Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Тегерек столдун стенограммасы: «Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары»
18.04.2012
10-апрелде Коомдук саясат институтунда «Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары» деген темада тегерек стол талкуусу болуп өттү.
Модератор:Мээрим Шамудинова, Коомдук саясат институту
Спикерлер:
Эрлан Абдылдаев,Британиянын согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) КРдагы өкүлчүлүгүнүн директору Шерадил Бактыгулов,мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Валентин Богатырев,«Перспектива» аналитикалык консорциумунун жетекчиси Игорь Шестаков,саясат талдоочу, «Region.kg» аналитикалык сайтынын башкы редактору
Катышуучулар:
Абдыкадыр уулу Бектур,«Керек.kg» коомдук уюмунун өкүлү Улан Абдрахманов,«Алаш-Ордо» партиясынын өкүлү Алмазбек уулу Адилет,«Алаш-Ордо» партиясынын өкүлү Самарбек Андашев,Ооганчылар уюмунун төрагасы Раннат Айталиева,Кыргыз-Орус Славян университетинин аспиранты Уларбек Бакырдинов,«Алаш-Ордо» партиясынын өкүлү Жеткерген Бикеев,Казакстан Республикасынын КыргызРеспубликасындагы элчилигинин биринчи катчысы Айганыш Ботбаева,көз карандысыз эксперт Улан Джусупов,КРнын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору Павел Дятленко,«Полис-Азия» борборунун эксперти Женишбек кызы Перизат,Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин студенти Айтумар Жээнбекова,Эл аралык мониторинг институтунун Бишкектеги филиалынын кеңешчиси Алия Казбекова,«Керек.kg» коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Ильгиз Качкынбаев,Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Канат Мидин уулу,КМЮАнын студенти, КРнын Интернет-парламентинин өкүлү Бектурсун Молдоканов,КМЮАнын студенти Алтынбек Муралиев,КРнын Президенттик аппаратынын тышкы саясат секторунун жетекчиси Дарика Намасалиева,Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Улан Ногойбаев,«Форсайт» комплекстүү изилдөөлөр фондунун эксперти Эльмира Ногойбаева,«Полис-Азия» борборунун директору Жоомарт Ормонбеков,Борбордук Азия үчүн алдын алуучу дипломатия боюнча регионалдык борбордун улуттук кеңешчиси, БУУ Пшемыслав Озерски,БААУнун окутуучусу Нурпери Рысалиева,Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Улан Рыскелдиев,«Сорос-Кыргызстан»фондунун Байкоочулар кеңешинин төрагасы Марс Сариев,саясат таанучу Адиль Турдукулов, «Прогресс фонду» коомдук фондунун төрагасы Эльмира Хасанова,Новосибирск кардарлар кооперациясынын университетинин студенти Чинара Эсенгул,КУУнун окутуучусу
ММК:
Адылбек кызы Салтанат,5-канал Расул Бахамов,«Экспресс-К» Акмарал Борукеева,НТС Айдай Аманкулова,5-канал Жаныл Купешева,«Кабар» МА Наталья Ли,Чалкан ТV Бермет Маликова,«Вечерний Бишкек» гезити Марина Мирошник,«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-редакциясы Григорий Михайлов,«Regnum» МА Мээрим Нарыкова,Биринчи Радио Евгения Николаева,Polit.kg Чинара Нурсеитова,ЭлТР Асель Омуракунова,АКИpress Евгений Печурин,5-канал Дарья Подольская,«24.kg» МА Нургуль Саматова,КТРК ЛейлаСаралаева,«Associated Press» МА Чынгыз Суванов,Улуттук кабарлар агенттиги Михаил Чумейко,«Кыргыз аналитика жана маалымат агенттиги» коомдук уюму Мадина Шералиева,КырТАГ Диля Юсупова,5-канал Юлия Яценко,ЭлТР
Мээрим Шамудинова Тегерек столдун темасын белгилеп, спикерлерди тааныштырды.
Эрлан Абдылдаев: Урматтуу тегерек столдун катышуучулары, мен өзүмдүн кыска сөзүмдө акыркы 20 жыл ичиндеги кыргыз-кытай кызматташтыгынын айрым аспекттерине жана анын өнүгүү перспективаларына токтолмокчумун.
Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери акыркы эки он жылдыкта, чечилиши көңүлгө төп деңгээлге дагы эле караандабай жатканөз алдынча көз карандысыз мамлекет куруунун көптөгөн ички маселелери менен катар, жаш мамлекеттин тышкы саясаты да өлкө жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп келген. Кыргызстандын бири-бирин кескин өнүккөн окуялардан улам алмаштырган жана көптөгөн принципиалдуу маселелерге ар кандай нукта мамиле кылган үч бийлигинин теңтышкы саясаттагы бардыкжоболору жана стратегияларында, ички окуяларга карабастан, Кытай багыты баары бир өзгөчө, ал түгүл артыкчылыктуу деп мүнөздөөгө да мүмкүн боло турган, орунду ээлеген.
Бул кырдаалды, бир чети, Кытайдын акыркы он жылдыктарда чөлкөмдүк жана дүйнөлүк саясатта ойноп жаткан ролу, жана ошондой эле, өлкөлөр эки тараптуу мамилелеринде дуушар болчу чек ара маселесинен ар кыл тармактагы кызматташтык маселесине чейинки көйгөйлөрдүн бардык түрүнүн кыргыз-кытай мамилелеринде орун алышы шарттаган. Бардык бул маселелерди аталган эки өлкө акыркы 20 жыл ичинде чечүүгө мажбур болгон. Бирок, эгерде Кытай бул жаатта бай тажрыйбага ээ болгон болсо, ал эми Кыргызстан өңдүү чакан өлкө үчүн бул олуттуу чакырык болду. Акыркы 20 жыл ичинде эки тараптуу кызматташтык деңгээлинин, баарына жакшы маалым болгон бир катар себептерден улам, бийиктеген да, төмөндөп кеткен да учурлары болгонун моюнга алыш керек.
Оболу 20 жыл ичиндеги жетишкендиктерге токтолойун. Биринчиден, баштапкы баскычты акырындык менен өз ара ишеним жана өз ара түшүнүшүү, бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу маанайын калыптандыруу аракеттери менен мүнөздөсө болоорун белгилей кетүү зарыл. Натыйжада, кыска мөөнөттүн ичинде, ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарларынын жыйынтыгында дурус келишимдик укуктук база түзүлүп, ал бүгүн жүздөн ашуун документти камтыйт; товар жүгүртүү көлөмү туруктуу темп менен өсүп отуруп, Кытай булактарынын баасы боюнча, 2008-жылдан бери дээрлик тогуз миллиард долларга жетти; дээрлик бардык чөйрөдө кызматташтык башталды.
1996- жана 1999-жылдары чек ара маселелери боюнча келишимдерге кол коюлган. Бул келишимдер Кыргызстанда эле эмес, эки өлкөдө тең ички кайчы пикирлерди жаратса да, эки мамлекеттин кызыкчылыктарына тең жооп берип, эки тараптуу кызматташтыктын пайдубалын бекемдеген. Эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү динамикасы жана, өзгөчө алганда, алардын чек ара маселелеринин чечилиши эки өлкө үчүн, ушуга окшогон кытай-орус чек ара келишимине кол коюлгандан кийинки тапта, “ири келишим” деп аталып жүргөн“Достук, коңшулаштык жана кызматташтык келишимине”2002-жылы июндакол коюуга шарт түзүп берген. Кыргыз Республикасы Россиядан кийинки эле Кытай менен мындай келишим түзгөн экинчи мамлекет болуп калганына көңүлүңүздөрдү буруп кетким келет. Документ жаңы кылымда кытай-кыргыз мамилелеринин келечектүү, эки тарапка тең пайдалуу жана туруктуу өнүгүүсүнүн негизги максат-мүдөөлөрүн, милдеттерин жана багыттарын аныктап, эки өлкөнүн бири-бирине жакшы коңшу, ишенимдүү дос жана мыкты шерик болушу үчүн зарыл болгон бекем саясий пайдубалды түптөп берди.
2004-жылы өлкөлөр 2004-2014-жылдарга эсептелген узак мөөнөттүү соода-экономикалык кызматташтыктын программасына кол коюшкан. Эки тараптуу кызматташтыктын бул эки өзөккү документи тең мезгилдин жана Кыргызстанда 2005- жана 2010-жылдары болуп өткөн өтө кескин окуялардын сыноосуна туруштук бере алды. Эки тараптуу кызматташтык деңгээлинин, белгилүү бир себептерге байланыштуу жалпы төмөндөшүнө карабастан, бул документтер, жок эле дегенде, кесепеттүү натыйжаларды азайтууга, эки өлкөнүн мамилелериндеги башкы жетишкендиктерди жана пайдубалдык түзүлүштөрдү сактап калууга жардам берди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда бардык деңгээлдеги байланыштар өнүгүүсүн улантып жатат – мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын, министрлик жетекчилеринин, аймак башчыларынын ортосунда кызматташтык жүрүүдө. Бул жерде эки тараптуу да, көп тараптуу да мамилелер– эки тараптуу иш сапарлары, биргелешкен эл аралык иш-чаралар - ишке ашырылып жатат. Эки өлкө тең бири-бири үчүн маанилүү маселелерде өз ара колдоо көрсөтүүдө.
Өз кезегинде, Кытай Кыргызстанга өлкөнүн эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана коопсуздугун сактоого жардам берүүдө, улуттук экономикасын өрчүтүүгө кыйла салымын кошууда. Антитеррористтик коалиция күчтөрүнүн «Манас» аэропортунда жайгаштырылышы боюнча да эки тарап башынан эле бири-бирин түшүнүшө алышты жана бири-биринин турумун аныктоо үчүн өз убагында кеңешмелерди өткөрүп турушат.
Акыркы жылдары Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык кызматташтыгынын эң келечектүү багыттары да акырындап аныкталды, алардын негизгилери: унаа жана байланыш инфраструктурасы, отун-кубат, тоо-кен өнөр жайы, аймактар аралык жана чек аралык кызматташтык. Унаа-байланыш чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлор жигердүү түрдө ишке ашырылууда – «Ош – Сары-Таш – Эркечтам» жана «Бишкек – Нарын – Торугарт» канжолдору оңдолууда. Узак мезгилге, он беш жылдан ашуун убакка созулса да, «Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан» темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр да жүрүп жатат.Кытай өкмөтүнүн Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө өлкөлөрүнө берген алгачкы насыяларынын алкагында курулган жана 2008-жылы ишке киргизилген Кызыл-Кыя цемент ишканасынын өнүмү кардардык талапка төп келүүдө.
Тараптар Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болгон жана ошол эле Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында КЭР өкмөтү берчү насыяга негизденип ишке ашырылышы күтүлүп жаткан «Кыргызстандын түштүгүн электр кубаты менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун үстүндө иштеп жатышат. Бул долбоордун жүзөгө ашырылышы, алдын-ала божомолго караганда, Кыргыз Республикасынын отун-кубат коопсуздугун камсыздоо үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берет. Акыркы окуялар бул - өзгөчө олуттуу көйгөй экенин айгинеледи .
Социалдык чөйрөдөгү иш-аракетти алсак, Бишкекте - орто мектепти, Кыргыз Республикасынын Улуттук ооруканасынын жаңы имаратын, Ошто - оорукана куруу өңдүү башка да долбоорлор КЭРдинөкмөтүнүн гранттык каражаттарынын аркасындап жүзөгө ашырылууда.
Маданий-гуманитардык чөйрө да эки тараптуу мамилелердин маанилүү аспекттеринин бири болуп саналат. 2002-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Билим деңгээли жана окумуштуулук даражалары жөнүндөгү документтердин эки тараптуу таанылышы тууралуу макулдашууга кол коюлуп, натыйжада алыскы чет өлкөлөрдүн ичинен Кытай биз менен мындай макулдашууга барган биринчи өлкө болуп калган. Учурда Кыргызстанда кытай тилин, маданиятын үйрөнүү иши популярдуу болуп саналат. Өлкөбүздүн бир топ жогорку окуу жайында кытай тили факультеттери, борборлору ачылып, ийгиликтүү иш жүргүзүп жатат. Ошондой эле, Бишкекте – Бишкек гуманитардык университетинде жана Кыргыз улуттук университетинде - эки Конфуций институтунун ачылганын белгилей кетүү абзел.
Эми эки тараптуу бул кызматташтыктын айрым терс жактарына токтолоюн. 2005- жана 2010-жылдардагыКыргызстандагы ыкчам бийлик алмашуулар менен байланыштуу кескин өнүккөн окуялар, , эки тараптуу кыргыз-кытай мамилелерине таасир этпей койгон жок. Кыргызстандагы кырдаалдын өнүгүшүн, анын ичинде бийликтин жаңы түзүмүн жана жаңы саясий жетекчиликти талдап чыгыш үчүн расмий Бээжин тарабынан белгилүү бир мөөнөткө тыныгуу жасалды. Эки жолку окуяда тең кандайдыр бир деңгээлде саясий ишеним жоголуп, бул жагдай эки тараптуу мамилелердин бардык тармагына залакасын тийгизди. Эң башкысы - бул залака эки өлкө ортосунда соода-экономикалык мамилелерге таасир этти.
