Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Тамерлан Ибраимов иммунитет жана индемнитет жөнүндө
12.04.2012
«Конституция депутаттарды бардык жоопкерчиликтен бошото турган кол тийбестикке эмес, индемнитетке ээ кылат», - деп белгиледи Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун директору, юридика илимдеринин кандидаты Тамерлан Ибраимов өзүнүн Коомдук саясат институтуна атайын жазган макаласында.
Жакынкы убактан бери депутаттык кол тийбестик тууралуу көптөгөн талаш-тартыштар болуп келүүдө. Буга акыркы мисал – депутат И. Пирматовго карата козголгон кылмыш иши, анын кол тийбестигин алып салуу жөнүндөгү Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңешке жазган өтүнүчү, парламенттин бул өтүнүчтү канааттандырбоосу жана окуялардын мындай өнүгүшүнө карата колдоо жана колдобоо иретинде келтирилген аргументтер.
Бул макаланын автору жогоруда айтылган конфликттин тигил же бул тарабынын пайдасына аргументтерди издеп табууну көздөбөйт. Макаланын максаты - көптөгөн өлкөлөрдө узак мезгилден бери колдонулуп келе жаткан, бирок, ушуга чейин парламентарийлердин саясий көз карандысыздыгын камсыздап келдиби деген талаштарды туудурган инструмент катары каралган кол тийбестиктин концепциясын жана анын Кыргызстанда тажрыйбада ишке ашырылышын карап чыгуу.
Ал эмне үчүн керек?
Парламентаризмдин өнүгүшү менен иммунитет концепциясы да өнүккөн, ага ылайык депутат элдин өкүлү болуп саналат да, өзүнүн милдеттерин аткарууда, ал бийликтин аткаруу бутагынын кызыкчылыктарына дал келбесе да, өзүнүн оюн эркин билдириши керек.
Маалым болгондой, бийликтин ар кайсы бутактары ар кандай күчкө ээ. Аныктама боюнча, эң күчсүзү болуп сот тармагы эсептелет, анткени, аны эл тандабайт, жана анын өкмөттүкүндөй күчтүү аткаруу аппараты жок.
Парламенттин күчү жалпы элдик шайлоого таянат. Депутат кризистик убактарда дайыма элге кайрылып, ага таяна алат. Бийликтин аткаруу бутагынын күчү анын колунда аткаруу аппаратынын, анын ичинде, күч түзүмдөрүнүн топтолуп турушунда, о.э., бул бутак мамлекеттик бюджеттин аткарылышын да ишке ашырат.
Ошондуктан, бүткүл эл тарабынан шайланган парламенттин депутаттары да өкмөттүн же президенттин алдында жалгыз башына таалуу бойдон калышы мүмкүн.
Ошентип, карама-каршылыктар пайда болгондо, мамлекеттик аппараттын бүт күчүнө ээ болгон аткаруу бийлиги өзүнө жакпаган парламенттин кайсы бир депутатына карата бул күчтү пайдаланышы мүмкүн. Мындай мисалдар аябай көп.
Кыргызстан тарыхында да биз бир канча жолу президент же өкмөт ар кыл шылтоолор менен «ыңгайсыз» депутаттарга карата кылмыш ишин козготконун көрүп келдик. Ал депутаттарды конституциялык деңгээлде киргизилген кол тийбестик гана куткарып кала алган.
Тилекке каршы, азыр да, эки революция жана көрүнүктүү демократиялык өзгөрүүлөрдөн кийин да, депутаттардын ишмердүүлүгүнө нааразы болгон саясий күчтөр аткаруу бийлигинин күчүн «башкача ойлонууга» каршы колдонуп коюшу мүмкүн деген коркунуч жоюла элек. Бул жагынан алып караганда, кол тийбестиктин сакталышы, мурункудай эле, коом жана мамлекет үчүн актуалдуу маселе бойдон калууда.
