Коомдук саясат институту (IPP) 2005-жылдын апрелинде негизделген. Ал коомдук саясат практикасын калыптандырууга жана мамлекеттик институттар, жарандык коомдор, ЖМКтары жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара байланыштарынын, аракеттеринин конструктивдүү механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүчү көз карандысыз уюм болуп саналат.
Ачык лекциясынын стенограммасы: Гиа Нодиа: «Ак ниет башкаруу: Грузия тажрыйбасы»
18.04.2012
5-апрелде Коомдук саясат институтунда Гиа Нодиа «Ак ниет башкаруу: Грузия тажрыйбасы» аттуу темадагы ачык лекциясы болуп өттүү.
Спикер: Гиа Нодиа, Кавказ изилдөөлөрүнүн эл аралык мектебинин директору
Модератор:Мээрим Шамудинова, Коомдук саясат институту.
Катышуучулар:
Асел Абасбекова, Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Карлыгач Абдыкадырова, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынынмагистранты Улан Абдрахманов, «Алаш-Ордо» партиясынын өкүлү Сыргагүл Адигинеева, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынынмагистранты Раннат Айталиева, Кыргыз-Орус Славян университетинин аспиранты Залкар Акимов, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынынмагистранты Нургүл Акимова, Россия «Элдердин достугу» университетинин студенти Назгүл Акматова, КУУнун студенти Камила Алишева, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынынмагистранты Жибек Алыкулова, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынынмагистранты Бактыяр Асанов, КУУнун студенти Уларбек Бакырдинов, «Алаш-Ордо» партиясынын өкүлү Ширин Бакытова, КМЮАнын студенти Адилет Балтабаев, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистранты Чубак Бойконов, Өнүгүү жана шериктештик фондунун аткаруучу директору Кубанычбек Борбиев, «Республика» СПнын жаштар канатынын мүчөсү Камбарбек Букаев, КМЮАнын студенти Андрей Буцман, Бишкектеги ЕККУнун борборунун аскердик-саясий маселелер бөлүмүнүн башкы программалоо асситенти Асель Джаныгулова, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистранты Каныбек Дүшебеков, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистранты Элина Жакыпова, КУУнун студенти Мунарбек Замирбек уулу, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистранты Эльгиза Зияева, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистранты Ибраим кызы Назира, КУУнун студенти Азат Ишмухамедов, Бишкектеги ЕККУнун борборунун аскердик-саясий маселелер бөлүмүнүн программалоо асситенти Урмат Каныбеков, КМЮАнын студенти Рита Карасартова, «Коомдук талдоо институтуну» КУнун төрайымы Жамиля Карымбаева, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти Ильгиз Качкынбаев, Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Алмазбек Кашкаралиев, «Бишкексууканал» ПУнун юридикалык бөлүмүнүн зардалы Кадыралы Конкобаев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Бектурсун Молдоканов, КМЮАнын студенти Нурипа Муканова, КРнын коррупцияга каршы кызматтык кеңешинин башкатчысы Салих Мурзаев, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын окутуучусу Анар Мусабаева, саясат талдоочу Самаган Нургазиев, Жалал-Абад шаарынын тургуну Гүлнара Орозова, юрист Эдиль Осмонбетов, көз карандысыз эксперт Олег Порваткин, «Кыргыз Нуру» КУнун юристи Рано Разаматова, Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү агенттигинин директору Эсен Рысбеков, Борбордук Азия эркин базар институтунун өкүлү (CAFMI) Улан Рыскелдиев, «Сорос-Кыргызстан» фондунун байкоо кеңешинин төрагасы Альбина Садабаева, Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Жылдыз Садыкова, КРнын ЖКнин депутатынын кеңешчиси Ишенбек Садыков, Электрондук башкаруу борборунун президенти, Мамлекеттик байланыш агенттигинин КБКнин мүчөсү Нурлан Садыков, Конституциялык саясат институтунун директору Бакыт Сатыбеков, Борбордук Азиянын аймактык экология борборунун Кыргызстандагы филиалынын директору Борбордук Азиянын аймактык экология борбору Нурдин Сманалиев, «Ататүрк-Алатоо» университетинин студенти Перизат Ташиева, Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Надежда Таткало, Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Гүлбарчын Тилембаева, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти Алима Токмергенова, Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти Бегимай Тоялиева, КУУнун студенти Айкөл Турганбаева, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистранты Айнура Уметова, көз карандысыз эксперт Эльмира Хасанова, Новосибирск кардарлар кооперациясынын университетинин студенти Чинара Эсенгул, КУУнун окутуучусу Уланбек Эшимбаев, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын магистранты
ММК:
Каныкей Бакашова, «Биринчи радио» Илларион Звягинцев, Polit.kg Адилет Макенов, Knews Елена Машкова, «Финансист» гезити Марина Мирошник, «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет редакциясы Илья Лукаш, журналист, блоггер Бүбү Токоева, Open.kg
Гиа Нодиа: Саламатсыздарбы. Менин дарсымдын темасы: «Грузиядагы коррупцияга каршы күрөш». Бул тема маанилүү, себеби, Грузия коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөштүн өрнөгү болуп саналат. Бул өлкө коррупцияга каршы күрөшүүдө олуттуу жетишкендиктерге жете алды. Жакында Дүйнөлүк банк ири изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялап, анда Грузияны ийгиликтин үлгүсү деп көрсөткөн, бул өтө маанилүү нерсе, анткени, коррупция менен көптөгөн өлкөдө күрөш жүрүп жатканына карабастан, чандасында гана мындай ийгиликтүү жана кыйла туруктуу натыйжалар болууда. Коррупцияга каршы күрөшүүдөгү ийгиликтер «роза революциясынан» кийин келген Грузиянын өкмөтүнүн, бийлигинин негизги көзүрү болуу менен бирге, Грузиянын ийгиликтеринин көрсөткүчү катары каралууда.
Алгач мен бул ийгилик эмнелерден тургандыгын жана кандай өлчөнгөнүн көрсөткөн маалыматтарды берейин. Эң таанымал маалымат – учурунда Грузия дүйнөлүк рейтингде эң эле коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына киргенин көрсөткөн Transparency International уюмунун 2002-жылкы маалыматтары, ал боюнча Грузия 133 өлкөнүн ичинен 124-орунда турган. 2011-жылдын эң акыркы маалыматтарын ала турган болсок, Грузия 183 өлкөнүн ичинен 64-орунда турат – бул кыйла чоң секирик.
Жогоруда сөз болгон изилдөөдөгү Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча, постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу Грузия таптакыр эле башка деңгээлге чыкты. Бул жактагы жагдай Европа Биримдигине мүчө болгон жаңы демократия өлкөлөрү – посткоммунисттик Чыгыш Европа өлкөлөрүнө караганда жакшыраак, бирок, Германия, Франция ж.б. эски демократия өлкөлөрүнө караганда начарыраак.
Катардагы жарандар үчүн мунун турмуштук мааниси кандай? Мурун жарандар менен мамлекеттин ортосундагы мамилелердин нормасы болгон массалык коррупция минимумга түшүрүлдү. Көптөгөн сурамжылоолор жүргүзүлүүдө. Адамдардан көбүнчө «коррупция менен кездештиңиз беле, бирөөгө акча бердиңиз беле?» деп сурашат. Сурамжылоого катышкандардын ичинен бир-эки пайызы акыркы жылда коррупция менен кездештик деп жооп берүүдө. Бирок, бул айтылгандар ушул тема мындан ары талкууланбайт дегенди туюндурбайт.
Биздин саясий жашообуз өтө жандуу, оппозициябыз өтө радикалдуу, бул тема оппозиция тарабынан гана эмес, өкмөт сынчылары тарабынан да колдонулуп келет. Бирок, коррупция тууралуу сөз болгондо элиталык коррупция жөнүндө сөз болот. Элиталык коррупция деген эмне? Факттар көбүнчө аздык кылат, бирок, элиталык коррупция факттары, албетте, бар. Мисалы, министрдин орун басарын коррупция үчүн камакка алган учурлар болгон, бирок, жалпысынан мындай мисалдар анчейин көп деле эмес. Элиталык деңгээлде коррупция кандайдыр бир системалык мүнөзгө ээ деп айтуу кыйын, бирок, айрым тармактар, мамлекеттин айрым органдары акчаны анча ачык эмес түрдө коротуп жатышат, андыктан, ал жерде терс көрүнүштөр болуп жаткан жокпу деген шектенүүлөр пайда болот.
Грузия коррупцияны жеңе алды деп айтууга болобу? Кээде биздин саясатчылар жана президентибиз Грузия коррупцияны ооздуктай алды деп айтып калышат, бирок, албетте, бул апыртылып айтылган сөз. Коррупцияны такыр эле жок кылып салуу мүмкүн эмес, андыктан, коррупцияны толук жеңдик деп айтууга негиз жок. Коррупциянын тамыры адамдын табиятында бар, дайыма азгырыктар пайда болуп турат, жана адам бийликте турганда бул азгырыктарга туруштук бере албай кетет деген ыктымалдуулук да дайым болуп турат. Бирок, бул азгырыктардын көлөмүн кыйла азайтуу мүмкүнчүлүктөрү бар деп айтууга болот.
Коррупция – ажыдаар, анын башы кесилди, ажыдаар эми жок, коррупция түп тамыры менен жоюлду деп такыр айта албайбыз. Коррупция ар дайым кайтып келиши мүмкүн, себеби, коррупциянын тамыры адамдын табиятында болуп жатпайбы, коррупция кайра кайтып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Мурун коррупция кандайдыр бир деңгээлде эреже абалына келген, мамлекеттик институттардын ишмердүүлүгү «коррупция пирамидаларына» негизделген эле. Кызмат адамдары айлык үчүн иштешчү эмес, айлык алар үчүн эч кандай мааниге деле ээ эмес болчу. Алар үчүн мамлекеттик түзүмдөрдө иштеп, коррупциянын аркасынан киреше табуу мүмкүнчүлүгү маанилүү эле. Сапаттуу секириктин өзөгү мына ушунда: азыр абал өзгөрүп, учурда коррупция эрежеден тышкаркы көрүнүш. Ушул тапта, укук коргоо органдары айлыкка иштешет, алар өздөрүнүн жетекчилигине баш ийишет, бирок, ошентсе да, дагы бир жолу кайталап өтөйүн, коррупцияны толугу менен жоюп салуу мүмкүн эмес.
Бул айтылгандар Грузия ар бир органы кандайдыр бир байлыкты бөлүштүргөн феодалдык ээлик болгон жана кызмат адамдары коррупциялык агымдардын жардамы менен өз жарандары аркылуу байыган постсоветтик жарым-жартылай феодалдык коомчулук болбостон, өзүнүн жарандарына кызмат кыла ала турган заманбап мамлекетке айланды дегенди билдирет. Сапаттуу секирик болду, мамлекеттик бийликтин өзүнүн табияты өзгөрдү.
Бул маселенин маданий, психологиялык тарабы да бир топ маанилүү. Грузияда жана көптөгөн башка өлкөлөрдө коррупция – бул маданияттын бир бөлүгү деген түшүнүктүн болушу кыйла маанилүү. Коомдо: «Биз дайым ушундай болчубуз, балким, немистер, норвегиялыктар башкача болсо керек, бизде болсо башкача болушу мүмкүн эмес. Бизде адамдардын ортосундагы байланыш бөтөнчөрөөк, биздин психология, менталитет башкачараак, ошондуктан, биз коррупциясыз жашай албайбыз» деген пикир бар. Коррупция кеселдигинин мындай шексиз белгилери мурун биздин өлкөдө да болгон.
Көптөгөн кыйла прогрессивдүү адамдар: «Ооба, биз прогрессивдүү, алдыда келген адамдарбыз, бирок, биздин эл ушундай, андыктан коррупция такай боло бермекчи. Коррупцияга каршы бардык иш-аракеттер – бул дайыма коомдук пикирди манипуляциялоо, саясатчылар өздөрүнүн оюндарын ойной беришет, чынында болсо, коррупцияга каршы күрөшкө олуттуу маани берүүгө болбойт» деп айтышчу. Адамдарды “коррупциясыз жашай албайбыз” деген абалга алып келген коррупция кеселдигинин шексиз белгилери Грузияда жоюлду. Бүгүн эми антип ойлошпойт, бизде эми массалык коррупциясыз жашоо тажрыйбасы бар.
