп жатат. А чындыгында абал татаал.
Ильгиз Качкынбаев: Украинада өлкөдөгү саясий жүрүштөргө кандайдыр бир деңгээлде таасир эте алган жаштар уюмдары барбы? Сиздерде жаштардын чет өлкөлөргө чыгып кетүү тенденциясы барбы? Кыргызстанда, тилекке каршы, жаштар чет өлкөлөргө кетүүгө аракет кылышат. Украинада трайбализм барбы?
Алексей Гарань: Ооба, чет өлкөлөргө эмиграция бар, бул чоң проблема. Россияга, Европа биримдигине кетип жатышат. Азыр, ал тургай, Португалияда чоң украиндик диаспоралар, бизде айтылгандай, «громадалар» пайда болду. Белгилей кетчү нерсе, португалдыктар аларды расмий түрдө мыйзамдаштырып коюшту. Себеби, алар украиндердин бул чөйрөгө аралашып кетишине өтө ыраазы болуп жатышат.
Чындыгында, Украинадан эмгек миграциясынын совет доорунда да болуп келгенин түшүнүшүбүз керек. Батыш Украинанын жери аз болгон, калк жыш жайгашкан тоолуу аймактарынан чыккан курулушчулар дайыма Советтер Союзу боюнча акча табуу максатында кыдырып жүрүшчү. Азыр Россияга, ошол эле учурда, Батышка барууну улантып жатышат. Ооба, жаштардын да чыгып кетүүсү уланып жатат.
Эми интеллектуалдык миграция жөнүндө, жаштардын кетип жатканы жөнүндө сөз кылсак. Ооба, жаштар азыр билим алуу үчүн Россияга эмес, Батышка, Европага, Штаттарга кетип жатат. Бир бөлүгү кайтып келсе, бир бөлүгү кайтпай калып жатат. Менде так пайыздар жок, бирок, мен кимдер менен сүйлөшкөн болсом, ошолорго таянып, баалай алам. Кимдир бирөө Батышка кетип, ал жерде ийгиликтүү карьера кылып жатышы мүмкүн. Кээде, мунун Украинага да пайдасы тиет. Себеби, ал жерде адамдар академиялык чөйрөдө, ошону менен бирге, кандайдыр бир тилектештик кампанияларын өткөрүп жатышат. Ооба, бир бөлүгү биякка кайтып келип жатышат.
Чындыгында маселе мында, батыш дипломунун кабыл алынышы үчүн оор процедураларды баштан өткөрүш керек. Азыр бизде бул процедураны жөнөкөйлөштүргөн мыйзам каралып жатат. Мисалы, парадоксалдуу абал. Бизде Канададан келген украин иштейт. Анын Кембриджден алган PhD доктордук даражасы бар. Бирок украиндик диплому жок. Ал доценттик же академиялык кызматта иштейт. Биздин университет болсо, ал жерде иштегени үчүн дайыма айып пул төлөйт. Башкача айтканда, бизде дипломдорду нострификациялоодо маселе бар. Тилекке каршы, Казакстандагыдай мамлекеттик программалар бизде жок. Биз учурунда кытайлар жасап кеткендей акылдуулук менен жасай албай атабыз. Азыр мунун үстүндө грузиндер активдүү иштеп жатышат. Алардын жаштары жалпы жонунан Батыштан билим алган, алардын бардыгы англис тилдүү.
Жалпысынан алганда, бул мамилелердин болушу, жаштардын дүйнөнү кыдырышы, көрүшү жакшы эле да. Мен чет өлкөгө 28 жашка толгондо чыккам. Мен ошондо эл аралык байланыштар боюнча кандидаттык диссертациямды коргогон болчумун. Ошентсе да, ошого чейин бир да жолу чет өлкөдө болгон эмесмин. Илимдин кандидаты бар болчу жана эл аралык абал боюнча лекция окуучу. Мен баарынан мына бул суроодон коркчумун: акыркы жолу кайсы өлкөдө болдуңуз эле. Студенттер, силер бактылуу адамсыңар, силер үчүн дүйнө ачык, силер баардыгын, мурун атайын сактоочу жайларда жаткандардын баардыгын окуп жатасыңар. Биз бул жөнүндө кыялдана да алчу эмеспиз.
Биздин жаштар, албетте, активдүү. 90-жылдардагы активдүүлүктүн мисалдары бар. Ал жылдары студенттер көркөмдөп айтканда, «чек арадагы ачкачылык» деп аталган ачкачылыкты жарыялашкан. Ошондо студенттер массалык түрдө Майданда, борбордук аянтта ачкачылык жарыялашкан. Бул болсо чоң мааниге ээ болгон. Кызгылт-сары революция учурунда «Студенческая пора» деп аталган өтө эффективдүү кыймыл болгон. Бирок, тилекке каршы, аталган кыймылдын лидери коррупциялашкан адам болуп чыкты, азыр ал «Региондор партиясында» чоң акчалардын үстүндө отурат. Кыймыл кийин чачырап, дезинтеграция болуп кетти. Башкача айтканда, коррупция улуу муундагы адамдарга гана эмес, ошону менен бирге жаштарга да таандык экен. Жаштар жана студенттер каршылык акцияларына активүү түрдө катышып жатат.