Балким андан арылуу мезгили келгендир?
Бирок, коомдун ахлак түшүнүктөрүнө кедергисин тийгизген жана мамлекеттин урашына жол ачкан жазасыздыкты жана негизсиз артыкчылыкты эмес, депутаттардын саясий эркиндигин гана камсыздаганда кол тийбестик өзүн актай алат.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына умтулуунун себептеринин бири кылмыш жоопкерчилигине каршы кол тийбестикке жетүү экени учурда эч ким үчүн сыр деле эмес. Бул жерде көбүнчө эл өкүлүнүн саясий ишмердүүлүгүнө болгон камкордук жөнүндө эмес, менчик байлыкты чогултууда кылынган кылмыштардын же кандайдыр бир башка мыйзамсыз иш-аракеттердин жазасынан качуу үчүн колдонулган «мыйзамдуу калкан» жөнүндө гана сөз болот. Бул болсо, адилеттүүлүккө жатпайт жана конституциянын эң негизги принциби – мыйзам алдында бардык жарандын бирдей болуу принцибине карама-каршы келет.
Ушунун айынан депутаттык кол тийбестик коом тарабынан терс көрүнүш жана бийлик тарабынан түзүлүп, ушул эле бийликтин макулдугусуз өтүүгө мүмкүн болбогон тоскоолдук катары кабыл алынат.
Калтыруу, бирок, өзгөртүү
Кол тийбестикти киргизүүнүн башында коюлган аруу максаттар менен бул концепцияны ишке ашырууда келип чыккан терс натыйжанын ортосундагы дал келбестиктен улам пайда болгон карама-каршылыктарды, концепцияны кайра карап чыгып, укуктарды ишке ашыруунун тажрыйбасын өзгөртүү аркылуу жойсо болот.
Укук таануучулардын көбү кол тийбестик институту саясий эркиндикти камсыз кылуунун механизми катары өзүн жакшы тааныта алгандыктан жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ийгиликтүү колдонулуп, жыйынтык берип жаткандыктан, бул институтту такыр эле жоюп салган туура эмес деген пикирде.
Ошол эле мезгилде, кол тийбестик эреже эмес, эрежеден тышкаркы көрүнүш катары каралып, өтө чектелген сандагы кишилерге гана колдонулушу керек.
Анан да, кол тийбестик абсолюттук эмес, чектелген болушу керек. Кол тийбестик бардык жерде, бардык себептер боюнча колдонулбастан, мыйзамда так белгиленген учурларда гана колдонулушу керек.
Мыйзам жагынан бизде бул нерсеге байланыштуу маселе жок. Биз толук кол тийбестик эмес, чектелген кол тийбестик жөнүндө жазылган өзүбүздүн Конституциябызды кунт коюп окуп чыгышыбыз зарыл.
Индемнитет түрүндөгү кол тийбестик
КРнын Конституциясында мындай деп жазылган: «Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу айтылган пикирлери үчүн же Жогорку Кеңештеги берген добуштары үчүн куугунтукка алынбайт.
Өтө оор кылмыш кылгандан сырткаркы учурларды эсепке албаганда, депутат Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн» (72-берененин 1-пункту).
Ошентип, Конституция депутаттарга бардык куугунтуктоолорго каршы кол тийбестикти эмес, индемнитетти гана берет. Парламенттик индемнитет депутатка ой-пикирин айтууда, кызматтык милдеттерин аткарууда эркиндик берет.
Депутат өзүнүн айтылган пикирлери жана берген добуштары үчүн жоопко тартылбашы керек, болбосо, ага дайым саясий, балким, физикалык дагы кысым көрсөтүлмөк.
Ошону менен катар, Жогорку Кеңештин депутаттары, көрүнүп тургандай, бардык иш-аракеттерине карата толук кол тийбестикке ээ эмес.