«Роза революциясынан» кийин келген бийликтин иштегенине сегиз жыл болду, албетте, бул мөөнөт анча көп убакыт эмес, бирок, ошол эле учурда анча аз дагы эмес. Жаңы келген бийлик, Грузия жана башка өлкөлөрдө болгондой эле, биринчи кезекте коррупцияга каршы күрөш жарыялайт эмеспи, биз буга көнгөнбүз. көбүнчө жарандар буга анча ишене беришпейт: жаңы өкмөт орноду, алар жаштар, күчкө толуп турушат жана бир нерсени далилдегенге аракет кылып жатышат, бирөөнү камашат, бирөөлөрдү алмаштырышат, бирок, чынында, бул иш-чаралар алгачкы баскычтарда өздөрүнүн бийлигин бекемдегенге гана керек. Бул нерсе аларга саясий каршылаштарынан кутулуу үчүн, аларды коррупциялык иштерге тийиштиги бар деп күнөөлөө үчүн ыңгайлуу шылтоо гана түзөт, бирок, бара-бара бардыгы өз ордуна келет.
Грузияда өкмөт коррупцияга каршы күрөштү баштап, бул күрөштү абдан ырааттуу түрдө улантып кетти. Айрым чөйрөлөрдө ийгиликке тез жетишти, кээ бир чөйрөлөрдө болсо көбүрөөк иштегенге туура келди, бирок, бул ырааттуулук акыркы сегиз жылдан бери сакталып келет. Бул да маанилүү психологиялык ийгилик, демек, бул иш-чаралар жөн гана өзүн бекемдегенге аракет кылган жаңы өкмөттүн кыска мөөнөттүү популисттик өнөктүгү эмес экен да.
Мен коррупция менен күрөшүүдөгү ийгиликтин бир канча курамдык бөлүгүн белгилеп өтөйүн. Негизгиси – бул, албетте, саясий эрк, конкреттүү мамилелер, б.а.: кандай кылыш керек, эмне кылыш керек, кандай кадамдарды кылыш керек. Көптөгөн кадамдар жасалган, алардын баары жөнүндө мен бир дарста камтып айтып бере албайм, албетте, бирок, алардын негизги нерселери жөнүндө маалымат бере алам. Биринчиси - өжөрлүк жана ырааттуулук, б.а., жана айтып өткөндөй, саясаттын ырааттуу болушу.
Экинчиси. Коомдук маанай, б.а., коррупция менен күрөшүүдө негизги курамдык бөлүктөрүнүн бири болгон коомдук пикир менен иштешүү өкмөт үчүн өтө маанилүү.
Коррупция менен күрөшүү алдындагы коомдук маанай тууралуу сөз кыла турган болсок, 90-жылдардын экинчи жарымынан баштап коррупция маселеси коомдук талкуулардагы негизги темалардын бирине айланганын белгилесе болот.
90-жылдардын башында Грузия калыптанбаган өлкө болуп, жарандык согуш чыга турган кырдаалга аябай жакындап калган, анда негизги маселе жалпы туруктуулукка жетүүдө эле. Бирок, 90-жылдардын ортосунда негизинен туруктуулук жана тартип эптеп калыбына келтирилген. Мындай абалга өкмөт ар кыл топторго коррупция аркылуу байууга мүмкүнчүлүк берген чөйрөлөргө жол ачуу аркылуу жетишкен. Ошол мезгилден баштап коррупция бара-бара бүтүндөй коомчулук талкуулаган негизги маселеге айлана баштаган. Бул эң башкы маселе жана социологиялык сурамжылоолор көрсөткөндөй, коррупция дайыма эң алдыңкы орундарда туруп, өлкөнүн жарандары үчүн айрыкча маанилүү болгон экономикалык маселелер менен бирге коомдун эң негизги маселелеринин катарына кирет.
Коррупцияга каршы күрөштүн зарылдыгы такай басма сөз каражаттары, бейөкмөт уюмдар жана саясий чөйрөлөр тарабынан талкууга алынган. 2000-жылы Эдуард Шеварднадзе Коррупцияга каршы күрөшүү стратегиясын иштеп чыгуу комиссиясын түзгөн, мен да ал комиссиянын мүчөсү болчумун. Анын курамына, негизинен, кыйла жогорку даражадагы өкмөт мүчөлөрү кирген, бирок, ал комиссияга мендей болуп, бейөкмөт уюмдардан да эки-үч киши алынган. Ал кезде бул комиссияга анча ишене беришчү эмес.
Мындай ишенбөөчүлүк мамиленин негизи бар эле, анткени, Шеварднадзенин өкмөтүнүн саясий эрки чындап эле болгон эмес. Элдин көбү бул комиссия формалдуу түрдө гана, убакытты чоюш үчүн гана түзүлгөн деп ойлочу, бул баалоо кандайдыр бир деңгээлде туура болчу десек да болот. Бирок, эң кызыктуусу, ошондо коомдун жигердүүлүгүнүн деңгээли абдан жогору болчу: адамдар коррупция менен конкреттүү түрдө кантип күрөшүш керек, эмнелерди аткарыш керек, кандай мыйзамдарды кабыл алып, кандай кадамдарга барыш керек деген багытта ири документтерди алып келишчү, т.а., коом бул маселелерди чечүүнүн жолдорун жигердүү түрдө сунуштап жатты.
Бул мезгилде эч кандай натыйжалар чыкпаганы менен, кандайдыр бир идеялар даярдалып, алар коомдо, анын ичинде өкмөттүн белгилүү бир бөлүгүндө, өзгөчө, дал «роза революциясынын» натыйжасында бийликке келген ошондогу өкмөттүн реформаторлук деп аталган бөлүгүндө тынымсыз иштелип жатты. «Роза революциясы» ишке ашканда кандайдыр бир даяр идеялар бар эле жана аларды эми жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк туулган болчу.
«Роза революциясы» жөнүндө көп нерсе жазылды, көп нерсе талкууланды. Революциялык жол менен бийликтин алмашуусу – бул өтө татаал, көп пландуу, көп жактуу окуялар тизмеги жана муну кандайдыр бир жалгыз факторго алып барып такоого болбойт. Революциядан кийин бийликке келген ошондогу оппозициянын негизги урааны: «Шеварднадзесиз Грузия – коррупциясыз Грузия» деген ураан болгону бул факт, бул нерсе ошондогу плакаттарда жазылуу болчу. Шеварднадзенин ысмы коррупция менен үндөшүп, жаңы Грузия – коррупциясыз Грузия эле. Революциянын күн тартибинде коррупция менен күрөшүү маселеси биринчи маселе эле. Бул революция заалимдикке каршы революция эмес болчу, анткени, Шеварднадзени эч ким залим деп эсептечү эмес. Бул уурдалып кеткен шайлоолорго каршы нааразылык болчу, бирок, бул окуялардын тереңине сүңгүп кире турган болсок, бул мамлекетке, өкмөткө, өздөрүнүн бийликтеги мүмкүнчүлүктөрүн коомго кызмат кылуу үчүн эмес, өздөрүнүн байышы үчүн пайдаланган кызмат адамдарына каршы чыгуу эле.
Бул жагынан алып караганда коррупцияга каршы мындай кеңири иш-чаралардын коомдук өбөлгөлөрү түзүлгөн болчу, бирок, ошол эле учурда, биз коррупцияга каршы күрөштө коомдук пикирдин өзү гана аздык кылаарын түшүнүшүбүз керек. Көптөгөн өлкөлөрдө адамдар коррупциялашкан өкмөтүнө нааразы, бирок, ошол эле убакта, мен сөз кылып жаткан жалпы маанай да бар. Ооба, адамдар, бир жагынан, нааразы, экинчи жагынан, алар коомдогу кырдаалды өзгөртсө болот дегенге анча ишене беришпейт. Өкмөт алгачкы убакта бир нерселерди кылганга аракет кылат, бирок туруктуу натыйжалар болбойт, ошондуктан, коомдук маанай маанилүү болгону менен, бул маанайдын гана болушу аздык кылат.
Саясий эрк тууралуу айтсам, биринчиден, «роза революциясынан» кийин жаңы жаш саясий элита келди, негизги лидерлери Шеварднадзенин өкмөтүндө иштеген, бирок, ошондо эле алар өзгөчө бир топту түзүшүп, аларды «жаш реформаторлор» деп аташчу жана алар ошол мезгилде эле эски постсоветтик элитага кыйла ачык эле каршылык көрсөтүшчү. бейөкмөт уюмдардан да көптөгөн киши революциядан кийин бийликке келди. Андан тышкары чет өлкөлөрдө окуган жана жашаган адис-грузиндер да чакырылган, аларды кандайдыр бир жол менен өздөрүнө тарта алышты. Мына ушул жаңы элита бийликке келди. Бул топто такай кайчы пикирлер болуп келет, бирок, жалпысынан, анча көп эмес сандагы адамдардын жетиштүү деңгээлде жуурулушкан бир тобу. Алар үчүн коррупция менен күрөшүү биринчи орундагы маселе болгон, анткени, бул социалдык талаптардын эң негизгиси эле жана бул мамиле алардын идентификациясынын бир бөлүгү болуп калды. Алар минтип айтышат: «Биз кимбиз? Биз коррупция менен күрөшкөн адамдарбыз».
Экинчи жактан, эң эле карама-каршылыктуу жагдай – бийликтин ыйгарым укук аракеттеринин бир жерде топтолушу. Бул адамдар, революциялык реформаторлордун тобу мамлекеттик башкаруунун бардык тармагын өзүнүн көзөмөлүнө алып, бул баш ийүүнү пайдаланышты. Бул саясий тажрыйбага гана таасирин тийгизип тим болбостон, конституциялык жаатта да Конституциянын өзгөрүшүнө, президенттин жана аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын көбөйүшүнө алып келди.
Кандай болсо да, эң негизгиси, бул бийлик коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүүдө эл аралык донорлор көбүнчө сунуштаган ырааттуулук принциптерин, кандайдыр бир узак мөөнөттүү стратегиялардын иштелип чыгышын, беш-жети жылга карата план түзүүнү ж.б.у.с. нерселерди четке какты. Бул жерде ыкчам аракеттерге, тез натыйжаларга жана ийкемдүүлүккө багыт алынган. Бир нерсе кылганда, натыйжа бердиби – жакшы, берген жокпу – башка бир нерсе жүзөгө ашырылып жатты. Сол тараптан муштайбыз – болбой калса, оң тараптан муштайбыз. Мына ушундай ыкчам, революциялык ыкмалар колдонулууда.
Мындан тышкары, коррупция мамлекеттик башкаруунун нормасына айланган өлкөлөрдө коррупцияга каршы күрөш толугу менен криминалга каршы иш-чаралардын жыйындысы болушу мүмкүн эмес, бул деген бийликке берилчү «Мамлекетти негизи ким башкарып жатат?» деген саясий суроо.
Грузияда Шеварднадзенин тушунда уюшкан кылмыштуулук жөн гана коомдун бир бөлүгү болбостон, саясатка чындап эле таасир эте алган кандайдыр бир топтор эле, б.а., алар саясий жактан маанилүү факторлордун бири болчу. Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшмөйүн, көптөгөн чөйрөдө негизги ролду ойноп жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү менен күрөшмөйүн, коррупцияга каршы күрөштүн ийгилигин камсыз кылуу мүмкүн эмес эле. Бул күрөш уюшкан кылмыштуулукка каршы чыныгы жигердүү күрөш болуп, аны бийлик үчүн, бийлик монополиясы үчүн жарандык башкаруу тарабынан жүргүзүлгөн күрөш катары кабыл алышкан. Уюшкан кылмыштуулукту талкалоо болсо ансыз коррупция менен күрөшүүдө ийгиликке жетүү мүмкүн болбогон артыкчылыктуу багыт катары кабылданган.
Мында колдонулган ыкманы ар тараптуу чабуул ыкмасы деп атаса болот.
Полициядагы коррупцияга токтолоюн. Биз полициядагы жагдайды түп тамырынан бери өзгөртүүгө далалат кылып жатабыз. Мен полиция тууралуу кененирээк айтып бергим келип жатат. Мисалы, бир күндө 16 миң полиция кызматкери жумуштан чыгарылган, Жол полициясы мекеме катары жоюлуп кеткен, 16 миң адам көчөгө ташталган, негизи, алар мурун деле көчөдө турушчу, бирок, эми аларга унааларды токтогууга тыюу салынган. Ушу сыяктуу катаал чаралар көрүлгөн.