Эми революциялар жөнүндө айта кетсек. Кимдердин митингге акча үчүн, кимдердин идея үчүн келип жатканы куралданбаган, жөнөкөй көзгө деле көрүнүп турат. Эгер, мисалы, кимдер желекти көтөрүп турган болсо, ошолордон кайсы партиянын өкүлү болгондугун, ким алардын лидер экендигин сурасаңыз көпчүлүгү жооп бере албайт.
Майдан акча төлөнгөн митинг эмес болчу. Акыйкаттык үчүн айта кетиш керек, кийин ишкерлер палаткалар, жылуулук үчүн акча бере башташты. Бирок, бул акча төлөнгөн митинг эмес болчу. Калган митингдер да төлөнгөн митингдер эмес эле. Андан кийин гана акча төлөнгөн митингдер башталды. Бул ачык көрүнүп турат. Ошондой болсо да, Батыш төлөгөн жок. Жергиликтүү бизнес төлөп жатат. Башкача айтканда, биз мунун качан жасала турганын билебиз.
Трайбализм. Мен айтар элем, бул трайбализм эмес, бул регионализм, ошондой эле, кландык бар. Бизде уруулук бөлүнүү эчак эле жоюлган, бирок кландык бөлүнүш бар. Эгер өкмөттү карасаңыз, бардык күч блогунун Донецк областынан экенин көрөсүз. Ал тургай бизде эгер сен «Региондор партиясында» эмес болсоң, анда сен Донецкте төрөлбөгөнсүң же жашооңдун, эмгек биографияңдын кайсы бир бөлүгүн ал жерде өткөргөн эмессиң деп айтышат. Сага ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышат, сен бөлөксүң. Мындай кландык, тилекке каршы, кызгыл-сарылардын учурунда да бар болчу. Бирок, мен бул жерде туугандык жакындык менен түзүлгөн кландар жөнүндө эмес, аймактык кландарды айтып жатам.
Жылдыз Садыкова: Украинада капиталды амнистия кылуу, люстрация кыймылы боюнча демилге көтөрүлүп жатабы? Эгер болсо, көбүрөөк кимдер тарабынан көтөрүлүп жатат, кайсы жерде колдоочулары бар? Бул өнүгүүнүн кайсы стадиясында турат, ошону менен бирге парламент менен электораттын көз карашы кандай?
Алексей Гарань: Люстрация боюнча. Бул иш-аракет эң башында эле өткөрүлгөн эмес. Балким, мунун обьективдүү себептери болгон, анткени, ошол мезгилде шайлоодон коомунист Кравчук жеңип чыккан. Ошондуктан, люстрация жасоого муктаждык болгон эмес. Андан бери көптөгөн суулар акты, убакыт өттү. Бул теманы көтөрүп жатышат жана булардын ичинде ар түрдүү радикалдуу кыймылдар бар. Бирок, бул багытта реалдуу бир нерселерди жасай аларыбызга көзүм жетпейт. Башкача айтканда, муну жасаш үчүн саясий күчтөрдүн талапка жооп берээрлик жайгашуусу керек. Ошону менен бирге, коомчулукта бул маселенин үстүндө белгилүү бир консенсустун болушу зарыл. Азыр бул нерселер жок, себеби, кызгыл-сарылар дагы, ак-көктөр дагы муну жасагысы келбейт. Себеби да белгилүү.
Капиталдардын амнистиясы. Бул жөнүндө көп айтылып жатат, биз нөлдөн баштайбыз деп айтылууда. Эмне болгон болсо, болду, өттү, эми бардыгы ак ниеттүүлүк менен жашай баштайт. Бул жөнүндө да айтып жатышат, бирок, капиталдын оффшордук зоналарга чыгарылып кетиши дагы эле уланууда. Менимче, эң жаманы, өлкө дагы эле көмүскө схемалар менен жашоону улантып жатат. Президент башка кишилерге жазылган резиденцияда ачыктан ачык көмүскө схема менен жашоодо. Бул жөнүндө бардыгы жазып жатат, бардыгы билет. Ар бир пресс-конференцияда ага бул тууралуу суроо беришет. Бирок, ак да, көк да деген жок. Башкача айтканда, журналисттер коррупция фактыларын жазып жатат, бирок, прокуратадан үн чыкпай жатат.