Бул дээрлик адилеттүү түзүлүш, себеби, биз жогоруда белгилегендей, депутат өзүнүн саясий жана башка көз караштарына карабастан, куугунтуктоодон коркпой өз милдеттерин аткара алат.
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө дал ушундай жол менен укуктук түшүнүк өнүгөт жана ага ылайык укуктар ишке ашырылат.
Мисалы, 1996-жылы эле РФнын Конституциялык соту «депутатты кылмыш жообуна тартып жатканда, ага коюлуп жаткан күнөө анын депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуубу, жокпу, ушуга көңүл буруш керек» деген токтом кабыл алган.
Башкача айтканда, парламент кайсы бир депутаттын кол тийбестигин алып салууга өз макулдугун берүүдө сөзсүз түрдө ал депутаттын ишмердүүлүгү менен ага коюлган күнөөлөрдүн ортосундагы байланыштарды аныктоого көңүл бурат.
Австрияда шарттар такыр башкача. Ал жакта депутатты мыйзам чыгаруу органынын макулдугусуз эле дароо кылмыш жообуна тарта алышат, бирок, ошондо да депутатка коюлган күнөө анын саясий же депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуу болбош керек.
Манипуляциялардын коркунучу
Бирок, биздин конкреттүү шарттарда аткаруу бийлиги, оппозициядагы депутатты куугунтукка алыш үчүн, ойдон чыгарылган шылтоолорду колдонушу мүмкүн деген ыктымалдуулукту да эстен чыгарбаш керек. Тилекке каршы, ойдон чыгарылган жүйөлөр менен кылмыш ишин козгоо бизде азырынча өтө оорго деле турбайт.
Эгер Жогорку Кеңеш депутаттын кылмышка тартылуусунда айкын же жашыруун саясий илинчекти байкаса, анда депутат өзүнө карата кол тийбестиктин колдонулушун талап кылууга толук укугу болушу керек.
Демек, кандай болсо да, депутатты кылмыш жообуна тартуу үчүн макулдукту талап кылуу процедурасы жоюлбашы керек. Ошону менен бирге, парламент кайсы бир депутатка карата кол тийбестикти калтыруу чечимин чыгарганда, ал депутатты кылмыш жообуна тартуу саясий негизде жүрүп жатканын аныктап, көрсөтүп бериши зарыл. Болбосо, Башкы прокуратуранын өтүнүчүн четке кагууга Жогорку Кеңештин моралдык укугу болбошу керек.
Дагы бир маанилүү нерсе бар. Төмөнкү суроого так жооп болуш керек.
Кылмыш жоопкерчилиги качан каралат?
Депутат кол тийбестигинен парламенттин чечими боюнча жана Башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизинде ажыратылат. Тажрыйба көрсөткөндөй, жүйөлүү чечим чыгаруу үчүн парламентке көпчүлүк убакта маалымат жетишсиз болууда.
Чындап эле, прокурор ар тараптуу тергөө жүргүзүп, кишинин күнөөсүн далилдөөчү фактыларды чогултуу максатында гана кол тийбестиктен ажыратуу өтүнүчү менен кайрылат да. Андыктан, прокурор, кайсы бир адамды кылмышка шектүү деп эсептөөгө негиз бар дегени менен, өзүнүн парламентке киргизген өтүнүчүн деталдуу түрдө негиздеп берүү үчүн, ал убакта дагы жетиштүү маалыматка ээ боло элек болушу мүмкүн. Ал үчүн прокурор козголгон кылмыш ишинин алкагында толук териштирүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.
Ошол эле убакта, депутаттар маалыматтын жетишсиздигинин айынан прокурордун өтүнүчүнүн укуктуктуулугунан шектенип, негиздүү түрдө аны четке кагып коюшу да мүмкүн.
Ошентип, туңгуюк абал пайда болот. Кол тийбестиктен ажыратпастан, бардык далилдерди чогултуп, толук териштирүү жүргүзүү өтө оор, далилдердин жетишсиздигинин айынан болсо, парламент кол тийбестиктен ажыратууга макулдугун бере койбойт.