Кадрдык революция эки баскыч менен ишке ашырылган. Бир жагынан, мамлекеттик аппараттарда маяналар өтө төмөн болгон, бирок, буга анча маани берилчү эмес, себеби, баары бир адамдар ал кичине айлык үчүн иштешчү эмес да. Ички иштер министри өзүнүн кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу талаптары менен Каржы министринин тынчын алчу эмес. Ал маяналар менен кимдин иши бар эле? Полиция кызматкеринин айлыгы 30 доллар тегерегинде болчу, бирок, алар өздөрү андан кыйла көп акча таба алышчу.
Андыктан, мамлекеттик кызматтардын маянасы жогору болмоюн коррупцияны ооздуктоо мүмкүн эмес, бирок, айлыктарды жогорулатуунун өзү гана коррупцияга каршы жетиштүү ыкма боло албайт, он эсе көп төлөгөн күндө да, коррупциялык жол менен андан да көп табуу мүмкүнчүлүктөрү баары бир кала берет. Кызматкердин айлыгы 30 доллар болсо, аны 300 долларга чейин жогорулатсаң да, 3000 доллар табуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, ага айлыктын эмне кереги бар? Ошондуктан, жөн гана айлыктын өлчөмүн көбөйтүү коррупцияны жеңүү кепилдигин бере албайт, андыктан, маяналарды жогорулатуу менен бирге жаңы кадрларды жумушка алуу иш-аракеттери жүрүп жатты. Кыскасын айтканда, эски кызматкерлердин ордуна жаңылары алынып, алардын айлыгы көбөйтүлгөн.
Мындан тышкары, бюрократиялык процедуралар да болушунча кыскартылган, б.а., азгырыктардын саны кыскартылган. Жаран менен бюрократ канчалык көп кездешсе, ошончолук коррупциялык иштердин ыктымалдуулугу артат, канчалык кездешүү аз болсо, ошончолук коррупциялык иштердин ыктымалдуулугу азаят.
Эсимде, мен комиссияда жүргөндө, бизде канча түрдүү лицензия жана уруксат бар экенин такыр санап чыга албай койгонбуз. Дүйнөлүк банк эсептеп чыгыптыр, алар кантип санап чыкканы түшүнүксүз, бирок, алар 909 деген санды беришкен, азыр болсо алардын саны 307ге түшүрүлдү, б.а., мамлекеттин, бюрократиянын ролу болушунча азайтылды. Мамлекет ишкердүүлүк чөйрөсүнө же жарандардын жашоосуна канчалык аз кийлигишсе, ошончолук коррупцияга шарт аз түзүлөт.
Инфраструктураны жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу багыттардын болушу да кыйла маанилүү. Грузияда полициянын бардык имараттары жаңы, тунук – бул өзгөчөлүк символикалык мааниге да ээ. Адамдар полиция кызматкерлеринин кандай иштеп жатканын көрө алышат. Инфраструктура, жагымдуу болуш үчүн гана, жаңы болушу керек эмес. Ал жерде иштеген адамдардын өзүнө болгон сыйы артат, алар өздөрүнүн заманбап мамлекетке иштеп жатканын сезишет, корпоративдик сыймык пайда болот. Бул нерсе адамдардын коррупцияга батып калбашы үчүн маанилүү.
Алдыңкы технологиялардын, өзгөчө, компьютердик, электрондук технологиялардын колдонулушуна да бир топ артыкчылык берилүүдө. Ушул жылдан баштап тендерлер Интернетке өткөрүлдү, тендер боюнча тандоолор дээрлик автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Бажы кызматында, полицияда, салык кызматында да баары Интернет аркылуу ишке ашырылат. Эгер кимдир бирөө бир нерсе сатып жаткан болсо, маалымат дароо компьютерге киргизилет да, тийиштүү программа салык канча төлөнөөрүн ж.б.у.с. нерселерди автоматтык түрдө эсептеп чыгарат. Башкача айтканда, алдыңкы технологиялар болушунча көп колдонулат.
Мындай ийгиликке бардыгы чогуу кылынганда гана жетүүгө болот, жалгыз иш-аракеттен майнап чыкпайт.
Жаңы өкмөт келгенде министрдин айлыгы жүз долларга жакын болчу. Министрликтеги эң жогорку даражадагы кызматтарга, бир жагынан, чынчыл, экинчи жактан, компетенттүү иш билги адамдарды тартуу зарылчылыгы бар болчу. Бирок, жүз долларга иштегенге ким макул болот? Андан да чет өлкөдөгү адамдарды кантип чакыра аласың? Министрдин орун басары болуп 80 долларга иштегенге ким макул болот?
Бирок казынада акча жок болсо, баарынын маяналарын жогорулатуу мүмкүн эмес. Өкмөт бийлик келгенден кийин эң алгачкы чечимдеринин бирин кабыл алды: атайын бир фонд түзүлүп, донорлор, мисалы, «Сорос» фонду, UNDP (БУӨП), Грузия ишкерлери белгилүү бир өлчөмдөгү акча каражаттарын ал фондго которо баштаган, бирок, бул иш-аракеттер дайыма эле айкын түрдө жүргөн эмес. Кантсе да, кор түзүлүп, саясий чечим кабыл алынып, ага ылайык министр менен алардын орун басарларынын айлык акылары 2 миң долларга чейин көбөйтүлгөн. Ал мезгилде маяналардын мындай өлчөмү, иш билги, чынчыл адамдарды кызматка чакырууга жетиштүү болчу.
Полицияда кадрдык алмашуулар жүргүзүлгөндөн кийин, жаңы кызматкерлерге да ушул эле фонддон айлык төлөй башташкан.
Ал кезде өкмөт, балким, бара-бара, беш жылдан кийин бул фонддун кереги жок болуп калат деп ойлогондур. Бул иштер менен катар салык кызматында жана башка тармактарда да олуттуу реформалар жүргүзүлүп, алар өкмөт өзү күткөндөн алда канча тезирээк ийгилик алып келген. Чогултулган салыктын көлөмү тез өскөн, андыктан, мындай фондго болгон муктаждык эки жылдан кийин эле жоюлган.
Кандай болсо да, мурун болуп көрбөгөн чечим кабыл алынып, аны: «Эмнеге министрдин айлыгы катардагы кызматкердикинен 20 эсе көп болушу керек?!» деп сындап чыгышкан. Бирок, мындай кырдаалда башкача кылуу мүмкүн эмес эле.
Башынан эле процессуалдык макулдашуулардын институту түзүлгөн. Бул Америка тажрыйбасы, ал боюнча прокурор шектүү менен макулдаша алат. Эгер шектүү белгилүү бир өлчөмдө акча төлөсө, аны эркиндикке чыгарышы мүмкүн, бирок, ал кылмыштагы шериктери тууралуу баалуу маалымат бериши керек. Бирөөнү жамандоо уят иш катары каралган маданиятта, бирок ошол эле учурда, коррупциялык схемалар тууралуу маалымат табуу кыйынга турган коомдо мындай институт ушул сыяктуу схемаларды тез ачууда өтө натыйжалуу экени тастыкталды. Ошентип, адамдар шериктерине ор казса да, эркиндигин сатып алып жатышты.
Башка бир тараптан, революциядан кийинки эң алгачкы айларда, казынада эчтеке жок болуп турганда, бул тажрыйба казынаны толтуруу ыкмасы болгон. Акчасы көп ири коррупционерлер камалып, кээде ишкерлер, кээде өкмөттүн жогорку даражадагы кызматкерлери казынага 10 миллион доллар төлөшүп эркиндикке чыгышкан.
Булар да стандарттуу ыкмалар эмес болчу. Менимче, алардын айрымдарын кандайдыр бир деңгээлде туура эле сынга алышкан, бирок, прокуратуранын иштерди сотко жеткирбей чечүү мүмкүнчүлүктөрү болгон. Бул жерде эки тарап процессуалдык макулдашууга барган. Бирок, кантсе да, бул ыкма прокуратуранын укуктарын өтө эле арттырып жиберген. Бул да карама-каршылыктуу чечим болгон.
Техникалык кароо тууралуу бир канча сөз айтайын. Биякта силерде кандай билбейм, бирок, бизде ал коррупциянын нагыз түрү болчу. Өз мисалымдан айтып бере алам. Мен жыл сайын унаамды техникалык кароодон өткөрүшүм керек болчу. Мен канча процедурадан өтүшүм керек экенин жана бул үчүн үч күн сарпталаарын, бирок белгилүү бир өлчөмдөгү акчаны төлөп коюп, 15 мүнөттөн кийин кете берсем болоорун айтышчу мага. Адам мындай жагдайда кайсынысын тандаары баарына түшүнүктүү. Муну эмне кылыш керек?
Албетте, бул чөйрөнү коррупциядан арылтууга аракет кылса да болмок. Коррупция менен күрөшүүдө, коррупцияга каршы күрөшө турган мамлекеттик ресурстун өзү, т.а., сен ишенген кадрлардын саны, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, бардык фронтто коррупция менен бир убакта күрөшүү, чынында, мүмкүн эмес. Техникалык кароо маанилүү нерсе, бирок, унааларды, иш жүзүндө эч ким текшербейт, ал жактагы коррупцияны ооздуктоо мүмкүн эмес экен деп, техникалык кароону жоюп салууну чечишти. Бул да стандарттуу ыкма эмес, себеби, негизи, техникалык кароо керек, бирок, ал өз максатына жетпей жатса, аны жоюп салуу керек.
Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жөнүндөгү мыйзам көңүл бурууга арзыйт. Бул мыйзам бир же бир жарым беттен турат. “Мыйзамдагы ууруларды” кармоо кыйын болчу, анткени, алар иштерди өздөрү кылбайт да, ошондуктан, кылмыш дүйнөсүнө тийешелүүлүктүн өзү криминал катары бааланган. Эгер сен кылмыш дүйнөсүнө тийешелүү болсоң, кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдары менен жашап жатсаң, жана бул жагдай кандайдыр бир түрдө далилденсе, конкреттүү кылмыш болбосо да, сени жоопкерчиликке тартып, камап коюшу мүмкүн. Анын үстүнө “мыйзамдагы уурулар” үчүн моюнга албоо татыктуу иш эмес да, анткени, бул алардын макамы, жана алар мыйзамдагы ууру экенине сыймыктанышат. Эгер сен муну менен сыймыктансаң, анда түрмөдө отур да. Сен “мыйзамдагы ууру” болсоң, бул сенин күнөөң, сен кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдары менен жашап, өзүңдү коомго каршы коюп жатасың. Албетте, көбү муну сындап чыккан, бирок, мындай аракеттердин натыйжасында “мыйзамдагы уурулар” учурда же түрмөдө отурат, же Австрия, Россияга кетип калышкан.
Эски кызматкерлерди иштен алып, жаңыларын дайындоо аздык кылат. Адамдарды бул жөн гана өнөктүк эмес, узак мөөнөттүү саясат экенине ишендириш үчүн, дайыма күрөшүш керек, андыктан, кай бир тармактарда тескери кыймылдын башталбашын камсыздоо артыкчылыктуу багыт бойдон кала берүүдө. Анын үстүнө айрым тармактарда тез арада ийгиликке жетишилген болсо, айрым тармактарда бул иш оңойго турган жок. Ошон үчүн бир канча жыл ичинде айрым нерселерди көрүп, натыйжа бербесе башкача кадамдарга барууга туура келди.
Ошондой эле коомдук пикир менен иштешүү да абдан маанилүү, себеби, коррупция менен күрөшүү – бул криминалга каршы кандайдыр бир өзүнчө иш-чара эмес – бул деген коомду өзгөртүү, аң-сезимдеги революция. «Аң-сезимдеги (менталдык) революция» деген сөз «Экономист» журналынан алынды, ал журнал Грузиядагы өзгөрүүлөрдү ушинтип баалаган. Саакашвилинин өзү маданий революция жөнүндө айтып жатат, анткени, коррупция жана андан кутулуу мүмкүн эмес деген миф менталитет менен байланыштуу. Көбү “биздин коом ушундай калыптанган, биз башкача жашай албайбыз” деп эсептешет, демек, түшүнүктү алмаштырыш керек, демек, коррупция менен күрөшүү бир эле убакта аң-сезимдеги да революция, адамдардын түшүнүктөрүн өзгөртүү зарыл.