АкыркыжылдарыКыргызстандаишкеашырылыпжатканкыргыз-кытайдолбоорлорунегизинен, жогорудабелгиленгендей, Кытайөкмөтүнүнгрантжана насыяларына гананегизденип жүзөгөашырылууда. Тилекке каршы, бул убакыт аралыгында түздөн-түз кытай инвестицияларынын эсебинен бир дагы маанилүү экономикалык долбоор ишке ашырыла элек. Кыргыз-кытай картон-кагаз заводу, электр кубатын Кытайга экспорттоо, о.э. «КЭР – КР –ӨР» темир жолунун курулушу сыяктуу маанилүү долбоорлор кайрадан «кийин ачылчу үкөккө» салынды да калды.
Кийинки учурда Кыргызстандагы кытай компанияларынын ишмердүүлүгүнө, айрыкча, тоо-кен өнөр жайы жаатындагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу көйгөй маселелердин саны көбөйүүдө. Бул жагымсыз жагдайлардын себептери жалпысынан белгилүү эле. Бул, албетте, жумшагыраак айтканда, Кыргызстандын уруксат берүүчү органдарынын туруксуздугу жана айкын эмес иши, ошондой эле алиги компаниялардын өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн айкын эместиги.
Жогоруда белгиленген маселелерге төмөнкү жагдайды да кошууга болот: кытай экспорту кыргыз экспортунан бир нече ондогон эсеге ашып турган шекилде түзүлүп калган кыргыз-кытай товар жүгүртүүсүнүн түзүлүшүнүн өзүн канааттандыраарлык жана туруктуу деп баалоо кыйынга турат. Эки өлкөнүн өкмөтүнүн колдоосуна ылайык кытай базарын сапаттуу кыргыз товарларына ачпаса, бул маселени чечүү мүмкүн эмес.
Андыктан, учурда бул өлкөлөр үчүн саясий чөйрөдөгү эң маанилүү максат - бардык деңгээлдеги, эң оболу эки өлкөнүн биринчи жетекчилеринин деңгээлиндеги эки тараптуу ишенимди калыбына келтирүү болуп саналат. Албетте, бул Кыргызстандагы саясий кырдаалдын турукташуусунан, бардык бийлик бутактарынын турукташуусунан жана бекемделишинен, ички да, сырткы да саясаттын алдын-ала жоромол кылууга мүмкүндүк берген деңгээлде иштелип чыгышынан жана ырааттуу жүзөгө ашырылышынан көз каранды.
Ошону менен катар, кандай болсо да, өз ара ишенимдин толугу менен калыбына келтирилиши жана эки тараптуу мамилелердин жаңы күн тартибинин калыптанышы үчүн белгилүү бир мөөнөт, өз ара иш-аракет, сабырдуулук жана чыдамкайлык керек экени шексиз.
Акыркы он жылдык ичинде дүйнөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болду, Кытай азыр башка өлкө болуп калды, дүйнө азыр Кытайга такыр башкача мамиле кылат, ошондой эле Кыргызстан да, өзгөчө 2005- жана 2010-жылдардагы окуялардан кийин, бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болуп, 10 жыл мурункуга караганда такыр башка мүнөзгө ээ.
Экономика жаатында эки тарап тең төмөнкү көйгөйлүү маселелердин чечилишине көңүл бурса максатка ылайык болоор эле:
- Кытай базарын азыркы жана болочокто өндүрүлө турган кыргыз товарларына дагы да көбүрөөк ачуу аркылуу эки тараптуу товар жүгүртүүнү жакшыртуу; - Кыргызстандын өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн, чыгарылган товарды андан ары КМШ өлкөлөрүнө гана эмес, Кытайдын өзүнө да экспорттоо үчүн, Кытайдын түздөн-түз инвестицияларын тартуу; - унаалык инфраструктураны калыптандыруу иштерин – авто жана темир жол долбоорлорун улантуу; -тейлөө чөйрөсүндө, баарынан мурун, унаалык тейлөөдө , жана эки тараптуу товар жүгүртүү жаатында, тең укуктуу, эки жак үчүн тең пайдалуу шарттарды түзүү; - Кыргызстан түзүлүп жаткан Кашкар Атайын Экономикалык аймагынын логистикалык (ооруктук) түзүлүштөрүнө органикалык түрдө киргизилиши керек жана өзүнүн аймагынан өтүп жаткан товар агымдарынын бөлүштүрүлүшүндө өзүнүн орду болушу зарыл; - экономикалык чөйрөдө, өзгөчө кытай компаниялары тарабынан Кыргызстанда иштетилип жаткан пайдалуу кен байлыктарын казып алуу иштерине байланыштуу түзүлүп жаткан келишимдердин айкындуулугун сактоо.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык тармагынын негизги максаты болуп бири-бирин дагы жакшы түшүнүү, өз ара шектенүүлөрдөн арылуу жана айың кеп болуп айтылып жүргөн уламыштарды жоюу үчүн бири-бири тууралуу билимди тереңдетип-арттырууэсептелет.
Өз кебимди кийинки күндөрү көп эскерилчү болгон Мао Цзедундун сөздөрүн саал башкача түрдө колдонуу менен аяктагым келип турат. Менимче, ал сөздөр азыркы учурдагы мамилелерибиздин өзөгүн чагылдырып турат: «Эки тараптуу кыргыз-кытай мамилелеринин жолу тар жол – тайгак кечүүгө кабылууда, бирок, ошентсе да, анын келечеги жаркын». Көңүл бурганыңыздарга рахмат.
Шерадил Бактыгулов:Сөзүмдүн негизги темасына өтөөрдөн мурун белгилей кетейин: сөзүмдөгү «Батыш» деген термин Түндүк Америка жана Батыш Европа өлкөлөрүн туюндурат.
Батыш өлкөлөрү дүйнөлүк саясаттын жана экономиканын өнүгүү форматын аныктап жатканы бүгүнкү күндүн чындыгы. Кыргызстанга келе турган болсок, биз, алар аныктаган өнүгүү форматына ылайыкташууга аргасызбыз, албетте, буга кантип жетишңң керектиги тууралуу түшүнүгүбүз бар болсо гана. .
Суроонун өзөгү ушунда - деги бизде мындай түшүнүк барбы? Кыскача айтсам, Кыргызстандын тышкы саясаттагы ишмердүүлүгү акыркы 20 жыл бою бийликтеги топтордун жекече пайда табуу кызыкчылыктарынын негизинде курулуп келген, бүгүн да ошонун эле негизинде курулуп жатат. Бул жагдай Батыш өлкөлөрү менен гана эмес, башка өлкөлөр менен болгон мамилелерибизге да мүнөздүү. Мындай тажрыйбанын кесепетинен улам, Кыргызстан сырткы кайрылууларга анча таасынэмес жана ыкшоолонуп жооп узатып жатат.
Биринчи байкоо
Кыргызстандын ар кыл тармактарда, алардын ичинде Батыш өлкөлөрү менен мамиле курууда алдыга түртө турган улуттукартыкчылыктуу багыттары жок экенин белгилөөгө аргасызбыз. Эгер улуттук кызыкчылык болбосо, сүйлөшүүлөрдүн предмети жок болот да, көбүнчө кандайдыр-бир компаниянын пайда табуу максатында соодалашуунун предмети гана болот.
Бул жерде ар түрдүү «салмак категориялары» - Батыш өлкөлөрү жана Кыргызстан жөнүндө кеп болгон жок.
Кеп Кыргызстандын баалуулуктар системасынын жоктугу жөнүндө болуп жатат. Өлкөнүн Канада, АКШ, Улуу Британия, Германия, Франция ж.б. мамлекеттер менен болгон мамилелерине таасир эте алган Кыргызстандын элиталык топтору дагы элетышкы саяяясааатттка карата советтикмамилелердин нормаларын жетекчиликке алып келишет.
Батыш өлкөлөрү алар тарабынан дагы эле капиталисттер тарабынан «туура эмес» жол менен табылган байлыкка марыган капиталист-өлкөлөр катары каралат. Анын үстүнө ар кимиси бул байлыктан өзүнө бир тилим жулуп алгысы келет.
Экинчи байкоо
Биздин саясий элитанын ой жүгүртүүсүнө таасир эткен эки тышкы фактор бар.
Биринчи фактор. Мурунку СССРдин карыздарынын мураскери болгон Россия, советтик тышкы саясаттын мураскери эмес, чынында болушу да керек эмес. Бирок, мурдагы доордогу мамилелердин, б.а., советтик тышкы саясаттын кай бир элементтери бүгүнкү Россия-Америка мамилелеринде сакталып калды, муну бир чети түшүнсө болот: бул мамилелер ракетага каршы коргонуу келишимдерине же өзөктүк куралданууну чектөө, НАТОнун ишмердүүлүгүнө ж.б. маселелерге тийешелүү келишимдерге барып такалат. Башка сөз менен айтканда, Россиянын Батышка карата айтылган «согушчан» сөздөрүн жана чечкиндүү кайрылууларын толук түшүнсө болот.
Кыргызстандын саясий элитасы үчүн дилемма ушул жерден келип чыгат: бир эле убакта Россияны да, Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүн да кантип ыраазы кылыш керек?
Экинчи фактор. Кыргызстан Россиянын маалымат мейкиндигинде орун алган. Бул - бүгүнкү күндүн чындыгы.
Натыйжада бул эки фактор жергиликтүү элитанын Батыш менен болгон мамилелеринин параметрлерин аныктоосуна бир топ таасир этет. Бул таасир коомдун Батыш өлкөлөрүнө болгон турумун калыптандырууда өзгөчө байкалат. “Россиянын Батыш өлкөлөрү менен болгон мамилелери Кыргызстандын тышкы саясатына таасир этүүчү фактор болуп саналат” деген түшүнүк да орун алууда.
Үчүнчү байкоо
Батыш өлкөлөрүнүн Кыргызстан менен чектеш мамлекеттер (Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан) менен болгон мамилелери Кыргызстандын Батышка карата түзүлгөн тышкы саясатына анчейин олуттуу таасирин тийгизбейт.
Төртүнчү байкоо
Тышкы саясат мамлекеттин экономикалык саясатынын уландысы болуп эсептелет. Андыктан төмөнкү көрсөткүчтөр көңүл бурууга арзыйт.
КРнын Экономиканы тескөө министрлиги 2011-жылдын акырында берген билдирүүсү боюнча акыркы 11 жылда эң көп инвестиция Канададан келген – 48 пайыз. Кытайдан инвестициялардын 14 пайызы, Улуу Британиядан 7 пайызы, Германия жана Казакстандан – 5 пайыздан, Швейцария жана Россиядан – 4 пайыздан, АКШдан – 3 пайызы жана башка калган өлкөлөрдөн – инвестициялардын 10 пайызы келет.
Бул көрсөткүчтөр, башкасынан мурун, ар кыл өлкөлөрдүн Кыргызстанга болгон чыныгы кызыгуу деңгээлин көрсөтөт.
Маалымат үчүн: инвестициялардын 53 пайызы кайра иштетүү өндүрүшүнө кетет. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу иштерге инвестициялык каражаттардын 15 пайызы, каржы ишмердүүлүгүнө – 10, соода жана кызмат секторуна – 12 пайызы жумшалат. Унаа, байланыш жана тоо-кен өндүрүшүнө болгону 4 пайыз сарпталып, курулушка жана мейманкана-ресторан иштетүү секторуна бирден пайыз жумшалат.
Биргелешкен долбоорлор тууралуу
Массалык маалымат каражаттарында Борбордук Азия кайсы бир жалгыз өлкөнүн же блоктун артыкчылыктуу укуктар аймагы эмес деген Американын, Батыш Европанын жана Россиянын билдирүүлөрү бир канча жолу маалымдалган .
Бирок, Борбордук Азиянын тургундары, анын ичинде кыргызстандыктар да бул маалыматтык билдирүүлөргө анча ишене беришпейт. Мындай ишенбөөчүлүктүн негизи бар.
Кыргызстанда Батыштын таасири жөнүндө сөз кылып жатып, Батыш Европа өлкөлөрү Кыргызстанга олуттуу түрдө 2010-жылдын апрелиндеги окуялардан кийин гана кызыга баштаганын белгилеп кетиш керек. Ошону менен бирге, кызматташтыктын олуттуу күн тартиби дагы эле түзүлө электигин мондашыбыз керек.Кызматташтык, негизинен, жамаагаттык уюмдардын – Европа Биримдигинин жана ЕККУнуннугу менен жүрүп жатат.
Анан да АКШ администрациясынын «Чоң Борбордук Азия» долбоорун да эстен чыгарбаш керек. Методологиялык жактан бул долбоор Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстанды өз ичине камтыйт. Долбоордун элементтеринин бири болуп Борбордук жана Түштүк Азияны бириктире турган электр кубатынын CASA-1000 (баасы 500 млн. АКШ доллары) долбоору саналат.Электр кубаты Кыргызстан жана Тажикстандан Ооганстан аркылуу Пакистанга жеткирилет. Бул долбоор Тажикстан, Россия, Пакистан жана Ооганстан президенттеринин регулярдуу жолугушууларынын темасына айланды.
Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандын аймактары аркылуу Пакистан портторунан Россияга үч автоунаа жолун куруу боюнча дагы бир долбоор бар.
Бул долбоорлор Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнөтаандык жана аларды АКШнын европалык шериктери колдошу мүмкүн.
Батыш менен болгон мамилелерди түшүнүш үчүн көңүл бура турган экинчи жагдай – Ооганстанды түп-тамыранан кайра түзүүнү улантууга Батыштын даярдыгы. Эгер бул ишке аша турган болсо, Кыргызстан кайрадан Ооганстанды кайра куруу саясатынын чордонунда калат.