КРнын Конституциясын кунт коюп окуп чыгуу аркылуу бул маселени чечсе болот.
Конституцияда жазылгандай, депутатты кылмыш жообуна тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Ошол эле убакта, Конституцияга ылайык мыйзам алдында бардык адамдар бирдей, демек, айрым адамдардын статусу аларды мыйзамга ылайык жоопко тартууга тоскоол болбошу керек.
Конституцияда колдонулган «кылмыш жоопкерчилиги» деген терминдин так түшүндүрмөсү эч жерде берилген эмес. Баш мыйзамдын өзүндө да, КРнын ЖПКсында да жана башка жерлерде да.
Кылмыш жоопкерчилиги кылмыш иши козголгон маалдан тартып башталабы? Же ал башка этаптарда башталабы? Айтмакчы, бул түшүнүккө мурунку СССРдин башка мамлекеттеринин мыйзамдарында да так түшүндүрмө берилген эмес.
Укук таануучуларда бул боюнча бир канча концептуалдык мамиле бар:
- кылмыш жоопкерчилиги – сот тарабынан белгиленген кылмыш жазасы;
- кылмыш жоопкерчилиги – адамдын кылмыш мыйзамынын талаптарына жооп берүү милдети;
- кылмыш жоопкерчилиги бир тараптан мамлекет, жана экинчи тараптан, кылмыш кылган кишинин ортосундагы кылмыштык-укуктук мамилелер менен бирдей.
Кылмыш жоопкерчилигинин доктринасынын өөрчүбөгөндүгү белгилүү тарыхый учурда мамлекеттин бул суроого болгон позициясына жараша өзгөрө бере турган спекуляцияларга алып келээри түшүнүктүү.
Кылмыш-процессуалдык мыйзамдарга ылайык депутаттын кол тийбестикке ээ болушу иш жүзүндө, мыйзамдарды белгилүү бир нукта чечмелегенде, көрсөтмө берүү милдетинен же деги эле кандайдыр бир жоопкерчиликтен бошотулуу деген мааниге келиши мүмкүн.
Тилекке каршы, биздин укук аткаруу тажрыйбабыз дал ушул нукта өнүгө баштады.
Бирок, КРнын Конституциясы депутаттарга мындай артыкчылыктарды бербейт чынында. Ал эмес, анын ишке ашырылышы мыйзам жана сот алдында бардык жарандар бирдей деген конституциялык принципти бузат. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө жол берилбеш керек.
Кылмыш жоопкерчилиги сот тарабынан белгиленген кылмыш жазасынан башка нерсе эмес деген аныктаманы кабыл ала турган болсок, бардыгы өз ордуна турат.
Окумуштуу юристтердин басымдуу көпчүлүгү кылмыш жоопкерчилигинин дал ушундай чечмеленишин кабылдашат. Ал боюнча иштеп жаткан депутатка карата сотко чейинки толук кандуу тергөөнү жүргүзүүдө Башкы прокуратуранын алдында эч кандай олуттуу тоскоолдук болбошу керек.
Депутат, башка бардык жарандардай эле, мыйзамдын бардык талаптарын аткарышы зарыл. Прокурор тийиштүү бардык тергөө иш-аракеттерин, анын ичинде депутатты суракка алуу ишин да жүргүзө алат жана бул үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун албаса деле болот.
Мындай караганда, кармоо жана камакка алуу аракеттерин гана парламенттин макулдугусуз жүргүзүүгө болбойт, себеби, кылмыш жоопкерчилигине тартуудан мурун мындай чараларды көрүү эл өкүлүнүн саясий ишмердүүлүгүн бир топ чектеп коюшу мүмкүн.
Депутаттын күнөөсүн далилдей турган фактыларды чогултуу жана анализдөөгө байланыштуу бардык башка иш-аракеттерди прокуратура жүргүзө берсе болот.