Коррупцияга каршы иш-чаралар болушунча ачык чагылдырылууда, азырга чейин, мисалы, токой инспекциясынын бир кызматкерин камакка алышса, муну көгүлтүр экрандан көрсөтүшөт, б.а., такай коррупцияга каршы күрөш гана жүрбөстөн, адамдарды буга ынандырыш үчүн, бул күрөштү чагылдыруу аракеттери тынбай жүргүзүлүүдө.
Жалпысынан алганда өкмөт ММКларды ар кандай пайдаланып жатат. Жаран менен мамлекеттин ортосундагы мамилелер түпкүрүнөн бери өзгөрүп жатат деген түшүнүктү калыптандырып, бекемдеш үчүн, президенттин сүйлөгөн сөздөрүнөн баштап ар кандай социалдык рекламанын роликтерине чейинки материалдар тынбай чагылдырылууда.
Бир чети, коррупцияга каршы күрөштө туу кармап алдыда болушубуз улуттук сыймыгыбыздын бир бөлүгү болууда. Биз байыркы тарыхыбыз менен, орто кылымдагы поэзиябыз менен гана эмес, ошондой эле коррупция менен күрөшүүдөгү ийгиликтерибиз менен да сыймыктана алабыз.
Эл аралык донорлор тууралуу. Бул кызыктуу жана маанилүү тема, анткени, эл аралык донорлор үчүн коррупция менен күрөшүү – артыкчылыктуу темалардын бири болуп саналат. Шеварднадзе тушунда биздин комиссия түзүлгөндө, дароо бардык өлкөлөрдөн донорлор келип, кандай жардам бере алабыз деп сурашчу. Бул Шеварднадзе тарабынан жасалган демейдегиден тышкаркы кадам эле.
Өкмөт, бир жагынан, көптөгөн сунуштарды, ар кайсы өлкөлөрдүн көптөгөн тажрыйбаларын колдонуп жатат. Бирок, өкмөт тандап иш кылат жана донорлордун сунуштарына сын көз менен карайт. Башкача айтканда, донорлордун сунуштары анализденбей колдонулган жок. Кээде донорлор менен Грузия өкмөтүнүн ортосунда талаш-тартыштар да болот.
Грузиядагы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөштүн толук ийгиликке жетпей калышынын себеби да ушунда десек болот – Грузия жалпысынан донорлордун сунуштарын аткарган.
Эки айырмачылыкты белгилесе болот: эл аралык коомчулуктун көпчүлүк өкүлдөрү сунуштаган айрым ыкмалар бар, алар узак мөөнөттү, ойлонуштурулган, беш же андан көп жылга эсептелген стратегиялар, пландар, иш-чаралар. Биздин өкмөткө бул такыр жакпайт жана ал буга бираз келеке менен мамиле кылат. Жогоруда айтып өткөндөй, алар дагы да ийкемдүүрөөк жана дагы да тезирээк ыкмаларга артыкчылык беришет: тамырын ылдамыраак түбүнөн кыйыш керек. Мындай мамилени европалык эксперттер туура көрө бербейт.
Дагы бир айырмачылыгы: көбүнчө коррупцияга каршы күрөш эл аралык айкындуулук катары каралат, демек, буга ылайык, коррупция менен күрөшүүнүн кепилдигин өкмөттүн өзү эмес, өкмөттү көзөмөлдөп турган адамдар жана мекемелер , т.а., парламент, акыйкатчы , көзөмөл палатасы, бейөкмөт уюмдар бериши керек. Булар өкмөттү бардык тараптан көзөмөлгө алгандыктан, өкмөт коррупцияга баргандан коркот. Бирок, Грузияда башкача болду: коррупцияга каршы күрөштүн кубаты түздөн-түз өкмөттөн, жогорудан чыгып жатты.
Мен эки конкреттүү мисал келтирейин. Кайгуул полициясы. 2003-жылга чейин кайгуул полициясы коррупциянын алдыңкы катарында туруп, коррупциянын көрүнүктүү мисалы болчу. Кайгуул полициясы айдоочу эреже бузабы, жокпу, карачу эмес, баарын токтотчу. Полиция кызматкерлери өздөрүн түшүнүүнү талап кылышчу, үйүмдө аялым, балдарым бар деп айтышчу...
Баңги зат ташуу . Чынында бул тармак полиция менен баңги зат менен алектенгендердин биргелешкен мекемеси болчу, бул бирдиктүү бир уюм болчу. Ошондогу министр бир топ күчтүү адам болчу, бирок, ал полиция менен сыймыктанчу, анткени, анын пикиринде баары так, анык болчу: полиция академиясына тапшыруу канча турат, жумушка орношуу үчүн канча керек, канча жылда салынган акчаларды кайра чыгарса болот – мунун баары так белгилүү болчу. Бул жагдайды ал жакшы деп баалап, өзүн мыкты башкаруучу деп эсептечү. Азыр полиция өлкөдөгү эң таза жана абройлуу мекемелердин бирине айланды. Дүйнөлүк банк бир изилдөө жүргүзүп, ага ылайык Европадагы Финляндия полициясы Грузияныкына караганда жакшыраак, ал эми Германия менен Франциядагы абал Грузиядан начарыраак. Чынын айтсам, муну окуганда мен анча ишене берген жокмун.
Жол полициясынын кызматкерлеринин саны 63 миңден 27 миңге чейин кыскартылды. Кылмыштуулук деңгээлинин көрсөткүчтөрүнө келе турган болсок, жалпысынан алганда, кылмыштуулук деңгээли эки эсеге азайды, бирок, мага бул сан дагы көптөй сезилет, себеби, көп нерсе катталган жок. Дайыма конкреттүү куралдуу кол салуулар катталат, жана алардын саны 80 пайызга төмөндөдү.
Полицияга болгон ишеним жөнүндө кеп кыла турган болсок, бул жаатта көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлдү. Эл аралык Республикалык институттун салыштырмалуу изилдөөлөрүнө таянсак, 2002-жылдан 2010-жылга чейин бул сан 10 пайыздан 84 пайызга жетти. Бардык изилдөөлөрдө кайгуул полициясы калктын ишенимине ээ болгон мекеме катары бааланат.
Бул кантип ишке ашырылды? Бул августта колдонулган ар тараптуу чабуул ыкмасы. Бул полицияны жоюш керек деген чечим чыгып, 16 миң адам иштен алынды, бирок, аларга эки айлык маянаны беришти, чынында, бул акча анча көп эмес, анткени, бул адамдар айлык үчүн иштешчү эмес, алар үчүн 2 айлык маяна болбогон акча болчу. Унаа полициясынын жоюлушунан коркушкан жок, бирок, жок болсо деле абал жаман жакка өзгөрүп кеткен жери жок.
Анткен менен бул 16 миң кишинин ордуна 2 миң 300 жаңы кадр алышып, көзөмөл полициясынын жаңы институтун түзүштү, жаңы кооз кызматтык кийим тиктиришти, жаңы унааларды сатып алышты, үйрөтүштү, маяналарын мурункулардыкына караганда дээрлик 10 эсе көп кылып беришти, кийин да айлык акы бара-бара акырындык менен көбөйүп отурду. Бирок, көзөмөл токтотулган жок, мисалы, иште экөө отурса, бири-бирин көзөмөлдөгөн, сырттан бирөөлөрдү жиберип, алар пара сунушташкан, эгер полиция кызматкерлери параны алса, видеокамералар аны тартып калган. Башкача айтканда, жаңы кадрлардын арасында дайыма ротациялык алмашуулар болуп турган. Бул тажрыйба азыр да улантылып келет, полицияда ротациялык алмашуулардын саны өтө көп, себеби, көбү мындай чыңалууга чыдабай кетишет, бирок, чыңалуу сакталып кала берүүдө. Андыктан, мен бул тармакта кайра коррупция тарапка оогон тенденцияны байкай элекмин, бул жөнүндө өкмөт сынчылары да, опозиционерлер да сөз кыла элек.
Полиция жүзүн өзгөртүш үчүн көп нерсе кылынды. Жаңы кадрлар атайын даярдыктан өтүп, аларга жазалоочулукту гана эмес, жардамчы болууну да үйрөтүштү. Мисалы, сен ичип алган болсоң, сен полиция кызматкерине кайрылсаң, ал сенин ордуңа отуруп, унааңды сенин үйүңө айдап барып берет, же унааң бузулуп калса, ал келип сага жардам берет. Бул иш-чаралар полиция деген түшүнүктү түп тамырынан бери өзгөртүү максатында жүргүзүлгөн. Ал, албетте, сенин тарабыңда, бирок, сен мыйзамды буза турган болсоң, сени жазага тартышат.
Салыштырыш үчүн реформаланышы өтө кыйынга турган башка бир тармакты мисалга келтирейин. Бул жерде ар тараптуу чабуул ыкмасын колдонуу мүмкүн эмес эле. Өкмөт жол полициясын жоюп, ансыз эки ай жашоо тобокелчилигине барган, бирок, бажы кызматы менен мындай кылууга болмок эмес. Башкача айтканда, бажы кызматын жоюп, ансыз белгилүү бир мөөнөткө чейин жашап, жоктон кайра жаңы бажы кызматын түзүү мүмкүн эмес, бажы кызматынын өзгөчөлүгү буга жол бербейт. Ошондуктан, бул тармакта ийгиликке жетүү үчүн жети жыл талап кылынды. Бажы кызматынын аракеттерине мен тушукпайм деле, андыктан, бул жөнүндө сөз кылуу мен үчүн кыйын. Кандай болсо да, Дүйнөлүк банк менен өкмөттүн өзү бажы кызматынын абалынын жакшырганын моюндашат окшойт. Биз кандайдыр бир деңгээлде бажы кызматынын ишине канааттанабыз десек болот, 2010-жылга келгенде биздин бажы кызматыбыз заманбап мамлекеттердикине жакындады.
Бул тармакта кадрлардын алмашышы бара-бара жүрдү. Аларга минтип айтышты: «Биз билебиз, силер уурдачусуңар, болду, токтоткула. Биз эмне жоопко тарта баштайбыз». Көзөмөлдүн ар кандай чаралары көрүлгөн: жашыруун камераларды орнотуу ж.б.у.с. Акырындык менен кадралар алмашып жатты, бара-бара маяналары көбөйтүлдү, кызматкерлердин 80 пайызын баары бир алмаштырышты.
Адамдардын менталитетин өзгөртүү кыйын, бажы кызматы деген кирешелүү жер да, ал жерде өзүңө эркиндик берсең, көп акча тапса болот.
Бир кызык факт келтирейин. Бул окуя 2004- же 2005-жылы болгон. Мен Түркияда грузин бажы кызматкерлерине пара бербөө керектиги тууралуу маалымат окугам, «эгер сиздер пара берсеңиздер, сиздер дагы кылмыш жазасына тартыласыздар». Ошондо көптөгөн түрктөрдү, ирандыктарды, армян, азербайжандарды жазага тартышты. Бул кандайдыр бир дипломатиялык маселелерди жаратты. Элчиликтер тынчсыздана башташты. Бирок эл грузин бажы кызматкерлерине пара берүү коркунучтуу экенине ишеништи. Аймакта жана жалпы эле эл аралык чөйрөдө ушундай пикир пайда болду.
Дагы бир стандарттуу болбогон усул – бул нөөмөттөгү жамааттык жоопкерчилик. Эгер сенин нөөмөтүңдө кимдир бирөө бирдеңке алса, анда жоопкерчиликти бардык нөөмөтчүлөр тартат. Мунун туура же туура эместиги тууралуу талашып-тартышуу мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да мунун натыйжалуу экендиги белгилүү болду.
Бир жагынан, кээ бир процедураларды жөнөкөйлөштүрүштү: импорттун 86 пайызы ар кандай салык төлөмдөрүнөн бошотулду, документтердин саны, лицензиялардын саны азайды. Мисалы, мурун трейдер чек арада төрт белгилүү документти көрсөтүүгө милдеттүү болчу. Адатта текшерүүлөр тандалып жүргүзүлчү, себеби жүктөрдүн канча бир пайызын текшериш керек эле. Азыр бул азайды. «Ак ниет» салык төлөөчүлөрдүн тизмесин түзүп алышкан. Эгер ишкер бул «ак тизмеге» кирген болсо, бул ал үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөөлдүн ачылганын, аны өтө кылдат текшеришпей турганын түшүндүргөн. Себеби бул ишкердин бедели таза. Эгер мындай бедел жок болсо, анда кишини узагыраак текшеришет.