Ооганстан жана Кыргызстан жөнүндө сөз кылып жатып, Эл аралык «Манас» аба майданында жайгашкан Транзиттик ташуулар борборун айта кетиш керек. Бул борбор Американын Борбордук Азиядагы жападан жалгыз транзиттик борбору.
Америка менен Тажикстандын ортосунда учактарга кошумча май куюу жана алардын шашылыш конуулары үчүн Тажикстандын аймагын пайдалануу тууралуу келишим бар. 2005-жылы Өзбекстандагы АКШ авиабазасы болсо Анжыян окуяларынан кийин жабылган.
РФнын Коргоо министрлиги Ульяновск шаарындагы аскердик аэродромду берүүгө даяр, ал «АКШ жана НАТОнун Ооганстанга жүк ташуусунда өткөөл түйүн” макамын алмакчы.
2012-жылдын 13-мартында Россия коргоо министри Сердюков мырзанын Госдуманын профилдик комитетине жазган каты жалпыга маалым болду. «Ооган күч структураларынын экстремисттик кысымдарга туруштук берүүгө жөндөмсүздүгүн эске алып, Россия чек арасы аркылуу Ооганстандагы көп өлкөлүк топко согуштук эмес, ооруктук максаттагы жүктөрдү ташуу маселесинде АКШ жана НАТОнун башка өлкөлөрү менен кызматташтыкты улантуу максатка ылайык», - делет анда.
Мындан бешинчи байкоо келип чыгат. Кыргызстандын саясий элиталары Транзиттик ташуулар борбору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, Ооганстан боюнча Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык маселелерин эмес, ижара акысына, Америка учактарына жеткизилчү күйүүчү майдын камсыздалышына жана ал майдын баасына тийешелүү маселелерди талкуулашат. Демек, бул жерде эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин коммерциялашуусу жөнүндө кеп болууда.
Сөзүмдүн бул бөлүгүнөн алтынчы байкоо да келип чыгат. Батыштын жогоруда айтылган кызыкчылык жана максаттары тек Кыргызстанга эмес, жалпы чөлкөмгөда карата багытталган .
Диагностика
Бүгүн Кыргызстан менен Батыштын ортосундагы толук кандуу мамилелер тууралуу сөз кылууга болбойт.
Кыргызстандын кызыкчылыгы, буга жараша тышкы саясаты да коммерциялык мамилелердин алкагында гана каралат. Кыргызстандын ойлонуштурулган саясий, экономикалык жана башка кызыкчылыктары аныкталган эмес.
Батыш өлкөлөрүнөн инвестиция тартуу жана башка ушуга окшогон ишмердүүлүктүн бардыгы Кыргызстандын элиталык топторунун Батышты өздөрүнүн долбоорлорун жана программаларын каржылоо булагы катары кабыл алышкандыктарын көрсөтүүдө.
Кыргызстан элиталык топторунун Батыш өлкөлөрү менен тыгыз байланышта болушуна Батыштын «Силер, кыргызстандыктар, азаматсыңар, бирок, биз үчүн силердин авторитардуу коңшуларыңар дагы да маанилүүрөөк» деген принциби тоскоол болууда. Мындай мамиле биздин саясий элитанын Батыштын «кош стандарттары» бар деген ишенимин бекемдөөдө.
Кыргызстан саясатчыларынын ишмердүүлүгү, алардын коңшуларына салыштырмалуу, Батыш өкмөттөрү жана укук коргоо уюмдары тарабынан дагы эле курч сынга алынып келет. Бул жагдай саясатчыларыбыздын Батышка карата салкын мамиле кылуусунун себептеринин бири болуп саналат.
Ошону менен бирге, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөр тарабынан саясатчыларыбыз дээрлик сынга алынбаганын белгилей кетүү зарыл. Бул көрүнүш бири-бирине катуу каршы турган Кыргызстан саясатчыларынын ишмердүүлүгүнүн тууралыгын тастыктоого жакшы фактор болууда.
Кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү
Кыргызстанда Батыш менен кызматташтык түзүү боюнча бирдиктүү пикирдин жок болушу, Батышта да мындай бирдиктүү пикир жок дегенди билдирбейт. Бүгүн Түндүк Америка жана Европа өлкөлөрү, демократия жана базар экономикасынын теориясына ылайык мамиле кылуу менен, Кыргызстандын жаш мууну менен ийгиликтүү иштешип жатышат. Бул иш-аракет ар кандай билим берүү программалары аркылуу жүргүзүлүп жатат. Булардын санына токтоло турган болсок, алар Россия жана Кытайдын билим берүү программаларына караганда кыйла көбүрөөк. Ошондой эле министрликтер менен мекемелерди колдоо программалары да бар.Адамдар бул программалардын жардамы менен ээ болгон бизнес жүргүзүү жана маалыматты тийиштүү стандартка келтирүү тажрыйбаларын ийгиликтүү пайдаланып жатышат.
Экономикалык ишмердүүлүктүн эрежелерин, коомдук мамилелердин стандарттарын жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн, мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун нормаларын белгилөөгө келгенде анык көйгөйлүү чөйрө башталат. Ар кандай программалардын көптүгүнө карабастан, бул чөйрөлөрдө америкалык-европалык принциптер иштебей калууда.
Маселе алардын «жамандыгында» эмес, маселе биз өзүбүз Батыш өлкөлөрүнүн ресурстарын колдоно билбегенибизде. Бир чети, бул көйгөй бардык постсоветтик өлкөлөргө тийешелүү. Балтика өлкөлөрү жана Грузия гана бул эрежеден тышкары. Бирок, америкалыктар жана европалыктар белгилегендей, чет өлкө ресурстарын пайдалануу жана башкаруу, ал гана эмес кээде манипуляция кылуу жагынан Пакистан эң мыкты өрнөк болуп саналат.
Кыргызстан – Пакистан эмес, Грузия эмес, Литва да эмес. Андыктан, дале болсо өз улуттук кызыкчылыктарды иштеп чыгуу актуалдуу маселе бойдон калууда.
Игорь Шестаков:Мен 15 жыл бою ОРТ, «Интерфакс», «Российская газетада» өз кабарчы болуш иштедим, б.а., дайым Россия-Кыргызстан мамилелеринин чордонунда болуп келдим, андыктан, менин билдирүүм – ал убакта жүргөн жараяндардын жанында болгон жана алар жөнүндө жазып жүргөн адамдын баяндамасына көбүрөөк жакын .
20 жыл сүргөн Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мамилелери, жалпысынан алганда, стабилдүүлүгүн сактап кала алды, бирок бул жерде эң оболу экономикалык чөйрөдө конкреттүү натыйжаларга жетүүгө багытталган дагы да конструктивдүүрөөк өнүгүү жетишпей турат.
Акыркы 20 жыл ичинде Россия Кыргызстанда негизги стратегиялык шерик катары туруктуу бейнеге ээ болду. Россия Федерациясынын стратегиялык мааниси жөнүндөгү сөздөрдү өлкөнүн бардык президенттери туруктуулук менен белгилеп турушту. Шериктештик, бир тараптан, аскердик-саясий жана гуманитардык кызматташтыктын негизинде жана, экинчи тараптан, расмий Бишкектин Россия жетекчилигинин дээрлик бардык интеграциялык демилгелерин колдошунун негизинде өрчүп отурду. Кыргызстан Россия менен бирдиктүү билим берүү жана маалымат мейкиндигин сактап кала алды. Мунун символдорунун бири – 90-жылдардын башында Кыргыз-Орус Славян университетинин ачылышы.
Шерадил айткандай, биз чындап эле Россия менен бир маалымат мейкиндигиндебиз. Россиялык ММКлар акыркы 20 жылда кыргызстандыктардын көпчүлүгү үчүн дүйнөлүк маалымат мейкиндигине ачылган негизги терезе болуп саналат. Кыргызстандык саясий элитасы үчүн дайыма дал ушул Россия ММКларына маани беришкен жана азыр да берип келишет, бул аркылуу алар өздөрүнүн, эң оболу Кыргызстандагы таасирдүүлүгүн жана маанилүүлүгүн көрсөтүүгө умтулушат. 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын алдында оппозиция лидерлери Россиянын медиамейкиндигинде активдүү орун алышып, Москва ал учурлардагы кыргыз бийлигин колдобой турганын Кыргызстан жарандарына көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бүгүн да ошондой көрүнүштөргө күбө болуудабыз.
Расмий мамилелердин интенсивдүүлүгүн 20 жыл ичинде иштелип чыккан жана 200гө жакын ар түрдүү макулдашуулардан турган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык келишимдердин кыйла ири көлөмү да көрсөтүп турат. Бул жараянда өзгөчө маани дайыма аскердик кызматташууга берилип келген. Бул кызматташтыктын көрүнүктүү окуясы катары 2003-жылы Кант шаарында россиялык авиабазанын ачылышы каралат. Россия жана Кыргызстан жетекчилиги бул авиабазаны Россиянын Борбордук Азиядагы эң негизги аскердик объекти деп мүнөздөшкөн. Бирок, ошол эле учурда, кабыл алынган меморандумдардын көпчүлүгү декларациялык гана мүнөзгө ээ болуп, кагаз бетинде гана кала берген. Жакында Бишкекте болгон Россия Тышкы иштер министри Сергей Лавров эки тараптуу келишимдик база кайра карап чыгууга жана реформаланууга муктаж деп белгилегени бекеринен эмес.
Кызматташтыктын соода-экономикалык тарабы кээде баткакка тыгылган унааны элестетет; көбү аны түртүп чыкканга аракет кылып жатканы менен, ал дале болсо тыгылып чыга албай жатат. Кытай менен болгон товар жүгүртүү 6 жыл мурун эле дээрлик 10 миллиард долларга жеткен болсо, Россия менен товар жүгүртүү 1,5 миллиардга да жете элек. Ошону менен катар, Россия бизнеси Кыргызстанда активдүү түрдө ишмердүүлүк кылууга умтулган эмес деп айтууга да болбойт. Эсимде калгандай, 90-жылдарда, Россия тарап биздин мекемелердин мамлекеттик акцияларынын контролдук пакетин алууну каалаганда, чынында бул пакеттер эчак эле бирөөгө берилип, сатылып кеткени айгинеленген учурлар болгон.
Россия инвестицияларынын келишине же коррупция, же мурунку бийлик тарабынан берилген убадалардын аткарылбай калышы тоскоол болгон. Жергиликтүү мекемелерди реанимациялоого аракет кылгандан кийин, россиялык инвесторлорго карата рейдерликтин колдонулушу мыйзамченемдүү көрүнүшкө айланган. Россиялык, кытайлык жана түркиялык бизнесмендерге демилгелүү кызмат адамдарыбыз тарабынан бир эле энергетикалык мекемелер сунушталган учурлар көп кездешкен. Азыркы президентибиз Атамбаев: «Биз Россияны тез-тез алдап турдук» деп бир канча жолу белгилеши бекеринен эмес.
Бүгүн биз ЕврАзЭС программасы боюнча бөлүнө турган 106 миллион доллар көлөмүндөгү насыянын дагы эле республикабызга берилбей жатканын, россиялык тарап Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү маселесинде болушунча этияттык менен мамиле кылып жатканын көрүп жатабыз. Буга өлкөнүн мурунку жетекчилигинин Москвадан көлөмдүү каржылык колдоо алып, берген убадаларын аткарбашы себеп болууда. Биздин кызмат адамдарыбыз, өзгөчө Бакиев тушунда, «бизге насаат окубагыла, андан көрө материалдык жардам бергиле» деген турумда болушкан. Менимче, бул принцип мурунку бийликтин тышкы саясатынын негизги эрежелеринин бири болгон. Мындай мамилелерге, бир жагынан, кыргыз-орус мамилелеринде дайыма кандайдыр бир деңгээлде кыжырданууга себеп болгон «Манас» аэропортундагы АКШ аскердик аба күчтөрүнүн орун алышы да өз таасирин тийгизип келет.
Карапайым калк кыргыз-орус мамилелеринде өтө активдүү оюнчу болуп саналат. Аны сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында россиялык тарап «Дастандын» акцияларынын канча пайызын алаары – 48би же 75пи анча кызыктырбаса керек. Ошол эле учурда кыргызстандыктар үчүн Россияда жумуш табуу мүмкүнчүлүгү өтө маанилүү. Андыктан, Россия менен болгон мамилелердеги түшүнүшүү эмгек мигранттары үчүн маанилүү фактор. Бүгүн, ар кандай маалыматтар боюнча, өлкөбүздүн 700 миңге жакын жараны Россия региондорунда эмгектенет. Акыркы эки жылда 1 млрд. 700 млн. долларды түзгөн мигранттар тарабынан Россиядан банк аркылуу которулган каражаттардын эсебинен учурда өзүнчө үй-бүлөлөр гана эмес, бүтүндөй район жана шаарлар жан багууда. Миграциялык маанайдын жогорку деңгээли түшкөн жери жок, демек, мигранттар, мурункудай эле, Россия Федерациясын өздөрүн негизги жумуш орду катары тандай беришмекчи. Владимир Путиндин рейтингинин стабилдүүлүк гаранты ирээтинде катардагы кыргызстандыктардын арасында жогору болушу да бекеринен эмес. Ошондуктан, бүгүн өлкөнүн тышкы саясий багыты республиканын артыкчылыктуу нуктарынын негизинде аныкталат деп активдүү түрдө белгилеп жаткан Кыргызстандын азыркы жетекчилиги үчүн, бул социалдык аспект негизгикомпонент болуп саналат.