Тимошенко, Луценко боюнча. Луценкого өзүнүн кызматкерине жеңилдик берди, ошону менен бирге, милиция күнүн мамлекеттин эсебинен майрамдады деген күнөөлөрдү коюп жатышат. Мунун баары, апыртып жаткан жерим жок, ачык болуп жатат. Энергетика министринин жасалма тендер өткөргөнү, 300 миллион доллардын жасалма фирмага кеткени көрсөтүлгөн. Бирок, ал дагы эле иш башында. Эмнеге “РосУкрЭнерго” тобу кармалып турат? Себеби, ал Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Башкача айтканда, алар бир-бирине тийүүдөн коркушат, себеби, ар бирине компромат даярдалып коюлган. Мындай бир саясий термин бар «шантаждуу мамлекет», башкача айтканда, бардыгына компромат бар. Ошондуктан, мамлекет кармалып турат.
Мелис Кенетаев, КТУ «Манас»студенти: Менин оюмча, мамлекетте нормалдуу, стабилдүү абал болушу үчүн, мамлекеттин нормалдуу өнүгүшү үчүн мамлекетти бириктире алган бир лидер керек. Мен сизден президенттин мурунку каталарды жасабашы үчүн кандай иштеши керектиги тууралуу сунуштарды уккум келет.
Алексей Гарань: Бирдиктүү бир лидер маселесичындыгында талаш-тартыш. Бизде Ющенко, Тимошенко, Янукович сыяктуу лидерлер болду. Кийин жаш, энергиялуу Арсений Яценюк пайда болду. Ал принципсиз болсо, да кармалып турат. Менин оюмча, шайлоодо ага премьер-министрлик пост сунушталышы мүмкүн. Азыр анын позициясы жумшак, ошентсе да, ал азыр оппозиционер.
Мен лидерлерден көңүл калуунун болуп жатышында, мүмкүн, кандайдыр бир жакшы нерселердин бар экенин ойлойм. Биз Украинада партияларга, лидерине карап добуш беребиз. Тимошенко жагабы, башка бирөө жагабы, биз аркасында эмне турганын аңдабай туруп добуш беребиз.
Кайрадан эле башкаруунун кайсы формасы реформаларды жүргүзүү үчүн ыңгайлуу экендиги тууралуу суроо турат. Президентикпи же парламентикпи? Борбордук жана Чыгыш Европада изилдөө жүргүзүлдү. Бул изилдөөнүн жыйынтыгына караганда көбүрөөк өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгү парламенттик өлкөлөр. Бирок, бул Борбордук жана Чыгыш Европанын өзгөчөлүгү болушу мүмкүн. Себеби, авторитардык жаңылануу деп аталган мисалдар да бар. Ошол эле «азия жолборстору», же болбосо ошол эле Саак ашвилинин жасап жаткандары.
Украинада бул дагы аргумент. Кызыгы, улутчул-демократиялык спектр дайыма күчтүү президенттик бийлик үчүн чыгып келишкен. Бирок, бул жерде россиялык фактордун таасири бар. Себеби, эгер сизде парламент болсо, сиз оюнчуларга ээ болосуз, ал эми алар менен сүйлөшүүгө болот. Өзгөчө, ал жердеги акчаны эске алуу менен манипуляция да кылсаңыз болот. Буга кошумча компромат. Башкача айтканда, парламентти манипулция кылуу мүмкүн.
Президентке келсек. Ал кандай гана болбосун, эгер өлкөнүн бардыгынын президенти болгусу келсе, өзүн ылайыктуу көрсөтүш керек. Ошол эле Кучма 1994-жылы Россияга ыктаган чакырыктар менен жеңишке жеткен. Кийин орус тилинде «Украина – не Россия» атуу китеп жазды. Ал китебинде Россияга биз эмне үчүн Россия эмес экенибизди, эмне үчүн мамлекеттик тил украинче экенин, эмне үчүн биздин тарых башка экенин жана башкаларды түшүндүргөн. Ошондой эле, Кучма бизге ЕБ менен НАТОго киришибиз керек экенин айтты. Ал ошондо эмнени химия кылганы башка, бирок, багыт анын доорунда берилген. Янукович да Россияга ыктаган чакырыктар менен жеңишке жетти. Россияга көптөгөн жеңилдиктерди берди. Азыр болсо, Россиянын көзүндө ал украин улутчулуна айланды, Россия ага ыраазы эмес.
Жеке өзүм өкмөттүн парламенттик негизде түзүлүшүн колдойм. Башкача айтканда, өкмөт шайлоонун жыйынтыгында түзүлүп, парламенттин алдында жоопкер болуш керек. Парламент – бул каалайсыңбы, каалабайсыңбы, компромисске келиш керек болгон жер.
Аталган ачык лекция Улуттук демократияны колдоо фондунун (NED) көмөгү менен «Маанилүү саясий темаларды коомдук талкуулоону колдоо» долбоорунун алкагында уюштурулду.