Коррупциянын деңгээли түшкөн мезгил болгон. Бирок мындай катуу текшерүүнүн айынан бардыгын текшергенге чейин машиналар бир канча күн токтоп калып жатты. Биздин президент сезимтал киши. Мунун бардыгын телевидениеден көрсөтүшкөндө ал эгер бир жумадан кийин машиналар өтө тез өтө тургандай болуп жасалбаса, бардыгын кубалайм деп айтты. Бирдеңкелерди ойлоп табышты. Натыйжада, азыр мунун бардыгы коррупциялашбагандай эле, жетишээрлик деңгээлде тез аткарылат. Көптөгөн ар түрдүү сканерлер колдонулат. Мунун бардыгы компьютерлештирилген. Ошондуктан, бажы кызматкеринин ишкер менен, импортер, экспортер менен болгон жеке адамдык алакасы азайган. Бажы кызматкерине пара бериш үчүн аны көрүш керек. Бирок, бир жагынан алганда, тарифтер өтө азайтылса да бажы кызматынын кирешеси 2003-жылкы 202 миллион доллардан 2010-жылы 908 миллион долларга чейин өстү.
Тыйындын башка бети. Дүйнөдө эч нерсе бекер болбойт. Ушуга ылайык коррупцияга каршы күрөштүн да өзүнүн саясий жана социалдык чыгымы бар. Бул дайыма айтыла бербейт. Деги эле муну ачыкка чыгаруу саясий жактан туура эмес. Чындык ушундай, эгер өзүнүн саясий тагдырын көбүнесе коррупцияга каршы күрөш менен байланыштырган жаңы саясий элита бийликти бир колго топтобосо, коррупцияга каршы күрөштөгү бул ийгилик мүмкүн эмес эле.
Бийликти бир колго топтоо болбосо коррупцияга каршы күрөштөгү бул ийгилик да мүмкүн эмес эле. Бирок бул тоталитаризм коркунучун туудурат. Себеби бийлик белгилүү бир топтун колуна топтолуп калат. Өлкө ичинде да бул катаал көзөмөл уюмдар менен мекемелердин автономдуулугун убада кылууда. Башкача айтканда, аткаминерлер кыйла коркок болуп бара жатышат. Алар өздөрүн коррупция кылды деп күнөөлөшөт деп кандайдыр бир кадамдарга баруудан тартынып жатышат. Алар аркасын тазалаганга аракет кылышып, кокус бирдеңкени туура эмес кылып койдукпу, кокус бизди камап койбосун деп дайыма юристтерге кайрылышууда.
Мен университеттердеги коррупцияга каршы чараларга токтолгон жокмун. Жогорку окуу жайларга кабыл алуу экзамендери жалпы улуттук экзамен менен алмаштырылды. Себеби кабыл алуу экзамени учурунда жогорку окуу жайларында коррупция аябай жогорку деңгээлге жетчү. Азыр ал жерде коррупция жок. Бирок ошол эле мезгилде университеттерде өз алдынчалык да жок. Тагыраак айтканда, алар өз алдынча студенттерди кабыл ала албайт. Болгону жана айтылып өткөн жалпы улуттук экзаменден өткөндөрдү гана кабыл ала алышат.
Азыр акчаны коротуу абдан оор. Мен мамлекеттик университетте иштейм, бизге гранттарды бөлүп беришет. Мисал айтсак , университетке китеп алыш керек болуп калды дейли. Бул үчүн тендер жарыялоо жана башкаларды жасоо керек. Бул машакаттуу жана узун убакыт алган процедура болуп калды. Бирок коррупцияга каршы күрөш муну талап кылууда.
Албетте, кадрларды дайыма ротация кылып туруу – бул коррупцияга каршы күрөштүн бир бөлүгү. Адамдар эгер алар туура эмес жакка кадам жасаса жумуштан айрыла турганын билишет. Ушундай да болуп жатат. Кезегинде бул социалдык маселелерди да жаратууда. Жанагы бир күндө жумуштан айдалган 16 миң полициячы эч жакка житип кеткен жок. Алар жашап жатышат, алар ыраазы эмес, митингдерге чыгуу жана башка чаралар менен алектенип жатышат. Мамлекеттик секемелерде кадрларды ротация кылуу белгилүү бир деңгээлде чыңалууну жаратат.
Мен айтып өткөн жана ийгиликке алып келген адаттан тыш ыкмалар бир эле мезгилде сын-пикирлерди да туудурат.
Саясий плюрализм да негизги маселе болуп эсептелет. Кандай кылганда коррупциянын азайышы сыяктуу жетишилген ийгиликтерден артка кайткандай кылбоо керек деген суроонун өзү эле жетишээрлик деңгээлде оор. Кантип коррупцияга каршы күрөштө мунун бардыгын бийликтин саясий эркине азыраак даражада көз каранды кылуу керек? Бул жерде белгилүү бир дилемма бар. Эгер биздин өкмөт периште сыяктуу таптаза адамдардан турбаса, ал тургай таптаза адамдардан турса да, эгер ал бийликте өтө көпкө отуруп калса, бийликте өтө көпкө отуруп калгандыктары үчүн гана периште болбой калышат. Ошондуктан алар алмаштырылып туруш керек. Бирок, эгер коррупция менен болгон күрөш алардын саясий эркине көз каранды болсо, бул башка кандайдыр бир адамдардын да ийгиликке жете тургандыктарына күмөн жаратат. Башкача айтканда, бул ийгиликтердин туруктуулугу көптөгөн факторлорго көз каранды. Ошондуктан биз бул ийгиликтердин түбөлүк кала тургандыгына толук түрдө ишенич көрсөтө албайбыз. Бул маселе бар.
Адилет Макенов: Кыргызстандын ИИМинде сиздердики сыяктуу реформаны жүргүзүү мүмкүнбү? Азыр аталган министрликтеги реформалар жөнүндө көп айтылып жатат.
Гиа Нодиа: Балким, суроо түздөн-түз мага тиешелүү эместир. Принцибинде, айтуу кыйын. Бирок кандай болгон күндө да барыдан мурда бул саясий суроо. Мындай деңгээлдеги коррупция жөнүндө сөз болуп жатканда кандайдыр бир конкреттүү ыкмаларды жөн гана колдонуп коюуу мүмкүн эмес. Полиция – бул мамлекеттеги өзөктүү институттардын бири. Ошондуктан полициядагы кандайдыр бир радикалдуу, кескин өзгөрүүлөр саясий эрктин так ушул багытта топтолгонун түшүндүрөт. Эгер бул саясий эрктин концентрациясы болсо, анда бардыгы мүмкүн болуп калат да, айтылган ыкмаларды колдонууга эч кандай зарылчылык калбай калат.
Елена Машкова: Айтып коюңузчу сураныч. Сиз Демократия жана өнүгүү фонду аркылуу айлык акылардын көтөрүлгөнү тууралуу кеп салганыңызда бул фондду түзүүгө донорлор колдоо көрсөткөнүн айтып өттүңүз. Бул фонд канча убакыт иштеди? Ошол учурда мамлекет жардам бердиби? Мамлекеттин бюджети башында донорлордун каражатынан коюлган жана төлөнгөн бул чоң айлык акыларды көтөрө алдыбы?
Гиа Нодиа: Мен бул фонддун канча жыл ишмердик жүргүзгөнүн так айта албайм. Кийин бул фонд жөн гана тармагын өзгөртүп кетти. Бүгүн ал мамлекет чет өлкөгө жиберген жаштарга стипендия берген фонд, бирок, балким анын атын өзгөртүшкөндүр. Бул фонд эки жылдан ашык айлык акы төлөө менен алектенди. Бул фонддун каражатынын көлөмүн так эстей албай атам. Менимче бир канча миллион доллар. Бул өтө ачык жана айкын эмес болчу. Себеби бул карама-каршылыктуу чара болчу.
Министр көп алып, калгандары андан бир канча эсе аз алса муну жалпыга белгилүү кылып кереги жок. Салык кызматында жүргүзүлгөн реформа өтө натыйжалуу болгондуктан, бюджетке түшкөн каражат бир канча эсе өстү. Ушунун аркасында бюджет тез убакыттын ичинде айтылган бардык чыгымдарды, аталган фонд тарабынан төлөнүп келген жанагы чоң айлыктардын бардыгын жаап кетти. Маселенин өзөгү ушунда, бул акчалар мамлекеттик бюджеттен эмес болчу.
Нурлан Садыков: Бул антикоррупциялык чаралардын бардыгы мыйзамдын алкагында жүргүзүлдүбү, же бул көрүлгөн чаралар кандайдыр бир даражада мыйзамга каршы келген жана кандайдыр бир саясий эркке гана негизделген чаралар беле?
Принцибинде, бизде азыр мурунку эле мыйзамдар, азыркы укуктун түбү советтик укукта жатат. Ошондуктан кандайдыр бир деңгээлде сиздердин мыйзамдар менен биздики окшош. Бирок азыркы күндө көптөгөн процессуалдык учурларда айырмачылыктар бар. Бизде кылмышсыздык, айбы жоктук презумпциясы абдан күчтүү, кылмышты далилдөө өтө оор. Мына ушул өңүттө бизде маселелер бар. Грузияда, тескерисинче, кандайдыр бир күнөөлүүлүк презумпциясы принциптери болгон, кылмыштагы уурулар менен так ушундай принциптердин негизинде күрөшүштү.
Гиа Нодиа: Жалпысынан алганда, мыйзамдардын өзгөртүлүшүнүн өзү эле бул күрөштүн бир бөлүгү болчу. Кээде мыйзамдарды сынга алышты. Мисалы, «Уюшкан кылмыштуулук жана рэкет боюнча» мыйзам, бул мыйзамды кимдир бирөөлөр сынга алышты. Бирок ал кабыл алынды. Ошондуктан бул иш төмөнкүдөй болгон жок: өкмөт каалады да, кимдир бирөөнү камап салды. Бул анын негизинде кылымыш дүйнөсүнө таандык болгон адамдарды кылмыш жазасына тартууга мүмкүнчүлүк ачып берген мыйзам. Бирок бул каалаган адамды отургузуп коюуу мүмкүн дегенди түшүндүрбөйт. Камоодон мурун аталган адамдын кылмыш дүйнөсүнө таандык экенин жана кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдары менен жашаарын далилдөө зарыл. Менин оюмча мунун өзү кылмышсыздык, айбы жоктук презумпциясынан баш тартуу болуп эсептелбейт.
Ошол эле институт «Процессуалдык келишим боюнча» мыйзамын сынга алышты жана азыр да сындап келишет. Себеби алардын ою боюнча бул мыйзам прокурорго чоң дискреция берет, башкача айтканда, адам эркиндикти сатып алгандай болуп калат. Ушуну үчүн бул мыйзамды сындап жатышат. Бирок бул мыйзам, аны кабыл алышты. Бул мыйзамга окшош мыйзамдар америкалыктарда да бар. Албетте, табигый түрдө айырмачылыктар да жок эмес. Бирок ачык түрдө мыйзамга каршы ыкмалар өкмөт тарабынан колдонулган жок. Эгер ушуга окшош чаралар көрүлгөнгө аракет болсо да аталган антикоррупциялык чараларды оңойлоштурган мыйзамдарды кабыл алууда кыйынчылыктар болгон жок. Себеби парламент алардын тарабында болчу.
Нурлан Садыков: Бизде өкмөттүн ишинде сиз айтып жаткан дискреция, өз алдынча чечим кабыл алуу үчүн чоң укуктар берилген. Аткаруу бийлигинин бардык мамлекеттик органдарынын дискрециялык укуктары кантип чектелди?
Гиа Нодиа: Чектөөлөр дайыма бар. Маселе анын бар же жок экендигинде эмес, канчалык деңгээлде чектейт ошондо турат. Жалпысынан алганда, бийлик жетишээрлик деңгээлдеги кенен дискрецияны сактаганга аракет кылды. Мындай тенденция болгон. Бирок ар бир конкреттүү окуяда бул дискрециянын эмнени билдиргенин эске алыш керек. Мисалы, прокуратураны алалык. Процессуалдык келишимдин мүмкүнчүлүгүн караштырган мыйзам принцибинде эч күмөнсүз прокурордун дискрециясын, өз алдынча чечим кабыл алуу укугун кеңейтет.