Россия жаңы президенттин тушунда республикабыз менен кандай мамиле курат – бул дагы бир маанилүү компонент. Кыргызстан, жана бүтүндөй Борбордук Азия Россиянын саясаты үчүн маанилүү роль ойнойт, анткени, КМШнын түштүгүндөгү стабилдүүлүк жана коопсуздук Россиядагы бул жараяндар менен түздөн-түз байланышта. Бирок, Россиянын алдыңкы эксперттери Москва азырынча Кыргызстанда жана Борбордук Азияда өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жана приоритеттерин так аныктай албай тургандыгын белгилешүүдө. Балким Владимир Путинтин негизги интеграциялык долбоору – Евразия Биримдигинин түзүлүш менен булар аныкталаар. Бул биримдикти Кыргызстан үчүн экономикалык жана улуттук коопсуздук жагынан коопсуздук жаздыгы катары бааласа болот. Бирок, идеянын ийгиликтүү ишке ашырылышы Москванын дипломатиялык аракеттеринен гана көз каранды болбойт. Кыргызстандын саясий элитасы да, жарандык коому да бул мамлекеттер аралык демилгени колдоп бериши абзел.
Бажы Биримдигинин мисалында көргөнүбүздөй, элитанын бир бөлүгү биримдикке кирүү идеясын анча колдой берген жок, себеби, бул жерде кытай товарларын реэкспорттоого байланыштуу так бизнес-кызыкчылыктар бар эле, андыктан, бул маселе медиа-мейкиндикте гана олуттуу талкууларды жаратпастан, парламентте да кызуу талкууга алынды. Баса, дагы бир мисал: азыр парламентте Россия менен күйүүчү-майлоочу материалдарды алып келүү боюнча келишим бар, ага ылайык «Газпром» бул жаатта монополист болот. Мен бул талкууга күбө болгом, жана көрүнүп тургандай, ал жерде да бизнес-кызыкчылыктар бар, анткени, мындай кадам айрым парламентарийлер тарабынан, биз өз алдынча күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу иштерин жүргүзө албай кала тургандыгыбыздан, улуттук коопсуздукка коркунуч катары бааланууда.
Ошондуктан, бул интеграция идеясынын Кыргызстанда белгилүү бир тобокелдик коркунучтары бар. Баарынан мурун, бул коркунучтар республикабыздын учурдагы саясий элитасы бириге албай, тышкы саясий артыкчылыктуу нактарды аныктоодо айрым учурларда жеке бизнес-кызыкчылыктарын жетекчиликке алышууда, бул кызыкчылыктар болсо көбүнчө кытайлык шериктештерге багытталган. Бул жагынан алып караганда, Россия Бишкек менен мамиле түзүүдө улам күчөп бараткан тышкы саясий атаандаштыктын негизинде саясий жана экономикалык шарттарды эске алууга аргасыз болот.
Валентин Богатырев: Саламатсыздарбы, урматтуу кесиптештер. Менде Кыргызстандын тышкы саясатынын абалына карата дипломаттардыкындай оптимисттик баа жок. Ал эмес, тышкы саясаттагы олуттуу каталардын кесепетинен улам, өлкө бүгүнкү күндө он жыл мурункуга караганда дагы начар абалда калды деп айтканга негиз бар. Эгемендүүлүк деңгээлинин кыйла төмөндөшү, сырткы саясий, экономикалык, маданий факторлордон көз карандылыктын өсүшү оркоюп көрүнүп турат.
Мындай кырдаал президент Бакиев жүргүзгөн тышкы саясий байланыштын мүнөзүнүн айынан өлкөнүн башка өлкөлөр менен болгон мамилелеринин артараптуулук деңгээлинин начарлашынын кесепетинен улам түзүлгөнүн так айтыш керек. Ал сырткы ар тараптуу алакалардын көлөмүн жана спектрин кыскартып гана тим калбастан, аларды таптакыр эле бир тараптуу мүнөзгө ээ кылды. Тышкы саясий ишмердүүлүктүн сапаты дароо төмөндөп кеткен, себеби, бул ишмердүүлүк формалдуу тышкы саясий институттан алынып, үй-бүлөлүк-кландык мейкиндикке көчүрүлгөн.
Өзүнүн геосаясий жана геоэкономикалык потенциалынын негизинде Кыргыз Республикасы тышкы саясаты, сырткы таасир күчтөрүнүн кызыкчылык жана ишмердүүлүгүнө караганда, көбүрөөк өлкөнүн ички көйгөйлөрүнүн негизинде аныкталган мамлекеттердин катарына кирет. Биз башкаларды өзүнө тарткан өтө көлөмдүү ресурстарга, бөтөнчө географиялык абалга ээ эмеспиз. Биз бүгүн, Борбордук Азияга ачылган дарбазалардын бири катары - Кытайдын, жана Россиянын чыныгы кызыкчылыгын туудурган Өзбекстан менен Тажикстандын коңшусу катары - Россиянын гана кызыкчылыгын туудурабыз. Болду. Албетте, мындан тышкары, биз Өзбекстанды, жана башка коңшу мамлекеттерди ички стабилдүүлүгүбүздүн жоктугу менен жана криминал үчүн дээрлик ачык болушубуз менен тынчсыздантабыз. Анан да биз куруп жаткан ички саясий моделибиздин айынан да бардык коңшу мамлекеттерге ыңгайсыз кошунабыз. Болду, болгону ушу. Жигердүү сырткы ишмердүүлүктүн чыныгы объектине айланыш үчүн бул өтө аздык кылат. Биз дал ушуну байкап жатабыз. Бизден жөн гана обочолонуп жатышат, мүмкүнчүлүк болсо чек араларды жаап жатышат.
Андыктан өлкө эгемендүүлүгүнүн көлөмү жана сапаты, дүйнөлүк системада өлкөбүз ээ болгон орун жана аброй сырткы оюнчулардын кызыкчылыктарынын негизинде эмес, өзүбүздө эмне болуп жаткан нерселердин, жана биз сырткы саясатты ички кызыкчылыктар үчүн кандай пайдаланып жатканыбыздын негизинде аныкталат.
Кыргызстандын тышкы саясий турумун жана багытынаныктоону эки баскычка бөлүп караса болот.
Биринчиси – Батышка багытталганы. Өткөн кылымдын 90-жылдарында Кыргызстан тушуккан системалык кризис жана бир социалдык системадан башкасына өтүү муктаждыгы жаралган жагдайда, Батыш менен кызматташуу артыкчылыктарына багыт алуу, ката болсо да, табигый мүнөзгө ээ эле.
Табигый дегеним, постсоветтик абалда дал ушу батыш дүйнө менен кызматташуу аракети эркиндикке, демократияга, жетишкендикке болгон кыймылдын сезимин гана эмес, эски экономикалык системанын кулап, жаңы системанын жок болгон учурундагы шарттарда өлкөгө жан багуу мүмкүнчүлүгүн берген. Эсимде, алгачкы 10 жыл ичинде АКШ өлкөгө миллирдга жакын долларды инвестициялаган. Россия дээрлик эчтеке инвестициялаган эмес. Батышка багыт алуу кайтарымсыз же бир топ жеңил шарттар менен кыйла көп ресурстарга ээ болууга мүмкүндүк берген. Өзүбүздүн башка товарларыбыз болбогондуктан, биз жөн гана демократиялык реформалар менен соода кылганбыз. Албетте, Улуу Жибек Жолу доктринасы тышкы саясий стратегия катары жөн гана аранжировка – мындай стратегиянын дурус аранжировкасы гана болгон.
Анын жаңылыш болгон себеби, биз башынан эле эгемендүүлүктүн өз улуттук негиздерин жана өз улуттук тышкы саясатбыздыы куруу жолун тандап албастан, иш жүзүндө тышкы башкаруунун алдында кыймылдаганды улантып, тышкы багыттоочу күчтү гана алмаштырдык. Мурун бул Москва болуп келсе, эми Вашингтон болуп калган эле.
Өлкө жетекчилигинин саясаты Батыштын бизге болгон жакшы мамилесин негиздеген талаптардын алкагынан чыга баштаары менен, баары өзгөрүп кеткени таң калыштуу деле эмес. Ага чейин бизге мээримин төккөн шериктештердин катаал мамилелеринин тизмеги биздин эсибизде. Акаев мырза да өзүнүн мөөнөттөн мурун бийликтен кетишин уюштурду деп америкалыктарды азыркыга чейин күнөөлүп жүрбөйбү. Чын чынына келгенде, алар биз менен иштешүүгө макул болгон шарттарды аткарбай койгонбуз.
Кыргызстандын тышкы саясатынын экинчи баскычы Россиянын Борбордук Азияга тийешелүү жаңы стратегиясы менен байланыштуу. Болжол менен 2002-2003-жылдардан баштап, Путин президенттикке келип, эки жагын каранып, мунай затка болгон баанын өсүшүнүн таасирин көрсөтө баштаганда, Россия өзүнүн тышкы саясий булчуңдарын калыбына келтире баштаганы маалым болду. Ошондон тартып Борбордук Азия, табигый түрдө кайра анын тышкы саясий кызыкчылыктарынын чөйрөсүнө айланды.
Кайра кайтып келүү стратегиясынын, же Россиянын өзүндө аташкандай, жумшак империализмдин эң эле ыңгайлуу ишке ашырылыш чекити катары, албетте, биздин өлкө каралган.
Дал ушул Бакиев өлкөнүн тышкы саясий багытын өзгөртүп, аны дээрлик советтик мезгилдеги абалына алып барган. Базанын баасы боюнча уятсыз соодалашуулар, америкалык дипломаттардын чыгарылышы – мунун баары тышкы саясаттын Россия тарапка бурулганынын белгилери эле.
Анан Газпромдун киргизилиши жана Камбар-Атанын курулушу тууралуу макулдашуу (1, 450 миллион доллар) менен Москванын көзөмөлүнө ар бир өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн деңгээлин аныктаган негизги тармак – отун-кубат тармагы өткөрүлүп берилген.
Бул жерде бир мыйзамченемдүүлүктү байкаса болот. Туңгуч президент батышчыл болчу, жана Россияга карата айтылган жалындуу сөздөрүнө карабастан, ал АКШ, Европа жана башка мамлекеттер менен дагы да жогорку деңгээлдеги мамилелерди түзүүгө умтулган. Эми ал өзүнүн бийликтен кетишине дал ошол Американы күнөөлүп жатат. Бакиевдин кырдаалы ошондой эле болгон: ал Россияга багыт алган, анан өзү ойлогондой, баары эле түшүнгөндөй, ошол эле Россиянын айынан жапа чекти. Мындан Кыргызстандын тышкы саясатынын принциптери тууралуу үч негизги жыйынтык чыгарууга болот.
Биринчиси: өзүңдөн өтө эле күчтүүлөргө аябай жакындоонун кереги жок. Тышкы саясатта бул нерсе коргоону гана эмес, коркунучту да билдирет.
Экинчи жыйынтык: бир эле нерсеге ишенип, жумуртканын баарын бир эле баштыкка салуунун кереги жок.
Анан үчүнчүсү, эң маанилүү жыйынтык: эл аралык мамилелерде эч кандай достук болбойт. Бул жерде да, жашоонун башка чөйрөлөрүндөгүдөй эле мыйзамдар өкүм сүрөт: күчтүүлөр алсыздарга кысым көрсөтөт.
Тилекке каршы, өлкө жетекчилери жыйырма жылдык тарыхтан начар жыйынтык чыгарып, иллюзиялардан анча кутула албай жүрүшөт.
Акыркы жылдары негизинен россиялык же россиячыл эксперттер тарабынан көп вектордук саясат анча жарамдуу эмес же такыр эле саясаттын жоктугун көрсөтөт деген пикир активдүү түрдө жайылтылып жатат. Бир жагынан, бул айтылгандардын экинчисинде канчалык бир деңгээлде чындык үлүшү бар. Чындап эле, так белгиленген улуттук кызыкчылыктардын жоктугунда көп вектордуулуксөзү мамлекеттин стратегиялык жактан жетилбегендигин жаап-жашырган парда кызматын аткарат .
Бир учурда бир канча отургучка отурууга умтулуу кайгылуу натыйжаларга алып келиши мүмкүн деген да чындык. Күч борборлорунун ортосунда кылтаңдоо чыныгы көп вектордуулукту алмаштыра алган жок жана улам жаңы көз карандылыкты жана милдеттенмелерди жаратып отурду.
Өлкөнүн тышкы саясий стратегиясы кандай негиздер менен аныкталыш керек?
Ал негиздерден бешөө бар.
(1) Тышкы саясий шериктештердин кызыкчылыктарына туура баа берүү жана ал шериктештерге карата өз турумубузду жана саясатыбызды аныктоодо буларды эске алуу.
Россиянын койгон жаңы шарттары эмнеге көпчүлүктүн түшүнбөстүгүн туудурууда? Анткени, биз баарыбыз дагы эле Россияны дос катары карайбыз. Ал бизге доско дос кандай мамиле кылса ошондой мамиле кылышы керек. Бирок бул жерде такыр башка мамиле бар. Ал - эсепчил прагматизм. Алардын айтканы боюнча, эмнеге алар жарым жартылай урап калган бул завод үчүн 186 миллион доллар төлөшү керек, же көзөмөлгө ала албаган соң, Камбар-Ата станцияларынын курулушуна эмнеге каражаттын көбүн бөлүшү керек. Тажикстанда Россия Сангтуда ГЭСинде 75 пайыз акцияга ээ. Ошол эле схеманы алар бул жакта да колдонгусу келет. Бул бизге карата кас мамиленин схемасы эмес, болгону прагматизм гана. А биз болсо дагы эле достук идеологиясына ыктаганыбыздан, биздин оюбузча, алар жаман. Алар болгону өздөрүнүн кызыкчылыктарын көксөгөн жөнөкөй гана адамдар.