Кол тийбестиктен ажыратуу үчүн парламенттин макулдугун алуу депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартаарда гана зарыл болот. Бул жоопкерчилик болсо, биз жогоруда белгилегендей, соттук териштирүү этабында, сот ишти ар тараптуу иликтеп бүтүп, өзүнүн чечимин чыгарганда гана башталат.
Ушундай болгондо гана жагдай бүгүнкүгө салыштырмалуу кыйла өзгөрөт.
Бүгүн Башкы прокуратура иликтөөнүн алгачкы этабында эле депутатты кол тийбестиктен ажыратуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылат. Өтүнүч четке кагыла турган болсо, иш токтотулат.
Жаңы шарттарда прокуратура кылмыш ишинин алкагында толук кандуу иликтөө жүргүзүп, андан кийин гана депутатты кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттин макулдугун алууга өзүнүн жүйөлүү аргументтерин Жогорку Кеңешке сунуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Парламент депутатынын коомдук макамын эске алсак, бул маалымат коомчулукка жеткизилсе жакшы болмок. Ушундай болгондо, Башкы прокуратура ойдон чыгарылган шылтоолор менен күнөөсүз бирөөнү айыптоого аракет кылып жатабы, же Жогорку Кеңеш кылмышкерди коргоп жатабы – коомчулук буга объективдүү баа бере алат.
Жыйынтык
КРнын ЖКнин депутаты өзүнүн эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын гарантиясы үчүн кол тийбестикке ээ болушу керек. Бирок, бул кол тийбестик депутатты кылган кылмыштары үчүн жоопко тартууда тоскоолдук жаратпашы абзел. Депутатты кылмыш жообуна тартуу аракеттеринде саясий негиздер бар экенин Жогорку Кеңеш аргументтер менен көрсөтүп бере албаса, ал депутатты кол тийбестигинен ажыратуу үчүн Башкы прокуратуранын киргизген өтүнүчүн четке кагууга моралдык укугу болбойт.
Бир жагынан, аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусунан жана депутатты негизсиз куугунтуктоосунан, жана экинчи жагынан, мыйзам алдында баары бирдей деген принциптин бузулушунан келип чыгышы мүмкүн болгон маселелердин көбүн КРнын Конституциясына ылайык иш жүргүзүү аркылуу чечсе болот.
Бул үчүн:
- Кылмыш жоопкерчилигин ар тараптуу жана калыс соттук териштирүүдөн кийин сот тарабынан белгиленген кылмыш жазасы катары кабыл алыш керек;
- Сотко чейинки териштирүүлөрдү жүргүзүү этабында эле Башкы прокуратура депутатты кол тийбестигинен ажыратуу боюнча парламентке өтүнүч менен кайрылган укук аткаруу тажрыйбасын өзгөртүш керек;
- Укук аткаруу тажрыйбасында, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин макулдугун албастан, иштеп жаткан депутатка карата кылмыш ишинин алкагында тергөө аракеттерин жүргүзсө болоорун көрсөтүп, белгилеш керек;
- Кылмыш ишин сотко өткөрүп берүү этабында гана Башкы прокуратуранын депутатты кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттин макулдугун алуусу тажрыйбага киргизилиши керек; - Парламент жана Башкы прокуратура депутаттык кол тийбестикти алуу же калтыруу маселелерине келгенде деталдуу жүйөлөр менен өзүнүн позициясын негиздеши керек. Бул үчүн эки тарап тең тийиштүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.
Мындай учурда өлкөнүн коомчулугу депутаттын, анын Жогорку Кеңештеги кесиптештеринин, Башкы прокуратуранын иш-аракеттерине ар тараптуу баа берип, конкреттүү адамдар тууралуу, жана жалпысынан алганда мамлекеттик институттардын иштери тууралуу тиешелүү жыйынтыктарды чыгара алат.