Эсен Рысбеков: Мен Грузиядагы ИИМдеги реформа жөнүндө Кыргызстандыкы менен салыштырып диссертация жазып жатам. Менин үч суроом бар. Биринчи суроо - жалпы, Грузиядагы кландык саясат жөнүндө. Реформага чейинки абал кандай эле, реформадан кийин кандай болду?
Экинчи суроо – ИИМди реформалоодо атуулдук коомчулуктун ролу. Азыркы тапта биздин атуулдук коомчулук реформалар жөнүндөгү концепцияларды иштеп чыгууга өтө активдүү катышып жатат. Башкача айтканда, түрдүү саясатчыларды чакырууда жана башкаларды жасоодо. Грузияда бул кантип өттү эле? Концепцияларды иштеп чыгууда ӨЭУ, журналисттер катышты беле?
Үчүнчү суроо. Белгилүү болгондой, Грузиянын ички иштер министри – аскер же полициячы эмес, карапайым киши . Деги эле карапайым адам кантип ИИМде иштеп жатат?
Гиа Нодиа: Кландык деген эмне? Эгер кландык деп кандайдыр бир регионалдык кландарды айтып жатсаңыз, жалпысынан алганда, мындай кландык топ мурун да болгон эмес. Албетте, ушуга окшогондор болгон, мисалы, эгер министр кайсы бир аймактан болсо, анда бул мекемеде аталган аймактан чыккан адамдардын саны көп болгон. Мүмкүн бул багытта изилдөөлөр жүргүзүлгөндүр, бирок бул эң башкы, маанилүү маселе эмес.
Эгер кландык деп жеке кардардык -тизме, тагыраак айтканда, өз адамдар, өз топ, клика түшүнүлсө, анда, албетте, бул - бар. Кандайдыр бир даражада бул көрүнүш азыркы күндөгү өкмөттө да бар экенин айтуу мүмкүн. Башкача айтканда, адамдар кимдир бирөөлөргө терең ишенет да, аларды жогорку кызматтарга койот. Ошону менен бирге эң башында көптөгөн кызматтар чындыгында эле конкурстук негизде коюлган. Катардагы полициячыларды жана министрликтердин кызматкерлерин эч күмөнсүз конкурстук негизде жумушка алышты. Бирок кайсы бир адамды жогорку кызматка коюуда жеке ишеним чоң роль ойнойт.
Атуулдук коом жана анын катышуусу, мен ойлойм, муну үчүнчү суроо менен да байланыштыруу мүмкүн. Менин оюмча, атуулдук коомдун катышуусу министрлердин атуулдук коом менен биргеликте эмне кылуу керек экенин чечип коюусу менен чектелбейт. Бул баарынан мурда, атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн министр болушу. Башкача айтканда, ички иштер министри – бул көптөгөн ийгиликтерге жеткен, маанилүү киши. Ал жер ээлеринин укугун коргоо коомунун башчысы болгон. Башкача айтканда, өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген. Булар ИИМ менен өтө байланыштуу эмес. Анын орун басары болуп укук коргоо тармагында иш алып барган өкмөттүк эмес чөлкөмдүк уюмдан чыккан киши шайланды. Атуулдук коомдун интеллектуалдык ресурсу ишке киришти. Бирок мындай өңүттөн алганда, атуулдук коомдун бир бөлүгү жөн гана өкмөткө өтүп кетти.
Ал эми калгандарына келсек, алардын олуттуу катышуусу жөнүндө айтуу, чынын айтканда, мүмкүн эмес... Атуулдук коомдун бир маселеси мына мында, бул өкмөттүн аркасынан үлгүрүү өтө оор. Атуулдук Атуулдук коомдун иштөө цикли бир аз башкача. Мисал келтирсек, биздин долбоор сегиз айга эсептелген, ал эми сегиз айдын ичинде бардыгы өзгөрүп кетет. Мына ушул жагдай өтө оор.
Илья Лукаш: Орусиялык массалык маалымат каражаттары грузин реформаларын сынга алганда көп сандаган грузин мигранттарынын мурункудай эле Орусияда калганын, так ошолордун Грузиянын экономикасынын бир бөлүгүн камсыз кыларын айтышат. Сизде канча мигранттын кайтып келгени жөнүндө кандайдыр бир маалымат же сан барбы?
Экинчи суроом муну менен такыр байланыштуу эмес. Бирок ошентсе да берейин. Бизде, Кыргызстанда мына бир канча айдын жүзү болду, соттук реформа аксап жатат. Грузияда мына ушул багытта эмнелер жасалып жатат?
Гиа Нодиа: Мигранттар боюнча, бул суроо, биринчиден, экономикалык маселе. Мен бул жөнүндө айткан жокмун, бирок Грузияда экономикалык өсүш бар. Кайсы бир мезгилде, 2005-2007-жылдары жетишээрлик даражада жогорку өсүш болду. Бирок согуштан жана каржылык кризистен кийин төмөндөп кетти. Азыр кайрадан көтөрүлдү. Өткөн жылы экономикалык өсүш жети пайызды түздү. Бүгүнкү шартта бул жаман эмес, бирок мыкты да эмес. Жакырчылык деңгээли жогору, ошондуктан кандайдыр бир чоң өзгөрүш жүрдү деп айтууга мүмкүн эмес. Жакырчылык калууда, жумушсуздук калууда, негизги маселелер калууда, ошондуктан, адамдар чет өлкөгө кетип жатышат. Албетте, кимдир бирөөлөр кайтып келди. Бирок мунун массалык түрдө жүрүп жатканын айтууга эч мүмкүн эмес.
Грузияга чет өлкөдөн жиберилип жаткан акчанын так саны жөнүндө маалыматка ээ эмесмин. Бирок бул каражат грузин экономикасында чоң роль ойнойт. Азыр Россияга өтө аз адам кетүүдө. Бүгүнкү күндө Европа, ушуга ылайык ал жактан келген акча, көбүрөөк роль ойноп жатат. Мигранттар өтө маанилүү фактор бойдон калууда, бирок Россиядагы гана мигранттар эмес.
Сот реформасына келсек, бул да карама-каршылык туудурган маселелердин бири. Соттордун Шеварднадзе мезгилинде болгонго караганда бир канча эсе азыраак коррупциялашканын эч ким тана албайт, бирок ошого карабастан, сотторго болгон ишеним ойдогудай жогору эмес. Себеби соттор, өзгөчө криминалдуу иштерде, жетишээрлик даражада көз карандысыз эмес деген ишеним бар. Иштин 99 пайызынын тегереги – бул айыптоо корутундулары менен бүткөндөр , башкача айтканда, соттор прокурорлорго өтө көз каранды.
Бул жерде да кайрадан көз карандысыздык менен коррупциянын ортосундагы дилемма пайда болот. Кээде, өкмөт өкүлдөрү бул маселени расмий эмес абалда талкуулап жатканда мындай деп айтылат. Мурун алар мафияга көз каранды болсо, азыр алар прокуратурага көз каранды, кайсынысы жакшы экени ачык эмес. Кээде, фокус-топтордо мурун жакшы болчу, сотко пара бердиң, демек, сот көз карандысыз болчу, азыр болсо сотко пара берүүнүн мааниси жок дегендей айың кептер чыгып калат.
Мунарбек Замирбек уулу: Реформалоо жаатында мындай олуттуу көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн олуттуу акча каражаттары керек. Эгер мындай болгон болсо, акча каражаттары сырттан карызга алынды беле жана азыркы күндө Грузиянын сырткы карызы канча?
Гиа Нодиа: Менин оюмча сырткы салымдар – бул эң негизги эмес. Бул алгачкы баскычтарда болду. Мен айтып өткөн фонд буга мисал. Бирок бул фонддун ишмердигинде жалгыз эле сырткы салымдар болгон эмес. Донорлордун кайсы бир багытта берген кандайдыр бир жардамдары болгон, азыр да бар. Бирок, менин оюмча, бул чечүүчү фактор эмес.
Сырткы карызга келсек, мен чынын айтайын - бул багыттагы сандарды так билбейм. Адатта экономисттер мындай көрсөткүчтөрдү колдонушат: сырткы карыз ички дүң өнүмдүн мынча пайызын түзөт. Эгер мына ушул көрсөткүч менен баалай турган болсок, Грузияда абал өтө деле начар эмес. Көптөгөн европалык мамлекеттерде абал мындан да начар. Бизде алааматтуу деңгээлдеги сырткы карыз жок.
2012-жылы оор маселе күтүлүп жаткан. Себеби биз 500 миллион еврого облигация сатканбыз. Аларды кандайдыр бир жолдор менен төлөө керек эле. Бирок өткөн жылы 500 миллионго 10 жылдык мөөнөт менен жаңы облигацияларды чыгарышты да, эски карызды жабышты. Ушундан улам 2022-жылга чейин мындай өтө курч маселе жок. Жалпысынан алганда, биз үчүн сырткы карыз көптөгөн башка өлкөлөрдөй чоң маселе болуп эсептелбейт.
Ильгиз Качкынбаев: Сиздин дарсыңызды угуу өтө кызыктуу болду. Сиз өкмөт узак мөөнөттүү пландарды колдоого албайт деп айттыңыз. Бирок, менин түшүнүгүмдө узак мөөнөттүү пландар болот, ал эми кыска мөөнөттүүлөр мына ушул планды ишке ашыруунун чаралары. Иштер кандай жүрөт?
Экинчи суроо. Реформадан кийин Грузиянын экономикасына келген эл аралык компаниялардын инвестициялары өстүбү?
Гиа Нодиа: Биринчи суроону анча аңдабадым . Мен өкмөттү ушундай стратегиялык документтерди жактырбайт деп сындап өттүм. Себеби менин оюмча мындай документтер пайдалуу. Бирок бул алар такыр эле стратегиялык документтерди кабыл албайт, талкуулабайт дегенди билдирбейт. Тескерисинче, формалдуу түрдө кабыл алышат, бирок андан кийин саясат ал боюнча милдеттүү түрдө жүргүзүлө бербейт . Алар мамлекет өткөөл доордон ыкчам өтүү абалында турган учурда 3-5 жылдан кийин эмне болуп кетерин алдын ала айтуу мүмкүн эмес, ошондуктан мындай өтө катуу пландарды коюу, баарынан мурда, мүмкүнчүлүктөрдү чектейт деп айтышат. Сен эмнени каалап жатканыңды, кайсы багытта жүргүң келгенин так билишиң жана мүмкүнчүлүктөр үчүн кеңири эшик ачылганда колуңдан келгенди жасап калышың зарыл. Кандайдыр бир нерсеге жетишүү оор болуп калган саясий абал түзүлгөн учурда планда эки жылдан кийин эмне жазылганына карабастан тез аракет кылуу керек. Азыр керекпи, демек азыр керек. Албетте, конкреттүү маселелер боюнча түшүнүккө ээ болуу зарыл.
Экинчи суроо боюнча. Мен аны мындай деп түшүндүм. Сиз Грузиянын канчалык даражада коррупциялашпаганы жөнүндө айтып жатасыз. Бул Грузиянын өкмөтү абдан сыймыктанган жетишкендиктеринин бири. Грузия Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) Doing Business рейтингинде жакшы орунду ээлейт. Биз «өлкөдө бизнес жүргүзүү канчалык жеңил» тутуму боюнча 16-орунда турабыз. Башкача айтканда, өтө жогорку көрсөткүч. Мына ушул жагдай инвесторлорду тартышы керек. Бул өңүттөн алганда абал өзгөрүлүп турат эмеспи .
Экономиканы менден жакшы билген ошол эле адамдар мындай деп айтышат. Эгер биз эки миллиард доллардын тегерегиндеги чет өлкөлүк салымга, инвестицияга ээ болсок, ушунун өзү нагыз жетиштүү болорун, себеби экономикабыз чакан экенин белгилеп, мындан көптүн кереги жок деп айтышат. 2007-жылдын тегерегинде биз буга жетиштик, андан кийин болгон нерсе болуп өттү. Өткөн жылы 900 миллиондой (доллар) болду. Бул прогресс, бирок дагы эле жетиштүү эмес. Менин оюмча, жөн гана ыңгайлуу мыйзамдарга ээ болуу жетиштүү эмес, коопсуздук абалы да өтө маанилүү. Мен бул жөнүндө такыр айткан жокмун, кандай болгон күндө да Грузиянын Россия менен болгон байланышы чыңалган бойдон калууда. Иранда жаңжалдын чыгышы жоромолдонууда , Тоолуу Карабактын тегереги тынч эмес, Түндүк Кавказда абал туруктуу эмес. Бул - туруктуу эмес чөлкөм. Ишкерлер коркушат. Ошондуктан бул - чет өлкөлүк инвестицияларды токтотуп турган эң негизги фактор.