Өзбекстан менен болгон мамилелер да дал ушундай. Биз бул мамлекет бизден эмнени каалап жатканына , эмнеге чек аралар көп жылдан бери жабык экенине түшүнбөй жатабыз. Ал жерде конкреттүү бир катар шарттар бар, аларды, жок дегенде бир бөлүгүн, аткарсак, жагдай дароо өзгөрүшү мүмкүн. Биз шериктештердин кызыкчылыктарын өзүбүз элестетип, ошого таянсак болбойт, себеби, көбүнчө булар биздин туура эмес түшүнүүбүздөн, башка өлкөлөрдүн чыныгы кызыкчылыктарын билбегенибизден келип чыккан иллюзиялар гана болууда.
(2) Өз улуттук кызыкчылыктарыбызды так билүү. Бул жерде түбөлүк кызыкчылыктар жөнүндө гана эмес, жагдайга жараша актуалдуу жана маанилүү болгон кызыкчылыктар жөнүндө да кеп болуп жатат. Бул жөнүндө Шерадил айтып өттү: улуттук кызыкчылыктар жөнүндөгү түшүнүк учурда эч кимде жок. Андыктан бир эле нерсеге болгон мамилелер айрым кездерде карама-каршы болууда.
(3) Менимче, эң маанилүүсү – бизде ички коопсуздук, эгемендүүлүктү бекемдөө, өлкөнү өнүктүрүү доктринасы жана аны тышкы саясатка багыттоо долбоору жок. Бул документтер, негизи, ачык түрүндө болбойт, бирок, алар ар бир нормалдуу өлкөдө бар. Бизде мындай документ жок. Бул доктрина кандайдыр бир деңгээлде демократиялуу өлкөнүн улуттук макулдашуусуна негизделип, бардык абройлуу саясий партиялар тарабынан кабыл алынышы керек. Бизде азыр мындай эч нерсе жок. Ошондуктан, биз кайсы өлкө менен кандай мамилелер биздин коопсуздукту бекемдээрин, кайсылары залака келтирээрин жакшы түшүнбөй отурабыз.
(4) Тышкы саясий багыттарды түркүндөтүү, ар кыл деңгээлдеги мамилелерди түзгөн өлкөлөрдүн санын арттыруу. Мындай деңгээлдерди айрыкча аныктап алуу жана деңгээлдер аралык көпүрөлөрдү ишке киргизүү. Биз кайсы өлкөлөр менен мамилелерди дагы да жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек экенин түшүнүп, бул ишти аткарышыбыз керек, азыр муну кылган эч ким жок.
Жана, акыры (5) тышкы саясатка идеологиялык мамиле кылуудан баш тартуу .
Учурда Кыргызстандын тышкы саясаты стратегиялык негиздерде курулбастан, жагдайга жараша жана бүгүн же эртең бийликке келген адамдын маанайына жараша курулганыайгинеленип турат .
Бажы Биримдигине тийешелүү чечим кандайча алынганын мисал катары карап көрөлү.
Кыргызстандын Бажы Биримдигине кириши пайдалуу экенин бир дагы экономикалык анализ тастыктабайт.
Экономикалык жактан алып караганда, маселе кайсынысы бизге пайдалуураак эмес, кайсынысы азыраак пайдасыз: Бажы Биримдигине кирүүбү же анын сыртында калуубу деген суроого барып такалат. Б.а., биз жакшы жана жамандын ортосунда эмес, эки жамандыктын ортосунда тандоо кылып жатабыз.
Толук жана негиздүү салыштырмалуу эсепти эч ким жүргүзгөн эмес. Бул маселеге байланыштуу саясат азыр мындайча түзүлүүдө: кириш керек, бирок, өзүбүз үчүн эң пайдалуу шарттарды коюш керек. Бирок, биринчиден, Россияда эч ким бизди Бажы Биримдигине кошууга ынтызарланып жаткан жери жок. Ал эмес, буга жол бербеш керек деп каршы чыккандардын саны ал жакта көп, анткени, алардын оюнча, биздин кошулушубуз менен Россия үчүн Бажы Биримдигинин тышкы чек араларына байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр жаралат. Бажы Биримдигине карата биздин тышкы чек араны болсо билесиңер, ал аңырайыпачык болуп турат. Бажы Биримдигининалкагында товар жүгүртүү форматына тууралаш үчүн бул чек араны калыбына келтирүүгө кандай күч талап кылынаарын элестетип көргүлө.
Бажы Биримдигине кирүү маселесинин экономикалык гана компоненти болбогон соң, эсептөөлөрдү да жалаң экономикалык натыйжалардын тегерегинде жүргүзбөш керек. Бул маселенин, андан да маанилүүрөөк эгемендүүлүк, өлкө коопсуздугу, улуттук аң сезим ж.б.у.с. жагдайлары бар. Бул жерде өтө татаал суроолор жаралат. Россия же башка ЖККУ боюнча шериктештер тарабына ыктабастан, мамлекетибиз өз алдынча коопсуздук системасын кура алабы? Макул, президентибиздин мамилеси анча болбогон Бордюжаны алмаштырышты дейли. Бул нерсе ЖККУ ичиндеги ролубузду жана ордубузду өзгөртүп жибереби, ЖККУ аркылуу коопсуздугубузду бекемдеп жибере алабы? Канттагы базанын ушул түрүндө турушу ЖККУдагы абалыбызды жана ЖККУ форматындагы коопсуздугубузду анча олуттуу деңгээлде деле бекемдеген жери жок. Эгер биз бул уюмга ишенип жатсак, анда Канттагы базаны чыгарбастан, аны кыйла кеңейтишибиз керек, а эгер кеңейтпесек, Атамбаев туура айтат: анда анын эмне кереги бар?
Экинчи жагынан, эгер ЖККУ өлкөнүн коопсуздугун камсыздай албаса, анда башка кандай механизмдер коопсуздукту камсыздай алат? Биз үчүн өтө кызыктуу суроолор туулат. Негизи эле Кыргызстан үчүн сырткы коркунучтар кайдан келип чыгат? Башкача айтканда, биз сырткы коркунучтарды каяктан көрүп жатканыбызды аныкташыбыз керек.
Бул суроолорго карата так, ойлонуштурулган жана жүйөгө негизделген жооптор жок. Деги жоопторду ким бериши керек: тышкы иштер министрлигиби, парламент комитетиби, президенттин аппаратыбы же Өкмөт аппаратыбы? – бул да түшүнүксүз. Бул үчүн жоопкерчиликти эч ким албайт.
Коргоо кеңеши бул маселелердин айрымдарын гана карайт.
Өз убагында министр Карабаев буга окшогон иштерди аткара турган органды – Акылмандар кеңешин түзүүгө аракет кылган, аны Муратбек Иманалиев башкарып, Роза Отунбаева да анда иштеген.
Коргоо кеңешинин бул жааттагы ишмердүүлүгүн жана ыйгарым укуктарынын көлөмүн кеңейтиш керек, же тышкы саясат боюнча коомдук-мамлекеттик кеңеш түзүш керек окшойт. Албетте, өлкө жетекчилери кимдир-бирөөнүн жардамына кызыкдар болсо...
Тышкы саясаттын өзүнө токтоло турган болсок, ал таптакыр башкача мүнөзгө ээ болушу зарыл.
Мен бүгүн бир канча жыл мурун айткан ойду кайталагым келип турат.
Тышкы саясий багыттардын салттуулугу ыргытууну эч каалабаганыңа карабастан ыргытууга тийиш болгон эски кемселдердин бирине айланууда .
Үч уюлдуу саясий айла-амалдардын аскердик-саясийжыйынтыгында өлкө эки башка, - кандайдыр бир деңгээлде каршылашкан, - аскердик-саясий бирикмелердин куралдуу күчтөрүнүн базаларынын жайына айланды. Кытай базасынын жайгаштырылбагандыгынын бирден-бир себеби - Кытай өзү муну каалаган жок. Базалар жакшы саясий бизнес болгону менен, мындай «экономиканын» саясий оюндардан көз карандылыгы өтө чоң. Анын үстүнө өлкөнүн көз карандысыздыгы шарттуу түшүнүккө айланып баратат.
«Күчтүн үч борборуна кылчактоо» саясатчылардын жана эксперттердин гана эмес, коомдук аң сезимдин да жалпы өңүтүнө айланды.
Бул нерсе «Кыргызстан тагдырынын» күбөлөндүрмөсүбү?
Өтмүшүн айта турган болсок – ооба. Кытай менен коңшулук жана мамилелердин маанилүүлүгү – миң жылдык тарыхтын маселеси, Россия менен – акыркы эки кылымдын тарыхынын, АКШ менен болсо – Кыргыз Республикасынын жаңы эгемендүүлүк тарыхынын маселеси.
Бирок, ошол эле тарых тастыктагандай, үч тараптуу багыт алуу кыргыздар үчүн көптөгөн көйгөйлөрдүн булагы болуп саналат. Булардын эң маанилүүлөрү – тилдик, маданий жоготуулар, экологиялык көйгөйлөр, ички саясий талаанын тышкы таасирлерге карата өтө сезгичтиги, өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнүн азайышы.
Бирок, эң эле жагымсызы – бизди силер ким мененсиңер деп дайым кыйнашып, майда маселелерге келгенде да субъективдүү жан далбасалык тандоо кылганга мажбурлашат. Митингге барсаң – сен америкалыктар мененсиң, балаңды орус мектебине берсең – Россия тыңчысысың, темир жол салсаң – Кытайдын демографиялык экспансиясына салым кошкон болосуң ж.б.у.с. чексиз айыптоолорго кабыласың. Көрүнүктүү мисал: өткөн жылдагы Ливия резолюциясы боюнча добуш берүү. Биздин бийлик оор абалда калган. Россия каршы болгонсуп, бизден да каршы добуш берүүнү талап кылгансыган, бирок, алар да өздөрү бийликти ушундай жол менен кулатышкан да, анан алар кантип Ливия боюнча Батыштын резолюциясына каршы добуш бере алышат, ошентип, биздин бийлик Батыш резолюциясы үчүн добуш берген. Натыйжада Россия менен мамилелер солгундады. Бул кырдаалда Россияга же башка бирөөгө ушундай керек болгон үчүн эмес, дал өзүң каалагандай кадамга бара алган жөн гана кыргыз болгуң келет.
Салттуу күч борборлору - Россия, АКШ, Кытайга багыт алуу – бул тирешүүгө бет алдырчу парадигма. Бул тирешүү тышкы саясатта да, ички саясатта да, социалдык-маданий тармакта да жаралат.
Бул көйгөй үч бурчтуктан чыгуу аркылуу чечилиши керек.
Муну жүзөгө ашыруу үчүн эски мейкиндик менен байланышы жок жаңы векторлор мейкиндигин түзүү зарыл.
Кыргызстан үчүн, деги эле бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмү үчүн, мындай жаңы векторлор мейкиндиги башка үчилтикти: Европа (эң оболу - Германия) – Индия – Жапония үчилтиги менен мамилелерди өркүндөтүү аркылуу түзсө болот.
Бул өлкөлөр бүгүн дүйнөлүк жаңы борборлорду түзүүгө далалат кылууда, же болбосо булардын, жок дегенде, дүйнөдөгү саясатты аныктай турган алдыңкы дүйнөлүк ири мамлекеттердин (дөөлөттөрдүн) катарына кирүүгө кыйла мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргызстан үчүн, эски үчилтикке кошумчалап, бул жаңы үчилтикке карай багыт алуу салттуу күч борборлорунун өз ара атаандаштыгынын каршылыгын жаратып, көбүрөөк эркиндик берет.
Бул үчилтиктин өтө маанилүү өзгөчөлүгү – салттуу үчилтиктен айырмаланып, идеологиялаштырылбаган режимдерди кургандыгында. Эгер биз белгилүү бир мөөнөт ичинде бул үчилтик менен болгон мамилелерди, азыр Кытай, Россия жана АКШ менен болгон мамилелерибиздин деңгээлине чыгара алсак, анда Кыргызстан өнүгүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болоор эле.
Бул өлкөлөр менен кызматташуу аркылуу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн менталитетине көбүрөөк туура келгенсоциалдык уюштуруу жана натыйжалуу башкаруу ыкмаларына жол ачылмак.
Анан, акырында, эң жогорку технологияларга, анын ичинде заттык гана эмес, маалыматтык да, маданий да технологияларга ээ өлкөлөр жөнүндө сөз кылайын.
Бул өлкөлөрдүн Кыргызстанга, Борбордук Азияга карата кызыкчылыгынын өсүшү кызматташтыктын, жылуу мамилелердин жана ыктоолордун пайдасы эки тарапта тең тийерин болжолдоого негиз берет.
Эгер биз жакынкы беш жылдык ичинде бул үчилтик менен болгон мамилелерди азыр Кытай, Россия жана АКШ менен болгон мамилелерибиздин деңгээлине чыгара алсак, анда Кыргызстан өнүгүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болоор эле. Бул нерсе биздин салттуу «стратегиялык шериктештер» менен болгон мамилелерибиздин өнүгүшүнө түрткү берээрин далилдеп деле кереги жок го дейм. Бирок, бул мамилелер башкача, жаңы мамилелерге айланышы керек.
Бүт өлкөлөр менен болгон бардык мамилелер белгилүү маселелердин же азыркыга чейин калыптанып калган тарыхый уламыштардын негизинде эмес, төмөнкү кызыкчылыктардын негизинде курулушу зарыл:
- аскердик-саясий жана кылмыштуу -террористтик коркунучтан коопсуздукту камсыз кылуу; - туруктуу жана нормалдуу жашоо шарттарын камсыздоо; - өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү; - маданий сабырдуулукту камсыздоо.
Анан да биз мамилелердин жаңы түрүнө өтүшүбүз керек, биринчи кезекте жогорку деңгээлдеги мамилелер түзүлгөн өлкөлөр менен айрым маселелер боюнча кабыл алынган саналуу макулдашуулардын ордуна эки тараптуу узак мөөнөттүү стратегияларды түзүү абзел.
Бул нерсе, биринчи кезекте коңшу өлкөлөргө, ошондой эле Россия, Европа Биримдигине, АКШга, Түркияга, Түркмөнстанга, Жапонияга, Индияга, Пакистанга, Иранга, араб дүйнөсүнүн өлкөлөрүнө тийешелүү.
Ошондуктан, президент Атамбаевдин кылгандарын, эгер алар ойлонуштурулган тышкы саясий пландын компоненттери болсо, колдосо болоор эле. Азырынча, эмоциялардын көлөмүнүн чоңдугун жана реалдуу мазмундун жоктугун эске алсак, бул жерде стратегия жөнүндө эмес, көбүрөөк улуттук өздүк сезимдин калыптануусу жөнүндө кеп болуп жатканын көрөбүз. Бул да жакшы нерсе, бирок, бул нерсенин олуттуу тышкы саясатка өтө аз тийешеси бар жана ал, тескерисинче, , жаңы көйгөйлөрдү жаратпаса эле болду.
Канат Мидин уулу: Саламатсыздарбы, урматтуу Тегерек столдун катышуучулары. Бул жерде бүгүнкү күндө Кыргызстандын “улуттук кызыкчылык” деген так аныктамасы жок деп айтылбадыбы. Андай болсо, өлкөнүн тышкы саясаты кандай жүргүзүлүшү мүмкүн? Жана бул түшүнүк пайда болуш үчүн, аны калыптандыруу үчүн эмне кылыш керек?
Валентин Богатырев: Кыргызстанда чындап эле Кыргызстанды өлкө катары кароо түшүнүгү жок, бирок, бул нерсе Атамбаевде бар. Президент же башка бирөө улуттук кызыкчылык деген түшүнүккө ээ, жана ал өзүнүн түшүнүктөрүнүн негизинде иш кылат. Алардын легитимдүүлүк деңгээли канчалык, алар өлкөнүн чыныгы кызыкчылыктарына канчалык деңгээлде төп келет, аны эч ким билбейт.
Талашка келели. Мисалы, бирөөлөр айтат: «Эмнеге ал Россияга мынчалык каршы чыгып жатат, бул нерсе бизге жакшылык алып келбейт». Коомдо адамдардын айрым бир тобу бар, Россия менен урушпаш керек, Россия менен айлакерленип мамиле кылыш керек деген пикир бар, мына ушул адамдардын ою боюнча, Атамбаев туура эмес иш кылып жатат. Башка бир топтун ою боюнча, биз Россиядан көз карандысыз саясат жүргүзүшүбүз керек , алардын пикиринде - Атамбаев азамат, ал биринчи болуп ушуларды айтты. Демек, Атамбаевдин кылгандары улуттук кызыкчылыкка туура келеби деген суроо боюнча коомдук консенсус жок.
Бул тема, биринчи кезекте, элитанын талкуусунун, экинчи кезекте саясий түзүлүштөрдүн саясий келишимдеринин, үчүнчү кезекте, белгилүү бир мамлекеттик документтерде катталуунун объектиси болушу керек, бул тема ушул иш-аракеттер кантип кылынат деген татаал суроолордун татаал жыйындысы.
Чинара Эсенгул: Валентин Борисович, сиз айткан жыйынтыктоочу тезистериңерге: жаңы векторлор керек, узак мөөнөттүү мамилелер керек, кандайдыр бир деңгээлде стратегиялуулук керек деп айткандарыңызга байланыштуу суроом бар.
Бир караганда, мага бул жерде кандайдыр бир карама-каршылык бардай сезилди, анткени, ошол эле Индия, Жапония же Европанын АКШга байланыштуу өздөрүнүн күн тартиптери бар экенин эске алып, Кыргызстан өзүнүн күн тартибин жана шериктештерин кантип жаңылай алат? Ушул моменттердин айкалышын ачыгыраак айтып бере аласызбы?
Валентин Богатырев: Эгер өлкөбүздүн ошол Россия менен болгон мамилелеринин мүнөзүн талдай турган болсоңуз, тегерегинде такай кармаш жүргөн 2-3 түйүн бар: отун-кубат , база…айтсаңыз, америкалыктар азыр бул жерден кетип, орустар бүт энергетиканы жана башка алар берүүнү каалагандарды берди дейли, андан ары эмне болот? Бул нерсе Кыргызстандын өнүгүшүнө кандай таасирин тийгизет? Муну эч ким биле албайт, себеби, Кыргызстан-Россия мамилелеринде такыр эле стратегиялык компоненттер жок, алардын баары кай бир талаш маселелердин тегерегиндеги талкууларга барып такалат, т.а., өнүгүүнүн узак мөөнөттүү программаларына негизделген эмес.
Россия менен мамилелерди өркүндөтүүнүн, мисалы, стратегиялык программасы Өзбекстан, же Казакстан, же АКШ же дагы башка өлкө менен мамилелерди өркүндөтүү программаларынын ичиндеги стратегиялык программаларына туура эле келет. Мен бул жерде эч кандай карама-каршылыкты көрбөйм. Ал гана эмес, бул программалар биздин мамилелерди саясатташтырылган мейкиндиктен сууруп, чыныгы кызматташуунун реалдуу программаларынын мейкиндигине жеткизет. Менимче, бул - кырдаалдан чыгуунун ылайыктуу жолу болмок. Ал эми биз күтүүсүздөн чыккан, кээде болсо же Кыргызстандагы, же Россиядагы, же АКШдагы айрым топтордун аракеттери менен чыгарылган учурлар боюнча талашканда, бул көйгөй ошондо жаралат.
Ошол эле америкалык базаны алалы, сиздин оюңузча, ал Россияда бирөөгө тоскоолдук жаратып жатабы? Ал болгону алардын АКШ менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнүн бир бучкагы гана. Негизи, бул институттун негиздөөчүсү айткандай, америкалык база маселеси бар жана ал бул жакта чечилбейт. Чынында бул биздин ишибиз эмес, алар өз ара макулдашып, биз жок эле чечим чыгарышат. Алар эмнени талкууламак эле, Блэйк туура айткан: «Америкалык база маселесин азыр талкуулаганда эмне, 2014-жыл келсин, анан көрө жатаарбыз».
Лейла Саралаева: Акыркы убакта маалыматтык согуш жүрүүдө, ал согуш да тышкы оюнчулардын Кыргызстандагы кырдаалга болгон кызыкчылыгын көрсөтүүдө. Ар бир баяндамачыга суроо узатат элем: силердин оюңар боюнча, Кыргызстандагы туруксуздук тышкы оюнчулардын кимисине пайдалуу, жана эмне үчүн?
Валентин Богатырев: Баарына пайдалуу, анткени, өлкөдө канчалык туруксуздук өкүм сүрсө, ал өлкө менен сүйлөшүү жана өз шарттарын койуу ошончолук оңой. Алар муну атайын кылышкан деле жок, чынында биз өзүбүз кылып жатабыз, эч ким кырдаалды курчуткан жок. Бирок, кырдаал туруксуз болсо, бул баарына пайдалуу. Болгону Казакстан эле көбүрөөк жабыр тартууда, биз бул өлкөнүн ичкерисиндеги жигиттерге жаман үлгү көрсөтүп жатабыз.
Шерадил Бактыгулов: Мен Валентин Борисович айткан ойду колдойм. Чын эле, бул баарына пайдалуу. Башкаруу жагынан алып караганда да, мамлекет канчалык мажүрөө болсо, аны менен сүйлөшүү ошончолук оңоюраак.
Мисалы, Россиянын Кыргызстан аймагындагы бир катар ишканаларды алуу дооматтарына кайра токтололу. Бул жерде эмне сатып алынат деген кеп жок, бул ишканалар тышкы карыздын бир бөлүгүн жоюунун эсебинен өткөрүлүп берилсин делип жатат . Негизи, Кыргызстанга башка эч ким мындай дооматтарды койгон эмес.
Же, мисалы, Кытай насыялары жөнүндө айтылбадыбы. Чынында жакшы насыялар, бирок, геометриялык прогрессия менен өсүп жаткан насыя бар экенин көбү билбейт, б.а., бул акчалар картон чыгаруу ишканасын курууга бөлүнгөн, акча короп кеткен, мен ким кандай эсептегенин билбейм, бирок бүгүнкү күндө он жыл ичинде төлөнчү үстөк 600 миллион долларга чыккан .
Бул жагынан алып караганда, кептин баары биздин начардыгыбызда эмес, болгону мындай жагдай түзүлүп калган: чечим чыгарган адамдардын көпчүлүгү өздөрүнүн кыска мөөнөттүү кызыкчылыктарын гана көздөшөт. Ошондо анан мындай демилгелердин артында ким турганы: АКШбы, Кытайбы, Казакстанбы же башкасыбы, анча маанилүү болбой калат. Башка сөз менен айтканда, ар бир өлкөнүн өз кызыкчылыктары бар, жана ар бири ошол кызыкчылыктардын негизинде иш алып барат. Бирок, маселенин баары алардын кызыкчылыктарынын бар экендигинде эмес, биздин кызыкчылыктарыбыздын жоктугунда болуп жатпайбы: биз ал мүмкүнчүлүктөрдү кантип пайдаланышты, эмне жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүнү билбейбиз. Маселенин баары мына ушунда.
Эрлан Абдылдаев: Мен буга чейин сүйлөгөн эки баяндамачыны колдойм. Чындап эле, баарынан мурун, биз туруктуулукка кызыкдар болушубуз зарыл, ошондо анан такыр башкача күн тартиби түзүлөт, ошондо бизде, Валентин Борисович айткандай, өз кызыкчылыктарыбызды, шериктештерибиздин кызыкчылыктарын эске алуу пайда болот.
Чын эле, бизде туура эмес түшүнүк бар, кээде биз шериктештерибиздин кызыкчылыктарын түшүнбөйбүз, же аларды көрбөгөнгө далаалат кылабыз, же бир нерселерди ойдон чыгарып, алардын ордуна ойлонуп, өзүбүздүн кыялыбыздагы көбүртүп-жабыртылган уламыштардын тузагында жүрөбүз.
Бул жерде мен, жакындагы Монголия президентинин иш сапарына кайрылып, балким, чындап эле, биз бул өлкөнүн тышкы саясат жүргүзүү жаатындагы тажрыйбасына көңүл бурсак жакшы болмок эле деп айтаар элем. Монголия алгач өлкөнүн мамлекеттик коопсуздугун камсыздоо боюнча кандайдыр бир документти иштеп чыккан, анан ошонун негизинде «үчүнчү коңшунун концепциясы» деп аталган тышкы саясий концепция иштелип чыккан.
Монголия көптөгөн маселелер боюнча өз кызыкчылыктарына багытталган өз чечимин кабыл алууга шарт түзгөн тышкы саясий концепцияны иштеп чыга алды. Мунун көрсөткүчү катары жөнөкөй мисал келтирейин, бир канча жыл ичинде Монголияны ШКУнун толук кандуу мүчөсү болууга чакырышууда. Бул ШКУнун мүмкүн болгон эң эле зыянсыз кеңейиши. Бирок, башка байкоочу өлкөлөр бул уюмга кирүүгө аракет кылып кире албай жатышса, Монголия болсо өз алдынча эле азырынча ШКУга толук кандуу мүчө болбой туруу чечимин чыгарды, анткени, Монголия бул уюмга кирсе эгемендүүлүгү кандайдыр бир деңгээлде чектелээрин, кандайдыр бир кызыкчылыктар кысым кылаарын түшүнүп жатат.
Ошондуктан, «үчүнчү коңшу концепциясына ылайык», Монголия бийлиги өлкөнүн кызыкчылыктарын жетекчиликке алып, өздөрү тышкы саясий артыкчылыктуу багыттарын аныкташат, жана алардын кызыкчылыгын туудурган бардык өлкөнү өзүнүн коңшусунун макамына чыгарат, себеби, коңшу менен болгон мамилелер өтө жакын жана узак мөөнөттүү да. Андыктан, тегерегинде көп сөз жүргөн биздин концепцияны «бешинчи коңшу концепциясы» деп атаса болоор эле.
Игорь Шестаков: Кыскача айтсам, менин оюмча, туруксуздук мурунку эки президент үчүн пайдалуу, алар кандайдыр бир жол менен кайтып келип Кыргызстанда калуу мүмкүнчүлүгүн издешүүдө. Азырынча бул жерде сөз боло элек бир нерсеге токтолоюн: эсиңерде болсо, Югославиянын бөлүнүшү баңги заттарынын Балкан маршрутунун пайда болушуна алып келген. Менимче, бизде болуп жаткан туруксуздук жана чаржайыттык баңги зат менен алектенген дүйнөлүк топтор үчүн да пайдалуу. Пикиримде, тышкы саясатка байланыштуу сөз болгондо бул нерсени да эстен чыгарбаш керек.