Андрей Буцман: Кызыктуу дарсыңыз үчүн рахмат. Менин эки суроом бар. Биринчи суроо өтө конкреттүү болуп, колдонулган инструменттерге байланышкан. Коррупция менен болго күрөш үчүн атайын кандайдыр бир адистешкен агенттик түзүлдү беле, же ички коопсуздук кызматы колдонулдубу, же бул иш жөн гана айрым бир өкмөт аткаминерлерине жүктөлүп коюлду беле?
Экинчи суроо. Сиз дарсыңызда азыркы учурдагы маселелердин бири катары, уланып жаткан коррупциянын кесепетинен жүрүп жаткан кадрлардын дайыма ротация болушун белгилеп өттүңүз. Мен аталган жүрүм жөнүндө сурагым келип жатат. Башкача айтканда, ротация көлөмү жагынан көбөйүүдөбү, азайуудабы же туруктуу абалында калуудабы? Сизде ушул багытта маалыматтар барбы? Менин түшүнүгүмдө, так ушул ротация аркылуу институттардын калыптанышын баалоо мүмкүн, же бардыгы азыркы күнгө чейин саясий эрктин негизинде кармалып турабы?
Гиа Нодиа: Абдан кызыктуу суроо. Ушунун бардыгын ойлоп тапкандар жөнүндө айта турган болсок, өкмөттүн ичинде кандайдыр бир бөлүмдү - ички акыл борборун ойлоп тапкан учур болгон жок. Мындай адистешкен агенттик болгон эмес. Мен мындай деп болжолдойм. Алар түн ичинде кандайдыр бир кабинетте чогулушуп, ой жүргүзүштү, мүмкүн, ресторанга барышты, ал жерде да ой жүгүртүүнү улантышты. Андан кийин эртең мененден тартып аракет кыла башташты. Бул болжол менен ушундай болду. Жетекчилердин өздөрү бир эле учурда акыл борбору болушту. Эл бардык чечимди кабыл алды. Жогоруда айтып өткөнүмдөй, бул адамдар негизинен өкмөттүк эмес уюмдардан чыккандар эле.
Кадрлардын ротациясы жөнүндө айтсак, суроо туптуура коюлду. Менде конкреттүү так сан түрүндөгү маалымат жок, бирок, менин оюмча, кандай болсо да көлөм жагынан азаюуда.
Адилет Балтабаев: Сиз коррупциядан кутула албастык синдрому жөнүндө белгилеп өттүңүз. Кыргызстан үчүн вакцина барбы? Сиздин жеке оюңуз?
Ийкемдүүлүк жана тездик адатта жаштык менен байланыштуу каралат. Ал эми бизде болсо аткаминерлердин басымдуу бөлүгү улуу муундагы адамдар. Демек, биз өнүгүүнүн жай темпинен качып кутула албайбызбы? Мындай абалда эмне кылышыбыз керек?
Гиа Нодиа: Кутула албастык синдрому жөнүндө айта турган болсок, менин оюмча, бул Кыргызстанбы же башка бир өлкөбү, - айырмасы жок. Жалгыз нерсе – бул чагылдырып көргөзүү. Башкача айтканда, эл фактыга ишенет. Эгер коррупция өлкөдө дайыма болгон болсо жана коррупция болбогон кандайдыр бир мезгилдерге мисалдар болбосо, анда эл дайыма эле ушундай болуш керек го деп ойлоно баштайт. Эгер коррупциянын орун албагандыгынын өрнөгү пайда болсо же коррупция дээрлик жоюлуп калса, анда эл мунун мүмкүн экенин түшүнө баштайт. Ушундан улам, бул өңүттөн алганда башка рецепттерди элестетүү кыйын.
Мындай радикалдуу, кескин өзгөрүүлөр кандайдыр бир даражада жаштык менен байланыштуу, бирок бул мунун зарыл экенин түшүндүрбөйт. Шеварднадзе бийликке келгенде, бул көптөгөн жылдар мурун, 70-жылдардын башында болгон, ал да жаш реформатор болчу. Ал Грузия КП БКнын биринчи катчысы эле, ал антикоррупциялык өнөктүктү баштады. Бирок анда ишке ашкан эмес, себеби советтик шарттарда принцип боюнча бул мүмкүн эмес эле. Брежневдин доорунда бардыгы коррупцияга малынган эле. Мындайча коомдук келишим орноп турган: биз силерге уурдаганга мүмкүнчүлүк беребиз, бирок козголоң чыгарууга акыңар жок.
Ошол эле Шеварднадзе бул комиссияны түзгөн чакта, ал 70 жаштарда болчу. Мен үчүн баа берүү кыйын. Мүмкүн, бир чети ал бир нерселерди өзгөртүүнү каалагандыр, бирок мунун мүмкүн экенине ишенген эместир. Себеби өз доорунда ал эчтеке жасай алган эмес. Бирок бул 70 жаштагы адамдын жүрөгү жаш болушу мүмкүн эмес дегенди билдирбейт. Бардыгы мүмкүн.
Эдиль Осмонбетов: Донорлордун ою боюнча Кыргызстанда эми бардыгы бар – камкорчулар топтору да, коомдук-байкоочу кеңештери да, мындан башкалары да, башкача айтканда, айкындуулук үчүн керек болгон бардык элементтер бар. Бирок эмне үчүн эч нерсе өзгөрбөй турат ? Эгер сиздин логикаңыздан чыксак, анда авторитаризмге кайтуу зарыл. Бирок муну парламенттик республиканын шартында кантип жасаш керек?
Гиа Нодиа: Парламенттик республика шартында ичинде консенсус болгон, артыкчылыктуу саясий багыты катары коррупция менен болгон күрөш эсептелген күчтүү өкмөт болушу да мүмкүн. Албетте, камкорчулар кеңештери жана башка ушуга окшошкондор – булардын баары өтө жакшы. Бирок эгер «жогору жакта» саясий эрк болбосо, коррупция менен болгон күрөштүн эң негизги маселе экенин аңдап, ал багытта иш жүргүзүү керек экенин аңдоо болбосо, анда жалгыз кеңештер жана айкындуулук маселени чечпейт. Бул жакшы жана жетишилгендерди сактоо үчүн зарыл жагдай , бирок кескин бурулушка жетишүү үчүн жетекчиликтин саясий эрки керек.
Жылдыз Садыкова: АКШ өзүнүн геосаясий кызыкчылыгы үчүн жана кээ бир обьективдүү жана субьективдүү шарттардын (сиздердин президентиңиздердин билими жана анын колуктусунун атуулдугу) аркасында өздөрүнө керектүү долбоорду ишке ашырып жатат деген пикирлер айтылып жүрөт. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, Россияга каршы тикенек катары колдонууда, дешет.
Гиа Нодиа: Саакашвили – бул америкалык долбоор, Буштун долбоору деген пикирдин болушу түшүнүктүү. Бирок мен ишенем, бул өтө апыртылган нерсе. Ооба, президент Бушка Саакашвилинин жеке өзү жакчу. Анын алдына койгон милдеттеринде, эркиндикти жана демократияны жайылтууда, демократиялык кайра жаралууларды жигердүү колдоодо өтө чоң ийгиликтер болгон жок. Грузия болсо жетишилген ийгиликтердин бири катары эсептелчү. Ошондуктан ал өзү Тбилисиге келди. Саакашвили менен жакшы мамиледе болчу.
Кошмо Штаттардын өзүндө да муну Россияга каршы көрүлгөн чара, геосаясий кызыкчылык катары эсептеген адамдар бар. Бирок эгер тикенек жөнүндө айта турган болсок, менин оюмча, Саакашвили – бул Россия менен болгон мамилени оңдогонго жана кайрадан жүктөөгө аракет кылган европалыктар менен Обаманын администрациясы үчүн тикенек. Ошону менен бирге алар Грузиянын территориалдык бүтүндүгүн колдобой койо алышпайт, алар Грузия НАТОго кирүүнү каалоо укугуна ээ эмес деп айта алышпайт. Мунун баары европалык, батыш баалуулуктарына карама-каршы келет. Ошондуктан, алар мындан баш тарта алышпайт. Грузия маселеси Батыш Европа үчүн да, Обаманын администрациясы үчүн да көйгөй. Себеби алар Россия менен бул маселе боюнча талашпай койо алышпайт.
Кошулган салымдар боюнча. Менин оюмча, салымдар – эң негизги чечүүчү фактор эмес. Эч кандай өзгөчө салымдар жок. Бул салымдар эмнени түшүндүрөт? Мисалы, 1 миллион доллар бөлүнсө, анын 700 000ин америкалык кеңешчилер менен уюмдар өздөрүнө коротушат. Алар, албетте, ресторандарга барышат жана биздин ресторан бизнесин өнүктүрүп жатышат. Бирок биздин экономиканын ушуга көз каранды экенин айтуу мүмкүн эмес.
Батыш согуштан кийин Россияга натыйжалуу түрдө каршы тура алган жок, бирок согуштан кийинки калыбына келтирүү иштери үчүн 4 миллиард тегерегиндеги акча бөлүп берди. Мына ушул каражат сырттан келген салым маанилүү болгон жалгыз учур болду. Ушунун аркасы менен Грузия согушсуз эле орун алган каржы кризисинен аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы өтүп кетти. Бул каржылык жардам 3 жылга эсептелгендиктен, 2012-жылы баары бүтөт да, бизде бардыгы жарылат деп ойлоп жатышкан. Бирок мунун бардыгы болбогон нерсе экени белгилүү болду. Себеби аталган каражат конкреттүү долбоорлорго багытталган. Качкындарга үйлөр салынды, азыр да ал жерде жашап жатышат. Бул акча биздин күнүмдүк турмушубузда керектүү болбогон, жөнөкөй жашообуз көз каранды болбогон конкреттүү долбоорлорго багытталган акча болду.
Айбек Сатиев: Эгер жогорку окуу жайларына кирүүдө коррупция маселеси кандайдыр бир деңгээлде чечилген болсо, окуу жүрүмү учурундагы абал кандай?
Гиа Нодиа: Жогорку окуу жайларына кирүү боюнча айтып өттүм. Окуу жүрүмүнө келе турган болсок, бул жакта да университеттерге ар тараптуу, жалпы чабуулдар колдонулду. Мен муну эки жылга «университеттердеги атайын президенттик башкаруу» деп атайм. Ошондо бардык профессордук орундар ачык деп жарыяланды жана иш жүзүндө бардык университеттерди кайрадан түзүп чыгышты. Көптөгөн университеттерди бириктиришти. Чоң «тазалоо» жүрдү.
Албетте, кайгуул полициячыларын тандаганга караганда жаңы профессорлорду тандоо оор. Бирок кандай болгон күндө да университеттерге негизинен чет өлкөдө болуп келген же өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген жаш адистерди тартуу үчүн көптөгөн иштер жасалды. Бул өңүттөн алганда көптөгөн университеттерде атмосфера өзгөрүлдү. Эч болбоду дегенде, баа үчүн акча сурган фактыларды уккан жокмун.
Мурун бизде мындай ыкмалар колдонулчу: окутуучу китеп же окуу китебин жарыялоочу, аны сатып алуу керек эле. Ошону менен бирге студент сатып алганын далилдеш үчүн колун коюп, экзаменге алып келчү. Мына ушуга негизделип баа коюлчу. Кимдир бирөө муну коррупция эмес деп чыкты. Бирок бизде муну коррупция деп эсептешти. Натыйжада мындай ыкмалар бизде эми колдонулбайт. Мындай көрүнүштөр аймактык, элеттик университеттерде болуп калат деген имиштер бар. Муну жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Бирок эч болбоду дегенде негизги университеттерде бул көрүнүш жок.
Нурипа Муканова: Реформалар ишке ашырылган, коррупция менен болгон күрөш жүргүзүлгөн жылдары канча мамлекеттик аткаминерге жана кыянатчы ишкерлерге каршы кылмыш иши ачылды жана сотко жеткирилди?
Бизде чиновникти коррупцияга малынды деп айыптоо иш жүзүндө мүмкүн эмес. Бул үчүн саясий эрк керек. Биздин мыйзамдык базабыз муну жасаганга жол бербейт. Сиз провокация сыяктуу усулду айтып өттүңүз. Провокация кандай документ менен регламенттештирилди? Бул президенттин жардыгы болдубу, же өкмөттүн токтому болдубу, же мыйзам түрүндө ишке аштыбы?