Валентин Богатырев: Баңги зат ишмердүүлүгү да, башка бизнестердей, болгондо да өтө кирешелүү бизнестердей эле, баш-аламандыкты эмес, тартипти талап кылат. Баңги зат ишмердүүлүгү бөтөнчө тартип орногон өлкөлөрдү тандаганы - башка маселе.
Уларбек Бакырдинов: биз тышкы саясатыбызды өзүбүз аныктап, жолубузду өз алдынча тандасак болбойбу?
Учурда Түркия Кыргызстанга келип жатканы маалым эмеспи.
Шерадил Бактыгулов: Мен кайра эле улуттук кызыкчылыктардан баштайын. Биз, чынында, бүгүнкү күнү пайда болгон кырдаалды белгилеп айттык. Ал гана түгүл, мен мындайча айтаар элем: биз бүгүн ири өлкөлөрдүн геосаясий оюндарынын бутасына айландык. Негизи, биздин баяндамаларыбызды талдай турган болсоңор, корутунду чыгарганда мен да, менин кесиптештерим да кантип учурдагы кырдаалдан чыгып, кийинки деңгээлге көтөрүлсө болот деген сунуштарды бердик.
Негизи, баалуулуктар эбак эле калыптанган, бирок, бул жерде эмес, биз тараптан эмес. Ошентсе да алар универсалдуу жана өтө жөнөкөй формула менен туюнтулган: эл жашап, көбөйүп турушу керек. Ушундан Валентин Борисович сөз кылган ички коопсуздук, эгемендүүлүктү бекемдөө доктринасы келип чыгат да, ага ылайык мамлекет болушу , анын ичинде калайыгы болушу керек. Чын эле, ушул багытта иштеш керек. Менимче, параметрлер жана принциптер Валентин Борисовичтин баяндамасында жакшы сүрөттөлдү.
Түркияга келсек. Бул өтө чоң маселе. Мен ал жакта Анкарадагы Коомдук саясат институтунда жарым жыл окугам. Бул жерде дароо жооп берүүгө болбойт. Биз мында бир, жалгыз «улуу аганы» тандап жатабыз деген сөз жок болгон жери жок.
Биз өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды башкарганды үйрөнүшүбүз керек. Алардын да өз кызыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү бар экенин эске алып, биздин кызыкчылыктарыбызды эсепке алып, соодалашуу эмес, диалог жүргүзүшүбүз зарыл: базаны ишке киргизсек – бир нерсе беребиз, базаны иштетсек, демек, ал биргелешкен кыргыз-орус мекемесине кызмат кылат ж.б.у.с. сооданын кереги жок. Башкача айтканда, бул жерде өлкөнүн кызыкчылыктары көздөлгөн жок. Бул бизге эмне берет? Коопсуздукту камсыздайт, коопсуздукту бекемдейт, канчалаган жумуш ордун түзөт. Түз төлөмдөрдү көбөйтүбүз деп убада берип жатышканы түшүнүктүү, бирок, бул жардам тикелей эмес нукта өнүгүү программаларына, б.а., донордук каражаттарга ж.б. камтылат.
Бул жерде байкаш керек. Биз, мисалы, көптөгөн өлкө бар деп жатабыз, бирок, ар бир өлкө өзүнүн максатына жараша иш кылат. Россия, мисал үчүн, Кыргызстанда гана иштөөнү каалабайт. Булар - мурунку чекисттик цехтер, ички иштер министрликтери боюнча кесиптештер, элестүү айтканда, күч органдарына басым кылышат. Демек, алар биз менен биргелешкен окуулар, даярдык программаларынын жана ФКК (ФСБ) академиясынын алкагында кызматташышат.
Америкалыктар жана европалыктар болсо, маалым болгондой, жарандык коомдук уюмдар менен иштешет. Билим берүү долбоорлору ж.б.у.с. да буга камтылган.
Кытайды алсак, ал кичи жана орто бизнес чөйрөсүндө иш алып барат.
Башкача айтканда, ар бир өлкөнүн өзүнүн тийишүү чекиттери бар. Түркия да ошондой. Ал кичи жана орто бизнести колдойт.
Эгер биздин өз кызыкчылыктарыбыз болбосо, бул кызыкчылыктарды биздин ордубузга башкалар сунуштап жана калыптандырып турушат.
Адиль Турдукулов: 7-апрелден кийин өлкөдө өзгөрүүлөр болду, жаңы Конституция кабыл алынды, бирок, тышкы саясат системасынын жана ар бир бийлик институтунун тышкы саясаттын аныкталышындагы жана жүргүзүлүшүндөгү ролу белгиленген эмес. Бул айтылгандар Өкмөт аппаратына, Президенттин аппаратына, Жогорку Кеңешке, өлкөнүн тышкы саясат мекемесине тийешелүү. Бакиевдин учурунда тышкы саясатты жүргүзүүдөгү негизги роль Тышкы иштер министрлигине берилген, жана ал түздөн-түз президентке баш ийген. Валентин Борисович Акылмандар кеңешинин ролу жөнүндө сөз кылып өттү, мындан тышкары байкоочулар кеңеши да бар.
Сиздин көз карашыңызча , Кыргызстандын тышкы саясий системасы кандай болуп курулушу керек? Ар бир мекеменин ролу эмнеде?
Эрлан Абдылдаев: Менде даяр жооп жок, бирок, мен сиз айткандардын негизинде жооп узатайын. Конституцияда жазылган боюнча тышкы саясатты өкмөт жүргүзөт . Чынында, ички жана тышкы саясаттын багытын ким аныктаары тууралуу жобо жазылган эмес. Ошондон улам ар кандай талаштар чыгууда. Биз ички саясат тууралуу сөз кылбай туралы, бирок, тышкы саясатта мындай көйгөй бар.
Жалпысынан алганда, Валентин Борисович айткандай, биз кайсы бир документтерде жазылган кандайдыр бир макулдашылган түшүнүккө келишибиз керек. Балким бул бардык саясий партиялар, күчтөр кандайдыр бир биримдикке келе турган коопсуздук концепциясы, тышкы саясат концепциясы болоор.
Конституциялык жобонун өзүнө келсек, кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизмейин болбойт окшойт. Бирок, Конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө болбостугун эске алып, түшүнгөнүм боюнча, белгилүү бир конституциялык мыйзамдардын долбоорлору даярдалып жатат окшойт. Ал жерде булар, убактылуу мөөнөт үчүн болсо да, жазылат болуш керек. Бирок, бул нерселер жазылбаган кырдаалда, бүдөмүк бир абалда калуунун өзү анча жакшы көрүнүш эмес.
Биз өзүбүз ким эмне үчүн жооптуу экенин түшүнбөй турганда, мындай жагдай, биринчи кезекте, өзүбүз үчүн, ички абалыбыз үчүн жакшы эмес. Бирок, андан да жаманы – биздин шериктештер ким менен сүйлөшүп, саясий, экономикалык мүнөздөгү келишимдерге кол коюш үчүн ким менен макулдашуусу керек экенин жана бул макулдашуулардын аткарылышы үчүн ким жооп берээрин түшүнбөй жатышат.
Мындай абал көпкө созула албайт. Бул - өтө маанилүү маселе, ал азыр күн тартибинде турат жана аны чечиш керек. Балким, айтылып өткөндөй, тышкы саясат боюнча кандайдыр бир партиялар аралык кеңеш, балким, кеңеш бере ала турган дагы башка кандайдыр бир институттар түзүлүшү керектир, кандай болсо да бул нерселер сыпатталып жазылышы абзел .
Шерадил Бактыгулов: Тышкы иштер министрлигинин багыттоочу ролунун негизи бар. Себеби, бардык министрликтер, мекемелер тышкы саясий чөйрөдө иш жүргүзө баштаганда, ар кимиси өзүнүн кызыкчылыктарын көздөп баштайт, Тышкы иштер министрлиги болсо бир мекеменин эмес, бир канчасынын өңүтүн эске алып, маселени системалуу түрдө карайт.
Мисал келтирейин: биздин суучулар Аралды сактоо боюнча эл аралык кордун баш кеңсесин Бишкекке көчүрүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Суроо туулат: эмнеге? Анын Катчылыгында иштей турган кызматкерлердин айлыгы жогору болоору түшүнүктүү да. Катчылык каякта орун алат? Суу чарбасын тейлегендердин карамагында. Өлкөнүн бюджетине кандай милдет жүктөлөөрүн эсептеген бирөө барбы?
Бул нерсе тар мекемелик кызыкчылык деген бар экенин көрсөткөн мисал: өзүңдө катчылыкты кармоо, анда иштөө өтө кадыр-барктуу да.
Бирок, узак мөөнөттүү кызыкчылыктарды эске ала турган болсок, Аралга биздин тийешебиз жок. Ооба, Нарын суусу Сыр-Дарьяга куюлуп, Аралга баратып жолдо бул суулар сиңип жок болот. Бирок, атайын Катчылыкты кармоо, иш-чараларды жүргүзүү боюнча бюджетибизге жүктөлө турган милдет бизди кыйла кыйнап коёт. Бул жердеги Тышкы иштер министрлигинин ролу - тышкы саясатты тескеп турушунда .
Андан ары эмнени сунуштап-түртүш керек – бул башка маселе. Тышкы иштер министрлигинин жакшы потенциалы бар да. Жалгыз эле ушул министрликте кызматкерлердин 80 пайызы туруктуу иштейт, б.а., башка министрлик жана мекемелерге караганда, бул жакта карьералык өсүш көбүрөөк жолго коюлган.
Марс Сариев: Мен Валентин Борисовичке суроо узатайын дедим эле. Абдан кызыктуу идея, кызыктуу баяндама. Сиз парадигманы өзгөртүүнү жана бир парадигмадан башкасына өтүүнү сунуштап жатасыз. Менимче, биздин саясат активдүү эмес, реактивдүү деп туура баамдап жатышат, бул өтө чоң айырма. Нормалдуу саясат – активдүү жана реактивдүү саясаттын ширендиси. Ошондуктан, мен биздин саясатчылар учурдагы абал тууралуу гана ой жүгүртүшөт деп ойлойм.
Сиз долбоорлук мүнөздөгү нерсени сунуштап жатасыз, анын артынан бир катар механизмдерди, иш-чараларды ишке ашырыш керек. Учурдагы абал жаатында гана ой жүгүрткөн кызматкер же саясатчы бул аппаратты башкара алабы жана ал сиз эмне каалап жатканыңызды, айтайын дегеним, негизги шериктештердин, парадигмалардын алмаштырылыш керек экенин адекваттуу түрдө туура түшүнө алабы? Ресурсчу, ал кайдан алынат?
Валентин Богатырев: Кантсе да, тышкы саясат менен алектенген адамдар жөнөкөй кызматкерлерге караганда башка бир категорияга кирген адамдар да. Бул жагынан алып караганда, менимче, алар көйгөйдү түшүнүү жана учурдагы абалга чектелбеген стратегиялык ой жүгүртүү жаатында кыйла потенциалга ээ.
Институцияда ой жүгүртүүнү калыптандыруунун ар кандай технологиялары бар. Бул жерде да ал технологияларды колдонсо, белгилүү бир адамдарга окутуучу циклдерди уюштурса болот. Албетте, эң олуттуу топ - бул саясатчылар, кызматкерлер эмес, саясатчылар. Анткени, кызмат адамдары кандайдыр бир деңгээлде акыбалды түшүнүп, кээ бир программаларды же иш аракеттердин долбоорун кабылдашы мүмкүн. Саясатчылар менен болсо иш татаалыраак, себеби, саясатта буга каршы көптөгөн башка кызыкчылыктар бар.
Бир гана жол бар. Менимче, тышкы саясат менен байланышкан баарлашуу аянттарын түзүш керек. Бул бизде такай ыйык жана жабык тема болгон. Анан кокусунан эле Атамбаев барып айтчуларды айтты. Демократиялуу өлкөдө президент мындай кылганга укугу жок. Ал жакта узак коомдук талкуу болот, анан ал жерде орток турум калыптанган соң, президент аны айтып чыгат. Болбосо ал жакта жабык доктрина иштелип чыгат да, президент ошого жараша иш кылат. Бизде экөө тең жок. Болгону ал ушундай чечим кабыл алды, болду.
Арийне, мындай кырдаалда элитанын, саясатчылардын жалпы түшүнүккө жетиши кыйын. Ар кандай аянттарды түзүү аркылуу, тышкы саясий турумдарды жана чечимдерди калыптандыруу технологияларын өзгөртүш керек. Менимче, муну кылса болот. Кантсе да, акыры-соңунда баарыбыз улуттук кызыкчылыктарды ойлойбуз да.
Шерадил Бактыгулов:Өрнөктүүмисалдар да бар эмеспи. Америкалыктар дал ушул принцип менен иштешет, б.а., ал жакта аянттар аналитикалык борборлордо жайгашкан. Солчубу, оңчубу, неоконсерваторбу, ал жакта айырмасы жок. Ар ким доктриналарды, турумдарды, ар кандай варианттарды иштеп чыга баштайт да, мунун баары Мамлекеттик департаментке барат, анан Коопсуздук кеңешинин деңгээлинде чечимдер кабыл алынат. АКШнын тышкы саясий доктринасынын концепциясы мына ушундай. Европалык мамилелер да бар. Ал жерде иш мамлекеттик бийлик органдарынын курамына кирген түзүлүштөрдө аткарылат. Бир сөз менен айтканда, биз өзүбүздүн шарттарыбызга кайсынысы көбүрөөк туура келээрин карап чыгышыбыз керек.
Дарика Намасалиева: Мени Кыргызстандын суу ресурстарына тийешелүү маселе кызыктырат. Бизге пайдалуу болуш үчүн, Кыргызстан тышкы саясатын кандай белгилеш керек? Отуз жылдан кийин суу алтындан кымбат болушу мүмкүн. Буга байланыштуу биз кандай чараларды көрүшүбүз керек?
Валентин Богатырев: Суу алтындан кымбат болуп деле кетпейт. Азыр сууну кайра тазалап, айлантуунун күчтүү системалары иштелип жатат. Сууну жөн гана калыбына келтире башташат. Бирок, кеп анда эмес.
Суу деген суу да, ал баары бир Өзбекстанга, Казакстанга ага берет. Азыр эл аралык укук боюнча чек аралык сууларды кандай колдонуш керек деген так жоболор жок. Дүйнөлүк тажрыйбада тек жоромолддон тышкары , ар кандай өрнөктүк көрүнүштөр да орун алган . Бирок, биз нерсени түшүнүшүбүз керек: биз суу маселесин коңшуларсыз чече албайбыз. Россиясы жок эле чечсе болот, бирок, Өзбекстансыз, Казакстансыз, Тажикстансыз чече албайбыз. Суу бекеттеринин ишин долбоорлоодо, суулардын агуу режимин аныктоодо, суу агып барган тараптын кызыкчылыктарын да эске алыш керек. Бул - биринчиден.
Экинчиден, сууну пайдаланган техникалык курулуштарды тургуза турган болгондон кийин, бул сууга тийешеси бар тараптардын бардыгы катышуусу керек. Эң эле жакшы жолу – бул мындай долбоорлор менен алектенчү көп улуттуу консорциумдарды түзүү. Бул консорциумдаардын курамына, менимче, күчтүү саясий ресурска ээ өлкөлөрдүн мамлекеттик корпорацияларын колдон келсе киргизбеш керек. Эгер бул ишти эл аралык менчик бизнескомпаниялар алып бара турган болсо, биз, жок дегенде, электр кубатынын тарифтерин, суунун бааларын, суулардын агымынын режимдерин жана башка нерселерге байланыштуу чечимдерди кабыл алууда саясий кысымдан кутулат элек.
Лейла Саралаева: Россиянын Кыргызстандагы кызыкчылыктарына келсек, стратегиялык объекттерге болгон Евразия Биримдигинин кызыкчылыгынан тышкары, мурунку чек аралардын ичиндеэски дөөлөттү калыбына келтирүүгө аракет кылган айрым россиялык топтордун кызыкчылыгы да бар деген пикирлерди уга калып жүрөм. Чындап эле мындай кызыкчылык барбы? Мында чындыктын канчалык үлүшү бар?
Игорь Шестаков: Менимче, Россиянын Борбордук Азияга карата тышкы саясатынын турпаты 2005-жылдарда, андан эртерээк эмес, аныкталды да, авиабазанын, ЖККУнун пайда болушу менен шартталды. Бирок, менин оюмча, бул эң оболу кыргыз бийлигинин эле каалоосу болсо керек, себеби, армияга ашыкча акча коротуунун эмне кереги бар эле. Акыркы 20 жыл ичинде Кыргызстандын Коргоо министрлиги бир да ок сатып албаганы тууралуу маалыматты уктум. Баары гуманитардык жардам катары келет. Менимче, чек арачылардын жана башка күч структураларынын абалы да мындан жакшы эмес. ЖККУнун же башка бирөөлөрдүн «чатырынын» астында болуу өтө ыңгайлуу нерсе – ал бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу.
Улуу дөөлөт тууралуу айтсам, мен жакынкы арада мунун конкреттүү турпаты пайда болооруна анча ишене бербейм. Бул нерсе көбүнесе жөн гана саясий долбоорлордон болсо керек.
Шерадил Бактыгулов: Мен буга макул болбос элем. Эски макалды кичине башкачараак айтайын: ««Газпром» үчүн пайдалуу нерселер Россия үчүн да пайдалуу». Учурда Россия көгүлтүр оттун дүйнөлүк корунун 25 пайызын көзөмөлдөйт. Мен Россия империясынын кайра жаралуусу жөнүндө сөз козгобойт элем. Бирок, ошол эле газ куурларынын булуң-бучкагы кандайдыр бир кызыктуу аймактарда узартылышы мүмкүн.
Мисалы, Украинаны алсак, «Росатом» Украинанын отун-кубатын көзөмөлдөөдө. Украинанын өзү чынында анча кызыктырбайт, бирок, Европага газ жеткизген бекеттер, компрессордук бекеттер кызыгууну туудурат. Булар кызыктуу долбоорлор, мындайча айтканда, чүйгүн устукандар. Бул багытта иш жүрүп жатат.
Ушундай эле иштер Түрмөнстан, Казакстан багыттарында да жүргүзүлүп жатат. Бул жагынан алып караганда, Россиянын экономикалык кызыкчылыктарынын, «Газпром» мамлекеттик корпорациясынын кызыкчылыктарынын Россиянын тышкы саясатынын уландысы болуусу логикага сыйган нерсе. Бул Россия Федерациясына дүйнөлүк газ корунун 33 пайызын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет.
Чинара Эсенгул: Борбордук Азиядагы Америка университетинде өзбекстандык саясатчы Фархад Талипов сөз сүйлөгөн. Андан Путиндин Евразия Биримдиги тууралуу идеясы канчалык деңгээлде жарамдуу деп сурашканда, ал, башкасын айтпаганда да, Өзбекстан үчүн убакыт өтүп кеткенин, кеч болуп калганын айткан.
Бүгүн Игорь Шестаковдун Кыргызстан үчүн коопсуздук жаздыгы боло ала турган Евразия Биримдиги тууралуу айткандарына кошуласызбы? Евразия Биримдигинин ийкемдүүлүгүн кандай баалайсыз?
Эрлан Абдылдаев: Сыягы, Кыргызстан өзү жайгашкан чөлкөмдө өзүнүн тегерегинде болуп жаткан интеграциялык жараяндардын сыртында калбашы керек. Маселе башкада: бул интеграциялык бирикмелер канчалык деңгээлде туура аңдалган кызыкчылыктарыбызга төп келет, аларды биз канчалык деңгээлде туура түшүнөбүз? Мына ушуларды эске алып, тигил же бул уюмга кирүү чечимин кабыл алышыбыз керек. Алдын ала эле Евразия Биримдиги бизге кереги жок деп априори айтууга болбойт, ошол эле учурда, толугу менен ага макулбуз деп айтууга да болбойт. Кандайдыр бир кызыкчылыктар бар, алар биздин ички кызыкчылыктарыбызга туура келсе, анда ошол багытта илгерилегенибиз оң.
Айтаарым, мен да белгилүү бир документтерди окугам, бирок, азырынча, чынын айтсам, бул кандай уюм болот деген так бир түшүнүккө ээ эмесмин. Ошондуктан, бул жоболор тагыраак жазылып чыккандан кийин, мунун артында эмне турганы түшүнүктүү болот. Балким, ошондо анан кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуу, же жок дегенде, бул жараянга кошуш үчүн кандайдыр бир идеяларды иштеп чыгууга катышсак туура болоор.
Валентин Богатырев: Евразия Биримдиги тууралуу айтыла турган эң жумшак сөз – бул Путиндин шайлоо алдындагы долбоору. Мен буга ушундайча баа берет элем. Бул - биринчиси.
Бул багыттагы экинчи аныктама: КМШнын түзүлүшүнөн баштап эле көптөгөн интеграцияланган постсоветтик мейкиндик түзүү аракеттери болуп келген. Бул аракеттердин бирөө да азырынча көрүнүктүү жыйынтык бере элек. Чынында бул форматтардын бардыгы ар кандай себептерден улам түзүлгөн баарлашуу аянттарынан, президент клубдарынан башка нерсе эмес. Менимче, КМШ – бул мурунку Советтер Биримдигиндеги республикалардын цивилизациялык жол менен ажырашуусу деп айткан баштагы Путин чындыкка жакыныраак болчу. Мен буга дал ушундай мамиле кылмакмын.
Пикиримде, Кыргызстандын буга окшогон бирикмелерге кирип, андан кандайдыр бир пайдаларды көрүүсүнө эч кандай негиз жок. Экономикалык жактан биз азыр Россияга караганда, Кытай менен көбүрөөк байланыштабыз. Ооба, кээ бир чийки заттык ресурстарды биз Россиядан алабыз, анын ичинде бензинди жеңилдетилген баа менен алабыз, бирок жыгач алууда берилген мурунку жеңилдиктер болсо азыр жокко чыгарылган.
Жеңилдетилген баа деген эмне? Ал азыр базар баасына дээрлик жакындады, бир-эки жыл өтсө, бензин 50-60 сомдон туруп калат, бул баа анда европалык бааларга жакын болот, бирок, Европада баа мындан да тез өсүп, бензинге болгон баа эки еврого жакындады. Айтайын дегеним, биз кандайдыр бир экономикалык пайда көрөбүз деп эсептебейм.
Ал гана эмес, биз эч кандай технологиялык пайдага да ээ боло албайбыз, анткени, көрүнүп тургандай, бул бирикмениналкагында эч кандай технологиялык жаңылануу болбойт, себеби, бул бирикмеге кире турган өлкөлөр өздөрү мындай технологияларды башка өлкөлөрдөн алууга муктаж абалда. Өзүңөр билесиңер да, Россия Улуу Британия менен инновациялык долбоорлор боюнча келишим түзүп жатпайбы. Бул жагынан, мисалы, ошол эле Европа же Кытай технологиялык багытта биз үчүн дагы да келечектүүрөөк шериктер.
Мындан сырткары сөз кыла турган дагы эки маанилүү маселе бар. Биринчи маселе – кыймыл-аракет эркиндиги, экинчи маселе –Россияга болгон эмгек миграциясы.
Ооба, чын эле, булар кыйла олуттуу маселелер, бирок, кептин баары Россияга биздин эмгек миграциябыздын, тактап айтканда, бул миграциянын сапатынын жана биздин мекендештердин укуктарынын корголушунун маселеси Евразия Биримдигинин түзүлүшүнө эмес, дагы көбүрөөк Россиядагы мигранттардын өздөрүнүн легалдашына байланыштуу да. Алар бүгүн легалдашпай жатса, Евразия Биримдиги түзүлсө эле эмне үчүн легалдаша башташы керек – мен ушуну түшүнбөй турам.
Алардын Россияда легалдашпай жүрө беришинин себеби эл аралык макулдашуулардын жоктугунда эмес, болгону алар мыйзамдашпаган кезде дагы да арзаныраак жумушчу күчү болгонунда. Биз Евразия Биримдигине, Бажы Биримдигине, же дагы башка биримдикке кирген күндө да, биздин мекендештер баары бир Россияда легалдуу эмес макам менен жашап жүрө беришет, себеби, алар мыйзамдуу катталбаса, арзан иштешет. Балким, мыйзамсыз түрдө жашап жүргөндөрдөн акча алып жан багып жүргөн каттоо органдарында коррупциянын деңгээли төмөндөшү мүмкүн. Демек, коррупциянын деңгээли төмөндөшү мүмкүн – болгону ошо. Экономикалык негиздерди бул биримдик принципиалдуу түрдө өзгөртүп жибербейт.
Кыймыл-аракет эркиндигине келсек. Россия азыр өзү үчүн Европага эркин чыгуу жолдорун салууну көздөөдө. Бул жагынан алып караганда, бул жалпы биржүрүм жана, менин пикиримде, Евразия Биримдигинде болбогондор үчүн бул өлкөлөргө кирүү визаларынын киргизилиши деле күтүлбөйт. Бул жагынан биз кыймыл-аракет эркиндиги жаатында эч нерсе жоготпойбуз дагы, эч нерсеге ээ болбойбуз.
Маданий жана маалыматтык кызматташтык жөнүндө сөз кыла турган болсок, биз ансыз деле Евразия Биримдигинин ичинде жашайбыз, ансыз деле орусча китептерди окуйбуз, орус сыналгысын көрөбүз, жана биздеги маалыматтык мейкиндиктин чоң бөлүгү орус тилинде , каалайбызбы, жокпу жагдай ушундай, анткени, баары сателлит антеннасын колдонушат. Буларды эске алсак, биз мындан анчейин эч нерсе деле утпайбыз.
Бул жерде орус тилинин өнүгүшүнө кандайдыр бир көмөк да болбойт, орус тили бул жакта ансыз деле басымдуулук кылат. Бул маселе, негизи эле, биздин каалообузга жана эркибизге байланыштуу. Кааласак анын үлүшү дагы көбөйөт. Мен буларды жүзөгө ашырууга олуттуу себеп боло турган кандайдыр бир негиздерди көрбөй турам. Менимче, булар болгону саясий долбоорлор гана болуп саналат.
Мээрим Шамудинова тегерек столдун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, жыйынды тыянактады .
Бул тегерек стол четиндеги баарлашуу Демократияны колдоо улуттук фондунун (NED) көмөгү менен «Саясий маанилүү маселелердин коомдук талкууланышын колдоо» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында уюштурулду.