Гиа Нодиа: Мен канча иш ачылганы жөнүндө так айта албайм, негизи көп иш ачылды. Бул мен үчүн оор маселе. Себеби мен 11 ай билим берүү министри болуп иштедим. Мен бул кызматтан кеткенимден эки жыл өткөндөн кийин менин орун басарымды жана эки кызматкерди камакка алышты. Себеби алар кайсы бир мектептин ремонтунан бир аз акча жеп алышыптыр. Аны факт менен кармашкан жок, мойнуна алыптыр. Бизде провокация боюнча мыйзам жок. Адатта полициянын өзүнүн тыңчылары болот. Булар полиция менен кызматташкан карапайым адамдар. Ар бир бөлүмдүн өзүнүн тармагы бар, же видеожаздыруу жүргүзүлөт. Кийин бул видео тасманы эл көрүшү үчүн сыналгыда чагылдырышат . Кээде Камакка алуу учурун түздөн-түз камерага тартышат, адамдар кирет, укугун түшүндүрүшөт. Бирок мунун бардыгы негизинен мыйзам чегинде ишке ашат.
Ширин Бакытова: Реформалардын бардыгы канча мөөнөткө пландалган? Өкмөт канча мөөнөткө шайланган? Бийликтин аткаруу бутагын алмаштыруу мүмкүнбү, же булар өлкөнү карыганга чейин башкарышабы? Сиздердин өлкөдө болуп өткөн революциянын негизги максаты эски кадрларды алмаштыруу эле. Биздин өлкөдө да эски кадрларды кантип алмаштыруу керек деген маселе бар.
Гиа Нодиа: Бул оор суроо. Бул адамдардын өздөрү да революция болуп кетет, бийликке барып калабыз деп ойлошкон эмес. Алар мындай мамиле кылышкан: «Биз канча мезгил бийликте болорубузду билбейбиз. Ошондуктан күч барда, мүмкүнчүлүк барда тез аракет кылуу керек». Албетте, мындай мамиленин өзүнүн жакшы да, жаман да жактары бар.
Көпчүлүк жагынан бул биринчи реформатордук өкмөттөр бийликте аз эле болуп, ошондуктан жетишерлик көп иш жасалбай калган Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбаларынын биздин реформаторлор тарабынан интерпретациясы эле. Бийликке келген адамдар “тезинен көп иш жасап калганга үлгүрүш керек, себеби эртең эмне болору белгисиз” деген ой менен ыкчам аракет кылышты.
Мыйзам боюнча бизде шайлоолор ар бир 4-5 жылда өтөт. Бирок жагдай ушундай болуп калды, азыркы бийлик чындыгында көпкө кармалып турат. Биз да Кыргызстан сыяктуу өлкөнү башкаруунун парламенттик ыкмасына өттүк. Бирок бул али колдонула элек. Өкмөттүн башчысы премьер-министр болот. Ошол эле учурда жалпы эл тарабынан шайланган президент да болот. Октябрда парламенттик шайлоо өтөт, бирок сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда, бийликте азыркы эле партия калышы мүмкүн.
Жаштык факторуна сыйынуучулук сакталууда. Бизде мага күтүүсүз бир мыйзам кабыл алынды же кабыл алынганы жатат. Бул мыйзам парламент өкүлдөрүнүн жаш чектөөсүнө байланышкан. Эгер мурун жашы 25ке толгон адам депутат боло алса, азыр бул жашты 21 ге түшүрүштү. Башкача айтканда, жашартуу багыты сакталууда.
Саакашвилинин экинчи президенттик мөөнөтү бүткөндө анын жашы 47де болот. Бул жетишээрлик даражада чоң маселе. Президент үчүн мөөнөт санында чектөө бар. Бирок биз башкаруунун парламенттик түрүнө өтүп жаткандан кийин ал премьер-министр боло алат. Азыр грузин саясатындагы элге эң көйгөйлүү болгон маселе - “мындан кийин эмне болот?” деген суроо.
Азат Ишмухамедов: Мен грузин оппозициясынын коррупцияга каршы күрөштөгү ролу жөнүндө сурагым келип жатат.
Гиа Нодиа: Грузин оппозициясынын риторикасында акыркы мезгилдерге чейин коррупцияга каршы күрөш боюнча тема аз колдонулчу. Себеби коррупция - бул багытта өкмөт: «Биз кандай күчтүүбүз, жакшыбыз, биз коррупцияны кантип жеңип таштадык», - деген мааниде сүйлөгөндү жакшы көргөн тема болуп эсептелет:. Оппозиция, негизинен, башка темалар менен алектенди. Мисалы, авторитардык бийлик, бийликтин ашыра чаап кетүүлөрү жана социалдык маселелерге жетишерлик даражада көңүл бурбоо.
Акыркы мезгилдерде элитадан кимдир бирөөнүн өзүнө үй куруп алгандыгы жана башкалар жөнүндө айыптоолор чыгып жатат. Бул жөнүндө парламенттин акыркы отурумунда, президент жылдык кайрылуусу менен сөзгө чыкканда да айтылды. Бирок бул азырынча өтө мүнөздүү көрүнүш эмес. Ошондуктан элиталык коррупция маселеси маанилүү. Бул жерде далилдөө чоң роль ойнойт, себеби катардагы атуул муну көрбөй турат . Оппозицияга коррупция бар деп айтуу пайдалуу, бирок так ушул үчүн алардын доосу ишенимдүү эмес, муну далилдөө өтө оор. Ушундан улам оппозиция бул теманы колдоно баштады, бирок аталган тема оппозициялык талаш-тартышта эң башкы болуп эсептелбейт.
Назгуль Акматова: Сиз мындан мурун белгилегениңиздей, Грузия жолдордо унааларды техникалык кароодон баш тартты. Мунун ордуна эмне чара колдонулганы жатат, жол системасын текшерүүдө оорчулуктар жаралган жокпу?
Гиа Нодиа: Эчтеке чара көрүлбөй эле турат. Техникалык кароо болгону коомдук унаа үчүн колдонулуп жатат. Азыр жетекчиликти техникалык кароо болбогону үчүн сындап жатышат. Байкабай калабыз деген коркуу жана бул тармак коррупциялашып кетет деген түкшүмөл сезим экинчи планга өтүп кетти. Мына ушул маселе коомдук бушаймандыктын бутасы болду. Эгер чыныгы техникалык кароо жүргүзүлүп, машиналарга олуттуу критерийлер коюлса, бул олуттуу социалдык маселелерди жаратышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да, өкмөт ушундай деп ойлойт. Себеби өтө эле эскирип калган машинасы бар калайык арбын . Бул машиналар эч кандай техникалык талаптарга жооп бере албайт. Ошондуктан бул адамдар машиналарын алмаштыргысы келиши мүмкүн. Ошондуктан өкмөт техникалык кароону калыбына келтирүүдөн коркуп жатат.
Жамиля Карымбаева: Коррупцияга каршы күрөш учурунда сиз белгилеп өткөн иш-аракеттерден башка Грузия атуулдарына эмоционалдык өңүттөн таасир этүү болдубу? Бул пропаганда, ММК аркылуу болушу мүмкүн, кандайдыр бир социалдык роликтер тартылышы мүмкүн. Деги эле коррупцияга каршы күрөш улуттук мамлекеттик идеологиянын бир бөлүгү болдубу?
Гиа Нодиа: Ооба, эч күмөнсүз жүргүзүлдү. Мен буга да токтолуп өттүм. Бул идеологиянын бир бөлүгү болуп калды. Биздин президентти жалкоо деп айтуу мүмкүн эмес. Бул көп нерселерге тиешелүү, өзгөчө чыгып сүйлөө жаатында . Ал бул теманын үстүндө көп жолу сыналгыда чыкты. Өзүнүн кайрылууларында бул теманы дайыма көтөрөт. Бул кайрылуулардын лейтмотиви – бул бизде мамлекеттин, мамлекеттик кызматкердин ролунун өзгөргөнү, эми грузин полициячысы өзүнүн полициячы экенине сыймыктанары, себеби аны эч ким коррупциялашкан деп ойлобостугу, бул кесип ардактуу кесип болуп калгандыгы . Бизде коррупция жөнүндө гана эмес башка темаларда да ар түрдүү социалдык роликтер тартылып жатат. Мисалы, полиция менен кызматташуу керектиги жөнүндө, себеби «эгер сен кызматташпасаң, бүгүн сенин кошунаңды тоношту, эртең сени тоношот» жана башкалар. Социалдык роликтер өтө кеңири колдонулуп жатат.
Уларбек Бакырдинов: Сиз сөзүңүздө Саакашвили бийликке келгенге чейин Шеварднадзе антикоррупциялык стратегия иштеп чыга баштаган деп белгилеп өттүңүз. Бул стратегия Саакашвилинин реформаларына канчалык деңгээлде таасир этти?
Гиа Нодиа: Шеварднадзенин стратегиясына келсек, анын айрым идеялары жана көптөгөн ыкмалары колдонулду. Бирок, жаңы бийлик жалгыз гана бул стратегияны колдонду деп айтуу мүмкүн эмес. Ошентсе да идеялар коомдо айланып жүрөт жана бул иштелип чыккан стратегия оң натыйжаларды берди. Бул стратегияга акыл аракеттери топтолгон. Башкача айтканда, бул коррупциянын жаман экенин жөн гана айтып коюу эмес, конкреттүү эмне иш жасаш керек деген көрсөтмөлөр да болгон. Идеялардын кайсы бир бөлүгү даяр болчу, муну жөн гана ишке ашыруу зарыл эле.
Жылдыз Садыкова: Бизде, Кыргызстанда мамлекеттик органдардын иштеринин ачыктыгын жана айкындыгын камсыздоо үчүн коомдук байкоочулар кеңештери түзүлүп, иштеп жатат. Алардын айрымдары өздөрүнүн милдеттерин орундатып, кандайдыр бир жыйынтыктарды көргөзүштү. Сиздерде, Грузияда бул жагынан абал кандай? Сиз сөзүңүздө сиздерде атуулдук көзөмөл негизинен ӨЭУ (НПО) сектору аркылуу ишке ашарын айттыңыз. ӨЭУлардын негизги донорлору кимдер?
Гиа Нодиа: Акыркы суроодон баштайын. Биздеги донорлордун көпчүлүгү - силердеги донорлор эле. Кайсы бир донорлор сиздердин өлкөгө көбүрөөк каражат салса, кайсы бирөөлөрү бизге салат.
Ал эми ӨЭУ, камкорчулар кеңештери жана башкаларга келсек, бул кайсы жерде болгонуна байланыштуу. Менин оюмча, бул кеңештер кандайдыр бир даражада кандайдыр бир сунуштардын, кеңештердин булагы, кеңеш органы боло алат. Алардын кызматы таанытуучулук багытта, башкача айтканда, коомдун белгилүү бир сегменти биринчи колдон бул же тигил уюмда же өкмөттүк мекемеде эмне болуп жатканы жана эмнени жүзөгө ашырып жатышкандыктары тууралуу маалымат алышат. Бирок айкындуулук деңгээлине мындай таасир этүү расмий шекилде жүрбөйт. Башкача айтканда, кеңеш кайсы бир министрликтин алдында түзүлбөйт. Эгер кийин алар бир нерсени туура эмес деп эсептешсе, чабуулга өтө турган өз алдынча уюмдашуу жүрөт. Андан кийин кандайдыр бир мекемелер буга көңүл бурушат, кайсы бир мекемелер көбүрөөк каршылык көргөзүшөт. Бул иш чабуулдун канчалык сапаттуу болгонуна, өкмөттүк эмес уюмдарда канчалык олуттуу жүйөлөр бар экенине, аталган мекеменин жетекчиси канчалык деңгээлде кызматташтык үчүн ачык экенине байланыштуу болот. Бирок бул расмий калыпка салынган эмес.
Аталган ачык дарс Улуттук демократияны колдоо фондунун (NED) көмөгү менен «Маанилүү саясий темаларды коомдук талкуулоону колдоо» долбоорунун жана Кыргызстандагы Эл аралык өнүгүү департаментинин (DFID) көмөгү менен «Жаштык жана жаңжалдарды чечүүнүн тынчтык жолдору» долбоорунун алкагында уюштурулду.